Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/9 

токтому 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган, ошондой эле «исламтерезесине» ээ банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалымат сунуштоосуна карата талаптар» жөнүндө жобону бекитүү тууралуу  

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кароого сунушталган «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган, ошондой эле «исламтерезесине» ээ банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалымат сунуштоосуна карата талаптар» жөнүндө жобо(кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен иштеп жаткан микрофинансылык уюмдарды жана кредиттик союздарды, алардын бирикмелерин (ассоциацияларын), «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын, «Ислам каржы ассоциациясы» ЮЖБсин, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/9 токтомуна 

тиркеме 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган, ошондой эле «ислам терезесине» ээ банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалымат сунуштоосуна карата талаптар жөнүндө» 

ЖОБО 

 

1-ГЛАВА. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

1. Жобо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө», «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан

2. Жободо ишкердигин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайыкжүзөгө ашырганмикрофинансылык уюмдардын (мындан ары МФУ) жана кредиттик союздардын, ошондой эле «ислам терезесине» ээ МФУлардын финансылык отчеттун курамын аныктоо, түзүү жана сунуштоо тартиби белгиленген

3. Ушул жобонун нормалары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ченемдик укуктук актыларында аныкталган иш өзгөчөлүгүн жана уюштуруу-укуктук формасын эске алуу менен БФКМдерге карата да колдонулат. Консервация, убактылуу администрация режиминде турган БФКМдер да финансылык отчетторду ушул жобого ылайык сунушташат. 

4. Ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган БФКМдердин отчетунда финансылык абалды түзүмү боюнча сунуштоо жана отчеттук мезгил аралыгында жүзөгө ашырылган иштин жыйынтыгы чагылдырылат. 

5. Ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган БФКМдердин финансылык отчетунда анын финансылык абалы объективдүү чагылдырылууга жана ал Ислам финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюуму (мындан ары AAOIFI) тарабынан белгиленген стандарттарга жооп берүүгө тийиш, ал эми белгилүү бир стандарттар жок учурда, алар AAOIFI тарабынан бекитилген Шариатстандарттарына каршы келбеген учурда БФКМ ФОЭС стандарттарын пайдаланат.  

6. БФКМдин финансылык отчетунун максатынан болуп төмөнкүлөр саналат: 

- алар экономикалык чечимдерди кабыл алууда пайдалануучулардын кеңири чөйрөсүнө пайдалуу болгон БФКМдин финансылык абалы, финансылык иш жыйынтыктары жана акча каражаттарынын жылышы тууралуу маалыматты сунуштоо; 

- активдер, милдеттенмелер, капитал, кирешелер жана чыгашалар (анын ичинде пайда жана чыгым), ошондой эле акча каражаттарынын жылышы жөнүндө маалыматты сунуштоо аркылууБФКМдин жетекчилигине ишеним көрсөтүү менен берилген ресурстарды тескөө жыйынтыгын сунуштоо. 

7. Финансылык отчеттордон инвесторлор, акционерлер, уюштуруучулар, катышуучулар, кредиторлор, карыз алуучулар, эл аралык финансылык уюмдар, салык органдары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) жана башкаларпайдаланышат. 

 

2-ГЛАВА. ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТТУ ТҮЗҮҮГӨ КАРАТА ЖАЛПЫ ТАЛАПТАР 

 

8. Финансылык отчет ушул жобого кошо тиркелген формаларга ылайык түзүлүүгө тийиш болгон отчеттук формалардан турат: 

- отчеттук мезгилдин акыркы иш күнүнө карата финансылык абал жөнүндө отчет (ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык №1 форма); 

- пайда жана чыгым жөнүндө отчет (ушул жобого карата 2-тиркемеге ылайык№2 форма); 

- акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет (ушул жобого карата 3-тиркемеге ылайык №3 форма); 

- капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө отчет (ушул жобого карата 4-тиркемеге ылайык № 4 форма); 

- эсептик саясат жана түшүндүрмө кат (чечмелөө); 

- кард фондунун акча каражаттарын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчет (ушул жобого карата 5-тиркемеге ылайык №5 форма); 

- Шариат кеңешинин корутундусу (ушул жобого карата 6-тиркемеге ылайык № 6 форма). 

Финансылык отчетко карата түшүндүрмө кат (чечмелөө) кыскача жана түшүнүктүү болууга, ошондой эле зарыл учурларда, финансылык отчеттун тиешелүү статьяларына карата шилтемелер келтирилүүгө тийиш. Финансылык отчетко кошо тиркелген түшүндүрмө кат анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

Шариат кеңешинин корутундусунда отчеттук  мезгил ичинде операциялар Шариат принциптерине ылайык ишке ашырылгандыгын тастыктаган маалымат камтылууга тийиш. 

9. Финансылык отчетто төмөнкү маалымат так белгиленүүгө жана зарыл учурда сунушталган маалыматты талаптагыдай түшүнүү үчүн кайталап чагылдырылууга тийиш: 

- отчет берип жаткан БФКМдин аталышы; 

- финансылык отчетто камтылган күн же мезгил аралыгы; 

- отчеттун валютасы; 

- финансылык отчетто сандарды көрсөтүүдө пайдаланылган өлчөө бирдиктери жана тактык деңгээли. 

10. Финансылык отчетту түзүүдө жетекчилик БФКМ өз ишин андан ары улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигине баа берүүгө тийиш. Эгерде жетекчилик БФКМди жоюуга же иш чөйрөсүн кыйла кыскартууга ниеттенбесе же мындай зарылчылык жок болсо, финансылык отчет иш үзгүлтүксүздүгүнө жол берүүнүн негизинде түзүлүүгө тийиш. Эгерде пикир түзүү процессинде жетекчиликке келечекте БФКМ ишти жүзөгө ашырууда ага кыйла шеккелтириши мүмкүн болгон жагдайларга же шарттарга байланыштуу олуттуу белгисиздик тууралуу маалымдалса, алар отчетто чечмеленип берилүүгө тийиш.  

Эгерде финансылык отчет иш үзгүлтүксүздүгүнө жол берүүнүн эмес, башка негизде түзүлсө, бул факт отчет түзүлгөн негиз сыяктуу эле толук көрсөтүлүп, эмне себептен БФКМ үзгүлтүксүз иш алып барган мекеме болуп саналбай тургандыгын көрсөтүү зарыл.  

11. БФКМ акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту эске албаганда, финансылык отчетту чегерүү ыкмасын пайдалануу менен түзүүгө тийиш. 

12. Финансылык отчет берүү максатында БФКМ тарабынан отчет берилүүчү мезгил катары календардык жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгы саналат.  

1-октябрга чейин жаңыдан түзүлгөн БФКМ үчүн алгачкы отчет берүү мезгил аралыгы катары мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып 31-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгы саналат.  

1-октябрдан кийин түзүлгөн БФКМ үчүн алгачкы отчет берүү мезгил аралыгы катары мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып кийинки жылдын 31-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгы саналат.  

13. Өзгөчө учурларда, БФКМдин отчет берүү мезгил аралыгы өзгөргөндүктөн финансылык отчет бир жылдан көп же бир жылга жетпеген мезгил аралыгы үчүн сунушталган учурда, БФКМ финансылык отчетто камтылган мезгил аралыгына кошумча төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө тийиш: 

- ошол жылдан айырмаланган мезгил аралыгын алуу себебин; 

- чогуу алгандагы киреше, капиталдагы өзгөрүүлөр, акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетторду салыштыруу суммаларынын жана тиешелүү эскертүүлөрдүн дал келбеши фактысы. 

14. БФКМдин финансылык отчетундагы ар бир олуттуу статья финансылык отчетто өз-өзүнчө чечмеленет жана сунушталат. Чакан статьялар ушул сыяктуу мүнөздөгү же багыттагы статьялардын суммасы менен топтоштурулат.  

15. Финансылык отчеттун мазмуну жана формасы бир отчеттук мезгилден экинчисине карай ыраттуу (ырааттуулук принцибинде) колдонулат. 

Финансылык отчеттун ар бир сандык көрсөткүчүндө буга чейинки отчеттук жылдагы көрсөткүчтөр келтирилүүгө тийиш.  

16. Финансылык отчеттордогу статьялардын классификациясы жана түшүнүгү төмөнкү учурларды эске албаганда, бир мезгилден кийинки мезгилге чейин сакталууга тийиш:  

- БФКМдин операциялары кыйла өзгөрсө же финансылык отчеттогу талдап-иликтөөлөр мындай өзгөртүүлөр жагдайларды же операцияларды кыйла ишенимдүү түшүнүүгө мүмкүнчүлүк бере тургандыгын көрсөтсө

өзгөртүүлөрдү киргизүү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынса.  

17. Эгерде отчеттук мезгилге чейинки мезгил аралыгы үчүн маалымат отчеттук мезгил ичиндеги маалыматка дал келбесе, алгачкы маалымат Улуттук банктын ченемдик документтеринде белгиленген эрежелердин өзгөртүлүшүнө жараша корректировкаланууга тийиш. Ар бир корректировкалоо финансылык отчет формаларына карата түшүндүрмөлөрдө анын себептерин көрсөтүү менен толук чагылдырылууга тийиш. Эгерде корректировкаларды киргизүү максатка ылайыктуу болбосо, БФКМ аларды киргизбөө себебин,ошондой эле суммаларды корректировкалоодон улам келип чыгышы мүмкүн болгон өзгөрүүлөр тууралуу толук чагылдыруусу зарыл.  

18. Финансылык отчет түзүлгөн күнү алар боюнча операция ишке ашырылбаган статьяларда «нөл» сандык белгиси көрсөтүлөт. Эгерде БФКМ финансылык отчет формасында көрсөтүлгөн тигил же бул операцияны жүзөгө ашырбаса, ал отчетко камтылбайт.  

19. Эгерде башкасы белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык келишимдерде макулдашылбаса, БФКМдин финансылык отчету Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында түзүлүүгө тийиш.  

20. Финансылык отчетко БФКМдин жетекчиси жана башкы бухгалтери кол коет, ошондой эле БФКМдин мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.  

21. Аудитордук корутунду алгандан кийин жылдык отчетту бекитүүгө чейин белгиленген, буга чейинки мезгилде эске алынбаган финансылык отчетко өзгөртүүлөр өтүп жаткан жыл ичиндеги корректировкалоо катары эске алынууга тийиш.  

22. Финансылык отчетко киргизилген оңдоолор 20-пунктта көрсөтүлгөн адамдардын кол тамгасы менен тастыкталат жана ага оңдоолор киргизилген күн көрсөтүлөт. 

23. Финансылык отчетту түзүүдө такталган маалыматты көрсөтүү максатында БФКМдин жетекчилиги жана финансылык отчетту түзүүгө жоопкерчиликтүү адам ушул жобонун талаптарын эске алуу менен тышкы аудитордун кеп-кеңеши боюнча финансылык отчетко статьяларды кошууга жана/же кыскартууга укуктуу. 

24. БФКМдин жетекчилиги финансылык отчеттун даярдалышы жана сунушталышы үчүн жоопкерчилик тартат. 

  

3-ГЛАВА. БФКМдин ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТУН СУНУШТОО ЖАНА ЖАРЫЯЛОО ТАРТИБИ ЖАНА МӨӨНӨТТӨРҮ 

  

25. Көз карандысыз тышкы аудитти жүргүзгөндөн кийин БФКМ төмөнкү формалар боюнча финансылык отчеттун бир нускасын Улуттук банкка сунуштоого тийиш: отчеттук мезгилдин акыркы күнүнүн акырына карата финансылык абал жөнүндө отчет (№1 форма), пайда жана чыгым жөнүндө отчет (№2 форма), акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет (№3 форма), капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө отчет (№4 форма), кард фондунун акча каражаттарын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчет(№ 5 форма), Шариат кеңешинин корутундусу (№6 форма).  

Финансылык отчет, тышкы аудитор БФКМге отчетту сунуштаган учурдан тартып 30 күн ичинде, бирок финансылык жыл аяктаган күндөн тартып 105 күндөн кечиктирбечтен, өзгөртүүлөрдү киргизүүсүз тышкы аудитордун корутундусунун көчүрмөсү менен бирге Улуттук банкка сунушталат. 

26. Тышкы аудитти жүргүзүүдө микрофинансылык уюмдар төмөнкү формалардан турган финансылык отчетту жарыялоого тийиш: 31-декабрынын акырына карата финансылык абал жөнүндө отчет (№1 форма), пайда жана чыгым жөнүндө отчет (№2 форма), акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет (№3 форма), капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө отчет (№4 форма), кард фондунун акча каражаттарын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчет(№ 5 форма), Шариат кеңешинин корутундусу (№6 форма).  

Финансылык отчет аудитордук корутунду менен бирге аудитордук текшерүү аяктагандан кийин жана ал бекитилгенден кийин мамлекеттик жана/же расмий тилдерде отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирилбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.  

Микрофинансылык уюмдар аудитордук корутундусу менен финансылык отчет кеңири жайылтылышын жана пайдалануучуларга жеткиликтүү болушун камсыз кылуу максатында, аны жарыялоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын тандашат. Жарыялануучу маалымат көчүрмөсүн кошо тиркөө менен жарыялангандан кийинки 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка сунушталууга тийиш.  

27. Тышкы аудитти жүргүзүүдө депозиттерди тартуу укугу каралган лицензияга ээ кредиттик союз төмөнкү формалардан турган финансылык отчетту жарыялоого тийиш: 31-декабрынын акырына карата финансылык абал жөнүндө отчет (№1 форма), пайда жана чыгым жөнүндө отчет (№2 форма), акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет (№3 форма), капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө отчет (№4 форма), кард фондунун акча каражаттарын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчет (№5 форма), Шариат кеңешинин корутундусу (№6 форма).  

Финансылык отчет аудитордук корутунду менен бирге аудитордук текшерүү аяктагандан кийин жана ал бекитилгенден кийин мамлекеттик жана/же расмий тилдерде отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирилбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш. Жарыялануучу маалымат жарыялангандан кийинки 3 жумуш күнү ичинде көчүрмөсүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка сунушталууга тийиш. 

28. БФКМ финансылык отчетту сунуштоо тартибин бузган учурда, такталбаган маалымат камтылган отчетту сунуштаса, ошондой эле отчетторду белгиленген талаптарды сактоосуз жарыялаган шартта Улуттук банк колдонуудагы мыйзамдарга ылайык аларга карата тиешелүү таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

  

4-ГЛАВА. ИСЛАМ БАНК ИШИ ЖАНА КАРЖЫЛОО ПРИНЦИПТЕРИНЕ ЫЛАЙЫК ИШ АЛЫП БАРГАН БФКМдин БАШКА ОТЧЕТ ТҮРЛӨРҮН СУНУШТОО ТАРТИБИ ЖАНА МӨӨНӨТТӨРҮ 

 

29. БФКМ чейрек сайын, чейрек аяктаган учурдан тартып 30 күн ичинде маалымат тактасында отчеттук чейректин акыркы күнүнө карата финансылык абал жөнүндө отчетту (№1 форма), ошондой эле пайда жана чыгым жөнүндө отчетту (№2 форма) жайгаштырууга тийиш.  

30. Улуттук банк БФКМдин ишине тиешелүү кандай болбосун маалыматты жыл ичинде талап кылууга укуктуу. 

 

5-ГЛАВА. ФИНАНСЫЛЫК АБАЛ ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ 

 

31. Финансылык абал жөнүндө отчетто активдер жана милдеттенмелер алардын орточо ликвиддүүлүгүн чагылдырган тартипте өзгөчөлүктөрү боюнча топтоштурулат (ликвиддүүлүктүн азайуу деңгээли же ордун жабуу мөөнөттөрү боюнча). 

32. Финансылык абал жөнүндө отчетто БФКМдин активдери, милдеттенмелери, инвестициялык эсептердеги каражаттар жана капитал камтылууга тийиш. 

33. AAOIFI стандарттарына ылайык талап кылынган учурда же уруксат берилген шартта, Финансылык абал жөнүндө отчеттогу актив статьясы милдеттенмелер менен жана тескерисинче, милдеттенмелер актив статьясы менен өз ара чегерилбейт.  

34. Алардын өз ара көз карандылыгы жөнүндө туура түшүнүк берүү үчүн Финансылык абал жөнүндө отчетто Улуттук банк, башка БФКМдер, акча рыногу боюнча өнөктөштөр, кредиторлор, карыз алуучулар менен өз ара иш алып баруу өз-өзүнчө чагылдырылууга тийиш.  

35. «Финансылык абал жөнүндө отчеттун» аталышын «20____-жылдын «__»________ карата (кошо алганда) бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал жөнүндө отчет» деген аталышта берүү зарыл. Мында, айдын акыркы күнү, чейрек, жыл чагылдырылат.  

36. Финансылык абал жөнүндө отчетто активдер, милдеттенмелер, инвестициялык эсептер жана капитал боюнча аралык жыйынтык сунушталууга тийиш. 

37. Инвестициялык эсептер жана алардын эквиваленттери боюнча натыйжалар Фнансылык абал жөнүндө отчетто БФКМдин милдеттенмелери жана капитал ортосундагы өзүнчө статья катары көрсөтүлүүгө тийиш.  

  

6-ГЛАВА. ПАЙДА ЖАНА ЧЫГЫМ ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ 

  

38.  БФКМдин ишкердигинин жүрүшүндө келип чыккан кирешелер жана чыгашалар кирешелер жөнүндө отчетто өзгөчөлүктөрү боюнча топтоштурулуп, кирешелер жана чыгашалардын негизги түрлөрүн чагылдыруусу зарыл.  

39. Төмөнкү жагдайларды эске албаганда, кирешелер жана чыгашалар статьялары өз ара чегерилбейт: 

1) AAOIFI стандарттарына ылайык уруксат берилген учурда;  

2) же ушундай же ушул сыяктуу жагдайлардын натыйжасында келип чыккан пайда, чыгым жана чыгышалар анчалык олуттуу эмес болсо, мындай суммалар Пайда жана чыгым жөнүндө отчетто бириктирилип берилүүгө тийиш. 

40. БФКМ Пайда жана чыгым жөнүндө отчетто же финансылык отчетко карата түшүндүрмө катта Компаниянын кирешелерине жана чыгашаларына негизденген  

 

классификацияны пайдалануу менен кирешелерге жана чыгашаларга талдап-иликтөөлөрдү чагылдырууга тийиш. 

41. БФКМ Пайда жана чыгым жөнүндө отчетто же финансылык отчетко карата түшүндүрмө катта финансылык отчет даярдалган мезгил аралыгы ичинде жарыяланган же сунушталган акцияларга дивиденддер суммасын көрсөтүүгө тийиш.  

42. «Пайда жана чыгым жөнүндө отчет» деп аталган форманын аталышын «20____-жылдын «__»________ каратаПайда жана чыгым жөнүндө отчет» деген аталышта берүү зарыл. Мында, айдын акыркы күнү, чейреги, жылы чагылдырылат. 

