Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 8-июнундагы  

№ 2017-П-14/23-11-(ПС) 

токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордү киргизүү жана айрым ченемдик укуктук актыларды күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө  

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамынын 26-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамдын 7 жана 43-беренесине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Төмөнкү ченемдик укуктук актыларга сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин: 

Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы №26/5 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына катышуучулардын банктык идентификациялык коддору жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 22-февралындагы №3/5 «Банктык эсептешүү эсептерине номер ыйгаруу тартиби жөнүндө» нускоо долбоору жөнүндө» токтомуна; 

Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы №5/10 «Кыргыз Республикасында электрондук төлөм документтеринин жана майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасынын билдирүүлөрүнүн форматтарын толтуруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна; 

Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-июлундагы №36/5 «Төлөм документтерин толтуруу эрежелери жөнүндө» нускоо долбоорун бекитүү тууралуу» токтомуна; 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-январындагы №4/6 «Төлөм системасында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы учурунда Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-февралындагы №7/4 «SWIFT жамааттык пайдалануу түйүнү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 21-декабрындагы №77/4 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу эрежелери тууралуу» токтомуна; 

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 15-июнундагы № 25/8 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө саясатын бекитүү тууралуу» токтомуна; 

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы №47/10 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна. 

2. Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актылары күчүн жоготкон катары таанылсын: 

Улуттук банк Башкармасынын 1999-жылдын 24-июнундагы 47/2 «Кыргыз Республикасынын банктар аралык клиринг жана горосс системасы жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому; 

Улуттук банк Башкармасынын 1999-жылдын 24-июнундагы №47/4 «Банктар аралык электрондук төлөм документтери жөнүндө» жобо тууралуу» токтому; 

Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 2-июнундагы №17/2 «Банктар аралык электрондук төлөм документтери жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому. 

3. Юридика башкармалыгы:  

токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет. 

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү бул токтом менен тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү тааныштырсын. 

6. Төлөм системалары башкармалыгы бул токтом менен Кыргыз Республикасынын  

коммерциялык банктарын, төлөм системасынын операторлорун тааныштырсын. 

7. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 8-июнундагы  

№ 2017-П-14/23-11-(ПС)  

токтомуна тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы №26/5 «Кыргыз  

Республикасынын төлөм системасына катышуучулардын банктык идентификациялык коддору жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына катышуучулардын банктык идентификациялык коддору жөнүндө» жобонун: 

бүтүндөй текстиндеги «финансы-кредит мекемелери» сөздөрү  

«финансы-кредит уюмдары» дегенге алмаштырылсын; 

1.1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1.2. Кыргыз Республикасынын төлөм системасына катышуучулардын банктык  

идентификациялык коддору жөнүндө» жободо (мындан ары Жобо) Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын катышуучуларынын жана катышуучулардын филиалдарынын банктык идентификациялык кодунун (мындан ары БИК), БИК боюнча маалымдаманын (мындан ары БИК маалымдамасы) түзүмүн жана аны төлөм системасынын катышуучуларына жана операторлоруна берүү тартиби аныкталган»; 

1.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1.3. Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада төлөмдөрдү жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын катышуучуларына жана анын филиалдарына таркатылат.»; 

2.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.2. БИК Кыргыз Республикасынын аймагында нак эмес төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүүдөгү төлөм документтеринде колдонулат.»; 

2.4-пунктундагы «Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы» деген  

сөздөр «Кыргыз Республикасынын» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 22-февралындагы №3/5 «Банктык  

эсептешүү эсептерине номер ыйгаруу тартиби жөнүндө» нускоо долбоору жөнүндө» токтомуна төмөнкудөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

токтомдун аталышындагы «Нускоо долбоору жөнүндө» сөздөр «Нускоо  

жөнүндө» дегенге алмаштырылсын;  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Банктык эсептешүү эсептерине номер ыйгаруу тартиби жөнүндө» нускоонун: 

1.1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1.2. Ушул «Банктык эсептешүү эсептерин нумерациялоонун тартиби жөнүндө»  

Нускоонун (мындар ары Нускоо) максаты болуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары Улуттук банк) лицензияланган финансы-кредит уюмдарында (мындан ары - банктар) банктык эсептешүү эсептеринин (жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жеке ишкерлеринин, резиденттеринин жана резидент эместеринин (мындан ары - кардарлар) банктык эсептешүү эсептеринин) бирдиктүү түзүмүн, ошондой эле Улуттук банктын банктык эсептеринин түзүмүн белгилөө саналат.».  

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы №5/10 «Кыргыз  

Республикасында электрондук төлөм документтеринин жана майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасынын билдирүүлөрүнүн форматтарын толтуруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында электрондук төлөм документтеринин жана майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасынын билдирүүлөрүнүн форматтарын толтуруу эрежелеринин: 

1.1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

1.2-пунктундагы «билдирүүлөр» сөзү «(SWIFT стандарттарына негизденген)» деген сөздөр менен толукталсын; 

1.5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Ушул эрежелерде колдонулган атоолор жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамында жана Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы №37/8 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө” жободо белгиленген мааниде кабыл алынат.»; 

Мындан тышкары бул документте төмөнкүдөй атоолор жана кыскартылган сөздөр колдонулат: 

ПКС - Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы;  

BCS/X ири төлөмдөрдү иштеп чыгуу боюнча стандарттык система; 

КО билдирүүлөрдү иштеп чыгуунун ийгиликсиз ишке ашырылса (катага жол берилсе); 

OK билдирүүлөрдү иштеп чыгуу ийгиликтүү ишке ашырылса; 

RTGS (Real-Time Gross Settlement system) Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы; 

Топтом жыйынтыкталган төлөм тапшырмасы төлөмдөр түрү жана эсептешүү күнү боюнча топтоштурулган, бир банк-алуучуга жөнөтүлгөн электрондук түрдөгү төлөмдөр жыйындысы; 

ЭЦКТ электрондук цифралык кол тамга; 

ТПФ таза позициялар файлы (маалымат алмашуу файлы болуп саналат); 

ДТПЛФ дебеттик таза позиция боюнча лимиттер файлы (маалымат алмашуу файлы болуп саналат).». 

эреженин бардык тексты боюнча «КРУБ» аббревиатуралары «Улуттук банк»  

деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-июлундагы №36/5 «Төлөм документтерин толтуруу тартиби жөнүндө» нускоо долбоорун бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

токтомдун аталышындагы «долбоор» сөзү алынып салынсын; 

1-пункттагы ““Нускоонун” сунушталган долбоору” деген сөздөрү “Нускоону” дегенге алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм документтерин толтуруу тартиби жөнүндө» нускоонун:  

1.1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

 

1.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1.3. “Төлөм документтерин толтуруу тартиби жөнүндө» нускоодо  

(мындан ары - Нускоо) кагаз түрүндө төлөм документтеринин бланктарынын формалары жана алардын реквизиттеринин маанисин толтуруу тартиби аныкталган. Нускоодо мындан тышкары банктардын ички операцияларынын эсебин жүргүзүүгө багытталган төлөм документтери үчүн минималдуу талаптар аныкталган (мемориалдык ордер жана накталай төлөмдөргө билдирме).»; 

- нускоонун бүтүндөй текстиндеги “финансы-кредит мекемелери” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “финансы-кредит уюмдары” дегенге алмаштырылсын;  

- “банк-төлөөчү” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “банк-төлөөчүгө” дегенге алмаштырылсын; 

1.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1.5. Кагаз жүзүндөгү төлөм документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары  

тарабынан бекитилген тартипте, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2015-жылдын 18-декабрындагы № 33 токтому менен бекитилген «Башкаруу документтеринин мамлекеттик классификаторунда» камтылган бланкта таризделет.»; 

2.1-пунктунда а) жана б) пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) кара түстөгү шрифт менен жазуучу компьютердик техниканын жардамы менен.»; 

«б) техникалык таасирлерге туруштук бере алган кара, көк же сыя көк түстөрүн камтыган калем сап менен.»; 

2.6-пунктундагы «мыйзамга ылайык» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын» дегенге алмаштырылсын; 

