Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 30-мартындагы №15\6 токтому 

 

 

 

«Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» 

жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кароого сунушталган «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- 2015-жылдын 12-майындагы № 27/8 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2015-жылдын 2-ноябрындагы № 65/2 «Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 12-майындагы № 27/8 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө». 

3. Төлөм системасынын банк электрондук акча эмитенти менен “Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык келишим түзбөгөн операторлору электрондук акчага байланыштуу ишин 2016-жылдын 1-июнунан тартып токтотушсун.  

4. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

5. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

6. Документ менен иш алып баруу башкармалыгы  ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

7. Төлөм системалары башкармалыгы  ушул токтом менен иштеп жаткан коммерциялык банктарды, төлөм системасынын операторлорун жана эл аралык электрондук акча системасын тааныштырсын. 

8. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төрага Т.Абдыгулов 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын   

2016-жылдын 30-мартындагы  

№ 15/6 токтомуна карата тиркеме 

 

 

«Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобо 

 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Бул жобо, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө», «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. 

2. Жободо коммерциялык банктар (мындан ары банк) тарабынан электрондук акчаны чыгаруу, аларды жайылтуу жана нак акчага айландыруу, Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо тартиби, ошондой эле эл аралык электрондук акча системасына карата талаптар аныкталган. 

3. Бул жободо банктарга, операторлорго, агенттерге, субагенттерге, ошондой эле эл аралык электрондук акча системаларына, алардын агенттерине жана субагенттерине карата талаптар аныкталган. 

4. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык банктарга электрондук акчаны чыгарууга лицензия берүү укугуна ээ жалгыз лицензиар болуп саналат.  

5. Банктар, операторлор, агенттер, субагенттер, эл аралык электрондук акча системалары, алардын агенттери жана субагенттери Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча талаптарды так сактоого жана аткарууга тийиш. 

 

2-глава. Терминдер жана аныктамалар 

 

6. Ушул жобонун максатында төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулган: 

Электрондук акча акцептанты бул, агент же электрондук акча чыгарган эмитент-коммерциялык банк менен түзүлгөн келишимге ылайык, электрондук акча менен операциялар ишке ашырылгандыгын тастыктаган документтерди тариздөө менен товарлар же кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн электрондук акчаны кабыл алган юридикалык жак же жеке ишкер.  

Электрондук акча агенти (дистрибьютор) бул, юридикалык жак же жеке ишкер, резидент, ал электрондук акча чыгарган банк менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде, электрондук акчаны нак же нак эмес акча каражаттарына алмаштырууну (ордун жабууну), ушул жобонун шарттарына ылайык электрондук акчаны жайылтууну ишке ашырат.  

Эл аралык электрондук акча системасынын агенти бул, өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык жүзөгө ашырган жана эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти менен келишимдик мамилеге ээ банк-резидент.  

Аутентификация бул, идентификатордун (ПИН-код, логин ж.б.) дал келүүсүн текшерүү аркылуу ошол адамдын аныктыгын такташтыруу процесси.  

Эсептешүүлөрдө электрондук акчаны пайдалануу - программалык-техникалык каражаттарды пайдалануу менен сунушталган товарлар жана/же кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда ээлик кылуучу акцептантка электрондук акчаны өткөрүп берүүсү. Акча каражаттарынын жылышы улуттук валютада жана нак акчаны пайдалануусуз, электрондук акча ээсинин эсебинен акцептанттын эсебине чегерүү аркылуу ишке ашырылган шартта, электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүү нак эмес болуп саналат.  

Электрондук капчыктын идентификациялык номери системада алгач каттоодон өтүү учурунда ыйгарылган кайталангыс (уникалдуу) электрондук капчык номери. Электрондук капчыктын идентификациялык номери боюнча электрондук акча ээси өз капчыгындагы акча каражаттарынын жылышы жана калдыктары жөнүндө маалыматты алууга, ошондой эле зарыл учурларда капчыкты блокировкалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. 

Идентификацияланган электрондук капчык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялоо жана верификациялоо процессинен өткөн электрондук капчык ээси.  

Эл аралык электрондук акча Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары резидент эместер тарабынан чыгарылган (эмитирленген) электрондук акча.  

Нак акча каражаттары банкнот жана монета түрүндөгү чет өлкө валютасы жана улуттук валюта акча белгилери. 

Электрондук акча менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү системасынын оператору (мындан ары - оператор) бул, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып барган төлөм системасынын оператору, резидент, ал электрондук акча менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн атайы программалык камсыздоону, аппараттык жана түйүндүк жабдууларды орнотууну жана/же техникалык жактан колдоого алууну камсыз кылат, ошондой эле банк менен түзүлгөн келишимдин негизинде процессингди жүзөгө ашырат.  

Айландыруу электрондук акча ээсинин банкка, операторго, агентке, субагентке, эл аралык электрондук акча системасынын субагентине сунуштаган электрондук акчаны/эл аралык электрондук акчаны, аларда сакталган электрондук акча/эл аралык электрондук акча калдыгынан ашпаган суммада нак же нак эмес акчага алмаштыруу операциясы. Айландыруу банктын аралыкта орнотулган жабдуулары аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.  

Электрондук акча процессинги эсептешүү системасынын катышуучулары ортосунда түзүлгөн тиешелүү келишимдерге ылайык, өзүндө электрондук акчаларды пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар тууралуу маалыматтарды топтоону, иштеп чыгууну жана аларды катышуучуларга жөнөтүүнү камтыган иш.  

Эсептешүү банкы электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм системасынын катышуучулары ортосунда өз ара эсептешүүнү жүзөгө ашырган банк. 

Электрондук акчаны жайылтуу банктын, агенттин, субагенттин, эл аралык электрондук акча системасынын агентинин (субагентинин) электрондук акчаны/ эл аралык электрондук акчаны андан ары пайдалануусу үчүн ээлик кылуучуларга берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрү

Электрондук акчаларды эсепке алуу боюнча банктык эсеп бул, банк тарабынан ачылган эсеп, ал чыгарылган электрондук акча боюнча акча каражаттар суммасын чегерүү жана электрондук акчанын ордун жабуу үчүн аларды эсептен алып салуу операцияларын ишке ашырууда гана пайдаланылат. Бул эсептеги калдык бардык чыгарылган электрондук акча боюнча милдеттенмелердин жалпы суммасына барабар. Бул эсептен акча каражаттарын эсептеп алып салууга чек коюлат жана алар ар башка электрондук системаларда жайгашкан каражаттарды бир электрондук капчыктан экинчисине которууну кошо алганда, электрондук акчанын ордун жабуу үчүн акцептанттардын дарегине гана жүзөгө ашырылат. 

Электрондук акча системасында каттоодон өтүү банктын, оператордун, эл аралык электрондук акча системасынын жол-жоболоруна ылайык, кардардын өзүнө тиешелүү маалыматтарды киргизүүсү менен милдеттүү аутентификациялоо аркылуу системада каттоодон өтүүсү

Электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүү системасы (электрондук акча системасы) электрондук акчанын жүгүртүлүшүн камсыз кылган чогуу алгандагы банктык жана башка институттар, аппараттык-техникалык каражаттар, эрежелер жана жол-жоболор. 

Субагент/эл аралык электрондук акча субагенти бул, агент/эл аралык электрондук акча агенти менен электрондук акчаны/эл аралык электрондук акчаны жайылтуу жана ордун жабуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга субагенттик келишим түзгөн юридикалык жак же жеке ишкер.  

Пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жабдуу бул, электрондук капчык ээсинин электрондук акчаны пайдалануу менен төлөмдөрдү жүзөгө ашыруусу үчүн электрондук капчыктан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган инструмент (персоналдык, планшеттик компьютер, уюлдук телефон же башка жабдуу). 

Электрондук акча системасынын катышуучулары бул банк, агент, оператор, акцептант, электрондук акча ээси, эсептешүү банкы, субагент/эл аралык электрондук акча субагенти.  

Электрондук акча эмиссиясы (мындан ары чыгаруу) аларга мындан ары да ордун жабуу мүмкүнчүлүгүн сунуштоо менен нак же нак эмес акча каражаттарына алмаштыруу аркылуу банктын өз электрондук акчаларын жүгүртүүгө чыгаруу иши. 

Электрондук акча программалык-техникалык жабдууда электрондук түрдө сакталган (алдын ала төлөнгөн карттар, виртуалдуу алдын ала төлөнгөн карттар жана электрондук капчык электрондук акча инструменти болуп саналат) жана акцептанттар уюмунун жана электрондук акча эмитентиуюмунун товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм каражаты катары кабыл алынган акча наркы. 

Электрондук капчык анда электрондук акча суммасы жана алардын ээлик кылуучуларга таандык экендиги жөнүндө маалымат камтылган программалык камсыздоо же башка программалык-техникалык жабдуу түрүндөгү электрондук акча сакталуучу жабдуу. 

Эл аралык электрондук акча эмитенти Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эмиссияны ишке ашырган, түзүлгөн өлкөнүн мыйзам талаптарынын алкагында ишкердигин жүргүзгөн юридикалык жак.  

Электрондук акча эмитенти (мындан ары - банк) бул, электрондук акча чыгарууну жүзөгө ашырган, Улуттук банктын электрондук акча чыгарууга лицензиясына ээ, ошондой эле электрондук акчаны нак акчага айландырууга электрондук акча ээси тарабынан сунушталган акчаны айландыруу боюнча шартсыз жана кайтарымсыз милдеттенмелерди өзүнө алган коммерциялык банк. 

 

3-глава. Электрондук акчаны пайдалануу менен кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо тартиби 

 

7. Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган электрондук акча улуттук валютада туюндурулууга тийиш. Кыргыз Республикасынын аймагында башка валютада туюндурулган электрондук акчаны чыгарууга тыюу салынат. 

8. Электрондук акчаны пайдалануу менен акцептанттардан кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды сатып алуу операцияларын ишке ашырууга, нак акча каражаттарын алууга, электрондук акчаларды бир электрондук капчыктан экинчисине которууга жана банктык эсепке электрондук акчаны которуу аркылуу алардын ордун жабууга болот.  

9. Электрондук капчык нак же нак эмес акча каражаттары, ошондой эле банктык операцияларды жана акча которууларды пайдалануу менен толукталышы мүмкүн.  

10. Банк, агент акцептанттардын товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөрдүн төлөнүшүн камсыз кылуу үчүн электрондук акчаны кабыл алуу келишимин түзөт, электрондук акчаны пайдалануу менен сунушталуучу кызматтардын тизмегин белгилейт. Тараптардын укуктары жана жоопкерчиликтери, ошондой эле алар ортосунда өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби келишимде белгиленет.  

11. Банк, оператор ошол коммерциялык уюм менен келишим түзгөн учурда жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары сакталган шартта, ошол коммерциялык уюмдар үчүн гана идентификацияланган электрондук капчыкка эмгек акы төлөмдөрүн которууга жол берилет. 

12. Ушул жобонун нормаларынын алкагында төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө юридикалык жак менен электрондук акчаны пайдалануу укугу каралган келишим түзүлгөн шартта, электрондук капчык ички буйруктар, буйруулар жана ишеним каттар аркылуу тиешелүү түрдө таризделген уюштуруу документтерине ылайык ошол электрондук капчыкты пайдалануу укугуна ээ ыйгарым укуктуу адам көрсөтүлгөн шартта юридикалык жакка катталат.  

13. Банк, оператор электрондук акча ээсин милдеттүү түрдө аутентификациялоо аркылуу электрондук акча системасында каттоодон өткөрүүдө анын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын көрүүгө тийиш. 

14. Катталган ар бир электрондук капчык электрондук акча системасында идентификациялык номерге ээ болууга тийиш.  

15. Электрондук акча менен ишке ашырылган кайсыл болбосун операция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, анын ичинде төлөнгөндүгү жөнүндө чек же аны тастыктаган кандай болбосун башка документ, смс-билдирүү, электрондук капчык ээсинин электрондук дарегине жөнөтүлгөн, анда бардык реквизиттер камтылган билдирме менен тастыкталууга тийиш.  

 

§ 1. Электрондук акча чыгарган банкка карата коюлуучу негизги талаптар 

 

16. Кыргыз Республикасында электрондук акча эмитентинен болуп, электрондук акча чыгарган жана ордун жабуу үчүн электрондук акча ээси сунуштаган акчанын ордун жабуу боюнча шартсыз жана кайтарымсыз милдеттенмелерди өзүнө алган банк саналат. 

17. Банк электрондук акчаларды чыгарууну жана аларды иштеп чыгууну (процессинг) жүзөгө ашыруу үчүн кошумча лицензияга ээ болууга тийиш. 

18. Банк электрондук акчаны чыгаруу, жайылтуу, иштеп чыгуу жана ордун жабуу ишин жөнгө салган эрежелерди иштеп чыгат. 

19. Банк электрондук акча операторунун милдетин өз алдынча аткарат жана электрондук акча процессингин жүзөгө ашырат же болбосо оператор менен электрондук акчаны пайдалануу аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзүү системасынын жана ушул жобонун талаптарына, эрежелерине ылайык процессинг милдетин аткаруу келишимин түзөт. 

20. Банк менен оператор ортосунда түзүлгөн келишимде төмөнкүдөй милдеттүү шарттар камтылууга тийиш: 

- оператор банкта анын өлчөмү тараптар ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталган камсыздандыруу депозитин ачууга же тараптар ортосунда түзүлгөн келишимде каралган шарттарда мүмкүн болуучу тобокелдиктердин жана жоготуулардын ордун жабууга каралган кам катары банктык гарантия болууга тийиш;  

- тараптардын ишкердигинин токтотулушуна (лицензияны кайтарып алуу, банкроттук ж.б.), системада орун алган штаттан тышкаркы жагдайларга, ошондой эле форс-мажордук жагдайларга байланыштуу милдеттенмелерди аткаруу боюнча шарттары жана жоопкерчиликтери; 

- электрондук акча системасынан пайдалануу милдеттерин жана укуктарын бөлүштүрүү

- системада, ага карата кине коюулар боюнча иш алып баруу шарттары жана тараптардын жоопкерчиликтери.  

21. Банк өз маалымат системасынын үзгүлтүксүз ишин жана транзакцияларды жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ички эрежелерди жана жол-жоболорду иштеп чыгууга тийиш. Электрондук акчаларды пайдалануу менен эсептешүү системасында колдонулган программалык жана техникалык каражаттар Улуттук банктын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

22. Банк электрондук акча ээлери жана аларды пайдалануу менен жүзөгө ашырылган операциялар тууралуу маалыматтардын сакталышын жана купуялуулугун камсыз кылууга милдеттүү. Электрондук акча ээлери жана алардын электрондук акча боюнча ишке ашырылган операциялары тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана сунушталышы мүмкүн.  

 

§ 2. Операторго карата коюлуучу негизги талаптар 

 

23. Оператор өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын негизинде жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырат. 

24. Электрондук акча менен операциялар боюнча процессинг милдетин аткаруу үчүн оператор банк менен келишим түзүүгө тийиш.  

25. Эгерде оператор бир нече банк менен келишим түзгөн болсо, анда ал өз маалымат системасында ар бир банк боюнча өзүнчө электрондук капчык эсебин жүргүзүүгө тийиш. 

26. Оператор электрондук акча ээлери жана аларды пайдалануу менен жүзөгө ашырылган операциялар тууралуу маалыматтардын сакталышын жана купуялуулугун камсыз кылууга милдеттүү. Электрондук акча ээлери жана алардын электрондук акча менен ишке ашырган операциялары тууралуу маалымат үчүнчү жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана сунушталат. 

27. Оператор электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган транзакциялардын коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартат.  

28. Оператор өз маалымат системасынын үзгүлтүксүз ишин жана төлөмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ички эрежелерди жана жол-жоболорду иштеп чыгууга тийиш.  

29. Оператор өз маалымат системасында электрондук капчык үчүн лимиттерди белгилөөгө, ошондой эле банк менен түзүлгөн келишим шарттарына, ушул жобого жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык электрондук акчаны эсепке алуу шарттарын аткарууга тийиш. 

 

§3. Электрондук акча үчүн белгиленген лимиттер 

 

30. Эгерде кардар банктын, оператордун жол-жоболоруна ылайык системада аралыктан катталган болсо, анын электрондук капчыгы идентификацияланбаган болуп саналат. Идентификацияланбаган электрондук капчыктагы калдык 150 (жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш. 

31. Идентификацияланбаган электрондук капчык аркылуу төмөнкү операцияларды ишке ашырууга тыюу салынат: 

- идентификацияланбаган электрондук капчыктарга акча каражаттарын которууга; 

- нак акчага айландырууга. 

32. Каттоодон өткөн жактардын транзакцияларынын жалпы суммасы ай ичинде бир электрондук капчык боюнча 300 (үч жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.  

33. Эгерде жабдуудагы электрондук акча суммасы 150 (жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн жогору болсо, банк, агент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте электрондук акча ээсин жеке адамды идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосун жүргүзүүгө милдеттүү.  

34. Банк агенттерин, акцептанттарын кошо алганда, өзүнүн бардык электрондук капчык ээлери үчүн электрондук акча менен операциялар боюнча тобокелдиктерге жол бербөө максатында, электрондук капчык ээлеринин категорияларына жараша лимит өлчөмүн өз алдынча белгилөөгө тийиш. Лимиттер өлчөмү электрондук капчык ээлеринин категорияларына жараша банктын ички жол-жоболорунда аныкталат.  

35. Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толук идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосунан өтүүгө тийиш.  

36. Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн бир электрондук акчаны пайдалануу менен 1 (бир) операциянын максималдуу өлчөмү 3000 (үч миң) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш. Бул суммадан жогору операциялар ошол жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын банктык эсептери аркылуу өтүүгө тийиш.  

 

§4. Электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган операцияларды (төлөмдөрдү) эсепке алуу тартиби 

 

37. Электрондук акчаны пайдалануу менен операциялар электрондук акча системасынын катышуучулары тарабынан банктын, оператордун электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүү системасында ички эрежелерге жана катышуучулар ортосунда түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына каршы келбеген келишим шарттарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

38. Электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча акча каражаттарды эсепке алуу, банктын бардык чыгарылган электрондук акчаны эсепке алуу үчүн каралган электрондук акча эсебин жүргүзүү боюнча өзүнчө банктык эсепте ишке ашырылат. 

39. Электрондук акча системасында чыгарылган электрондук акча көлөмү жана суммасы банктын бухгалтердик балансында, демек электрондук акчаны эсепке алуу боюнча банктык эсепте чагылдырылган көлөмгө жана суммага дал келүүгө тийиш.  

40. Оператор банкка электрондук капчык ээлери жана айкын убакыт ыргагында ишке ашырылган транзакциялар жөнүндө маалыматтан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн сунуштоого милдеттүү.  

41. Банктын, агенттин, оператордун чарба жүргүзүү же башка ишкердик боюнча акча каражаттарын жана өз ара эсептешүүлөрүн, ошондой эле электрондук акчаны кабыл алуу жана тейлөө учурунда алынган кандай болбосун комиссиялык төлөм түрлөрүн эсепке алуу, банкта ачылган, электрондук акчаны эсепке алуу боюнча банктык эсептен айырмаланган өзүнчө эсепте жүзөгө ашырылат. 

42. Банк, оператор чейрек сайын, отчеттук чейректен кийинки айдын 15 кечиктирбестен, ушул жобого карата 1-тиркемеде белгиленген формага ылайык, электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар жөнүндө бардык зарыл отчеттордун Улуттук банкка берилип турушун камсыз кылууга тийиш.  

43. Улуттук банк туруктуу негизде сунушталуучу отчеттордун негизинде, ошондой эле инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүдө электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын эрежелеринин жана ушул жобонун талаптарынын сакталышына контролдукту жүзөгө ашырат.  

 

§ 5. Агенттер жана электрондук акчаны жайылтуу 

44. Банк агент менен электрондук акчаны пайдалануу аркылуу белгилүү бир кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого агенттик келишим түзүшү мүмкүн. Банк электрондук акча агенттерине карата критерийлерди өз алдынча иштеп чыгууга, ошондой эле банктын ички жол-жоболорунда электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылуучу операциялар тизмегин белгилөөгө тийиш. 

45. Банк агенттик келишимдин алкагында банктын атынан иш алып барган өз агенттеринин иш-аракеттери/аракеттенбей коюусу үчүн өз ээлик кылуучулары алдында агенттик келишимдин алкагында жана анын чегинде жоопкерчилик тартат. 

46. Агент банктын макулдугу боюнча электрондук акчаны жайылтуу үчүн субагент менен тиешелүү келишим түзүшү мүмкүн. Агент, субагенттик келишимдин алкагында банктын, агенттин атынан иш алып барган өз субагенттеринин иш-аракеттери/аракеттенбей коюусу үчүн келишимдин чегинде жана ага ылайык банк алдында жоопкерчилик тартат.  

47. Агент ар бир банк менен агенттик келишим түзгөн шартта, бир нече банкка кызматтарын сунушташы мүмкүн.  

48. Банк агенттин аталышын, айкын дарегин, инсандыгын тастыктаган тиешелүү документтерди жана юридикалык статусун, операциялар тизмегин көрсөтүү менен өз агенттери боюнча маалымат базасын жүргүзүүгө жана аны инспектордук текшерүүлөрдүн жүрүшүндө же Улуттук банкка талап кылынган шартта сунуштоого тийиш.  

49. Банк электрондук акчаны жайылтуу үчүн агенттерди тартуу боюнча төмөнкүдөй документтерге ээ болууга тийиш: 

1. агент менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү, анда агенттин Улуттук банктын талабы боюнча маалыматты сунуштоо жана ага өз жайларынан, системасынан жана жазууларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу милдеттенмелери каралууга тийиш; 

2. электрондук акчаны пайдалануу менен кызматтарды көрсөтүү жана өз агенттери аркылуу алардын ордун жабуу саясаты, жол-жобосу, анын ичинде терроризмге жана акчанын изин жашырууга бөгөт коюу чаралары боюнча саясат, жол-жобо, ошондой эле тиешелүү жоболор жана колдонмолор; 

3. тобокелдиктерди кыскартуу үчүн пайдаланылган контролдук чараларын кошо алганда, электрондук акча менен кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу тобокелдиктерге баа берүү жана агенттер аркылуу алардын ордун жабуу документтери; 

4. агенттерди окутууда пайдаланылуучу колдонмолор жана кандай болбосун материалдар; 

5. Улуттук банктын талабы боюнча зарыл болгон башка маалыматтарды сунуштоо. 

50. Электрондук акчаны пайдалануу аркылуу кызматтарды сунуштаган агент менен иш алып барууда банк төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен анын эсебин жүргүзүүгө/жазууларды чагылдырууга тийиш: 

- юридикалык жактын же жеке ишкердин аталышы; 

- тиешелүү мамлекеттик органдарда каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документ; 

- агенттин айкын жайгашкан/юридикалык дареги, телефон номерлери.  

51. Электрондук акчаны пайдалануу аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган агент менен иш алып барууда банк төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү

1) өз агентин тиешелүү негизде окутууга, анын ичинде кардарларга кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуз жана натыйжалуу сунушталышын камсыз кылуу боюнча саясатты, эрежелерди жана операциялык колдонмону агентке же акцептантка берүүгө

2) түзүлгөн агенттик келишимдин алкагында өз агенттеринин ишине контролдукту жүзөгө ашырууга;  

3) ар бир агент тарабынан ишке ашырылган операциялардын санын, көлөмүн жана өлчөмүн эсепке алууга.  

52. Электрондук акча банк, агент жана субагент тарабынан жайылтылышы мүмкүн.  

53. Электрондук акчаны жайылтууда банк, агент, субагент электрондук капчык ээсин тараптардын укуктары жана милдеттери, алар тарабынан жайылтылып жаткан электрондук акчанын өзгөчөлүктөрү жана ээсинен электрондук акча үчүн төлөм алынганга чейин сунушталган кызмат көрсөтүүлөргө карата белгиленген тарифтер менен тааныштырууга тийиш. 

54. Электрондук акчаны жайылтуу үчүн агент ага банк тарабынан өткөрүлүп берилген, номинал суммасына барабар болгон акча каражаттарын банкка чегерет/банктык гарантияларды сунуштайт. Агентке берилүүчү сый акы өлчөмү жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө ыкмасы банк менен агент ортосунда түзүлгөн келишимде каралат.  

55. Банк, агент жана субагент ортосунда бардык өз ара эсептешүүлөр алардын банктык эсептешүү эсептери жана/же электрондук капчыктары аркылуу жүзөгө ашырылууга тийиш. 

 

§ 6. Электрондук акчанын ордун жабуу тартиби 

 

56. Банк, чыгарылган электрондук акчаны нак акча каражаттарына алмаштыруу же болбосо анын банктык эсебине нак эмес каражаттарды которуу аркылуу электрондук акча ээсине алардын ордун жабууга милдеттүү

57. Электрондук акчаны нак акчага айландыруу банк тарабынан сыяктуу эле, банк менен агенттик келишим түзгөн агент, субагент тарабынан да жүргүзүлүшү мүмкүн.  

58. Юридикалык жактардын 500 (беш жүз) эсептик көрсөткүчтөн жогору суммадагы электрондук акчасын нак акчага айландыруу ошол акча каражаттарын юридикалык жактардын банктык эсептерине которуу аркылуу гана жүзөгө ашырылат. 

59. Электрондук акчаны нак акчага айландырууда сунушталуучу акча каражаттардын суммасы айландырууга сунушталган электрондук акчанын суммасына дал келүүгө тийиш. Мында банк агенттик келишимде белгиленген өлчөмдө жана тартипте агентке сый акы төлөйт.  

 

§7. Электрондук акча менен операцияларды (транзакцияларды) жүргүзүүгө санкция колдонуу 

60. Электрондук акча ээси мындай транзакцияны жүргүзүүгө өз макулдугун берген шартта гана электрондук акча менен жүргүзүлгөн операция (транзакция) санкцияланган катары эсептелинет. Электрондук акча менен транзакцияларды жүргүзүүгө макулдук, банк, оператор, агент, субагент жана электрондук акча ээси ортосунда макулдашылган формада сунушталат. Мындай макулдашуу жок учурда, транзакция санкцияланбаган катары эсептелинет.  

61. Акцептант тарабынан электрондук акча менен транзакцияларды жүргүзүүгө алынган тапшырма электрондук акча ээси берген тапшырма сыяктуу эле күчкө ээ жана банктын, оператордун коопсуздук боюнча жол-жоболорунда белгиленген тартипте банк, оператор, электрондук акча ээси тарабынан текшерилүүгө тийиш. 

62. Эгерде транзакцияларды жүргүзүү тапшырмасы коопсуздук талаптарына ылайык берилип, бирок мында электрондук акча системасы транзакцияларды туура эмес жүргүзсө, белгиленген лимиттен ашса, транзакцияларды жүргүзүү тапшырмасын кайталаса же башка туура эмес иштерге жол берсе, эрежелерде төмөнкүлөр каралууга тийиш:  

1) эгерде электрондук акча ээси төмөнкүлөрдү тастыктай алса: 

- өзү же анын атынан иш алып барган адам коопсуздук талаптарын сактаган болсо; 

- эгерде транзакциялар боюнча акцептант ушул жол-жоболорду сактаган болсо да каталар аныкталышы мүмкүн болсо, анда электрондук акча ээси ушул пункттун тиешелүү пунктчаларда көрсөтүлгөн тапшырма боюнча төлөм төлөөгө тийиш эмес; 

2) эгерде транзакция туура эмес тапшырманын негизинде ишке ашырылган болсо, анда электрондук акчаны алуучу же акцептант төлөнгөн сумманы тапшырманы жөнөткөн адамга кайтарып берүүгө тийиш; 

3) эгерде транзакция жаңылыш ишке ашырылса, анда электрондук акча ээси транзакция суммасынан ашык берилген сумманы алуучудан өндүрүп алууга укуктуу. 

63. Банк милдеттүү түрдө электрондук акча ээсине кандай болбосун чыгымдар, кыянаттык менен пайдалануу, уурдоолор же электрондук акчалардан же башка электрондук жабдуулардан санкциясыз пайдалануу же болбосо андан пайдалануу кодунун бузулгандыгы жөнүндө натыйжалуу жана ыңгайлуу маалымдоо каражаттарын сунуштоого тийиш. 

64. Банк ээлик кылуучу тарабынан билдирүүлөрдүн, анын ичинде телефон аркылуу кандай болбосун чыгымдар, электрондук акчанын же башка электрондук жабдуулардын туура эмес колдонулгандыгы, уурдалгандыгы, санкциясыз колдонулгандыгы же болбосо пайдалануу кодунун бузууга жол берилиши жөнүндө билдирүүлөрдү алгандыгын тастыктоо жол-жоболорунун аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү

65. Банк/оператор электрондук акча ээлери алдында төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат: 

1) эгерде банк, оператор ушул бөлүктө көрсөтүлгөн электрондук акча системасында орун алган үзгүлтүктөр жөнүндө ээлик кылуучуга билдирүү талабын аткарбаган болсо, электрондук акча ээсинин тапшырмасына ылайык кабыл алынган транзакцияларды жүргүзүү учурунда электрондук акча системасынын иштебей калышынан келип чыккан чыгымдар үчүн; 

2) эсептөөдө же бухгалтердик эсепке алууда жол берилген каталар үчүн. 

66. Банк, оператор транзакцияны жүргүзүү учурунда кандай болбосун жеткиликтүү каражаттар аркылуу электрондук акча менен транзакцияларды жүргүзүү системасын же жабдууну пайдалануу мүмкүн эмес экендиги тууралуу электрондук акча ээсине дароо маалымдоого милдеттүү.  

67. Банк, оператор транзакцияны жүргүзүү учурунда системада мурда аныкталбаган кандай болбосун үзгүлтүктөр жана транзакцияларды жүргүзүү учурунда келип чыккан проблемалар жөнүндө электрондук акча ээсине билдирүүгө милдеттүү.  

68. Банк транзакцияны жүргүзүү учурунда электрондук акча ээсине техникалык үзгүлтүктөр жөнүндө алдын ала билдирген болсо, ал контролдой албаган форс-мажордук жагдайлардан же башка жагдайлардан улам электрондук акча каражаттарын которуу ишке ашырылбаса, анда банк электрондук акча ээси алдында жоопкерчилик тартпайт. 

 

4-глава. Эл аралык электрондук акча системаларынын агентине, эмитентине жана эл аралык электрондук акча системаларына карата талаптар 

69. Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акчаны пайдалануу менен кызматтарды сунуштоо үчүн эл аралык электрондук акча системасы/ эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти Улуттук банкта каттоодон өтүүгө тийиш. Улуттук банкта каттоодон өтүүсүз эл аралык электрондук акча системасына/ эл аралык электрондук акча системасынын эмитентине Кыргыз Республикасынын аймагында ишкердикти жүргүзүүгө тыюу салынат. 

70. Каттоодон өтүү үчүн эл аралык электрондук акча системасы эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти Улуттук банкка каттоодон өтүүгө өтүнүч катты жана төмөнкүлөрдү камтыган документтер топтомун сунуштоого тийиш:  

- эл аралык электрондук акча системасынын/эл аралык электрондук акча системасынын эмитентинин аталышы;  

- юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;  

- эл аралык электрондук акча системасынын/ эл аралык электрондук акча системасынын эмитентинин каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн, ошондой эле ал түзүлгөн өлкөнүн ушул ишкердик түрүн жөнгө салган ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, эл аралык электрондук акча системасынын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн, эл аралык электрондук акча эмиссиясы/чыгаруу, процессинг жана тейлөө боюнча ишкердикти жүргүзүү укугуна лицензиянын/сертификаттын көчүрмөсүн; 

- эл аралык электрондук акча системасынын агенти менен түзүлгөн типтүү келишимди; 

- эл аралык электрондук акча системасынын/ эл аралык электрондук акча системасынын эмитентинин иштөө эрежелерин же Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына каршы келбеген, эмитент түзүлгөн өлкөнүн мыйзамдары боюнча эл аралык электрондук акча менен операцияларды жөнгө салган башка документти. Мындан тышкары, эрежелерде бардык акча жана маалымат агымдарынын жалпы схемасы камтылууга, электрондук акчаны пайдаланууда финансылык жана техникалык тобокелдиктерге контролдуктун уюштурулушу баяндалууга тийиш. 

71. Зарыл учурда, Улуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук формада берилиши зарыл.  

72. Эл аралык электрондук акча системасын/эл аралык электрондук акча системасынын эмитентин каттоодон өткөртүүгө өтүнүч катты кароо мөөнөтү 15 календардык күндү түзөт. Эгерде сунушталган документтер Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп бербесе, документтерди кароо мөөнөтү Улуттук банктын талаптарын канааттандырган документтер сунушталган күндөн тартып эсептелет. Документтер белгиленген талаптарга жооп бербесе жана документтер топтому толук сунушталбаса, аларды жеткире иштеп чыгуу үчүн кайтарылып берилет. Эл аралык электрондук акча системасы/эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти 10 календардык күн ичинде сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан документтерди Улуттук банкка сунуштоого тийиш. Документтер экиден көп жолу ушул жобонун талаптарын канааттандыруусуз же болбосо толук эмес көлөмдө тапшырылса, Улуттук банк эл аралык электрондук акча системасын/эл аралык электрондук акча системасынын эмитентин каттоодон өткөртүүдөн баш тартууга укуктуу.  

73. Каттоодон өткөртүү чечими кабыл алынган шартта Улуттук банк эл аралык электрондук акча системасына/эл аралык электрондук акча системасынын эмитентине каттоо номерин ыйгарып, Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акча системалары/эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти ресстрине ал тууралуу маалыматты чагылдырат жана чечим кабыл алынгандан кийинки 7 календардык күндөн кечиктирбестен ага каттоодон өткөндүгү тууралуу катты жөнөтөт. Эл аралык электрондук акча системасы/эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти реестрин жүргүзүү тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.  

74. Эл аралык электрондук акча системасы/эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти аны каттоо учурунда көрсөтүлгөн маалыматтардын өзгөргөндүгү тууралуу 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка ал тууралуу кат жүзүндө маалымдоого милдеттүү. Улуттук банк сунушталган маалыматтардын негизинде үч жумуш күнү ичинде эл аралык электрондук акча системасы/эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти реестрине тиешелүү маалыматты киргизет.  

75. Эл аралык электрондук акча системасы/эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти тарабынан Улуттук банкка сунушталган документтер кайтарылып берилбейт.  

76. Эл аралык электрондук акча системасы/эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти каттоо жол-жобосунан өткөндөн кийин өз сайтын кошо алганда, системадагы документтерден (эрежелер, колдонуудагы тарифтер, типтүү келишимдер, катышууга талаптар, отчеттор ж.б.) туруктуу негизде пайдалануу мүмкүнчүлүгүн Улуттук банкка сунуштоого тийиш.  

77. Эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти, эл аралык электрондук акча системасынын агенттери алдында финансылык милдеттенмелер гарантиясын камсыздоо максатында, төмөнкү шарттардын кеминде бирин аткарууну камсыз кылууга тийиш:  

1) эл аралык электрондук акча системасынын агенти тарабынан көрсөтүлгөн корреспонденттик эсепте бардык ишке ашырылган операциялар боюнча (макулдашуу боюнча ай ичинде/чейрек ичинде/жыл ичинде) орточо күндүк жүгүртүүнүн ордун жапкан көлөмдөгү милдеттүү камсыздандыруу депозитин жайгаштырууга тийиш. Эгерде эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти милдеттенмелерди аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса, камсыздандыруу депозитиндеги каражаттар ошол милдеттенмелер боюнча талаптарды канааттандыруу үчүн эл аралык электрондук акча системасынын агенти тарабынан пайдаланылат. Эгерде эл аралык электрондук акча системасынын эмитентинин же эл аралык электрондук акча системасынын агентинин демилгеси боюнча келишим токтотулган шартта, камсыздандыруу депозитиндеги каражаттар келишимдик мамилелерде каралган тартипте жана мөөнөттөрдө эл аралык электрондук акча системасынын эмитентине кайтарылып берилет;  

2) инвестициялык деңгээлдеги эл аралык кредиттик рейтингге Standard & Poor's (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «ВВВ» категориясынан, же Moody's Investors Service (АКШ) боюнча «Baa» категориясынан, же Fitch-IBCA (АКШ) боюнча «ВВВ» категориясынан төмөн болбогон, же болбосо улуттук рейтингдик агенттиктин жогоруда аталган эл аралык рейтингдик агенттиктердин рейтингине барабар рейтингге ээ болгон, ошондой эле резидент эместин банкы жайгашып турган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарында аккредитацияланган жана ошол өлкөнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан таанылган рейтингге ээ банктан гарантия сунуштоого тийиш.   

Банктык гарантия ошондой эле, банк операцияларын жүргүзүү лицензиясына ээ эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти болуп саналган банк тарабынан да сунушталышы мүмкүн. Мында, гарантия берип жаткан банк инвестициялык деңгээлдеги эл аралык кредиттик рейтингге Standard & Poor's (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «ВВВ» категориясынан, же Moody's Investors Service (АКШ) боюнча «Baa» категориясынан, же Fitch-IBCA (АКШ) боюнча «ВВВ» категориясынан төмөн болбогон, же болбосо улуттук рейтингдик агенттиктин жогоруда аталган эл аралык рейтингдик агенттиктердин рейтингине барабар рейтингге ээ болгон, резидент эместин уюму жайгашып турган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарында аккредитацияланган жана анын рейтинги ошол өлкөнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан таанылган рейтингге ээ болууга тийиш. Эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти банк-гаранттын кредиттик рейтингдерин тастыктаган документтерди Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү. Гарантия сунуштаган банктын, гаранттын рейтинги төмөндөгөн шартта (алгач белгиленген инвестициялык деңгээлдеги эл аралык кредиттик рейтингден төмөн болсо) эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти 30 календардык күн ичинде гарантияны алмаштырууга же болбосо ушул пункттун 1 же 3-пунктчаларынын чегинде камсыздоону сунуштоого тийиш.  

Эгерде эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти инвестициялык деңгээлдеги эл аралык кредиттик рейтингге Standard & Poor's (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «ВВВ» категориясынан, же Moody's Investors Service (АКШ) боюнча «Baa» категориясынан, же Fitch-IBCA (АКШ) боюнча «ВВВ» категориясынан төмөн болбогон, же болбосо улуттук рейтингдик агенттиктин жогоруда аталган эл аралык рейтингдик агенттиктердин рейтингине барабар рейтингге ээ болгон, резидент эместин уюму жайгашып турган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарында аккредитацияланган жана анын рейтинги ошол өлкөнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан таанылган рейтингге ээ болгон шартта, эл аралык электрондук акча системасынын агенти (эгерде ал эл аралык электрондук акча эмитенти менен иш алып барууда бардык мүнөздүү тобокелдиктерге баа берсе) банктык гарантияны талап кылбоого укуктуу. Эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти тиешелүү деңгээлдеги кредиттик рейтингге ээ экендигин тастыктаган документтерди Улуттук банкка сунуштоого тийиш. Эл аралык электрондук акча системасынын эмитентинин рейтинги төмөндөгөн шартта (инвестициялык деңгээлдеги кредиттик рейтингдин баштапкы деңгээлинен төмөн болсо), эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти 30 календардык күн ичинде гарантияны алмаштырууга же болбосо ушул пункттун 1 же 3-пунктчаларынын чегинде камсыздоону сунуштоого тийиш;  

3) эгерде эл аралык электрондук акча системасынын агенти жана эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишимдерде өз ара алгылыктуу шарттарда башкасы каралбаса, анда эл аралык электрондук акча системасынын агенти пайда алуучу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу компаниялары менен тиешелүү келишим түзүү аркылуу республика аймагында эл аралык электрондук акча системасы аркылуу ишке ашырылган эл аралык электрондук акчанын камсыздандырылышын камсыз кылууга тийиш. Камсыздандыруу келишими ар бир эл аралык электрондук акча системасынын агенти менен өз-өзүнчө түзүлүп, анда камсыздандыруу учуру келип жеткен учурда эл аралык электрондук акча системасынын эмитентинин финансылык милдеттенмелеринин ордун жабуу үчүн жетиштүү болгон пайдага ээ болуучуга төлөнүп берилүүчү камсыздандыруу суммасы каралууга тийиш. 

78. Эл аралык электрондук акча системасынын агенти эл аралык электрондук акчанын ордун жабуу жана толуктоо боюнча кызматтарды сунушташы мүмкүн.  

79. Эл аралык электрондук акча системасынын агенти электрондук акчаны нак акчага айландыруу жана толуктоо милдеттерин аткаруу үчүн субагенттер менен келишим түзүшү мүмкүн. Юридикалык жактар же жеке ишкерлер субагент катары иш алып барышы мүмкүн.  

80. Эл аралык электрондук акча системасынын агенти Кыргыз Республикасынын аймагында ушул жобонун 3-главасынын §3 ылайык иш алып барган эл аралык электрондук капчык үчүн белгиленген лимит боюнча талаптарды аткарууга тийиш.  

81. Эл аралык электрондук акчанын ордун жабуу анын ээсинин тандоосу боюнча чет өлкө валютасында же улуттук валютада жүргүзүлүшү мүмкүн. Улуттук валютада ордун жабууда конвертация эл аралык электрондук акча системасынын агентинин операция ишке ашырылган күнгө карата курсу боюнча ишке ашырылат.  

82. Эл аралык электрондук акча ээсинен келип түшкөн акча каражаттар, эл аралык электрондук акча менен ишке ашырылган операцияларды эсепке алуу үчүн каралган өзүнчө банктык эсепте эске алынат.  

83. Эл аралык электрондук акча системасынын агенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аталган система менен иш алып баруу боюнча иштелип чыккан жана бекитилген ички эрежелерге жана жол-жоболорго ээ болууга тийиш.   

84. Эл аралык электрондук акча системасынын агенти отчеттук чейректен кийинки айдын 15 чейин ушул жобого карата 1-тиркемеде белгиленген формада Улуттук банкка отчет сунуштайт.  

5-глава . Электрондук акчаны пайдалануу учурунда тобокелдиктерди тескөө 

 

85. Электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү системасы анын ишин жөнгө салган ички эрежелер, электрондук акчаны колдонуу жол-жоболору жана келишимдик мамилелер менен камсыз болууга тийиш. Электрондук акча системасы, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, коопсуздукту камсыз кылууда тобокелдикке жол бербөө, ага бөгөт коюу жана аныктоо үчүн техникалык, уюштуруу, технологиялык коопсуздуктун тиешелүү механизмдери менен камсыздалууга тийиш. 

86. Электрондук акча системасы, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык терроризм жана экстремизм иштерине катыштыгы бар адамдар тизмесине кирген адамдар тарабынан жүзөгө ашырылган же аларга тиешелүү операцияларды токтотуу жана электрондук капчыктарды блокко коюу, шектүү транзакцияларды (операцияларды) аныктоо жана алдамчылык иш аракеттерден коргонуу механизмдерине ээ болуусу зарыл.  

87. Электрондук акча системасы, Улуттук банктын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк жүргүзүүнүн, банктык көзөмөлдөөнүн жана акча-кредит саясатынын чегинде электрондук акча формасындагы акча жүгүртүү жөнүндө зарыл статистикалык жана маалыматтык отчетторду түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.  

