Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2016-жылдын 26-декабрындагы № 50/1 токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Мыйзамынын 19 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Улуттук банктын эсептик чени жылдык 5,00 пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
2. Токтом 2016-жылдын 27-декабрынан тартып күчүнө кирет.
3. Экономика башкармалыгы эсептик чен өлчөмү жөнүндө маалыматтын Улуттук банктын расмий веб-сайтында токтом кабыл алынгандан кийинки жумуш күнү ичинде жарыяланышын камсыз кылсын.
4. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн.
Төрага Т. Абдыгулов