Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтому 

    

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине, «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамдын 39 жана 39-1-беренелерине, «Чет өлкө валютасы мене операцияларды жүргүзүү жөнүндө» мыйзамдын 12-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;  

- 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;  

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар» жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 39/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» убактылуу жобо тууралуу». 

2. Токтом расмий жарыялангандан тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы:  

- ушул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредит мекемеси «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Ислам экономикасын, финансы жана индустриясын өнүктүрүү ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, Микрофинансылык уюмдар ассоциациясын, микрофинансылык уюмдарды, Кредиттик союздар ассоциациясын, кредиттик союздарды, «Баракат» билим берүү борбору ЖЧКсын тааныштырсын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т. Дж. Джусупов мырзага жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 

токтомуна карата тиркеме  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун: 

- 25-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- карыз алуучунун (эгерде, карыз алуучу юридикалык жак болсо) акыркы отчеттук жыл үчүн финансылык отчету. Эгерде карыз алуучу юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын аудиттен өтүүгө милдеттүү болсо, финансылык отчет тышкы аудитор тарабынан тастыкталууга тийиш. Мында, юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аралык финансылык отчетторун сунуштап турууга тийиш болсо, анда банк ошол отчетту юридикалык жактан талап кылышы зарыл.”;  

- бшинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 27-пунктундагы “Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жана банктын ички ченемдик документтеринин тизмеги жөнүндө” деген сөздөр “Улуттук банктын негизги ченемдик укуктук актыларынын тизмеги жөнүндө” дегенге алмаштырылсын;  

- 34.1-пункттагы “карыз алуучу” деген сөз “улуттук валютадагы” деген сөз менен толукталсын; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 34.2-пункт менен толукталсын: 

«34.2. Банк, күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жактарды жана эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карттары боюнча тейленген овердрафттарды эске албаганда, карыз алуучуга-жеке адамга чет өлкө валютасында ипотекалык жана керектөө кредиттерин сунуштай албайт. Ушул кредиттер боюнча төлөмдөрдү, кредиттик келишимдин валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт.»; 

42-пункттун: 

- биринчи абзацындагы “Банк кардарларынын укуктарынын, чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) тизмеги” деген сөздөр “Банк кардарларынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялардын тизмеги” дегенге алмаштырылсын; 

- экинчи абзацтагы “улуттук” деген сөз “валютадагы” деген сөз менен толукталсын; 

- үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк, кредиттик келишимге жана ички жол-жоболоруна ылайык, кредиттин берилишине, өздөштүрүлүшүнө жана кайтарылышына байланыштуу өз кардарларынын бардык чыгашаларын көрсөтүүгө тийиш. Банк кардарларына маалым болушу үчүн үчүнчү жактардын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча чыгашалар наркын (камсыздандыруу, нотариус ж.б. кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр) бул чыгашалар келечекте өзгөрүшү мүмкүндүгүнө шилтеме келтирүү менен үчүнчү жактардын келишим түзгөн күнгө карата колдонулган тарифтерин чагылдырат”; 

- 62-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Кредит боюнча милдеттенменин ордун жабуу үчүн төлөнгөн төлөм суммасы жетиштүү болбой калса, өң оболу карыздын негизги суммасы, андан соң кредитордун чыгымдары төлөнөт, ал эми акырында калган бөлүгү пайыздарды жана айыптык төлөмдөрдү төлөөгө багытталат.”; 

- 68-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Күрөөлүк мүлктүн сакталып турушуна туруктуу контролдукту жүргүзүү жана анын ошол учурдагы наркынын өзгөрүшү ыктымалдыгын аныктоо максатында банк, күрөө сакталып турган жана жайгашкан жеринде ага мониторинг жүргүзүп турууга тийиш. Күрөөгө мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы кредиттик/күрөө саясатына ылайык банк тарабынан өз алдынча аныкталат жана кредиттин сапатына жана башка факторлорго, анын ичинде, мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы жарым жылда кеминде бир жолу ишке ашырылып турган кыймылдуу мүлктү эске албаганда, жоготуу тобокелдигин эске алуу менен күрөөнүн түрүнө жараша жүргүзүлөт. Мында, жүгүртүүдөгү товарлар түрүндө күрөөгө мониторинг: 

- эгерде кредит жүгүртүүдөгү товарлар түрүндөгү күрөө менен 40 жана андан ашык пайыз чегинде камсыздалган болсо, ай ичинде кеминде бир жолу; 

- эгерде кредит жүгүртүүдөгү товарлар түрүндө күрөө менен 40 пайызга жетпеген чекте камсыздалган болсо, чейрек ичинде кеминде бир жолу; 

- эгерде кредиттин суммасы 250 000 сомдон ашпаса, жарым жылда кеминде бир жолу. 

Банк тарабынан күрөөлүк мүлктүн сакталышына контролдуктун камсыз кылынышы милдеттүү шарттан болууга тийиш. Мында, төмөнкү учурларга өзгөчө көңүл буруу зарыл:”; 

- 69-пункттун 16-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Таза суммардык капиталдын бир пайызынан ашкан өлчөмдөгү кредитти кайталап реструктуризациялоо чечими Банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат.”; 

- 78-пункттун бүтүндөй тексти боюнча “банк” деген сөз “банктын мүмкүнчүлүгү бар” дегенге алмаштырылсын; 

1-тиркеменин: 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Карыз алуучунун (эгерде, карыз алуучу юридикалык жак болсо) акыркы отчеттук жыл үчүн финансылык отчету. Эгерде карыз алуучу юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын аудиттен өтүүгө милдеттүү болсо, финансылык отчет тышкы аудитор тарабынан тастыкталууга тийиш. Мында, юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аралык финансылык отчетторун сунуштап турууга тийиш болсо, анда банк ошол отчетту юридикалык жактан талап кылышы зарыл.;.»; 

- 13-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

6-тиркеменин аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Банк кардарларынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялар тизмеги”; 

- “Банк кардарынын укугу” бөлүгү күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- “Банк кардарынын кредит боюнча чыгашалары (төлөмдөрү)” бөлүгүнүн 7, 8, 9, 10 жана 11-саптары төмөнкү редакцияда берилсин: 

“ 

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариус ж.б. кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр) 

Келечекте мындай чыгашалардын өзгөртүлүшү ыктымалдыгын көрсөтүү менен чыгашалардын болжолдуу наркы (диапазону) чагылдырылат 

Карыз алуучунун эсептеринен көчүрмөлөрдү берүү үчүн комиссиялык төлөмдөр 

Комиссиялык төлөмдөр (чыгашалар) банктын бекитилген тарифтерине ылайык көрсөтүлөт 

Кредиттин ордун мөөнөтүнөн мурда жапкандыгы үчүн комиссиялык төлөм жана/же айыптык санкциялар 

Валютаны конвертациялоо үчүн комиссиялык төлөм 

Башка чыгашалар 

“. 

2.  Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы №50/7 “Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:  

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, “Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобо: 

Жобо төмөнкү мазмундагы 5.1.6-пункт менен толукталсын: 

“5.1.6. Кредиттик союз, күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды жана эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карттары боюнча тейленген овердрафттарды эске албаганда, өз катышуучусуна чет өлкө валютасында ипотекалык жана керектөө кредиттерин сунуштай албайт. Ушул кредиттер боюнча төлөмдөрдү, кредиттик келишимдин валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт.». 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы 35/13 “Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун: 

- 29-пунктунун: 

- төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кардардын/өнөктөштүн (эгерде, карыз алуучу юридикалык жак болсо) акыркы отчеттук жыл үчүн финансылык отчету. Эгерде кардар/өнөктөш юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын аудиттен өтүүгө милдеттүү болсо, финансылык отчет тышкы аудитор тарабынан тастыкталууга тийиш. Мында, юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аралык финансылык отчетторун сунуштап турууга тийиш болсо, анда банк ошол отчетту юридикалык жактан талап кылышы зарыл”;”; 

- бешинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 31-пунктундагы “Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жана банктын ички ченемдик документтеринин тизмеги жөнүндө” деген сөздөр “Улуттук банктын негизги ченемдик укуктук актыларынын тизмеги жөнүндө” дегенге алмаштырылсын; 

- 38-1-пунктундагы “каржылоо” деген сөз “улуттук валютада” деген сөздөр менен толукталсын»; 

- жобо төмөнкү мазмундагы 38-2-пункт менен толукталсын: 

«38-2. Банк, күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жактарды жана эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карттары боюнча тейленген овердрафттарды эске албаганда, ипотеканы (мурабаха, истиснаа ж.б. келишимдери боюнча турак жай сатып алууга/курууга) жана чет өлкө валютасында керектөө максаттарына каржылоону сунуштай албайт. Мына ушундай каржылоолор боюнча төлөмдөрдү, каржылоо келишиминин валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт.»; 

- 45-пункттун: 

- биринчи абзацындагы “Банктын кардарларынын/өнөктөштөрүнүн укуктарынын, чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) тизмеги” деген сөздөр “Банк кардарларынын/өнөктөштөрүнүн чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялардын тизмеги” дегенге алмаштырылсын; 

- экинчи абзацтагы “улуттук” деген сөз “валютадагы” деген сөз менен толукталсын; 

- үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк, келишимге жана ички жол-жоболоруна ылайык, өзүндө кредиттик обокелдикти камтыган активдердин берилишине, өздөштүрүлүшүнө жана кайтарылып берилишине байланыштуу кардардын/өнөктөштүн бардык чыгашаларын көрсөтүүгө тийиш. Банк, кардарларга/өнөктөштөргө маалым болушу үчүн үчүнчү жактардын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча чыгашалар наркын (камсыздандыруу, нотариус ж.б. кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр) бул чыгашалар келечекте өзгөрүшү мүмкүндүгүнө шилтеме келтирүү менен үчүнчү жактардын келишим түзгөн күнгө карата колдонулган тарифтери боюнча чагылдырат.”; 

- жетинчи абзацтын үчүнчү сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Бүтүндөй каржылоо мезгили ичинде чегерилген айыптык төлөм (айыптык төлөмдөр, туумдар) өлчөмү сунушталган каржылоо суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш.»; 

- 67-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Каржылоо боюнча милдеттенмелердин толук аткарылышы үчүн төлөнгөн төлөм суммасы жетишсиз болуп калса, эң оболу карыздын негизги суммасы, андан соң кредитордун чыгымдары төлөнөт, ал эми акырында калган бөлүгү үстөк баа/кирешелер жана айыптык төлөмдөрдү төлөөгө багытталат.”;  

- 73-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“73. Күрөөлүк мүлктүн сакталып турушуна туруктуу контролдукту жүргүзүү жана анын ошол учурдагы наркынын өзгөрүшү ыктымалдыгын аныктоо максатында банк, күрөө сакталып турган жана жайгашкан жеринде ага мониторинг жүргүзүп турууга тийиш. Күрөөгө мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы каржылоо жана күрөө саясаттарына ылайык банк тарабынан өз алдынча аныкталат жана активдин сапатына жана башка факторлорго, анын ичинде, мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы жарым жылда кеминде бир жолу ишке ашырылып турган кыймылдуу мүлктү эске албаганда, жоготуу тобокелдигин эске алуу менен күрөөнүн түрүнө жараша жүргүзүлөт. Мында, жүгүртүүдөгү товарлар түрүндө күрөөгө мониторинг: 

- эгерде актив жүгүртүүдөгү товарлар түрүндөгү күрөө менен 40 жана андан ашык пайыз чегинде камсыздалган болсо, ай ичинде кеминде бир жолу; 

- эгерде актив жүгүртүүдөгү товарлар түрүндө күрөө менен 40 пайызга жетпеген чекте камсыздалган болсо, чейрек ичинде кеминде бир жолу; 

- эгерде активдин суммасы 250 000 сомдон ашпаса, жарым жылда кеминде бир жолу. 

