Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 14-июнундагы  

№ 2017-П-19\24-8-(НПА) 

токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/11 «Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жургузүү тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/6 «Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет. 

4. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү тааныштырсын. 

5. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Мамлекеттер аралык банкты, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусун, Социалдык фондго караштуу Мамлекеттик топтолмо пенсия фондусун, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигин, «Борбордук депозитарий» ЖАКты тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 14-июнундагы  

№ 2017-П-19\24-8-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы №37/8 “Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу”токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө” жобонун: 

1)бүтүндөй текст боюнча кездешкен ар башка жөндөмөдөгү “корреспонденттик” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “/күндөлүк” деген сөз менен толукталсын; 

2) 1-главасынын: 

-1.1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

3) 2-главасынын: 

- он үчүнчү абзацындагы “финансы-кредиттик мекемелер” деген сөздөр “финансы-кредит уюмдары” дегенге алмаштырылсын; “Улуттук банкта” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын (мындан ары Улуттук банк)” деген сөздөр менен толукталсын»; 

- он төртүнчү, жыйырма сегизинчи жана жыйырма тогузунчу абзацтар күчүн жоготкон катары таанылсын ;  

4) 5-главасынын: 

- 5.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.2. Улуттук банк же Улуттук банктын лицензиясынын жана ченемдик укуктук актылардын негизинде иш алып барган, Улуттук банктын чечими менен акционердик коом түрүндө түзүлгөн юридикалык жак клирингдик борбору болушу мүмкүн.»; 

5) 6-главасынын: 

- 6.1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

-6.2-пункттагы “системага тике туташуу” деген сөздөр “клирингдик борбор менен системага катышуу жөнүндө келишим түзгөн” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 6.4-пункттагы “(калкка кызмат көрсөтүүлөрдү туруктуу негизде сунуштаган компаниялар, уюмдар ж.б.у.с.)” деген сөздөр алынып салынсын; 

- 6.5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.5. Улуттук банкта корреспонденттик/күндөлүк эсепке ээ болбогон, бирок клиринг борборуна түздөн-түз туташуу менен системанын билдирүүлөрүн кабыл алуу/жөнөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ, клирин борбору менен системагакатышуу келишимин түзгөн катышуучу системанын атайы катышуучусу болуп саналат.»; 

- 6.6-пункттагы “Системанын катышуучусу” деген сөздөр “Тике катышуучу” дегенге алмаштырылсын; 

6) 9-главасынын: 

- 9.4 жана 9.5-пункттары күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 9.8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9.8. Операциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу жана системанын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында, негизги клиринг борборунун иши резервдик борборго дакөчүрүлөт. Негизги борбордун иши (энергия менен жабдуу, аппараттар, байланыш каналдары менен камзыз кылуу ж.б.у.с.) үзгүлтүккө учураган шартта, системанын иши зарылчылыкка жараша резервдик борборго 2 саатичинде которулат.»; 

- 9.9-пункттагы «SWIFT каналы» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 9.10-пункттагы “ачык ачкычтар инфраструктурасын (РКI) пайдаланууга негизделген” деген сөздөр алынып салынсын

2. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 22-августундагы №38/11 “Кыргыз Республикасында чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө” нускоо тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг систамасында төлөмдөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө” нускоонун: 

1) 1-главасынын: 

- 1.1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

-1.3-пункттагы “2005-жылдын 15-декабрындагы N 37/8 жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 18-январында 8-06 номериндекаттоодон өткөрүлгөн” деген сөздөр “2005-жылдын 15-декабрындагы №37/8 жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 18-январында 8-06 номеринде каттоодон өткөрүлгөн” дегенге алмаштырылсын. 

- 1.4-пункттагы “2005-жылдын 19-майындагы N16/4 жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 27-июнунда 91-05 номеринде каттоодон өткөрүлгөн” деген сөздөр “2016-жылдын 15-июнундагы №25/8” дегенге алмаштырылсын; 

- 1.5-пункттагы “2006-жылдын 2-мартындагы N5/10 жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 23-мартында 25-06 номеринде каттоодон өткөрүлгөн” деген сөздөр “2006-жылдын 2-мартындагы №5/10 жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 23-мартындагы 25-06 номеринде каттоодон өткөрүлгөн” дегенге алмаштырылсын; 

- 1.6-пункттагы “Улуттук банк” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын” деген сөздөр менен толукталсын; 

2) 2-главасынын: 

2.2-пунктунунүчүнчү, бешинчи, алтынчы, тогузунчу, онунчу, он биринчи, он бешинчи, он сегизинчи жана он тогузунчу абзацтары күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- сегизинчи абзацтагы “ГСРРВ” деген сөз “Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы (мындан ары ГСРРВ)” дегенге алмаштырылсын;  

- он алтынчы абзацтагы “клирингдик борборго караштуу аппараттык-программалык комплекс” деген сөздөр “Улуттук банктын Бирдиктүү сервистик борборунда орнотулган аппараттык-программалык комплекс” дегенге алмаштырылсын; 

3) 3-главасынын: 

-3.1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 3.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.2. Кагаз же электрондук формадагы баштапкы төлөм документи банктын кардары тарабынан даярдалып, кардар менен жөнөтүүчү банктын ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык, жөнөтүүчү банкка берилет.»; 

4) 4-главасынын: 

- 4.1-пунктунун биринчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.1. Жөнөтүүчү банк кардардан кагаз жүзөндөгү төлөм документин эки нускада кабыл алат.»; 

- 4.2-пункттагы “Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-июлундагы №36/5” деген сөздөр” “Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-июлундагы №36/5” дегенге алмаштырылсын; 

5) 5-главасынын: 

- 5.1-пунктундагы «; же Пакеттик клиринг системасындагы төлөмдөрдүн толук ачып көрсөтүлүшү үчүн субэсеп жана өздүк эсеп тилкелери милдеттүү түрдө толтурулууга тиийш болгонг жыйынтыкталган төлөм тапшырмасы» деген сөздөр алынып салынсын; 

6) 6-главасынын: 

6.3-пунктунун 6.3.2-пунктчасынынбиринчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Клиринг борбору Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунан (ББПБ) таза позициялар топтому камтылган файлды кабыл ала алат.»; 

- алтынчы сүйлөмдөгү “эки тараптуу” деген сөздөр алынып салынсын; 

6.3.4-пунктчасындагы: 

-“Улуттук банк Башкармасынын же Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин токтомдорунун негизинде” деген сөздөр алынып салынсын; 

- 6.3.8 жана 6.3.9-пунктчалары күчүн жоготкон катары таанылсын; 

6.3.13-пунктчасындагы «, ал эми система тарабынан кабыл алынган жана учурдагы таза позицияга камтылган төлөм документтери төлөөчү банк үчүн кайтара алынгыс болуп эсептелет (бул төлөмдөрдү жок кылууга талаптар кабыл алынбайт)” деген сөздөр алынып салынсын; 

6.4-пунктунун: 

- 6.4.3-пунктчасынын экинчи сүйлөм алынып салынсын;  

- 6.4.4-пунктчасындагы экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөр алынып салынсын; 

6.5-пунктунун: 

- 6.5.2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.5.2. Системада ГСРРВдан алынган файлдын негизинде катышуучуларга кам (резерв)_ белгиленет.»; 

6.7-пунктунун: 

- 6.7.3-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

7) 8-главасынын: 

8.2 жана 8.4-пункттары күчүн жоготкон катары таанылсын; 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 30-июлундагы №30/6 “Пакеттик клиринг системасында тике дебеттөө формасында төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пакеттик клиринг системасында тике дебеттөө формасында төлөмдөрдү өткөрүү эрежелеринин: 

1) 1-главасынын: 

1.1-пункту төмөнкүредакциядаберилсин: 

«1.1. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү боюнча эрежелерде (мындан ары Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө”, “Электрондук цифралык кол тамга жөнүндө” мыйзамдарга жана төлөм системаларынын иши боюнча төмөндө көрсөтүлгөн башка ченемдик укуктук актыларга ылайык Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн Пакеттик клиринг системасында (мындан ары Система) тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү тартиби, ошондой эле төлөөчүнүн, банк-төлөөчүнүн (мындан ары биргелешип катышуучулар) жана Системанын өз ара мамилелери жана милдеттенмелери аныкталат: 

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банкынын 2005-жылдын 9-сентябрындагы №420/21/4 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында нак эмес эсептешүүлөр жөнүндө” жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы №37/8 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 18-январындагы №8-06 номеринде каттоодон өткөн “Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө” жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 22-августундагы №38/11 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2007-жылдын 4-октябрында №88-07 номеринде каттоодон өткөн “Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү ишке ашыруу тартиби жөнүндө” нускоо (мындан ары - нускоо); 

- Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-июлундагы №36/5 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2007-жылдын 3-сентябрында №82-07 номеринде каттоодон өткөн “Төлөм документтерин толтуруу тартиби жөнүндө” нускоо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы №5/10 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 23-мартында №25-06 номеринде каттоодон өткөн “Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасынын электрондук төлөм документтеринин жана билдирүүлөрүнүн форматтарын толтуруу эрежелери (мындан ары Форматтарды толтуруу эрежелери).”  

- 1.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.2. Тике дебеттелүүчү төлөмдөр боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган коммерциялык банктардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) расмий сайтында жайгаштырылат.»; 

- 1.4-пункт төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:  

«Кара тизме («BlackList») тике дебеттөө келишимине ылайык төлөмдөрдү ишке ашыруу үчүн эсептөө күнүнө карата эсепте акча каражаттарынын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу шартын бузуп, тике дебеттөө боюнча четке кагылган төлөмдөр санынын параметринен ашып кетүүгө жол бергенкардарлардын-системанын катышуучуларынын тизмеси.». 

2) 2-главасынын: 

- 2.1-пунктунун 2.1.1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.1.1 Алуучу Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-июлундагы №36/5 токтому менен бекитилген “Төлөм документтерин толтуруу тартиби жөнүндө» нускоого ылайык, төлөөчүнүн банк эсебин тике дебеттөө формасындагы төлөмдөргө электрондук ведомосту Exсel же Dbf форматтарында тариздейт жана аны банк-алуучуга жөнгө салынган байланыш каналдары жана маалымат жаздырылуучу каражаттар (дискеттер, флеш, CD ж.б.) аркылуу жөнөтөт.»; 

-2.2-пунктунун 2.2.3-пунктчасындагы “Төлөм документтерин толтуруу тартиби жөнүндө” нускоого” деген сөздөр “Форматтарды толтуруу эрежелерине” дегенге алмаштырылсын; 

- 2.4-пунктунун 2.4.3-пунктчасынын экинчи сүйлөмүндөгү “иштеп чыгуу күнүнөн тартып” деген сөздөр “иштеп чыгуу күнүнөн кийинки күндөн тартып” дегенге алмаштырылсын; 

3) 6-главасынын: 

- 6.5 жана 6.9-пункттарындагы “иштеп чыгуу күнүнөн тартып” деген сөздөр “иштеп чыгуу күнүнөн кийинки күндөн тартып” дегенге алмаштырылсын; 

4) 8-главасынын: 

- 8.4-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү жана 8.5-пунктундагы “иштеп чыгуу күнүнөн тартып” деген сөздөр “иштеп чыгуу күнүнөн кийинки күнүнөн ” дегенге алмаштырылсын.