43. Пайда жана чыгым жөнүндө отчетто капиталга кирешени, сарптоолорду, БФКМ жана инвестициялык эсеп ээлери тарабынан алынган пайда жана чыгым жөнүндө маалымат өз-өзүнчө көрсөтүлүүгө тийиш: 

1) сатып өткөрүүдөн алынган киреше жана инвестициядан (каржылоодон) пайда; 

2) инвестициялоодон (каржылоодон) сарптоолор жана жоготуулар; 

3) инвестициялоодон (каржылоодон) таза пайда (жоготуу); 

4) мудариб сыяктуу, БФКМдин пайдасындагы инвестициялоодон (каржылоодон) түшкөн пайдадагы (чыгымдагы) инвестициялык эсеп ээлеринин үлүшү

5) инвестициялоодон (каржылоодон) түшкөн пайдадагы (жоготуудагы) БФКМдин үлүшү

6) мудариб сыяктуу чектелбеген инвестициялардан кирешелердеги БФКМдин үлүшү

7) мудариб сыяктуу чектелген инвестциялардан кирешелердеги БФКМдин үлүшү

8) эгерде болгон болсо, инвестициялык агент катары БФКМ үчүн белгиленген төлөм өлчөмү

9) эгерде болгон болсо, Шариат стандарттарына ылайык келбеген операциялардын жыйынтыгында алынган киреше (чыгаша); 

10) сатып өткөрүүдөн алынган башка кирешелер, сарптоолор, пайда жана чыгым; 

11) жалпы жана административдик сарптоолор; 

12) салык төлөөгө чейин таза пайда (жоготуу);  

13) салыктар (өз-өзүнчө сунушталууга тийиш); 

14) таза пайда (жоготуу).  

  

7-ГЛАВА. АКЧА КАРАЖАТТАРЫНЫН ЖЫЛЫШЫ ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ 

 

 44. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто БФКМ аларды операциялык, инвестициялык же финансылык ишкердик боюнча классификациялоо менен отчеттук мезгил ичинде акча каражаттарынын жана акча эквиваленттеринин жылышы жөнүндө маалыматты сунуштоого тийиш.  

45. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто кассалык маанидеги көбөйүү жана белгилүү бир мезгилдин баш жагына жана акырына карата акчалай наркка теңдештирилген каражаттар көрсөтүлүүгө тийиш.  

46. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто транзакциялар жана төлөөнү талап кылбаган же акча каражаттарынын же нак акчага теңештирилген каражаттардын түшүүсүн шарттабаган суммаларды чегерүүлөр чагылдырылууга тийиш (мисалы, акционерлер ортосунда бөлүштүрүү үчүн каралган дивиденддерди же активдерди БФКМдин акциясындагы үлүш ордуна сатып алуу). 

47. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет менен бирге бул отчетту даярдоо үчүн негиз катары пайдаланылган акча каражаттарынын компоненттерине жана акча каражаттарына теңештирилген каражаттарга тиешелүү БФКМдин саясаты сунушталууга тийиш. 

  

8-ГЛАВА. 

КАПИТАЛ ТҮЗҮМҮНДӨГҮ ӨЗГӨРҮҮЛӨР ТУУРАЛУУ ОТЧЕТ 

  

48. БФКМ төмөнкүлөр чагылдырылган капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө отчетту сунуштоого тийиш: 

1) төлөнгөн капитал, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык түзүлгөн камдар жана БФКМдин өз каалоосу боюнча түзүлгөн камдар өзүнчө жана мүмкүн болгон шартта акча түрүндөгү активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун натыйжасында келип чыккан пайда суммасын өзүнчө сунуштоо менен отчеттук мезгилдин баш жагындагы күнгө карата бөлүштүрүлбөгөн пайда; 

2) отчеттук мезгил ичинде БФКМ тарабынан жүргүзүлгөн капитал түрүндө операциялар жана бөлүштүрүүлөр; 

3) отчеттук мезгил ичинде таза пайда (чыгым); 

4) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык отчеттук мезгил ичинде БФКМ тарабынан түзүлгөн камдардын көбөйүүсү (кыскаруусу). 

49. БФКМдин бөлүштүрүлбөгөн пайда жөнүндө маалыматында төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

1) аны пайдалануу мүмкүн болгон учурларда, акча түрүндөгү активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун натыйжасында келип чыккан суммаларды өз-өзүнчө көрсөтүү менен бир мезгилдин баш жагында катталган бөлүштүрүлбөгөн пайда; 

2) отчеттук мезгил ичинде таза пайда (чыгым); 

3) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык отчеттук мезгил ичинде БФКМ тарабынан түзүлгөн камдарга чегерүүлөр; 

4) отчеттук мезгил ичинде акционерлерге/катышуучуларга тиешелүү суммалар; 

5) аны пайдалануу мүмкүн болгон учурларда, акча түрүндөгү активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун натыйжасында келип чыккан суммаларды өз-өзүнчө көрсөтүү менен отчеттук мезгилдин акырында катталган бөлүштүрүлбөгөн пайда. 

  

9-ГЛАВА. ЭСЕПТИК САЯСАТ ЖАНА ТҮШҮНДҮРМӨ КАТ  

(ТОЛУК МААЛЫМАТ БЕРҮҮ

  

50. БФКМдин финансылык отчетуна карата түшүндүрмө каттагы (чечмелөөдөгү) эсептик саясатта төмөнкүлөр каралууга тийиш: 

1) эсептик саясат аныктамасы, мында БФКМ финансылык отчетторду даярдоо жана жарыялоо үчүн кабыл алган эсепке алуу принциптери, негиздер, эрежелер жана ыкмалар камтылат; 

2) финансылык отчетторду даярдоодо жана жарыялоодо колдонулган, олуттуу эсептин саясатты так жана кыскача сүрөттөө

3) финансылык отчетко карата эскертүүдө бухгалтердик эсепке алуунун негизги принциптерин сунуштоо ыкмалары; 

4) белгилүү бир транзакцияларды жана окуяларды мурдагы жөнөкөй транзакциялар менен окуяларга салыштырганда айырма келип чыккандыктан, жаңы эсептик саясатты кабыл алуу; 

5) биринчи ирет түптөлгөн же мурда оруна алган, бирок анчалык олуттуу эмес транзакциялар же окуялардан улам жаңы эсептик саясатты кабыл алуу; 

6) өткөн мезгилдерге карата финансылык отчеттун статьяларынын классификациясына салыштырганда, өтүп жаткан мезгилдин финансылык отчетторунун пункттарынын классифиациясына өзгөртүүлөр; 

7) БФКМ тарабынан инвестициялардан (каржылоодон) түшкөн пайданы (чыгымды) инвестицияларга өз акча каражаттары менен катышкан же анда катышпаган мудариб же инвестициялык менеджер катары инвестициялык эсеп ээлери менен БФКМ ортосунда бөлүштүрүү үчүн колдонулган ыкмаларды сунуштоо. 