2.10. пунктундагы «мыйзамдарында каралган» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын» дегенге алмаштырылсын; 

3.2.2-пунктчасындан «мыйзамдарында белгиленген» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын» дегенге алмаштырылсын; 

3.2.3-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.2.3. Төлөм тапшырмасы кеминде төмөнкүдөй реквизиттерди камтууга тийиш: 

а) төлөм документинин аталышы; 

б) формалардын коду; 

в) документтин иреттик номери, чыгарылган жылы, күнү, айы; 

г) эсептешүү күнү

д) «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөөчүнүн аталышы, анын эсебинин номери, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН), төлөөчүнүн коду (ОКПО);»; 

е) социалдык камсыздандырууга төлөмдөрдү жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун каттоо (юридикалык жактар үчүн), идентификациялык (жеке адамдар үчүн) номерлери; 

ж) «банк-төлөөчүнүн аталышы, анын жайгашкан жери жана БИК (банктык идентификациялык код); 

з) каражаттарды алуучунун аталышы, анын эсептеринин номери; 

и) «алуучу банктын аталышы, анын жайгашкан жери жана БИК (банктык идентификациялык код); 

к) төлөм багыты; 

л) Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы №51/4 токтому менен бекитилген «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторуна» ылайык төлөм коду; 

м) төлөмдүн жазуу жүзүндө жана цифра менен көрсөтүлгөн суммасы; 

н) ыйгарым укуктуу адамдардын (адамдын) кол тамгалары (кол тамгасы) жана мөөрдүн оттиски (белгиленген учурларда).»; 

3.2.4-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.3.4. Тике дебеттөөгө төлөм тапшырмасы кеминде төмөнкү реквизиттерди камтууга тийиш: 

а) төлөм документинин аталышы; 

б) документтин иреттик номери, чыгарылган жылы, күнү, айы; 

в) төлөмдү иштеп чыгуу күнү

г) «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөөчүнүн аталышы, анын банктагы эсебинин номери, анын акча каражаттарын алуучу уюмдагы өздүк эсебинин номери, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН), төлөөчүнүн коду(ОКПО); 

д) социалдык камсыздандырууга төлөмдөрдү төлөөдө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун каттоо (юридикалык жактар үчүн) номери, идентификациялык (жеке адамдар үчүн) номери; 

е) «банк-төлөөчүнүн аталышы, анын жайгашкан жери жана БИК (банктык идентификациялык код);»; 

ж) каражаттарды алуучунун аталышы, анын эсептеринин номери; 

з) алуучу банктын аталышы, анын жайгашкан жери жана БИК (банктык идентификациялык код); 

и) «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторуна» ылайык төлөм коду; 

к) төлөмдүн багыты 

л) төлөмдүн жазуу жүзүндө жана цифра менен көрсөтүлгөн суммасы; 

м) ыйгарым укуктуу адамдардын (адамдын) кол тамгалары (кол тамгасы) жана мөөрдүн оттиски (белгиленген учурларда). »; 

- 3.4.1-пунктчасында: 

- биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) Жыйынтык ведомость-тапшырма бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине эмгек акыларды, пенсияларды, жөлөк пулдарды жана төлөмдөрдүн башка түрлөрүн төлөө, ошондой эле калктын төлөмдөрдү төлөөсү тууралуу маалыматты утурумдук кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга берүү максатында жана башка өзүнчө макулдашылган учурларда пайдаланылат.»; 

3.5.2-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.5.2. Мемориалдык ордер кеминде төмөнкү реквизиттерди камтууга тийиш: 

а) төлөм документинин аталышы; 

б) форманын коду; 

в) документтин иреттик номери, чыгарылган жылы, күнү, айы; 

г) төлөөчүнүн аталышы, анын эсебинин номери, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН); 

д) «банк-төлөөчүнүн аталышы, анын жайгашкан жери жана БИК (банктык идентификациялык код); 

е) каражаттарды алуучунун аталышы, анын эсептеринин номери; 

ж) алуучу банктын аталышы, анын жайгашкан жери жана БИК (банктык идентификациялык код); 

з) «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторуна» ылайык төлөм коду; 

и) төлөмдүн жазуу жүзүндө жана цифра менен көрсөтүлгөн суммасы; 

к) ыйгарым укуктуу адамдын (адамдардын) кол тамгасы (кол тамгалары) жана штамптын оттиски (белгиленген учурларда).»; 

3.6.2-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.6.2. «Накталай төлөмгө билдирме» кассалык документи кеминде төмөнкү милдеттүү реквизиттерди камтууга тийиш: 

а) кассалык документтин аталышы; 

б) кассалык документтин иреттик номери; 

в) ал толтурулган жыл, күнү, айы; 

г) нак акча каражаттарын салуучунун аталышы; 

д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нак акча каражаттарын салуучунун идентификациялык коду (ОКПО); 

е) нак акча каражаттарын салуучунун идентификациялык салык номер (ИНН); 

ж) нак акча каражаттарын салуучунун Кыргыз Республикасынын Социалдык фондундагы каттоо номери; 

з) алуучу банктын аталышы жана касса эсебинин номери; 

и) каражаттарды алуучунун аталышы жана анын эсеп номери; 

к) төлөмдүн багыты; 

л) төлөмдүн жазуу жүзүндө жана цифра менен көрсөтүлгөн суммасы; 

м) нак акча каражаттарын салуучунун кол тамгасы; 

н) финансы-кредит уюумунун ыйгарым укуктуу адамдарынын (адамынын) кол тамгалары (кол тамгасы); 

о) финансы-кредит уюумунун мөөрүнүн оттиски.»; 

4.3-пунктунда «мыйзамдар тарабынан белгиленген» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын» дегенге алмаштырылсын; 

- 1-тиркеменин:  

Төлөм тапшырмасынын өңчөйлөштурүлгөн формасындагы «Жөнөтүү ыкмасы» деген сөздөр алынып салынсын; 

Төлөм тапшырмаларынын өңчөйлөштүрүлгөн формасынын реквизиттеринин маанисин толтуруу тартиби таблицасынын: 

төртүнчү сабы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

жетинчи, сегизинчи жана тогузунчу саптар төмөнкү редакцияда берилсин: 

Төлөөчү  

Төлөөчүнүн аталышы көрсөтүлөт. Жалпы кабыл алынган кыскартууларга жол  

берилет (ААК, ЖЧК ж.б), эгерде төлөөчү жеке адам болсо анын аты-жөнү көрсөтүлөт 

Ооба 

ОКПО 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарылуучу төлөөчүнүн  

идентификациялык коду (ОКПО) көрсөтүлөт 

Кыргыз Республикасынын аймагында экономикалык ишмердикти жүзөгө ашырган бардык юридикалык жактар жана жеке адамдар тарабынан милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш 

ИНН 

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (14 белги) көрсөтүлөт (эгер ыйгарылган болсо) 

Кыргыз Республикасынын аймагында экономикалык ишмердикти жүзөгө ашырган бардык юридикалык жактар жана жеке адамдар тарабынан милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш 

»; 

он биринчи, он экинчи саптар төмөнку редакцияда берилсин:  

11 

Банк- төлөөчү 

Банк-төлөөчүнүн аталышы жана жайгашкан жери көрсөтүлөт. Банктын  

уставында бекитилген кыскартууларга жол берилет 

Ооба 

12 

Дебет эсеп № 

Төлөөчүнүн банктагы эсеп номери 

Ооба 

»; 

он төртүнчү сап төмөнку редакцияда берилсин:  

14 

Алуучу  

Каражаттарды алуучунун аталышы көрсөтүлөт. Жалпы кабыл алынган кыскартууларга жол берилет (ААК, ЖЧК ж.б) 

Ооба 

»; 

он алтынчы сап төмөнкү редакцияда берилсин:  

16 

Алуучу банк  

Алуучу банктын аталышы жана жайгашкан жери көрсөтүлөт. Банктын уставында бекитилген кыскартууларга жол берилет 

Ооба 

»; 

 

2-тиркеменин: 

Тике тебеттөө төлөм тапшырмасынын реквизиттеринин маанисин толтуруу тартиби таблицасында: 

бешинчи, алтынчы саптар төмөнкү редакцияда берилсин:  

ОКПО 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарылуучу төлөөчүнүн идентификациялык коду (ОКПО) көрсөтүлөт 

Кыргыз Республикасынын аймагында экономикалык ишмердикти жүзөгө ашырган бардык юридикалык жактар жана жеке адамдар тарабынан милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш 

ИНН 

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (14 белги) көрсөтүлөт 

Кыргыз Республикасынын аймагында экономикалык ишмердикти жүзөгө ашырган бардык юридикалык жактар жана жеке адамдар тарабынан милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш 

»; 

тогузунчу, онунчу саптар төмөнкү редакцияда берилсин:  

Төлөөчү 

Кардар-төлөөчүнүн аталышы көрсөтүлөт. Жалпы кабыл алынган кыскартууларга жол берилет (ААК, ЖЧК ж.б), эгерде төлөөчү жеке адам болсо анын аты-жөнү көрсөтүлөт 

Ооба 

10 

Банк-төлөөчү  

Банк-төлөөчүнүн аталышы көрсөтүлөт. Банктын уставында бекитилген кыскартууларга жол берилет 

Ооба 

»; 

он үчүнчү сап төмөнкү редакцияда берилсин:  

13 

Алуучу 

Алуучу уюмдун аталышы көрсөтүлөт. Жалпы кабыл алынган кыскартууларга жол  

берилет (ААК, ЖЧК ж.б.) 

Ооба 

»; 

он жетинчи сап төмөнкү редакцияда берилсин:  

17 

Алуучу банк 

Алуучу банктын аталышы көрсөтүлөт. Банктын уставында бекитилген кыскартууларга жол берилет 

Ооба 

»; 

5-тиркеменин:  

Мемориалдык ордердин формасындагы «Форма коду 3» сөзү алынып салынсын; 

Мемориалдык ордердин реквизиттеринин маанисин толтуруу тартиби таблицасында: 

үчүнчү сап күчүн жоготкон катары таанылсын; 

төртүнчү сап төмөнкү редакцияда берилсин:  

ИНН 

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (14 белги) көрсөтүлөт (эгер ыйгарылган болсо) 

Кыргыз Республикасынын аймагында экономикалык ишмердикти жүзөгө ашырган бардык юридикалык жактар жана жеке адамдар тарабынан милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш 

»; 

алтынчы, жетинчи саптар төмөнкү редакцияда берилсин:  

Төлөөчү 

Каражаттарды төлөөчүнүн аталышы көрсөтүлөт. Жалпы кабыл алынган кыскартууларга жол берилет (ААК, ЖЧК ж.б), эгерде төлөөчү жеке адам болсо анын аты-жөнү көрсөтүлөт 

Түзүлгөн келишимдерге ылайык банк менен кардарлардын эсептешүүлөрүнүн айрым түрлөрүн жүргүзүүдө милдеттүү 

Банк- төлөөчүнүн аталышы 

Банк-төлөөчүнүн банкынын аталышы жана жайгашкан жери көрсөтүлөт. Банктын уставында бекитилген кыскартууларга жол берилет 

Түзүлгөн келишимдерге ылайык банк менен кардарлардын эсептешүүлөрүнүн айрым түрлөрүн жүргүзүүдө милдеттүү 

»; 

тогузунчу сап төмөнкү редакцияда берилсин:  

Алуучу 

Акча каражаттарды алуучунун аталышы көрсөтүлөт. Жалпы кабыл алынган кыскартууларга жол берилет (ААК, ЖЧК ж.б.) 

Түзүлгөн келишимдерге ылайык банк менен кардарлардын эсептешүүлөрүнүн айрым түрлөрүн жүргүзүүдө милдеттүү 

»; 

он экинчи сап төмөнкү редакцияда берилсин:  

12 

Алуучу банктын аталышы 

Алуучу банктын аталышы жана жайгашкан жери көрсөтүлөт. Банктын уставында бекитилген кыскартууларга жол берилет 

Түзүлгөн келишимдерге ылайык банк менен кардарлардын эсептешүүлөрүнүн айрым түрлөрүн жүргүзүүдө милдеттүү 

»;  

6-тиркеменин: 

Накталай төлөмгө билдирменин реквизиттеринин маанисин толтуруу тартиби таблицасында: 

Төртүнчү, бешинчи, алтынчы саптар төмөнкү редакцияда берилсин:  

Салуучунун аталышы 

Нак акча каражаттарды салуучунун аталышы көрсөтүлөт. Жалпы кабыл алынган кыскартууларга жол берилет (ААК, ЖЧК ж.б), эгерде нак акча каражаттарын салуучу жеке адам болсо анын аты-жөнү көрсөтүлөт 

Ооба 

ОКПО 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нак акча каражаттарды төлөөчүнүн, салуучунун идентификациялык коду (14 белги) көрсөтүлөт  

Кыргыз Республикасынын аймагында экономикалык ишмердикти жүзөгө ашырган бардык юридикалык жактар жана жеке адамдар тарабынан милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш 

ИНН 

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ыйгарылган салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (14 белги) көрсөтүлөт 

Кыргыз Республикасынын аймагында экономикалык ишмердикти жүзөгө ашырган бардык юридикалык жактар жана жеке адамдар тарабынан милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш 

»; 

сегизинчи, тогузунчу саптар төмөнкү редакцияда берилсин:  

Алуучу 

Акча каражаттарды алуучунун аталышы көрсөтүлөт. Жалпы кабыл алынган кыскартууларга жол берилет (ААК, ЖЧК ж.б), эгерде төлөөчү жеке адам болсо анын аты-жөнү көрсөтүлөт 

Ооба 

Алуучу банк 

Алуучу банктын аталышы жана жайгашкан жери көрсөтүлөт. Банктын уставында бекитилген кыскартууларга жол берилет 

Ооба 

»; 

 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-январындагы №4/6 «Төлөм  

системасында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы учурунда Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм системасында өзгөчө  

кырдаалдардын келип чыгышы учурунда Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобонун: 

бүтүндөй текстиндеги: 

«карт» сөзү тиешелүү жөндөмөдө «банктык төлөм карт» дегенге 

алмаштырылсын; 

1.1-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

1.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.2. Төлөм системасында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы учурунда Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине карата негизги талаптар жөнүндө” жободо (мындан ары - Жобо) төлөм системасында төмөнкүлөргө тиешелүү өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда персоналдын иш-аракеттерине жана Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине карата негизги түшүнүктөр жана талаптар аныкталган:  

1) энергия менен камсыз кылууда орун алган үзгүлтүктөргө;   

2) аппараттык же программалык камсыздоодо үзгүлтүктөргө;   

3) системанын байланыш каналдарында үзгүлтүктөргө;   

4) системанын иш регламентинин бузулушуна;  

5) системадан санкциясыз пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүнө;   

6) алдамчылык жолу аркылуу;  

7) форс-мажордук жагдайлар боюнча.»; 

1.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.3. Жобонун талаптары Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө», «Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө”, “Электрондук документ жана электрондук цифралык кол тамга», «Маалыматташтыруу жана электрондук тескөө» (мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары) мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык өз ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын резиденттеринен болуп саналган төлөм системасынын катышуучуларына жана операторлоруна таркатылат».  

1.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.4. Кыргыз Республикасынын төлөм системасы төмөнкүлөрдү камтыйт:  

1) системалуу мааниге ээ төлөм системаларын;  

2) маанилүү төлөм системаларын;  

3) башка төлөм системаларын.»;  

1.12-пункттагы «SWIFT жамааттык пайдалануу түйүнү» сөздөрү «Улуттук  

банктын SWIFT жамааттык пайдалануу түйүнүндө» дегенге алмаштырылсын. 

2.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.1. Бул жободо колдонулган терминдер жана аныктамалар -  

1) «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамда; 

2) Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/8 токтому  

менен бекитилген «Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө» жободо; 

3) Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы №38/4 токтому  

менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатта келтирилген терминдерге жана аныктамаларга дал келет. 

- 6.3-пункттун: 

2 жана 3-абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы №38/4 токтому менен  

бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатка; 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 21-декабрындагы №77/4 токтому  

менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу эрежелерине.  

- 6.3-пункт төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: 

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы № 51-1 токтому  

менен бекитилген “Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” жобого.  

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11- 

февралындагы № 7/4 «SWIFT жамааттык пайдалануу түйүнү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “SWIFT жамааттык пайдалануу түйүнү жөнүндө” жобонун: 

бүтүндөй текстиндеги: 

«пайдалануучу» деген сөз тиешелүү жөндөмөдө жана санда 

«Катышуучу» дегенге алмаштырылсын; 

«SWIFT интерфейси» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «SWIFT  

интерфейси/серверлери» дегенге алмаштырылсын; 

«SWIFT терминалы» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «SWIFT  

терминалы/SWIFT серверлери» дегенге алмаштырылсын; 

«SWIFT дискалык массиви жана серверлердин» жана «серверлердин, SWIFT  

дискалык массивинин» сөздөрү тиешелүү жөндөмөдө «SWIFT сервердик жабдуулары» дегенге алмаштырылсын. 

1.1-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

2.4-пунктундагы г) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«г) Улуттук банк тарабынан иштелип чыккан (мындан ары - Улуттук банктын  

ченемдик укуктук актылары) SWIFT ЖПТ аркылуу иштерди жөнгө салган ченемдик укуктук актылары;»; 

Жобо төмөнкү мазмундагы 2.5-1-пункт менен толукталсын:  

«2.5.-1. Катышуучулардын SWIFT ЖПТ туташууга эки ыкма бар: 

а) SWIFT билдирүүлөрүн даярдоо үчүн SWIFT ЖПТ инфраструктурасын пайдалануу менен (shared SAA&SAG); 

б) SWIFT билдирүүлөрүн даярдоо үчүн жеке сервелерди пайдалануу менен (shared SAG).»; 

2.6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.6. SWIFT билдирүүлөрүн даярдоодо SWIFT ЖПТ инфраструктурасы колдонулган  

учурда, катышуучунун SWIFT интерфейсинен/серверинен пайдалануу мүмкүнчүлүгү SWIFT станциялары (мындан ары - SWIFT терминалдары) аркылуу жүзөгө ашырылат. SWIFTтин тиешелүү терминалынын колдоого алынышы жана анын иши ар бир катышуучунун өз алдынча коштоп жүрүү боюнча персоналы тарабынан камсыз кылынат.»;.»; 

Жобо төмөнкү мазмундагы 2.6-1-пункт менен толукталсын:  

«2.6.-1. SWIFT билдирүүлөрүн даярдоодо өздүк серверлер колдонулган шартта,  

катышуучунун SWIFT интерфейсинен/серверинен пайдалануу мүмкүнчүлүгү SWIFT билдирүүлөрүн даярдоонун өздүк серверлерине туташтырылган SWIFT терминалы аркылуу жүзөгө ашырылат. SWIFTтин тиешелүү серверлеринин жана терминалынын колдоого алынышы жана анын иши ар бир катышуучунун өз алдынча коштоп жүрүү боюнча персоналы тарабынан камсыз кылынат.»; 

2.9-пунктта «төмөнкү адистерди» деген сөздөр алынып салынсын; 

Жобо төмөнкү мазмундагы 2.14-пункт менен толукталсын:  

«2.14. Жалпы инфраструктура аркылуу SWIFTтин башка катышуучуларын  

туташтыруу кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган уюмдар үчүн SWIFTтин талаптарына ылайык келишине карата милдеттүү сертификациялоодон өтүүгө тийиш.»; 

3.1-пункт төмөнкү мазмундагы г) пунктчасы менен толукталсын: 

«г) SWIFT талаптарына ылайык келүүсүнө жыл сайын аудит жүргүзүү.»; 

3.2-пунктундагы б) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«б) Катышуучулардын SWIFT терминалдары/серверлери үчүн өзүнчө локалдык  

түйүн;»; 

