Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 31-майындагы  

№ 21/17 токтому 

 

 

 

Коммерциалык банктарга сунушталуучу кредиттер мөөнөтүн аныктоо жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 5, 7, 20, 28 жана 43-беренелерине, Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобого таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобонун алкагында коммерциалык банктарга сунушталуучу кредиттердин төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленсин: 

- кайра каржылоо максатында сунушталуучу кредиттик каражаттар мөөнөтү 6 ай. 

- ликвидүлүүктүү колдоого кредиттик каражаттар мөөнөтү 3 айга чейин. 

2. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов