Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын  

2016-жылдын 25-майындагы 20/8 токтому 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 21-декабрындагы  55/3 «Коммерциялык банктарды жана финансы-кредит мекемелерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында кассалык тейлөө жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 21-декабрындагы 55/3 «Коммерциялык банктарды жана финансы-кредит мекемелерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында кассалык тейлөө жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин

2.  Юридика башкармалыгы

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет

4. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, финансы-кредит мекемелерин, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.ДжОрозбаевага ыйгарылсын

 

 

Төрага ТАбдыгулов 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2016-жылдын 25-майындагы 

20/8 токтомуна  

тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 21-декабрындагы 55/3 «Коммерциялык банктарды жана финансы-кредит мекемелерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында кассалык тейлөө жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 21-декабрындагы  55/3 «Коммерциялык банктарды жана финансы-кредит мекемелерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында кассалык тейлөө жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

2.1-пункттун

экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин

«Бланк Улуттук банктын Банктык эсептешүүлөр башкармалыгынын/областтык башкармалыктын бухгалтериясынын кызматкерине тапшырылат, ал документтин туура толтурулгандыгын текшерип, кол коюп, аны аткаруу үчүн кассага жөнөтөт.»; 

төмөнкү мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын

«Инкассаторлор Улуттук банктын жүгүртүү кассасына акчаны тапшыруу учурунда алар опистин негизинде нак түрүндө кассалык кириш ордери боюнча кабыл алынат.»; 

- 2.2-пункттун онунчу абзацындагы экинчи жана үчүнчү сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин

«Банкнотторду жана монеталарды иргөө тартибин бузууга жол берилгендиги аныкталган шартта, нак акча кабыл алынбайт. Жетпей же артып калуулар аныкталган учурда кассир банктык «Башкы китеп» интеграцияланган системасында «нак акча каражаттарын кайра эсептөө боюнча жыйынтык ведомосту» операциясын ишке ашырып, тиешелүү актыны түзүп, аны кагазга чыгарат. Актыга кассирдин өзү жана кардар (эгерде акча инкассаторлор аркылуу тапшырылган болсо, анда инкассатор) кол коюп, актынын бир нускасы кардарга/инкассаторлорго берилет, ал эми экинчиси кассада калат.»; 

- 2.4-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«Жасалма банкноттор жана монеталар табылган шартта, кассирдин иш-аракети «Шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу жөнүндө» нускоого ылайык аныкталат.»; 

- 2.7-пункттагы

«Борбордук сактоо жайында» деген сөздөр «Камдык фондуларды сактоо жайынын Эскилиги жеткен акча менен иш алып баруу тобунда» дегенге алмаштырылсын

«Борбордук жүгүртүү кассасына караштуу Иргөө тобундагы» деген сөздөр «Борбордук жүгүртүү кассасы тобунун Кайра эсептөө кассасында» дегенге алмаштырсын.»; 

- 2.8-пункттагы «Борбордук жүгүртүү кассасы» деген сөздөр «Борбордук жүгүртүү касса тобунун» дегенге алмаштырылсын

- 2.8.1-пунктту төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын

«-кайрадан бирден эсептеп чыгуу;»; 

- 3.1-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«- банктарга (кардарларгакоммерциялык банктардын башка мекемелерине) белгиленген формадагы акча чектери боюнча;»;  

үчүнчү абзацындагы «инкассация башкармалыгы» деген сөздөр «Кыргыз инкассациясы» ЖАКтын (мындан ары «КЫРГЫЗИНКАС» ЖАК) дегенге алмаштырылсын

- 3.2-пункттагы «бухгалтерине» деген сөздөр «Банктык эсептешүүлөр башкармалыгынын кызматкерине» дегенге алмаштырылсын

- 3.3-пункттагы «Улуттук банктын бухгалтери жана контролеру» деген сөздөр «Банктык эсептешүүлөр башкармалыгынын кызматкерлердин» дегенге алмаштырылсын

- 3.4-пункттун биринчи абзацындагы «1, 5 жана 10»деген сандар «1, 3, 5, жана 10» сандарына алмаштырылсын

- 3.5-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин

«Баалуулуктар инкассаторлор тарабынан ташылып келүүдө ишеним катка «КЫРГЫЗИНКАС» ЖАКтын филиалынын директору кол коет жана филиалдын мөөрү басылат.»;  

- 3.7-пункттагы «келип түшкөн телеграммага жүгүртүүгө акча чыгарууга уруксатта көрсөтүлгөн» деген сөздөр «коммерциялык банктардын операциялык кассаларын толуктоо үчүн алынган ведомостко ылайык» дегенге алмаштырылсын

- 4.2.1-пункттагы: 

11-абзацындагы сөздөр«карандаш менен жана»алынып салынсын

төмөнкү мазмундагы 12 жана 13-абзацтар менен толукталсын

«- төрттөн көбүрөөк белгиден турган актай тилкеде ашыкча сыя менен жазуусу жана сүрөттөрү;»; 

«- Банкноттун бүтүндүгүндө бир же андан ашык кемчиликтер болсо, көпчүлүк бөлүгү 200 ммІ түзгөнже андан көбүрөөк чаптагыч менен жабыштырылган болсо;»;  

- 4.3-пунктутөмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын

«Банктар банкноттун бүтүндүгүндө (айрылган жерлери) кемчиликтери бар болсо, 200 ммІ көп эмес бөлүгүн түзгөн учурда, айрылган жерлерин жабыштырып, аларды эскилиги жеткен банкноттор катарына чегерүүгө тийиш.»; 

«Банктар банкнот бетиндеги карандаш менен жазылган жазууларды жана сүрөттөрдү, банкнотанын басылган сүрөттөрүнүн көрүнүүсүн начарланткан булганган жерлерин өчүргүч (ластик) менен өчүрүп, аларды жарактуу банкноттор катарына кошууга тийиш.»; 

- 4.9-пункттагы Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 19-сентябрындагы № 42/9 токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында кассалык операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» нускоо деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгү белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө» жобо» дегенге алмаштырылсын