Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 31-майындагы 

№ 21/16 токтому 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 50/1 "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдүкиргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 50/1 "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн,областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жеңиш мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т.Абдыгулов 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 31-майындагы  

№ 21/16 токтомуна тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 50/1 "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 50/1 "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөркиргизилсин: 

аталышында "убактылуу жобо" деген сөздөр "жобо" дегенге алмаштырылсын; 

- 1 пункттун "убактылуу жобо" деген сөздөр "жобо" дегенге алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" убактылуу жобонун: 

- аталышында "убактылуу жобо" деген сөздөр "жобо" дегенге алмаштырылсын; 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"1. "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" жободо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары - Улуттук банк) лицензияланган коммерциялык банктарга Улуттук банктын кредит берүүсүнүн жалпы шарттары жана тартиби аныкталган."; 

- 2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 28-беренесине " деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамына"дегенге алмаштырылсын; 

- 4-пункттагы "инсайдерлерине" деген сөздөр "Банк менен байланыштуу жак" дегенге алмаштырылсын; 

- 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"6. Кредитти берүү шарттары, канча жолу пролонгациялоого боло тургандыгы, ошондой эле кредит өлчөмү жана мөөнөтү Улуттук банк Башкармасынын чечими менен кабыл алынат"; 

- 8-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Улуттук банк Башкармасы тиешелүү банкка кредит берүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алган учурда ал тууралуу ошол банкка кат жүзүндө маалымдалууга тийиш. "; 

- 14-пункттун 2-пунктчасындагы "башка финансы-кредит мекемесиндеги" деген сөздөр "башка финансы-кредит уюмдарына" дегенге алмаштырылсын; 

- 18- пункттагы "алты айдан ашпаган" деген сөздөр "Улуттук банк Башкармысынын чечими менен" дегенге алмаштырылсын; 

- 21-пункт төмөнкүдөй пунктча менен толукталсын: 

"Улуттук банк тарабынан берилген каражаттар максатка ылайыксыз пайдаланылган болсожана/же күрөөлүк камсыздоо, ошондой эле берилген каражаттардын пайдаланылышы боюнча такталбаган маалыматтар берилсе, Улуттук банк ченемдик укуктук актыларындакаралган таасир этүү чараларын колдонууга жана каражаттардын мөөнөтүнөн мурда кайтарылып берилишин талап кылууга укуктуу"; 

- убактылуу жобого карата 1-тиркеменин: 

Баш сөзүндөгү"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын"деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын20_-жылынан"____" __________ №___буйругунун"дегенге алмаштырылсын; 

"Терминдер (атоолор) жана аныктамалар" деп аталган 1-бөлүктүн үчүнчү абзацындагы жана 8.1-пункттун "в" пунктчасындагы ар башка жөндөмөдө кездешкен"Убактылуу жобо" деген сөздөр, тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жобо" дегенге алмаштырылсын; 

2.6-пункттагы "банктын инсайдерлери" деген сөздөр "банк менен байланыштуу жактар" дегенге алмаштырылсын; 

4.1-пункттагы"төлөө" деген сөз "төлөп берүү" дегенге алмаштырылсын; 

5.1.5-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

"5.1.5. Улуттук банк, кредиттер/транштардын негизги суммасы боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн бардык суммаларды, чегерилген пайыздарды, туумдарды жана айыптык төлөмдөрдү ушул келишимде, кредитти/траншты берүү боюнча кредиттик келишимдерде каралган башка суммаларды, банктын аталган келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарууну, банк менен Улуттук банк ортосунда ушул келишимди жана кредит/транш боюнча кредиттик келишимдердин аткарылышын камсыздоо үчүн түзүлгөн күрөө келишимдеринин шарттарын жана анда каралган жоболорду бузууга жол беришинин кесепетинен Улуттук банк тарткан чыгымдарды жана чыгашаларды кандай болбосун валютада (кредит/транш берилген валютадан көз карандысыз) Банктын Улуттук банкта ачылганкорреспонденттик эсебинен банктын макулдугусуз эле акцептсиз (талашсыз) тартипте кармап калууга укуктуу." 

5.1.6-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

"5.1.6. Эгерде банк Улуттук банктын кошумча камсыздоону сунуштоо же болбосо ушул келишимдин жана кредит/транш боюнча кредиттик келишимдердин камсыздоосу катары сунушталган күрөө предметин алмаштыруу талабын аткарбаса, Улуттук банк кредит/транш боюнча негизги сумманы, ал боюнча чегерилген пайыздарды, айыптык төлөмдөрдү жана санкцияларды же жетпей калган камсыздоого эквиваленттүү болгон сумманы кошо алганда, ушул келишим, кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча банктын бүтүндөй карызын же алардын бөлүгүн банктын Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсебинен акцептсиз (талашсыз) тартипте эсептеп алып коюуга укуктуу." 

5.1.7-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

"5.1.7. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттары акцептсиз (талашсыз) тартипте эсептен алынып коюлган учурда, ошол акча каражаттарын банкка берилген кредиттин/транштын валютасына конвертациялоо (которуу) Улуттук банк тарабынан эсептеп алып салуу күнүнө карата белгиленген расмий курска ылайык ишке ашырылат." 

"Тараптардын юридикалык даректери, реквизиттери жана кол тамгалары" деп аталган 11-бөлүктөгү жана "Бишкек шаары, Т.Үмөталиев атындагы көчө, 101." деген сөздөр "Чүй проспекти 168."дегенге алмаштырылсын; 

- убактылуу жобонун 2-тиркемесинин: 

Баш сөзүндөгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын"деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 20_-жылынан"____" __________ №___буйругунун"дегенге алмаштырылсын; 

"Тараптардын юридикалык даректери, реквизиттери жана кол тамгалары" деп аталган 6-бөлүктөгү жана "Бишкек шаары, Т.Үмөталиев атындагы көчө, 101." деген сөздөр "Чүй проспекти 168."дегенге алмаштырылсын; 

- убактылуу жобонун 3-тиркемесинин: 

Баш сөзүндөгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын"деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 20_-жылынан"____" __________ №___буйругунун"дегенге алмаштырылсын; 

"Тараптардын юридикалык даректери, реквизиттери жана кол тамгалары" деп аталган 7-бөлүктөгү жана "Бишкек шаары, Т.Үмөталиев атындагы көчө, 101." деген сөздөр "Чүй проспекти 168."дегенге алмаштырылсын; 

- убактылуу жобонун 4-тиркемесинин: 

Баш сөзүндөгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын"деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 20_-жылынан"____" __________ №___буйругунун"дегенге алмаштырылсын; 

Күрөө келишимине карата тиркеменин: 

Баш сөзүндөгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын"деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 20_-жылынан"____" __________ №___буйругунун"дегенге алмаштырылсын; 

"Тараптардын юридикалык даректери, реквизиттери жана кол тамгалары" деген бөлүктөгү "Т.Үмөталиев атындагы көчө, 101." деген сөздөр "Чүй проспекти 168."дегенге алмаштырылсын; 

- убактылуу жобонун 5-тиркемесинин: 

Баш сөзүндөгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын"деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 20_-жылынан"____" __________ №___буйругунун"дегенге алмаштырылсын; 

2.2-пункттун 1-пунктчасындагы "инсайдерлер" деген сөздөр "байланыштуу жактар" дегенге алмаштырылсын; 

"Тараптардын юридикалык даректери, реквизиттери жана кол тамгалары"деп аталган 8-бөлүктөгү "Т.Үмөталиев атындагы көчө, 101." деген сөздөр "Чүй проспекти 168."дегенге алмаштырылсын.