51. Эсептик саясатта өзгөртүүлөр, анын ичинде күндөлүк же өткөн мезгилдердеги финансылык көрсөткүчтөргө таасирин тийгизбеген же мындай таасирлер келечекте болушу мүмкүн болгон өзгөртүүлөр сунушталууга тийиш. 

52. Эсептик саясатка өзгөртүүлөр киргизилген шартта, жаңы саясат ретроспективдүү колдонулат, б.а. БФКМ мүмкүн болушунча жаңы эсептик ченди акыркы мезгилдер үчүн финансылык отчетту түзүү менен өткөн мезгилдердеги салыштырма маалыматтарга карата колдонууга тийиш. 

53. БФКМдин финансылык отчеттуна карата түшүндүрмө катта жарыяланган финансылык отчетто көрсөтүлбөгөн төмөнкүдөй маалымат чагылдырылууга тийиш: 

1) БФКМдин аталышы;   

2) каттоодон өткөн өлкө;   

3) түзүлгөн күнү жана уюштуруу-укуктук формасы; 

4) мекеме иш алып барган ар бир өлкөдөгү башкы офисинин жана анын туунду компанияларынын жайгашкан дареги; 

5) БФКМдин ишкердик түрү жана уставда каралган негизги банктык кызмат көрсөтүүлөрү

6) алардын финансылык отчету БФКМдин отчету менен бириктирилбеген БФКМдин туунду компанияларынын аталышы, алар каттоодон өткөн өлкө, БФКМдин ар бир туунду уюмда катышуу үлүшү, ишкердик түрү жана алардын финансылык отчетторун жыйынтыкталган финансылык отчетордон алып салуу себептери; 

7) БФКМдин башкаруу компаниясынын аталышы, ошондой эле эгерде болгон болсо, анын филиалдарынын аталышы; 

8) Шариат кеңешинин БФКМдин ишинде ролу жана анын ыйгарым укуктары; 

9) БФКМ каттоодон өткөн өлкөнүн же анын филиалы иш алып барган башка өлкөлөрдүн салык алуу эрежелери. Эгерде БФКМ каттоодон өткөн өлкөдө жана башка өлкөлөрдө жеңилдиктерге ээ болсо, жеңилдик берилген мезгил аралыгын жана ошол жеңилдиктер колдонулуучу калган мөөнөт көрсөтүлүүгө тийиш.  

54. Финансылык отчетко карата түшүндүрмө кат (чечмелөө) системалаштырылган түрдө сунушталууга тийиш, Пайда жана чыгым жөнүндө отчеттун, Бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал тууралуу отчеттун жана Акча каражаттарынын жылышы тууралуу отчеттун ар бир статьясы боюнча ага тиешелүү кайсы болбосун маалымат боюнча шилтемелер келтирилүүгө тийиш. 

55. Өткөн мезгилдер үчүн финансылык отчеттордо каталарга жол берилген болсо, алар бүтүндөй өткөн мезгилдер үчүн жаңы финансылык отчетту түзүү аркылуу оңдолууга тийиш. 

Биринчи мезгилдин башталышында бөлүштүрүлбөгөн пайда, сунушталбаган, бирок каталарга жол берилген мезгилдерге да каталарды оңдоонун суммардык таасирин чагылдыруу үчүн корректировкаланууга тийиш. 

56. Кошумча маалыматты чечмелөө диаграммалардын, аналитикалык таблицалардын, графиктердин жана мурдагы жана отчеттук мезгилдер үчүн маалыматтардын көчүрмөлөрүнүн жардамы менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

57. БФКМдин финансылык отчетуна карата эскертүүлөрдө төмөнкүдөй маалымат чагылдырылууга тийиш: 

1) Кыргыз Республикасындагы «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө», «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамдарында аныкталган БФКМдин кызмат адамдары тууралуу;  

2) БФКМдин кызмат адамдарынын туугандары жөнүндө;   

 

 

3) БФКМге тике же кыйыр түрдө ээлик кылган же ишин тескеген кайсы болбосун жеке адам же юридикалык жак;  

4) БФКМдин туунду жана/же караштуу компаниялары жана башка филиалдары тууралуу;  

5) AAOIFI стандарттарына ылайык отчеттук мезгил ичинде түзүлгөн, эгер мындай болгон болсо, зекет, кард фондун түзүү жана колдонуу булактары жөнүндө.Зекетти эсептөө методу AAOIFI №9 бухгалтердик эсепке алуу стандартына ылайык чыгарылат. 

 

10-ГЛАВА. «ИСЛАМ ТЕРЕЗЕСИНЕ» ЭЭ МИКРОФИНАНСЫЛЫК  

УЮМДАРДЫН ОТЧЕТУ 

 

58. «Ислам терезесине» ээ микрофинансылык уюмдар ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча кошумча (өзүнчө) финансылык отчетту түзүүгө жана аны компаниянын консолидацияланган финансылык отчетуна тиркөө аркылуу сунуштоого тийиш. 

59. Анын Директорлор кеңеши жана Шариат кеңеши тарабынан бекитилген «ислам терезесине» ээ микрофинансылык уюмдардын эсептик саясатындамикрофинансылык уюмдардын «ислам терезеси» финансылык отчетун түзүү тартибин камтууга тийиш. 

60. «Ислам терезесине» ээ микрофинансылык уюмдардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялары боюнча сунушталган кошумча (өзүнчө) финансылык отчет төмөнкүдөй отчеттордон турат: 

- финансылык абал жөнүндө отчет (ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык №1 форма); 

- пайда жана чыгым жөнүндө отчет (ушул жобого карата 2-тиркемеге ылайык №2 форма); 

- эсептик саясат жана финансылык отчетко карата түшүндүрмө кат (чечмелөөлөр); 

- кард фондунун акча каражаттарын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчет(ушул жобого карата 5-тиркемеге ылайык № 5 форма); 

- Шариат кеңешинин корутундусу (ушул жобого карата 6-тиркемеге ылайык №6 форма). 

Финансылык отчетко карата түшүндүрмө кат(чечмелөөлөр) кыскача жана түшүнүктүү болууга, ошондой эле зарыл учурда, финансылык отчеттун тиешелүү статьяларына карата шилтемелер келтирилүүгө тийиш. Финансылык отчетко тиркелген түшүндүрмө кат(чечмелөөлөр) анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

Шариат кеңешинин корутундусунда отчеттук мезгил ичинде операциялар Шариат принциптерине ылайык ишке ашырылгандыгын тастыктаган маалымат камтылууга тийиш. 

 

 

 

 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган, ошондой эле «ислам терезесине» ээ банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалымат сунуштоосуна карата талаптар жөнүндө»жобого карата 1-тиркеме 

 

№1  форма 

 

20__-жылдын _________ карата Финансылык абал жөнүндө отчет   __________________________________________________________________ 

(банктыкэмес финансы-кредит мекемесинин аталышы жана жайгашкан орду

 

 

 

 

миң сом 

  

Статьянын аталышы 

Бардыгы болуп 

Чет өлкө валютасы 

А. Активдер 

1. 

Акча каражаттары 

  

  

  

анын ичинде чет өлкө валютасында 

  

  

2. 

Улуттук банктагы эсеп 

  

  

3. 

Башка банктардагы жана финансы мекемелериндеги эсептешүү эсептери 

  

  

4. 

Башка банктардагы жана финансы мекемелериндеги эсептер: 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

в) кард хасан келишими боюнча 

  

  

5. 

Баалуу кагаздар 

  

  

6. 

банктарга жана финансы-кредит мекемелерге сунушталган каржылоо: 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

в) шарика/мушарака келишими боюнча 

  

  

  

г) мурабаха келишими боюнча 

  

  

  

д) иджара/иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча 

  

  

  

е) салам келишими боюнча 

  

  

  

ж) кард хасан келишими боюнча 

  

  

7. 

Башка кардарларга сунушталган каржылоо 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

в) шарика/мушарака келишими боюнча 

  

  

  

г) мурабаха келишими боюнча 

  

  

  

д) иджара/иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча 

  

  

  

е) салам келишими боюнча 

  

  

  

ж) кард хасан келишими боюнча 

  

  

8. 

МИНУС: Атайын РППУ 

  

  

9. 

Таза каржылоо (6-статья+7-8-статьялар) 

  

  

10. 

Андан ары кардарларга берүү үчүн активдер/инвентарь: 

  

  

  

а) кыймылсыз мүлк 

  

  

  

б) кыймылдуу мүлк 

  

  

11. 

Негизги каражаттар, анын ичинде: 

  

  

  

a) жер жана имарат 

  

  

  

б) башка негизги каражаттар 

  

  

12. 

Башка менчик 

  

  

  

a) алынган каржылоонун ордун жабуу үчүн кардардан кабыл алынган кыймылсыз мүлк 

  

  

  

б) сунушталган каржылоонун ордун жабуу үчүн кардардан кабыл алынган башка менчик 

  

  

13. 

Консолидацияланбаган компанияга капиталдык салымдар 

  

  

  

а) банктар жана финансы-кредитмекемелери 

  

  

  

б) башка финансы мекемелери 

  

  

  

в) финансылык эмес мекемелер 

  

  

14. 

Башка активдер 

  

  

15. 

БАРДЫГЫ БОЛУП: АКТИВДЕР 

  

  

Б. Милдеттер 

16. 

Юридикалык жактардын мөөнөттүү эсептери 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

17. 

Жеке адамдардын мөөнөттүү эсептери 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

18. 

Алынган каржылоо: 

  

  

  

а) Кыргыз Республикасынын банктарынан 

  

  

  

б) Кыргыз Республикасынын башка ФКМдеринен 

  

  

  

в) эл аралык финансы уюмдарынан жана донорлордон 

  

  

  

г) эл аралык ФКМдерден 

  

  

  

д) мамлекеттик бийлик органдарынан 

  

  

19. 

МФКнын юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алган каражаттары 

  

  

  

а) Уюштуруучулардан (акционерлерден) - жеке адамдардан МФКга сунушталган каржылоо 

  

  

  

б) Уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан МФКга сунушталган каржылоо 

  

  

20. 

Шарттуу гранттар 

  

  

21. 

анын ичинде чет өлкө валютасында 

  

  

22. 

Башка милдеттенмелер 

  

  

23. 

БАРДЫГЫ БОЛУП: МИЛДЕТТЕНМЕЛЕР 

  

  

В. Капитал 

24. 

Акционердик капитал: 

  

  

  

a) жөнөкөй акциялар (толугу менен төлөнгөн уставдык капитал) 

  

  

  

б) артыкчылык берилген акциялар 

  

  

  

в) номиналдан үстөк салынган капитал 

  

  

  

г) жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капитал 

  

  

  

д) бөлүштүрүлбөгөн пайда (чыгым): 

  

  

  

д1) өткөн мезгилдердеги пайда (чыгым)  

  

  

  

д2) өтүп жаткан жылы алынган пайда (чыгым) 

  

  

  

е) келечекте керектөөлөргө кам 

  

  

25. 

Жалпы камдар, анын ичинде:  

  

  

  

а) негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча кам 

  

  

  

б) баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча кам 

  

  

  

в) каржылоо боюнча жалпы РППУ  

  

  

  

г)башка активдер боюнча жалпы РППУ  

  

  

  

д) башка жалпы камдар 

  

  

26. 

Пайданы текшилөөгө кам 

  

  

27. 

Инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга кам 

  

  

28. 

Консолидацияланбаган компаниялардын капиталдык салымдары 

  

  

29. 

БАРДЫГЫ БОЛУП: КАПИТАЛ 

  

  

30. 

БАРДЫГЫ БОЛУП КАПИТАЛ жана МИЛДЕТТЕНМЕЛЕР 

  

  

 

Башкарманын Төрагасы (жетекчиси) 

________________________________________ 

 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

Башкы бухгалтер 

________________________________________ 

 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган, ошондой эле «ислам терезесине» ээ банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалымат сунуштоосуна карата талаптар» жөнүндө жобого карата 2-тиркеме 

№ 2 форма  

20__ -жылдын ___________ карата Пайда жана чыгым жөнүндө отчет 

________________________________________________________________ 

 

(банктык эмес финансы-кредит мекемесинин аталышы жана жайгашкан орду) 

 

миң сом 

№ Статьянын аталышы 

20__-жылдын отчеттук мезгил 

20__-жылдын өткөн мезгили 

A. Операциялар боюнча алынган кирешелер 

 

 

1. 

