Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2016-жылдын 27-апрелиндеги № 19/6 токтому 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолорду  

жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган толуктоолор жана өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө»; 

- 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча» нускоонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө»; 

- 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/23 «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө».  

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредит мекемеси «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Баракат» окуу борбору» ЖЧКсын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

4. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, ал эми Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу» токтому аркылуу бекитилген «Активдерди классификациялоо 

жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун 4.3.5-пунктчасы, 2016-жылдын 20-июлунан тартып күчүнө кирет. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т. Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2016-жылдын 27-апрелиндеги № 19/6 токтомуна 

тиркеме 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолор жана өзгөртүүлөр 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун: 

- 2.3-пунктундагы: 

«милдеттүү түрдө жаңы келишим түзүү менен» деген сөздөр «же кредиттик келишимге карата кошумча келишим» деген менен толукталсын; 

төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Карыз алуучунун финансылык абалынын начарлоосу менен байланыштуу болбогон кредит боюнча келишимдин баштапкы шарттарын өзгөртүү, кредитти реструктуризациялоо болуп саналбайт (мисалы, чет өлкө валютасындагы кредит валютасын улуттук валютага которуу).»; 

- 4.1.1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:  

«Банктар, эгерде алар өз ички саясатына ылайык 0 % дан 2 % чейинки өлчөмдө РППУну түзүү менен ушул жобонун 4.2-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келе турган болсо, АКШ долларында жаңыдан берилген кредиттерди «нормалдуу активдер» катары классификациялай алат. Мында, бул талаптар, мурда берилген, алардын ордун жабуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн (Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусу мындан ары Өнүктүрүү фондусу) каражаттарынын эсебинен каржыланган кредиттерди кошо алганда, Өнүктүрүү фондусу менен кызматташуунун алкагында берилген жеңилдетилген кредиттерге да таркатылат жана кредиттик келишимдин баштапкы шарттарынын өзгөртүлүшүн талап кылат. Өнүктүрүү фондусунун каражаттарынын эсебинен банктардын кредиттери реструктуризацияланбайт, ошондой эле «классификацияланган» активдер категориясында камтылган, мурда берилген кредиттер каржыланбайт.»; 

- 4.2.2.-пунктчасынын сегизинчи абзацындагы «кредитти алгачкы реструктуризациялоо» деген сөздөр «кредит боюнча келишимдин баштапкы шарттарын өзгөртүү» дегенге алмаштырылсын; 

- 4.2.3-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.2.3. Банк, эгерде кредит алган карыз алуучунун чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүндө чет өлкө валютасындагы кирешесинин үлүшү (ЕАЭСке1 мүчө өлкөлөрдүн валютасынан тышкары) анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүнүн 75 пайыздан көбүрөөктү түзсө, чет өлкө валютасындагы кредитти (ЕАЭСке мүчө өлкөлөрдүн валютасынан башка) эң аз дегенде «канааттандыраарлык» актив катары классификациялоого тийиш.»; 

- 4.3.2.-пунктчанын: 

тогузунчу абзацындагы «, ушул жобонун 4.2.2-пунктчасында көрсөтүлгөн реструктуризациялоону эске албаганда» деген сөздөр алынып салынсын; 

11-абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- эгерде кредит буга чейин «классификацияланган кредиттер» категориясында камтылбаса, ошол эле учурда, бул өзгөртүү кардардын финансылык абалынын начарлашына байланыштуу болбосо, чет өлкө валютасындагы ошол кредит валютасын улуттук валютага которуу аркылуу, кредит боюнча келишим шарттарын кайталап өзгөртүү.»; 

- 4.3.3-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин

«4.3.3. Эгерде ошол кредитти алган карыз алуучунун чет өлкө валютасындагы (ЕАЭСке мүчө болгон мамлекеттердин валютасынан башка) кирешесинин үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүнүн 50 пайыздан 75 пайызга чейинкини түзсө, банк чет өлкө валютасындагы (ЕАЭСге мүчө болгон мамлекеттердин валютасынан башка) кредитти эң аз дегенде «байкоого алынган» актив катары классификациялоого тийиш.»; 

- 4.3.4-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин

«4.3.4. Эгерде ошол кредитти алган карыз алуучунун чет өлкө валютасындагы (ЕАЭСке мүчө болгон мамлекеттердин валютасынан башка) кирешесинин үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүнүн 50 пайыздан азын түзсө, банк чет өлкө валютасындагы (ЕАЭСге мүчө болгон мамлекеттердин валютасынан башка) кредитти эң аз дегенде «байкоого алынган» актив катары классификациялоого тийиш.»; 

