Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 26-апрелиндеги  

№ 17/2 токтому 

 

 

Улуттук банк Башкарамасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/3 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктар менен своп-операцияларын (эсептелинген) жүргүзүү тартиби жөнүндө» убактылуу жобонун долбоорун бекитүү тууралуу” токтомун күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкарамасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/3 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктар менен своп-операцияларын (эсептелинген) жүргүзүү тартиби жөнүндө» убактылуу жобонун долбоорун бекитүү тууралуу токтому” күчүн жоготкон катары таанылсын. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жеңиш мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т.Абдыгулов