4.2-пунктунун 3-пунктчасынын алтынчы абзацында «белгиленген линияны» деген сөздөр «VPN каналы» дегенге алмаштырылсын; 

5.1-пунктунун: 

5-пунктчасында “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы” деген сөздөр “Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары” дегенге алмаштырылсын; 

1-тиркеменин: 

2-пунктунун: 

«г) » пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

«ж) » пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«ж) SWIFT жана маалыматтык коопсуздук администратору тарабынан бекитилген талаптарга ылайык коопсуздук параметрлерин жөнгө салуу»; 

«л) » пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«л) административдик паролдор менен иштөөдө SWIFT жана маалыматтык коопсуздук администратору тарабынан бекитилген маалыматтык коопсуздук талаптарын аткаруу»; 

- 4-пункттун «г)» жана «д)» пунктчалары күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

7. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 21-декабрындагы №77/4 «Кыргыз  

Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу эрежелери тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу эрежесинин: 

1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

2-пункттун «эрежелери» сөзү «Кыргыз Республикасынын  

төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу (мындан ары - эрежелер)» деген сөздөр менен толукталсын. 

30-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«30. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол берген, ошондой эле төлөм системасынын операторунун системага талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында кабыл алган чечимдерди аткарбаган учурда, Улуттук банк төлөм системасынын операторуна жана катышуучусуна эскертүү баракчасын жөнөтөт жана/же төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдонот:  

1. жазма буйрук; 

2. айыптык санкциялар; 

3. лицензиянын алкагында төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүнү убактылуу токтотуу же чектөөлөрдү белгилөө

4. лицензияны кайтарып алуу.». 

 

8. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 15-июнундагы № 25/8 «Кыргыз  

Республикасынын төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө саясатын бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө саясатынын: 

1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 2-пункттун «финансы-кредит мекемелери» деген сөздөрү «финансы-кредит  

уюмдары» дегенге алмаштырылсын; 

2-главанын жетинчи абзацындагы «финансы-кредит мекемелери тарабынан»  

деген сөздөр «финансы-кредит уюмдары тарабынан» дегенге алмаштырылсын; 

8.8.1-пунктчасында «Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык» 

деген сөздөр «Улуттук банк менен коммерциялык банктар ортосунда түзүлгөн келишимдерге жана макулдашууларга» деген сөздөр менен толукталсын; 

8.8.2-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин:  

«8.8.2. Бир күндүк кредит Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28  

мартындагы №10/8 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык келген төлөм системасынын (банктардын) тике катышуучулары үчүн (банктар) жеткиликтүү болууга тийиш»; 

- 8.8.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“8.8.4. “Овернайт” кредити Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы  

№10/7 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын “овернайт” кредити жөнүндө” жободо каралган тиешелүү талаптарга жооп берген төлөм системасынын (банктардын) тике катышуучулары үчүн гана жеткиликтүү болууга тийиш”; 

20.3-пунктчадагы «Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына» деген  

сөздөр “Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы №30/6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуу системалары боюнча акча которууну жүзөгө ашыруу эрежелерине ылайык» дегенге алмаштырылсын. 

 

 

 

 

9. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы №47/10 «Төлөм  

системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө нускоонун: 

1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

2-пунктундагы «Нускоо» деген сөз «Төлөм системасынын  

операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө (мындан ары Нускоо)» деген сөздөр менен толукталсын; 

12-пункттун экинчи сүйлөмүнүн «көрсөтүлүшү мүмкүн» сөздөрү  

“көрсөтүлүүдө” дегенге алмаштырылсын; 

34-пункттун «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына» сөздөрү «Кыргыз  

Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарына, Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы №51/1 токтому менен бекитилген «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого” дегенге алмаштырылсын; 

50-пункттун «Улуттук банктын ченемдик документтерине ылайык» сөздөрү 

«Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык» дегенге алмаштырылсын; 

56-пункттун «Кыргыз Республикасынын жана Улуттук банктын ченемдик  

укуктук актыларына» сөздөрү «Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы №19/13 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктардын, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруучу уюмдардын жана алардын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын), юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ортосундагы талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобосуна» дегенге алмаштырылсын.