Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 28-декабрындагы № 51/1 токтому 

 

 

 

 

«Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу  

таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кароого сунушталган «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2016 жылдын 24-февралындагы № 10/7 «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун бектитүү тууралуу» токтому күчүн жоготкон катары таанылсын. 

3. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн жана Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын операторлорун, төлөм уюмдарын жана коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары айым Л. Дж.Орозбаевага ыйгарылсын.  

 

 

Төрага Т.Абдыгулов 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 28-декабрындагы № 51/1 токтомуна 

тиркеме 

 

 

«Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» 

ЖОБО 

 

1-ГЛАВА.  

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

1. «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо (мындан ары Жобо), Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасында лицензия-уруксат берүү системасы жөнүндө», «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттерди көрүү жөнүндө», «Административдик ишкердик негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. 

2. Жободо таасир этүү чаралары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республика аймагында өз ишин жүзөгө ашырып жаткан төлөм системасынын операторлоруна (банктарды жана башка финансы-кредит мекемелерин эске албаганда)/төлөм уюмдарына карата таасир этүү чараларын колдонуу тартиби аныкталат. 

3. Таасир этүү чаралары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул жободо каралган тартипте колдонулат. 

4. Улуттук банк тиешелүү таасир этүү чараларын, төлөм системаларынан пайдалануучулардынкызыкчылыгын коргоо, төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн колдоого алуу жана камсыз кылуу, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттерди көрүүмаксатында колдонот. 

5. Улуттук банк төмөнкү учурларда төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу: 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берүү

- Улуттук банк көзөмөлдүк милдеттерин аткарууда ага карата каршы аракеттерди көрүү

- Кыргыз Республикасынын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттерди көрүү боюнча мыйзамдарга ылайык тыюу салынган, айкын ордун жабуу кыйынга турган жалган жана шектүү операцияларды жүзөгө ашыруу; 

- төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын төлөм системаларына катышуучулардын жана андан пайдалануучулардын кызыкчылыктарына кооптуу жагдайдын келип чыгышын шарттаган аракеттери же аракеттенбей коюулары; 

- Улуттук банкка системалуу түрдө (12 (он эки) ырааттуу календардык ай ичинде эки же андан көп жолу) кечиктирип/туура эмес/такталбаган/бурмаланган/толукталбаган отчетту жана/же башка маалыматты сунуштаса; 

- төлөм системасынын оператору/төлөм уюму лицензия алган учурдан тартып 1 (бир) жылдан ашык убакыт бою ишкердикти жүргүзүүнү кечиктирсе. 

6. Улуттук банк төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна маалымдоо иретинде белгилүү бир нормаларды жана эрежелерди бузууга жол бергендиги же төлөм системасынын коопсуздугуна жана ишенимдүүлүгүнө коркунуч жараткан ишкердикти жүргүзүп жаткандыгы тууралуу, ошондой эле келечекте аларга карата тиешелүү таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүндүгү тууралуу эскертүү жөнөтүүгө укуктуу. Эскертүү, таасир этүү чарасы болуп саналбайт.  

 

2-ГЛАВА.  

ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫ КОЛДОНУУ 

 

7. Бул жободо төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу төмөнкүдөй таасир этүү чаралары аныкталган: 

- жазма буйрук жөнөтүү

- лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу же лицензияда каралган төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүгө чектөөлөрдү белгилөө

- лицензияны кайтарып алуу. 

Улуттук банк төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата административдик, анын ичинде инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган укук бузуулар үчүн Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 26-августундагы № 49/9 токтому менен бекитилген “Банктык мыйзамдар чөйрөсүндө административдикукук бузуулар жөнүндө иштерди кароо жөнүндө” нускоодо каралган тартипте айыптык төлөм белгилөөгө укуктуу. 

8. Таасир этүү чаралары бузууга жол берилген жагдайга, анын татаалдыгына жана олуттуулугуна жараша, ошондой эле төлөм системасынан пайдалануучуларга жана катышуучуларга тийгизиши мүмкүн болгон кесепеттерге жараша колдонулат. Таасир этүү чараларын колдонууда кезектүүлүк жана ырааттуулук каралбайт. 

9. Тиешелүү таасир этүү чараларын колдонуу чечими Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан кабыл алынат. 

10. Төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна белгилүү бир мөөнөт ичинде аныкталган бузууларды четтетүү тууралуу жазма буйрук төмөнкү учурларда жөнөтүлөт: 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталган финансылык отчет жана башка отчеттор, тышкы аудитордун корутундусу жана ага карата тиркемелер Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттө берилбесе; 

- Улуттук банкка, анын ичинде инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө маалыматты сунуштоону кечиктирсе/туура эмес/такталбаган/бурмаланган/толукталбаган маалыматты сунуштаса; 

- аппараттык-программалык комплексти пайдалануу боюнча техникалык документтер жок болсо; 

- Улуттук банктын кызматкерлери көзөмөлдүк милдеттерин аткарууда аларга каршы аракеттер көрүлсө

11. Лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу жана төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун лицензияда каралган төлөмдөрдүн айрым түрлөрүн жана операцияларды жүргүзүүсүнө чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө чечим,бузууга жол берүү мүнөзүнө жана деңгээлине жараша кабыл алынат.  

12. Лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу чечими төмөнкү учурларда кабыл алынат: 

- төлөм системасынын оператору/төлөм уюмуУлуттук банктын жазма буйруктарын жана/же талаптарын системалуу түрдө аткарбаса; 

- төлөм системасынын оператору/төлөм уюму төлөөгө жөндөмсүз катары таанылса; 

- Улуттук банктын кызматкерлери көзөмөлдүк функцияларын аткарууда системалуу түрдө аларга карата каршы аракеттер көрүлсө

13. Лицензиянын алкагында төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым бир түрлөрүн жүргүзүүгө чектөөлөр төмөнкү учурларда белгиленет: 

- Улуттук банктын жазма буйруктарын жана/же талаптарын системалуу түрдө аткарбаса (12 (он эки) ырааттуу календардык ай ичинде эки же андан көп жолу); 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, анын ичинде кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттерди көрүү боюнча мыйзамдарда тыюу салынган операцияларда катышса; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичиндемонополияны жөнгө салуу мыйзамдарын жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттерди көрүү боюнча мыйзамдарды жана Улуттук банктын төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салууга тиешелүү талаптарын бузууга жол берсе; 

- төлөөгө жөндөмсүз катары таанылса же кызматтарды сунуштоочулар жана/же төлөм кызматтарынан пайдалануучулар алдында финансылык милдеттерин аткара албаса. 

14. Төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым бир түрлөрүн жүргүзүүнү убактылуу токтотуу же аларга чектөөлөрдү белгилөө себептери четтетилгендигине жараша лицензиянын аракети калыбына келтирилиши мүмкүн же болбосо кайтарылып алынышы мүмкүн.  

15. Лицензияны колдонуу Улуттук банк тарабынан төлөм системасынын оператору/төлөм уюму бузууга жол берүүнү четтеткен шартта же лицензиянын аракети токтотулган мөөнөт өткөндөн кийинки күндөн тартып же болбосо төлөм системасынын оператору/төлөм уюму бузууга жол берүүнү мөөнөтүнөн мурда четтеткен учурда лицензиянын аракети токтотулган мөөнөт өткөнгө чейин эле калыбына келтирилиши мүмкүн. 

16. Аныкталган бузууга жол берүүлөр мөөнөтүнөн мурда четтетилген учурда төлөм системасынын оператору/төлөм уюму тиешелүү документтерди сунуштоо менен Улуттук банкка бул тууралуу кат жүзүндө маалымдайт. Улуттук банк, өз кезегинде, инспектордук текшерүү жүргүзүүгө укуктуу. 

17. Улуттук банк отуз күндүк мөөнөт ичинде же болбосо төлөм системасынын операторунан/төлөм уюмунан бузууга жол берүү мөөнөтүнөн мурда четтетилгендиги тууралуу билдирме алган күндөн тартып беш жумуш күнүнөн кечиктирбестен инспектордук текшерүүнү жүзөгө ашырат. Текшерүүнүн жыйынтыгында төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна кат жүзүндө лицензиянын аракетин калыбына келтирүү же болбосо тиешелүү негиздемелерди көрсөтүү менен калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди жөнөтүп, реестрге тиешелүү маалыматты каттайт. 

18. Реестрге бул тууралуу маалымат киргизилгенден кийин жана төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна маалымдалган күндөн тартып лицензия колдонууга киргизилген катары эсептелинет. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Улуттук банктын лицензиянын аракетин калыбына келтирүүдөн баш тартуу чечимине карата даттануу менен кайрылууга укуктуу.  