Банк тарабынан күрөөлүк мүлктүн сакталышына контролдуктун камсыз кылынышы милдеттүү шарттан болууга тийиш. Мында, төмөнкү учурларга өзгөчө көңүл буруу зарыл:”; 

- 74-пункттун 16-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Таза суммардык капиталдын бир пайызынан ашкан өлчөмдөгү активди кайталап реструктуризациялоо чечими Банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат.”; 

- 83-пункттун бүтүндөй тексти боюнча “белгилөөгө тийиш” деген сөздөр “аткара алат” дегенге алмаштырылсын; 

- 1-тиркеменин: 

- төртүнчү пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Кардардын/өнөктөштүн (эгерде, карыз алуучу юридикалык жак болсо) акыркы отчеттук жыл үчүн финансылык отчету. Эгерде кардар/өнөктөш юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын аудиттен өтүүгө милдеттүү болсо, финансылык отчет тышкы аудитор тарабынан тастыкталууга тийиш. Мында, юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аралык финансылык отчетторун сунуштап турууга тийиш болсо, анда банк ошол отчетту юридикалык жактан талап кылышы зарыл.;.»; 

- 15-пункт күчүн жоготкон катары таанлысын. 

- 6-тиркеменин аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

- “Банк кардарларынын/өнөктөштөрүнүн чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялар тизмеги”; 

- - “Банк кардарынын/өнөктөшүнүн укугу” бөлүгү күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- - “Банк кардарынын/өнөктөшүнүн өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдери боюнча чыгашалары (төлөмдөрү)” бөлүгүнүн 7, 8, 9, 10 жана 11-саптары төмөнкү редакцияда берилсин: 

“ 

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариус ж.б. кызмат кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр) 

Келечекте мындай чыгашалардын өзгөртүлүшү ыктымалдыгын көрсөтүү менен чыгашалардын болжолдуу наркы (диапазону) чагылдырылат 

Кардардын/өнөктөштүн эсептеринен көчүрмөлөрдү берүү үчүн комиссиялык төлөмдөр 

Комиссиялык төлөмдөр (чыгашалар) банктын бекитилген тарифтерине ылайык көрсөтүлөт 

Валютаны конвертациялоо үчүн комиссиялык төлөм 

 

Башка чыгашалар 

 

». 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/14 “Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, “Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобо: 

- төмөнкү мазмундагы 28-1-пункт менен толукталсын: 

«28-1. МФУ, күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды эске албаганда, ипотеканы (мурабаха, ж.б. келишимдери боюнча турак жай сатып алууга/курууга) жана кардарга/жеке адамга чет өлкө валютасында керектөө максаттарына каржылоону сунуштай албайт. Мына ушундай каржылоолор боюнча төлөмдөрдү, кредиттик келишимдин валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт.»; 

- 45-пункттун экинчи сүйлөмүндө “банктын” деген сөз «МФУнун» деген сөзгө алмаштырылсын. 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/7 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар” жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, “Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобо: 

- төмөнкү мазмундагы 27-1-пункт менен толукталсын: 

«27-1. Кредиттик союз, күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды эске албаганда, ипотеканы (мурабаха, ж.б. келишимдери боюнча турак жай сатып алууга/курууга) жана кардарга/жеке адамга чет өлкө валютасында керектөө максаттарына каржылоону сунуштай албайт. Мына ушундай каржылоолор боюнча төлөмдөрдү, кредиттик келишимдин валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт.». 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/1 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон, экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө” жобонун:  

- 4.2-пунктунун: 

- 1-пунктчасынын үчүнчү абзацындагы “корреспонденттик” деген сөздөр “корреспонденттик жана башка” дегенге алмаштырылсын; 

- 2-пунктчасынын үчүнчү абзацындагы “жана/же” деген “жана.....” дегенге алмаштырылсын. 

- 4.9-пункттун 14-абзацындагы “жана/же” деген “жана.....” дегенге алмаштырылсын. 

7. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 30-сентябрындагы №39/4 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө” убактылуу жобо тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

токтомдун аталышында жана бүтүндөй тексти боюнча кездешкен “Убактылуу жобо” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “Жобо” дегенге алмаштырылсын; 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерге карата талаптар жөнүндө” убактылуу жобонун: 

аталышындагы жана бүтүндөй тексти боюнча кездешкен “Убактылуу жобо” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “Жобо” дегенге алмаштырылсын; 

жобонун I бөлүгү төмөнкү мазмундагы 1.6. жана1.7-пункттар менен толукталсын:  

«1.6. Келишим жана анын бардык тиркемелери бирдей шрифтте (өлчөмү 12) түзүлүүгө тийиш. 

1.7. Кардар, банкка бул тууралуу активди кайтарып бергенге чейинки кеминде 30 күн мурда маалымдаган шартта, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин ордун мөөнөтүнөн мурда жабууга, анын ичинде каржылоону алгандан алты ай өткөндөн кийин аны мөөнөтүнөн мурда төлөгөн болсо, ага карата айыптык санкция колдонулбайт. Чогуу жоопкерчиликтүү топтун бир катышуучусу топтун калган катышуучуларынын кат жүзүндөгү макулдугу болгон шартта гана мөөнөтүнөн мурда төлөөнү ишке ашырышы мүмкүн.»; 

2.2-пункттун 2.2.2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.2.2. Мурабаха келишиминде келишим предмети үчүн төлөө кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү негизде, утурумдук төлөмдөр менен ишке ашырылышы каралышы мүмкүн. Эгерде кардар бөлүп төлөө шартында сатылган келишим предмети үчүн кезектеги төлөмдү мөөнөтүндө төлөй албай калса, анда кардар айыптык төлөм (айыптык төлөм, туум) төлөөгө тийиш. Мында, келишим колдонулган бүтүндөй мөөнөт ичинде чегерилген айыптык төлөм өлчөмү сунушталган каржылоо суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. Айыптык төлөм (айыптык төлөм, туум) түрүндө алынган акча каражаттары финансы-кредит мекемеси менен аффилирленбеген уюмга кайрымдуулук максаттарына багытталууга тийиш. Айыптык санкциялар жана туумдар Шариат стандарттарында каралган учурда гана колдонулат.»; 

- 1-тиркеменин: 

- 7.2 -пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«7.2. Мудариб ушул келишимдин 2.7 жана 3.5-пункттарында көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү бузууга жол берген шартта, мөөнөтүндө төлөнбөгөн ар бир күн үчүн карыздын суммасынын ____% өлчөмүндө туумду __________кайрымдуулук фондусунун эсебине төлөйт”;   

- 9.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«9.3. Мударибдин демилгеси боюнча бул келишим мөөнөтүнөн мурда токтотулган шартта, мудариб келишимдин 2.1, 2.2 жана 2.5-пункттарын эске алуу менен келишим токтотулган учурга карата банк инвестициялаган сумманы ага кайтарып берет жана _________________сом өлчөмүндө айыптык төлөмдү_________________ кайрымдуулук фондусунун эсебине төлөйт.”;   

- 12.1-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 2-тиркеменин бүтүндөй тексти боюнча кездешкен “(№1 тиркеме)” деген сөздөр алынып салынсын. 

- 11- пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«11. Кардар бөлүп төлөө шартында сатылган товар үчүн төлөм графигинде белгиленген кезектеги төлөмдү мөөнөтүндө төлөй албай калса, анда ал______________сунушталган каржылоо суммасынын 20 пайызынан ашпаган өлчөмдө айыптык төлөмдү төлөйт, ал ____________________кайрымдуулук фондусуна багытталат”.