Коммерциялык банктардын эсептеринде жайгаштырылган акча каражаттар боюнча кирешелер 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

в) кард хасан келишими боюнча 

  

  

2. 

Баалуу кагаздар боюнча кирешелер 

  

  

3. 

Финансыкредит мекемелерге сунушталган каржылоодон алынган кирешелер, анын ичинде: 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

в) шарика/мушарака келишими боюнча 

  

  

  

г)мурабаха келишими боюнча 

  

  

  

д) иджара/иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча 

  

  

  

е) салам келишими боюнча 

  

  

4. 

Башка кардарларга сунушталган каржылоодон алынган кирешелер, анын ичинде: 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

в) шарика/мушарака келишими боюнча 

  

  

  

г) мурабаха келишими боюнча 

  

  

  

д) иджара/иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча 

  

  

  

е) салам келишими боюнча 

  

  

5. 

Каржылоо операцияларынан алынган башка кирешелер 

  

  

6. 

Бардыгы болуп 

  

  

Б. Операциялар боюнча чыгашалар 

7. 

Юридикалык жактардын мөөнөттүү эсептери боюнча чыгашалар 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

8. 

Жеке адамдардын мөөнөттүү эсептери боюнча чыгашалар 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

9. 

Банктардан алынган каржылоо боюнча чыгашалар 

  

  

10. 

Башка финансы институттардан алынган каржылоо боюнчачыгашалар 

  

  

11. 

Эл аралык финансы институттарынан (башка каржылоо булактарынан) алынган каржылоо боюнча чыгашалар 

  

  

12. 

Башка чыгашалар 

  

  

13. 

Бардыгы болуп 

  

  

14. 

Операциялардан таза киреше 

  

  

15. 

РППУ 

  

  

16. 

РППУга чегерүүлөрдөн кийин таза киреше 

  

  

В. Операциялар боюнча башка кирешелер 

17. 

Кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык төлөмдөр жана төлөөлөр 

  

  

18. 

Курстук айырмадан киреше/чыгаша 

  

  

19. 

Агенттик банкинг боюнча алынган кирешелер 

  

  

20. 

Капиталга жана акцияларга, анын ичинде туунду жана ассоциацияланган компанияларга салымдардан киреше/дивиденддер 

  

  

21. 

Башка кирешелер 

  

  

22. 

Бардыгы болуп 

  

  

Г. Операциялар боюнча башка чыгашалар 

  

  

23. 

Адистердинкызмат көрсөтүүлөрүнө жана банктык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөр боюнча чыгашалар 

  

  

24. 

Башка чыгашалар 

  

  

25. 

Бардыгы болуп 

  

  

Д. Операциялык жана административдик чыгашалар жана зекетке жана кайрымдуулукка чыгашалар 

26. 

Персоналдын эмгек акысына төлөөлөр жана башка чыгашалар 

  

  

  

a) эмгек акы жана сый акы 

  

  

  

б) башка төлөөлөр жана субсидиялар 

  

  

  

в) Соцфондго төлөөлөр 

  

  

27. 

Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө гонорарлар 

  

  

28. 

Менчикке салыкты кошо алганда, негизги каражатка башка чыгашалар 

  

  

  

a) ижара төлөмү 

  

  

  

б) коммуналдык кызматтар 

  

  

  

в) амортизацияга чыгашалар 

  

  

  

г) башка чыгашалар 

  

  

  

д) менчикке салык 

  

  

29. 

Салыктар 

  

  

30. 

Такафул 

  

  

31. 

Башка операциялык жана административдик чыгашалар 

  

  

32. 

Бардыгы болуп: операциялык чыгашалар 

  

  

33. 

Бардыгы болуп: операциялык киреше (чыгым) 

  

  

34. 

Орун алышы ыктымал болгон жоготуулардын жана чыгым тартуулардын (каржылоо операцияларынан эмес) ордун жабууга камдар  

  

  

35. 

Таза операциялык киреше (чыгым) 

  

  

36. 

Зекетке жана кайрымдуулукка чыгаша 

  

  

37. 

Пайда салыгы 

  

  

38. 

Таза пайда (чыгым) 

  

  

 

Башкарманын Төрагасы (жетекчиси) 

________________________________________ 

 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

Башкы бухгалтер 

________________________________________ 

 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган, ошондой эле «ислам терезесине» ээ банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалымат сунуштоосуна карата талаптар» жөнүндө жобого карата 3-тиркеме 

 

 

№ 3 форма  

 

20__ -жылдын ___________ карата Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет 

 

__________________________________________________________________ 

(банктык эмес финансы-кредит мекемесинин аталышы жана жайгашкан орду) 

 

 

 

 

миң сом 

№ 

Статьянын аталышы 

20___-жылдын отчеттук мезгили 

20___-жылдын өткөн мезгили 

  

Операциялык ишкердиктен түшкөн акча каражаттардын жылышы: 

  

  

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялардан алынган, кошумчаланган баа 

  

  

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык тартылган, каражаттар боюнча төлөнгөн пайда үлүшү 

  

  

Кызмат көрсөтүүдөн түшкөн киреше жана алынган комиссиялык төлөмдөр 

  

  

Чет өлкө валютасы менен операциялардан түшкөн таза төлөөлөр 

  

  

Чет өлкө валютасы менен операциялардан таза пайда 

  

  

Ал боюнча өзгөрүүлөр пайда же чыгым курамында чагылдырылган, адилет нарк боюнча баа берилген, финансылык инструменттер менен операциялардан алынган таза киреше  

  

  

Кызмат көрсөтүүлөргө чыгаша жана төлөнгөн комиссиялык төлөмдөр 

  

  

Башка кирешелер 

  

  

Кызматкерлерге эмгек акы жана сый акы 

  

  

10 

Административдик чыгашалар  

  

  

  

Операциялык активдердин жана милдеттенмелердин өзгөрүүсү  

  

  

11 

Кардарларга ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунушталган каражаттар 

  

  

12 

Дебитордук карыз  

  

  

13 

Башка активдер 

  

  

14 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык тартылган каражаттар 

  

  

15 

Башка милдеттенмелер  

  

  

16 

Операциялык ишкердиктен тартып салык алууга чейинки акча каражаттарынын таза агылып кирүүсү  

  

  

17 

Төлөнгөн, сатуудан салык 

  

  

18 

Операциялык ишкердиктен акча каражаттарынын таза агылып кирүүсү  

  

  

  

Инвестициялык ишкердиктен акча каражаттарынын жылышы: 

  

  

19 

Негизги каражаттарды жана материалдык эмес активдерди сатып алуу 

  

  

20 

Негизги каражаттарды жана материалдык эмес активдерди сатуу 

  

  

21 

Инвестициялык ишкердиктен акча каражаттарынын таза агылып кирүүсү  

  

  

  

Финансылык ишкердиктен акча каражаттарынын жылышы: 

  

  

22 

Төлөнгөн дивиденддер 

  

  

23 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча тартылган каражаттардын түшүүсү  

  

  

24 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча тартылган каражаттардын ордун жабуу  

  

  

25 

Финансылык ишкердиктен акча каражаттарынын таза агылып кириши/агылып чыгышы 

  

  

26 

Алмашуу курсунун өзгөрүшүнүн акча каражаттарына жана алардын эквиваленттерине таасири 

  

  

27 

Акча каражаттарынын жана алардын эквиваленттеринин таза көбөйүшү (азайышы) 

  

  

28 

Жыл башына карата акча каражаттары жана алардын эквиваленттери 

  

  

29 

Жыл акырына карата акча каражаттары жана алардын эквиваленттери 

  

  

 

Башкарманын Төрагасы (жетекчиси) 

________________________________________ 

 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

Башкы бухгалтер 

________________________________________ 

 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган, ошондой эле «исламтерезесине» ээ банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалымат сунуштоосуна карата талаптар» жөнүндө жобого карата 4-тиркеме 

№ 4 форма  

20__ -жылдын ___________ карата Капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө отчет 

__________________________________________________________________ 

(банктык эмес финансы-кредит мекемесинин аталышы жана жайгашкан орду) 

 

 

миң сом 

№ 

Статьянын аталышы 

20___-жылдын отчеттук мезгили 

20___-жылдын өткөн мезгили 

  

Уставдык капитал 

  

  

Отчеттук мезгилдин баш жагына карата калдык 

  

  

Отчеттук мезгил ичинде көбөйүү 

  

  

Отчеттук мезгил ичинде азайуу 

  

  

Отчеттук мезгилдин акырына карата калдык 

  

  

Номиналдын үстөк салынган капитал 

  

  

Отчеттук мезгилдин баш жагына карата калдык 

  

  

Акцияларды чыгаруудан үстөк капитал 

  

  

Башка өзгөрүүлөр 

  

  

Отчеттук мезгилдин акырына карата калдык 

  

  

  

Бөлүштүрүлбөгөн пайда 

  

  

10 

Отчеттук мезгилдин баш жагына карата калдык 

  

  

11 

Акыркы отчеттук мезгилде алынган пайда (чыгым) 

  

  

12 

Акыркы отчеттук жылдын жыйынтыгы боюнча жарыяланган дивиденддер акча каражаттары түрүндө  

  

  

13 

Башка өзгөрүүлөр 

  

  

14 

Отчеттук мезгилдин акырына карата калдык 

  

  

15 

Келечекте керектөө үчүн кам 

  

  

16 

Отчеттук мезгилдин баш жагына карата калдык 

  

  

17 

Келечекте керектөө үчүн камдын башка жылыштары 

  

  

18 

Отчеттук мезгилдин акырына карата калдык 

  

  

  

Активдерди кайра баалоо боюнча кам 

  

  

19 

Отчеттук мезгилдин баш жагына карата калдык 

  

  

20 

Отчеттук мезгил ичинде негизги каражаттарды кайра баалоо жыйынтыктары 

  

  

21 

Негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча камдын башка жылышы 

  

  

22 

Отчеттук мезгилде баалуу кагаздарды кайра баалоо жыйынтыктары 

  

  

23 

Отчеттук мезгилдин акырына карата калдык 

  

  

24 

Бардыгы болуп: капитал 

  

  

Башкарманын Төрагасы (жетекчи) 

________________________________________ 

 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

Башкы бухгалтер 

________________________________________ 

 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган, ошондой эле «ислам терезесине» ээ банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалымат сунуштоосуна карата талаптар» жөнүндө жобого карата 5-тиркеме 

№5 форма 

 

20___-жылдын ____________карата Кард фондунун акча каражаттарын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчет 

 

___________________________________________________________________________ 

(банктык эмес финансы-кредит мекемесинин аталышы жана жайгашкан жери) 

 

 

 

Аталышы 

20___-жылдын отчеттук мезгили 

20___-жылдын өткөн мезгили 

 

Баштапкы сальдо  

 

 

Кард хасан 

 

 

Кардхасансунуштооүчүн жеткиликтүү акча каражаттары  

 

 

 

Кард фондусунун каражат алуу булактары  

 

 

Күндөлүк эсептерден каражаттарды бөлүштүрүү  

 

 

Шариат стандарттарына ылайык келбеген кирешелерди бөлүштүрүү  

 

 

БФКМдин иш чөйрөсүнөн тышкары алынган каражаттар  

 

 

Жыйынтыгында, жыл ичинде каражат булактарынан түптөлгөн сумма  

 

 

 

Кард фондусунун каражаттарын пайдалануу  

 

 

Билим берүү максаттарына кард хасан 

 

 

Чакан бизнес үчүн кард хасан 

 

 

Күндөлүк эсептер боюнча эсептөө  

 

 

10 

Жыйынтыгында, жыл ичинде пайдаланылган каражаттардын суммасы 

 

 

 

Жыл акырына карата сальдо  

 

 

11 

Кард хасан 

 

 

12 

Кардхасан сунуштоо үчүн жеткиликтүү акча каражаттары 

 

 

 

Башкарманын Төрагасы (жетекчиси) 

________________________________________ 

 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

Башкы бухгалтер 

________________________________________ 

 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

 

 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган, ошондой эле «ислам терезесине» ээ банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалымат сунуштоосуна карата талаптар» жөнүндө жобого карата 6-тиркеме    

№ 6 форма  

Шариат кеңешинин корутундусу  

(үлгү

Биз, (аты-жөнү), … (аты-жөнү), …., Шариат кеңешинин мүчөсү/компаниянын келишимине ылайык кызматтарды сунуштоочулардан болуу менен Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн атынан компаниянын ___________ жылы ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялары Шариат принциптерине ылайык ишке ашырылгандыгын тастыктайбыз. 

  

Шариаткеңешинин атынан:  

(аты-жөнү) _________________________  

(аты-жөнү) _________________________  

 …………………………… …………………………………  

 Бишкек ш. 

үнү)