- 4.3.5-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.3.5. Эгерде өздөштүрүлүп жаткан кредитти төлөө графигинде кредиттин негизги суммасын ай сайын эмес жана бирдей болбогон өлчөмдө төлөө каралса жана мында кредитти төлөө мөөнөтү эки жылдан жогоруну түзсө (2016-жылдын 20-январынан тартып), актив сапатынын начарлоосу байкалбаган учурда, мындай кредитти 15 % өлчөмүндө РППУ түзүү менен «байкоого алынган актив» катары классификациялоо зарыл. Мында төмөнкү кредиттер эске алынбайт: 

- кредитти жеңилдетилген шарттарда төлөө каралган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программасы боюнча берилген; 

- банктар аралык жайгаштыруулар, анын ичинде микрофинансылык уюмдарга берилген кредиттер;  

- «классификацияланган» активдер категориясына киргендер; 

- бир карыз алуучуга берилген чогуу алгандагы кредиттердин таза суммардык капиталынын 1 % төмөн суммасында. 

Бул ченем күчүнө киргенден кийин, ал күчүнө киргенге чейин бир кредиттик линиянын алкагында сунушталган бардык транштарды кошо алганда, бардык кредиттер жогоруда белгиленген талапка ылайык классификацияланууга тийиш. 

Ошондой эле, ушул жобонун 4.1.1-пунктчасынын талабына ылайык, Өнүктүрүү фондусунун алкагында берилген жеңилдетилген кредиттер да бул пунктчада эске алынбайт.» 

- 5.1.3-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин

«5.1.3. Эгерде жаңыдан берилген кредитти төлөө графигинде кредиттин негизги суммасын ай сайын эмес жана бирдей болбогон өлчөмдө төлөө каралса, анда мындай кредитти 25 % өлчөмүндө РППУ түзүү менен «субстандарттык» катары классификациялоо зарыл. Мында төмөнкү кредиттер эске алынбайт: 

- кредитти жеңилдетилген шарттарда төлөө каралган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программасы боюнча берилген; 

- банктар аралык жайгаштыруулар, анын ичинде микрофинансылык уюмдарга берилген кредиттер; 

- бир карыз алуучуга берилген чогуу алгандагы кредиттердин таза суммардык капиталынын 1 % төмөн суммасында. 

Ушул ченем күчүнө киргенден кийин, бир кредиттик линиянын алкагында сунушталган бардык транштарды кошо алганда, бардык жаңыдан берилген кредиттер жогоруда белгиленген талапка ылайык классификацияланууга тийиш. 

Ошондой эле, ушул жобонун 4.1.1-пунктчасынын талабына ылайык, Өнүктүрүү фондусунун алкагында берилген жеңилдетилген кредиттер да бул пунктчада эске алынбайт.» 

- 7.1-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«7.1. Кайталап реструктуризацияланган кредиттер 25 % өлчөмүндө РППУ түзүү менен дароо «субстандарттык» катары классификацияланууга тийиш, мында РППУ өлчөмү 15 % түзүшү мүмкүн (кайталап реструктуризациялоо күнүнө карата реструктуризацияланып жаткан кредит боюнча төлөмдөр акыркы алты ай ичинде дайыма төлөнүп турган шартта):»;  

төртүнчү абзац күчүн жоготкон катары таанылсын ; 

- 7.1.-1-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун: 

- 12-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Кардардын финансылык абалынын начарлоосуна байланыштуу болбогон актив боюнча келишимдин баштапкы шарттарын өзгөртүү активди реструктуризациялоо болуп эсептелбейт (мисалы, актив валютасын чет өлкө валютасынан улуттук валютага которуу).»; 

- 22-пунктунун сегизинчи абзацындагы «камтыган активди баштапкы реструктуризациялоо» деген сөздөр «камтыган актив боюнча келишимдин алгачкы шарттарын өзгөртүү» дегенге алмаштырылсын; 

- 22-1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«22-1. Эгерде ошол активди алган кардардын чет өлкө валютасындагы (ЕАЭСге мүчө болгон мамлекеттердин валютасынан башка) кирешесинин (түшкөн акчанын) үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин (түшкөн акчанын) жалпы көлөмүнүн 75 пайыздан көбүрөөгүн түзсө, банк чет өлкө валютасындагы (ЕАЭСге мүчө болгон мамлекеттердин валютасынан башка) активди эң аз дегенде «канааттандыраарлык» актив катары классификациялоого тийиш.»; 

- 23-пунктунун: 

- он экинчи абзацындагы «ушул жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн реструктуризациялоону эске албаганда,» деген сөздөр алынып салынсын; 