88. Электрондук акча системасы, аларды колдонуу учурунда акцептанттын жана электрондук акча ээлеринин чыгымдарын кыскартуу үчүн маалыматтарды берүүнүн өңчөйлөштүрүлгөн стандарттарды жана төлөмдөр форматын колдонуу менен электрондук акча катышуучуларынын өз ара иш алып барган системасы (акча каражаттарынын жылышын эсепке алуу боюнча ички система) менен натыйжалуу интеграциялануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу мүмкүн.  

89. Электрондук акча системасы электрондук акчаны пайдаланууда катышуучулар үчүн натыйжалуу, электрондук акча ээлери үчүн баасы жеткиликтүү жана колдонууда ыңгайлуу болууга, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укугун коргоо талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

90. Электрондук акча системасында операциялык тобокелдиктерди тескөө төмөнкү негизги принциптерди ишке ашырууга негизделиши зарыл: 

1) системанын ишинде ички контролдук жана аудит жүргүзүү жол-жобосунун болушу, системанын иши жана ишке ашырылган транзакциялар жөнүндө маалыматтарды электрондук түрдө сактоо; 

2) кызматтык нускоолорго ылайык, жүктөлгөн жоопкерчиликти аткаруу боюнча талаптарга ылайык келген квалификациялуу персоналдын болушу; 

3) маалыматтардын өз убагында иштелип чыгышын, ар бир транзакция боюнча маалыматтардын эсепке алынышын жана сакталышын, ошондой эле маалыматтардын системада сакталышын жана корголушун камсыз кылган маалымат системасынын болушу; 

4) кеминде электрондук акча системасынын системалуу маанилүү модулдары үчүн иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча пландын болушу.  

 

6-глава. Банкка электрондук акча чыгарууга лицензия берүү тартиби 

91. Лицензия алуу үчүн коммерциялык банк Улуттук банкка расмий жана/же мамлекеттик тилдерде төмөнкү документтерди эки нускада сунуштоого тийиш: 

1) ишкердикти жүзөгө ашыруу үчүн лицензия берүүгө өтүнүч катты; 

2) документтерди сунуштоо учурунда бюджет алдында карыздын жоктугу жөнүндө салык органдарынан маалымкат; 

3) электрондук акчаны жайылтуу боюнча агент менен түзүлгөн типтүү агенттик келишимдин көчүрмөсү эки нускада; 

4) оператор менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (эгерде эмитент оператор менен иш алып барган болсо) эки нускада; 

5) электрондук акча боюнча калдыктарды жана анын жүгүртүлүшү жөнүндө маалыматтар базасын күн сайын жаңыртып туруу жана сактоо, аны алуу үчүн программалык камсыздоону орнотуу боюнча актынын көчүрмөсү эки нускада;  

6) электрондук акча менен чараларды жүзөгө ашыруу боюнча маркетингдик план, болжолдуу экономикалык эсептер камтылган бизнес-план эки нускада; 

7) Башкарманын Төрагасы/Директорлор кеңеши тарабынан кол коюлган (мындан ары - жетекчи) электрондук акча системасынын иштөө эрежелеринде төмөнкүдөй жоболор камтылууга тийиш:  

- банк, оператор, агент жана акцептант ортосунда операцияларды жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө, анда бардык акча жана маалыматтык агымдардын жалпы схемасы камтылууга тийиш;  

- электрондук акчаны пайдалануу учурунда финансылык жана техникалык тобокелдиктерге контролдукту уюштуруу жөнүндө

- электрондук акчаны пайдалануу учурунда маалыматтык ресурстардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү укугун чектөө, маалыматты коргоо жана коопсуздук системасы жөнүндө эки нускада;  

8) Улуттук банк өтүнүч кат ээсинин болжолдуу ишкердигин ар тараптуу, толук жана так түшүнүүсү үчүн сунуштоону туура көргөн башка документтер жана электрондук акчаларды чыгаруу материалдары.  

9) лицензияны кароого алуу жана берүү үчүн төлөм ишке ашырылгандыгын тастыктаган документ. 

10) лицензия алууга берилген ишеним кат.  

92. Улуттук банк өтүнүч катты жана документти алган күндөн тартып алтымыш күндөн кечиктирилбеген мөөнөт ичинде өтүнүч кат ээсинин документтерин карап чыгат жана лицензияны берүү же берүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алат. Лицензияга (2-тиркеме) Улуттук банктын Төрагасынын буйругу менен ыйгарым укук чегерилген адамдын кол тамгасы коюлат. 

93. Эгерде документтер толук эмес көлөмдө сунушталса же болбосо алар ушул жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе, анда өтүнүч катты жана документтерди кароо мөөнөтү ушул жобонун талаптарын канааттандырган бардык документтер кайрадан кабыл алынган күндөн тартып башталат, алар 20 календардык күн ичинде сунушталууга тийиш. 

94. Лицензия төмөнкү операциялардын түрлөрүн гана жүзөгө ашырууга берилет:  

1) электрондук акчаны чыгаруу, жайылтуу жана нак акчага айландыруу;  

2) электрондук акча ээлеринен интернетти, уюлдук жана башка байланыш каражаттарын колдонуу менен банкка берилүүчү товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу тапшырмаларын кабыл алуу;  

3) электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган транзакцияларды иштеп чыгуу (процессинг); 

4) келишим түзүлгөн акцептанттар менен кардарлардын атынан жана алардын тапшырмасы боюнча системада иштелип чыккан төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу. 

95. Лицензияны берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тариздетилген лицензияны алууга ишеним кат жана ыйгарым укуктуу адамдын же болбосо жетекчинин инсандыгын тастыктаган документи болгон шартта жүзөгө ашырылат. Лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелинет. Лицензия ажыратып алынгыс болуп саналат жана аларды үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат. Бул пункттун талаптарын бузуу лицензиянын кайтарылып алынышына алып келет.  

96. Коммерциялык банктарга лицензияны берүү жөнүндө маалымат, каттоо журналы боюнча катар номерди ыйгаруу менен Улуттук банк тарабынан берилген лицензияларды эсепке алуу реестрине киргизилет. Колдонуудагы лицензиялар боюнча реестр Улуттук банктын сайтында жайгаштырылат. 

97. Лицензия бланктары алардын колдонулушу боюнча так отчет берилүүчү документ болуп саналат. Лицензиянын бланктары Улуттук банк тарабынан эсепке алынат.  

98. Эгерде лицензиянын түп нускасы жоголсо, ошондой эле лицензия бланкы жараксыз болуп калса банк үч күндүк мөөнөт ичинде лицензиянын дубликатын алууга өтүнүч кат сунуштоого милдеттүү. Ал өтүнүч катта жоголуп кеткен (жараксыз) бланктын бардык реквизиттери жана анын жоголгондугунун (жараксыз болуп калышынын) себептери көрсөтүлүүгө тийиш. Дубликат Улуттук банктагы документтердин негизинде берилет. Берилген лицензияда "Дубликат" деген белги болууга тийиш, ал эми лицензияларды эсепке алуу реестрин жүргүзүү китебиндеги лицензиянын түп нускасы жөнүндө жазуунун жанында дубликат берилгендиги жөнүндө маалымат чагылдырылат. Эгерде банк лицензиянын жоголгон нускасын тапкан болсо, ал «Дубликат» деген белгиси менен лицензияны Улуттук банкка тапшырууга милдеттүү

99. Эгерде уставга анын аталышы жана жайгашкан жери боюнча өзгөртүүлөр киргизилсе, анда банк ушул жобонун талаптарына ылайык жаңы лицензия алуу үчүн белгиленген өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийинки 10 жумуш күн ичинде Улуттук банкка тиешелүү тастыктоочу документтерди берүүсү зарыл.  

100. Лицензия төмөнкү учурларда берилбейт:  

1) өтүнүч кат ээси документтерде туура эмес маалыматтарды чагылдырса же болбосо ушул жободо көрсөтүлгөн документтер сунушталбаса. Өтүнүч кат ээси бул кемчиликтерди четтеткенден кийин ал жалпы негизде кароого алынат;  

2) мыйзам аркылуу бул категориянын субъекттери үчүн лицензияда көрсөтүлгөн ишкердиктин ушул түрүн жүзөгө ашырууга тыюу салынса/уруксат берилбесе; 

3) өтүнүч кат ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбесе; 

4) өтүнүч кат ээсинин уставы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбесе;  

5) өтүнүч кат ээсине карата аталган ишкердикти жүргүзүүгө тыюу салган соттун чечими болсо; 

6) лицензия үчүн төлөнбөсө

7) лицензия алууга ыйгарым укуктуу адамда ишеним кат же тиешелүү ыйгарым укук чегерилгендигин тастыктаган башка документ жок болсо. 

Эгерде банк атайы режимде турган болсо, Улуттук банк лицензия берүүдөн баш тартышы мүмкүн.  

101. Лицензия берүүдөн баш тартылган учурда өтүнүч кат ээсине жазуу жүзүндө жүйөлүү себептер көрсөтүлгөн жооп берилет, мында кароого сунушталган документтердин бир нускасы кайтарылып берилбейт. Лицензияны берүүдөн баш тартуу чечимине белгиленген тартипте даттануу менен кайрылууга жол берилет. 

102. Кыргыз Республикасынын аймагында башка субъекттер Улуттук банктын тиешелүү лицензиясыз электрондук акча системасын уюштуруу же аны пайдалануу укугуна ээ эмес. Улуттук банктын лицензия берүү боюнча ыйгарым укуктарында лицензиянын аракетин токтотуу жана аны кайтарып алуу да камтылат. 

103. Эгерде банк/оператор тарабынан ушул жободо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптардын бузууга жол берилиши аныкталган болсо, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык ал банкка/операторго карата таасир этүү чаралары колдонулат.  

 

7-глава. Корутунду жоболор 

 

104. Электрондук акча чыгарууну жана/же эл аралык электрондук акчаны жайылтууну жүзөгө ашырган банктар Улуттук банкка алар тарабынан чыгарылган жана тейлөөгө алынган электрондук акча, ошондой эле акча каражаттарынын жылышы жөнүндө маалыматты Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө жана формада сунуштайт. 

105. Электрондук акча менен иш алып барган банк, агент жана оператор келишим шарттарынын, операцияларды жүргүзүү коопсуздугунун жана электрондук акчаны колдонуу эрежелеринин сакталышына контролдукту жүзөгө ашырууга милдеттүү

106. Электрондук акча менен иш алып барган банк, агент жана оператор тиешелүү системанын эрежелеринде белгиленген параметрлер боюнча алар тарабынан жүзөгө ашырылган операцияларга мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле операциялардын туура эмес жана жаңылыш ишке ашырылышын токтотууга жана/же ага бөгөт коюу жагында иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттүү

 

 

 

«Кыргыз Республикасында электрондук  

акча жөнүндө» жобого карата  

1-тиркеме 

 

_______________________________________________________________ 

(банктын, оператордун аталышы) 

электрондук акчаны чыгаруу жана аны жүгүртүүгө байланыштуу ишкердиги тууралуу 

_____-жылдын ________ чейреги үчүн отчету 

 

Жеке адамдар  

 

Продукттун аталышы 

Оператору  

Пайдалануучулардын саны 

(электрондук капчыктардын саны) 

Отчеттук мезгилдин акырына карата электрондук акчанын көлөмү 

Бир электрондук капчыктан акча каражаттарын которуу 

 

Электрондук акчаны нак акчага айландыруу  

Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө 

Электрондук капчыктарды толтуруу 

Транзакция саны 

Транзакция көлөмү 

Транзакция саны 

Транзакция көлөмү 

Транзакция саны 

Транзакция көлөмү 

Транзакция саны 

Транзакция көлөмү 

10 

11 

12 

Е-money 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Байланышуучу адам_____________________________________________________ 

(аты-жөнү, телефон номери) 

 

Башкарманын төрагасы______________________________________________ 

(кол тамгасы) (аты-жөнү)  

М.О. 

 

 

 

_______________________________________________________________ 

(банктын, оператордун аталышы) 

электрондук акчаны чыгаруу жана аны жүгүртүүгө байланыштуу ишкердиги тууралуу 

_____-жылдын ________ чейреги үчүн отчету 

 

Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер  

 

Продукттун аталышы 

Оператору  

Агенттердин саны 

Пайдалануучулардын саны 

(электрондук капчыктардын саны) 

Отчеттук мезгилдин акырына карата электрондук акчанын көлөмү 

Бир электрондук капчыктан акча каражаттарын которуу 

 

Электрондук акчаны нак акчага айландыруу  

Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө 

Электрондук капчыктарды толтуруу 

Транзакция саны 

Транзакция көлөмү 

Транзакция саны 

Транзакция көлөмү 

Транзакция саны 

Транзакция көлөмү 

Транзакция саны 

Транзакция көлөмү 

10 

11 

12 

13 

Е-money 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Байланышуучу адам_____________________________________________________ 

(аты-жөнү, телефон номери) 

 

Башкарманын төрагасы______________________________________________ 

(кол тамгасы) (аты-жөнү

 

М.О. 

 

 

 

«Кыргыз Республикасында электрондук  

акча жөнүндө» жобого карата  

2-тиркеме 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

Электрондук акчаны чыгаруу укугуна 

N ___ ЛИЦЕНЗИЯ 

_______________________________________________________________________ (коммерциялык банктын толук аталышы) 

________________________________________________________________________  

(коммерциялык банктын кыскартылган аталышы)  

 

берилген. 

 

Бул лицензия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук акчаны чыгарууга, анын ичинде: 

-         электрондук акчаны жайылтууга жана нак акчага айландырууга; 

-         электрондук акча ээлеринен интернет, уюлдук жана башка байланыш каражаттарын пайдалануу менен банктын товарлар/кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөөнү жүргүзүүгө тапшырмаларды кабыл алууга; 

-         электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган транзакцияларды иштеп чыгууга (процессинг); 

-         келишим түзүлгөн акцептанттар менен электрондук акча ээлеринин атынан жана алардын тапшырмасы боюнча системада иштелип чыккан төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө укук берет. 

 

Лицензияны колдонуу мөөнөтү чектелбейт. 

Лицензиянын көчүрмөлөрү анык эмес болуп саналат. 

Бул лицензия ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет. 

Лицензия (күнү, айы, жылы) каттоодон өткөн. 

 

Бланктын N ____________ сериясы ______________ 

 

________________________________ _____________ ___________________ 

(Улуттук банктын кызмат адамы) (кол тамгасы) (аты-жөнү)  

 

М.О.