Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2016-жылдын 29-июнундагы 27/3 токтому 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы 6/2  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду  киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы 6/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө» жобо

- 2.1-пункту төмөнкү редакциядагы 25-30 абзацтар менен толукталсын:  

«Комитеттин төмөнкү маселелер боюнча чечими милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш

Банктык эмес финансы-кредит мекемелердин (БФКМ) ишин тескөө боюнча убактылуу администрацияны киргизүү тууралуу

БФКМ лицензияларынын аракетин убактылуу токтотуу/чектөө жөнүндө

БФКМ лицензиясын кайтарып алуу тууралуу

банктардын/БФКМдердин кызмат адамдарын макулдашуу жөнүндө

банктардын/БФКМдердин аталышын/аталышын өзгөртүүнү макулдашуу жөнүндө.» 

2. Юридика башкармалыгы

токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын

расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен Инспектрлөө башкармалыгын, Тышкы көзөмөл башкармалыгын тааныштырсын.  

4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т. Дж. Джусупов мырзага жүктөлсүн

 

 

Төрага Т. Абдыгулов