19. Лицензия, төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун иши катышуучулардын жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануучулардын кызыкчылыгына айкын коркунуч жаратышы мүмкүн болгон жагдайлар орун алган учурда жана төмөнкү учурларда кайтарылып алынат: 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берилсе; 

- төлөөгө жөндөмсүз катары таанылса же кызматтарды сунуштоочулар жана/же төлөм системаларынан пайдалануучулар алдында финансылык милдеттерин аткарбаса (12 (он эки) ырааттуу календардык ай ичинде эки же андан көп жолу); 

- төлөм системасынын оператору/төлөм уюму лицензия алган учурдан тартып 1 (бир) жылдан ашык убакыт бою ишкердикти жүргүзүүнү кечиктирсе. 

20. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, лицензиянын кайтарылып алынышы төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун лицензияда белгиленген ишкердикти жүргүзүүсүн токтотууга алып келет. 

21. Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети тобокелдиктерге жол бербөө жана төлөм системасынан пайдалануучулардын укугун коргоо максатында, башка алдын ала таасир этүү чараларын колдонуусуз лицензияны кайтарып алуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.  

22. Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин чечими, кабыл алынган күндөн жана төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна маалымдалганучурдан тартып күчүнө кирет.  

23. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин лицензияны кайтарып алуу жөнүндө чечимин алгандан кийинки үч жумуш күнү ичинде анын түп нускасын Улуттук банкка тапшырууга тийиш. 

24. Улуттук банк лицензия кайтарылып алынгандыгы жөнүндө жазууну реестрге чагылдырып, маалыматты Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырат.  

25. Төлөмдөрдүн айрым бир түрлөрүн жана операцияларды жүзөгө ашыруу убактылуу токтотулса же чектөөлөр белгиленсе, лицензиянын аракети токтотулса/кайтарылып алынса жана төлөм системасынын оператору/төлөм уюму өз эрки боюнча жоюлса Улуттук банк бардык коммерциялык банктарга, төлөм кызматтарын сунуштоочуларга, төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна билдирме жөнөтөт. 

Маалымдоо процессин тездетүү, ошондой эле маалымдоо убактысын жана күнүн каттоо максатында, Улуттук банк андан кийин анын кагаз жүзүндөгү вариантын жеткирүү менен таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө билдирменин көчүрмөсүн төлөм системасынын катышуучуларынын расмий электрондук даректерине жөнөтөт. 

 

3-ГЛАВА. 

ТӨЛӨМ СИСТЕМАСЫНЫН ОПЕРАТОРЛОРУНУН/ТӨЛӨМ УЮМУНУН ТӨЛӨМДӨРҮН АЯГЫНА ЧЫГАРУУ ТАРТИБИ  

 

26. Лицензиянын аракети убактылуу токтотулган/кайтарылып алынган же өз эрки боюнча жоюлган учурдан тартып төлөм системасынын оператору/төлөм уюму төмөнкү ишкердикти жүзөгө ашырууну токтотууга тийиш: 

үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу өз ишкердигинин натыйжасынан болбогон товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү

- кабыл алуу, иштеп чыгуу жана үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты (процессинг, клиринг) төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо. 

27. Эгерде лицензиянын аракети убактылуу токтотулган/чектөөлөр белгиленген/ кайтарылып алынган же өз эрки боюнча жоюлган мезгил ичинде төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун системасына төлөмдөр келип түшсө (система өчүрүлгөнгө чейин жана кызматтарды сунуштоочулар жана төлөм системасынын катышуучусу менен түзүлгөн келишим ошол учурда колдонууда болсо), анда төлөм системасынын оператору/төлөм уюму ошол төлөмдөрдү кабыл алып, аягына чыгарып, төлөөгө тийиш. Мындай төлөмдөрдүн аягына чыгарылышы жөнүндө маалымат Улуттук банкка Төлөм системасы боюнча комитеттин чечими сунушталгандан, жарыялангандан, таркатылгандан жана тааныштырылгандан кийинки күндөн кечиктирилбестен жазуу жүзүндө сунушталууга тийиш.  

 

4-ГЛАВА. 

КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР 

 

28. Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна жана/же алардын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонуу тууралуу чечимине даттануу менен кайрылуу Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-февралындагы № 10/8 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен төлөм системасынын оператору/төлөм уюму ортосунда талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобого ылайык жүзөгө ашырылат.  

29. Эгерде төлөм системасынын оператору/төлөм уюму катары банк же башка финансы-кредит мекемеси иш алып барса, таасир этүү чарасы Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-майындагы № 16/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган банктарга жана башка финансы-кредит мекемелерине карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого ылайык колдонулат.