Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/6 

токтому 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын   

2015-жылдын 9-декабрындагы № 76\8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону  бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө 

 

Төлөм системалары башкармалыгы тарабынан сунушталган маалыматты карап көрүп, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону  бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү  киргизилсин: 

- 4-пунктундагы «2017-жылдын 1-январынан» деген сөздөр «2019-жылдын 1-январынан» дегенге алмаштырылсын.  

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү тааныштырсын.  

5. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын, “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАКты жана эл аралык төлөм системаларын тааныштырсын.  

6. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов