Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 28-декабрындагы № 51/2 токтому 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 26-августундагы № 49/9 

«Банк мыйзамдары чөйрөсүндө административдик укук бузууларга  

тиешелүү иштерди кароого алуу жөнүндө»  

нускоого толуктоолорду киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 26-августундагы № 49/9 «Банк мыйзамдары чөйрөсүндө административдик укук бузууларга тиешелүү иштерди кароого алуу жөнүндө» нускоого сунушталган толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн жана Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын операторлорун, төлөм уюмдарын жана коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары айым Л. Дж.Орозбаевага ыйгарылсын.  

 

 

Төрага Т.Абдыгулов 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 28-декабрындагы № 51/2 токтомуна 

тиркеме 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 26-августундагы № 49/9  

«Банк мыйзамдары чөйрөсүндө административдик укук бузууларга тиешелүү иштерди кароого алуу жөнүндө» нускоого толуктоолоркиргизүү тууралуу 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 26-августундагы № 49/9 «Банк мыйзамдары чөйрөсүндө административдик укук бузууларга тиешелүү иштерди кароого алуу жөнүндө» нускоого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банк мыйзамдары чөйрөсүндө административдик укук бузууларга тиешелүү иштерди кароого алуу жөнүндө» нускоонун: 

1) баш сөзүндөгү «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамга деген сөздөрдү «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарына деген сөздөргө алмаштырылсын»; 

2) 2-пункт төмөнкү мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын: 

«5) Төлөм системалары башкармалыгы Кодекстин 357-359 жана 505-18 505-20 беренелеринде каралган укук бузуулар үчүн.».