Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 30-мартындагы 15/3 токтому 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы 6/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз РеспубликасынынКыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөмыйзамынын 7, 43 беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. Улуттук банк Башкармасы 2005-жылдын 19-мартындагы 6/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча Комитети жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча Комитети жөнүндө" жобонун

1.3-пункту төмөнкү реакцияда берилсин

«1.3. Көзөмөл боюнча комитеттин жеке курамы Улуттук банктын буйругу менен бекитилет

Комитеттин курамына Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү (Комитеттин Төрагасы), Улуттук банк Башкармасынын бир мүчөсү, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери Тышкы көзөмөл башкармалыгынын, Инспектирлөө башкармалыгынын, Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын, Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын начальниктери, Юридика башкармалыгынын бөлүм начальниги кирет

Комитеттин курамына Улуттук банктын Төрагасынын буйругуна ылайык кеңеш берүүчү укугунда башка кызматкерлер да кириши мүмкүн.  

Комитеттин төрагасы жана/же башка мүчөлөрү жок учурда Улуттук банктын буйругуна ылайык, алардын милдетин аткарган башка кызматкерлер комитеттин отурумуна катышат.». 

2. Юридика башкармалыгы

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

3. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет

4. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т. Дж. Джусупов мырзага жүктөлсүн

 

 

Төрага Т. Абдыгулов