- он үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- эгерде актив буга чейин «классификацияланган активдер» категориясына кирбесе жана ошол эле учурда эгерде бул өзгөртүү кардардын финансылык абалынын начарлашынан улам келип чыкпаса, ошол актив валютасын чет өлкө валютасынан улуттук валютага которуу аркылуу актив боюнча келишим шарттарын кайталап өзгөртүү.»; 

- 23-1, 23-2 жана 23-3-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин

«23-1. Эгерде ошол активди алган кардардын чет өлкө валютасындагы (ЕАЭСке мүчө мамлекеттердин валютасынан башка) кирешесинин (түшкөн акчанын) үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин (түшкөн акчанын) жалпы көлөмүнүн 50 пайыздан 75 пайызга чейинкини түзсө, банк чет өлкө валютасындагы (ЕАЭСке мүчө мамлекеттердин валютасынан башка) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди эң аз дегенде «байкоого алынган актив» катары классификациялоого тийиш. 

23-2. Эгерде ошол активди алган кардардын чет өлкө валютасындагы (ЕАЭСке мүчө мамлекеттердин валютасынан башка) кирешесинин (түшкөн акчанын) үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин (түшкөн акчанын) жалпы көлөмүнүн 50 пайыздан азын түзсө, банк өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган чет өлкө валютасындагы (ЕАЭСке мүчө мамлекеттердин валютасынан башка) активди эң аз дегенде «байкоого алынган актив» катары классификациялоого тийиш. 

23-3. Эгерде жаңыдан берилген сыяктуу эле, өздөштүрүлүп жаткан активдин төлөө графигинде негизги сумманы ай сайын эмес жана бирдей болбогон өлчөмдө төлөө каралса жана мында өздөштүрүлүп жаткан активди төлөө мөөнөтү эки жылдан жогоруну түзсө (2016-жылдын 20-январынан тартып), активдер сапаты начарлабаган шартта, мындай активдер боюнча РППУну эки жыл сайын 2 % өлчөмүндө көбөйтүү зарыл. Мында төмөнкү активдер эске алынбайт:  

- активди жеңилдетилген шарттарда төлөө мезгили каралган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программасы боюнча берилген;  

- бир карыз алуучуга берилген чогуу алгандагы активдердин таза суммардык капиталынын 1 % төмөн суммасында; 

- бир карыз алуучуга мудараба, шарика жана истиснаа келишимдери боюнча берилген чогуу алгандагы активдердин таза суммардык капиталынын 10 % төмөн суммасында; 

- банктар аралык жайгаштыруулар, анын ичинде микрофинансылык уюмдарга берилген активдер; 

- «классификацияланган» активдер категориясына киргендер. 

Ушул ченем күчүнө киргенден кийин, бир кредиттик линиянын алкагында сунушталган бардык транштарды кошо алганда, «классификацияланбаган» категориясына кирген бардык жаңыдан берилген активдер жана өздөштүрүлүп жаткан бардык активдер боюнча жогоруда белгиленген талапка ылайык РППУ түзүү зарыл.»; 

- 24-1-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 33-пункттагы: 

биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кайталап реструктуризацияланган активдер 25 % өлчөмүндө РППУ түзүү менен дароо «субстандарттык» катары классификацияланууга тийиш, мында төмөнкүлөр тастыкталганга чейин РППУ өлчөмү 15 % түзүшү мүмкүн (кайталап реструктуризациялоо күнүнө карата реструктуризацияланып жаткан актив боюнча төлөмдөр акыркы алты ай ичинде дайыма төлөнүп турган шартта):»; 

төртүнчү абзац күчүн жоготкон катары таанылсын. 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 « Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттулугунун (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча» нускоонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттулугунун (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча» нускоонун: 

- 2.5-пунктундагы «дивиденддерди төлөөгө» деген сөздөр «, банк бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен өз уставдык капиталын көбөйткөн учурду эске албаганда» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 2.6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.6. Банк бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен өз уставдык капиталын көбөйткөн учурду эске албаганда, ал «капитал буфери» көрсөткүчүнүн белгиленген маанисине жеткен шартта да Улуттук банктын кат жүзүндөгү макулдугун алуусуз дивиденддерди төлөөгө укугу жок.». 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө» нускоонун: 

- 9-2-пунктундагы «дивиденддерди төлөөгө» деген сөздөр «, банк бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен өз уставдык капиталын көбөйткөн учурду эске албаганда,» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 9-3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«9-3. Банк бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен өз уставдык капиталын көбөйткөн учурду эске албаганда, ал «капитал буфери» көрсөткүчүнүн белгиленген маанисине жеткен шартта да Улуттук банктын кат жүзүндөгү макулдугун алуусуз дивиденддерди төлөөгө укугу жок.». 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/23 «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

- 2-пунктун экинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын.