Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 14-июнундагы  

№ 2017-П-10\24-1-(НПА) 

токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7, 43 жана 51-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 5-июлундагы №26/2 "Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылган эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 25-ноябрындагы N 30/5 "Банктарда төлөмдөрдүн багытын эсепке алуу тууралуу" нускоонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна. 

1. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет.  

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 14-июнундагы  

№ 2017-П-10\24-1-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук 

актыларына өзгөртүүлөр 

 

1.Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 5-июлундагы №26/2 "Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылган эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндө" жобо тууралуу" токтомунатөмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылган эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндө" жобонун баш сөзү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Бул жободо Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылган эсептерин жана аманаттарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоодон өткөрүү тартиби жана алар боюнча отчет берүү жол-жобосу аныкталган»; 

- 1.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.4. «Чет өлкө банкы бул, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары каттоодон өткөртүлгөн жана каттоодон өткөн өлкөнүн мыйзам талаптарына ылайык банк операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна ээ банк же башка финансы-кредит уюму»; 

- 4.2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын "Чет өлкө валютасы менен операцияларды жургүзүү жөнүндө " мыйзамдын 15-беренесине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамдын 39-беренесине" дегенге алмаштырылсын»; 

- расмий тилдеги жобого карата 1-тиркеменин 6-пунктундагы “КРУБ” деген аббревиатура тиешелүү жөндөмөдөгү “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 25-ноябрындагы N 30/5 "Банктарда төлөмдөрдүн багытын эсепке алуу тууралуу" нускоонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

-токтомдун аталышындагы "жаңы редакциясын" деген сөздөр алынып салынсын; 

-1-пунктагы "нускоонун жаңы редакциясы" деген сөздөр "нускоону" дегенге алмаштырылсын; 

-6-пункттагы "жаңы редакциясы" деген сөздөр алынып салынсын; 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Банктарда төлөмдөрдүн багытын эсепке алуу тууралуу” нускоодо: 

- расмий тилдеги нускоонун текстинде “КРУБ” деген аббревиатура тиешелүү жөндөмөдөгү “Улуттук банк” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 1.1.-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Банктарда төлөмдөрдүн багытын эсепке алуу тууралуу нускоодо (мындан ары текст боюнча - Нускоо) Кыргыз Республикасынын төлөм теңдемин түзүү максатында төлөм багыттары боюнча маалыматтарды топтоо жана алардын эсебин жүргүзүү жагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары текст боюнча - Улуттук банк) талаптары аныкталган.»; 

-1.2.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1.2. Бул Нускоодо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамынын 51-беренесине ылайык, Улуттук банктан лицензия алган коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдарынынКыргыз Республикасынын төлөм теңдемин түзүү үчүн зарыл болгон төлөм багыттары боюнча маалыматтарды сунуштоо формасы жана мөөнөттөрү аныкталган.»;  

- 1.3.-пунктундагы "финансы-кредит мекемелер" деген сөздөр "финансы-кредит уюмдар" дегенге алмаштырылсын;  

-3.14.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«3.14. Ушул отчетто маалыматтардын туура чагылдырылышын контролдоо жана текшерүү максатында Улуттук банктын отчетторду топтоо жана иштеп чыгуу үчүн жоопкерчиликтүү болгон кызматкерлери коммерциялык банктарды текшерүүгө катыша алышат»; 

-3.17.-пункттагы «Кыргыз Республикасынын "Четөлкө валютасындагы операциялар жөнүндө" Мыйзамынын 14-статьясына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамынын 39-беренесине» дегенге алмаштырылсын.