Кайта келүү

 

Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 23-декабрынын № 78\25 токтому 

 

 

 

 

 

 

“Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө” 

жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. “Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө” жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- 2005-жылдын 4-майындагы № 14/3 “Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө” жобо тууралуу”; 

- 2006-жылдын 8-февралындагы № 4/6 “Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу”; 

- 2008-жылдын 5-ноябрындагы № 40/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомго карата тиркеменин 1-пункту; 

- 2009-жылдын 29-июлундагы № 32/5 “Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 4-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 10-июнунда 75-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 14/3 “Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө” жобонун жаңы редакциясы тууралуу” токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу”; 

- 2012-жылдын 12-декабрындагы № 48/10 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомго карата тиркеменин 1-пункту; 

- 2013-жылдын 13-февралындагы № 4/2 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтомдун 1-пунктунун экинчи абзацы жана токтомго карата тиркеменин 1-бөлүгү

- 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/8 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомдун 1-пунктунун 3-пунктчасы жана токтомго карата тиркеменин 3-пункту; 

- 2014-жылдын 24-декабрындагы № 58/16 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомдун 1-пунктунун үчүнчү абзацы жана токтомго карата 1-тиркеменин 5-пункту; 

- 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/1 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтомдун 1-пунктунун экинчи абзацы жана Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна киргизилген өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун I бөлүгү

3. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Токтом расмий жарыялангандан он беш календарлык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, республика аймагында иштеп жаткан кредиттик союздарды жана алардын бирикмелерин (ассоциацияларын) тааныштырсын. 

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төрага Т.Абдыгулов  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 23- декабрындагы № 78/25 токтомуна 

тиркеме 

 

 

“Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө” 

 

ЖОБО 

 

“Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө” Жобо (мындан ары  Жобо) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын “Кредиттик союздар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө”, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоодон өткөртүү жөнүндө” мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана анда кредиттик союздарга, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган (банктык мыйзамдарда, анын ичинде Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында каралган атайы терминологияны эске алуу менен) кредиттик союздарга лицензия берүү тартиби, ошондой эле кредиттик союздардын кызмат адамдарына карата талаптар, филиалдарын ачуу жана кредиттик союздардын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиптери аныкталган. 

 

1-глава. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

1. Кредиттик союз кооператив формасында түзүлөт жана өз ишин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары  Улуттук банк) тарабынан берилген лицензиянын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келген уюштуруу документтеринин негизинде жүзөгө ашырат.  

2. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып юридикалык жак статусуна ээ болот. Кредиттик союзду мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өткөртүүдө Улуттук банктын кат жүзүндөгү макулдугу талап кылынат. 

3. Кредиттик союз өз ишин жүзөгө ашыруусу үчүн Улуттук банктын төмөнкү операцияларды жүргүзүү укугун берген лицензиясын алууга тийиш: 

- катышуучулар сактык пайларды сатып алуу аркылуу алардан акча каражаттарын тартуу; 

- кредиттик союздун катышуучуларына мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында кредит берүү

4. Улуттук банктын талаптарына ылайык алган кошумча лицензиясында ошол операциялар көрсөтүлгөн шартта кредиттик союз төмөнкү банктык операцияларды кошумча жүргүзүшү мүмкүн:  

1) өз катышуучуларынан улуттук жана чет өлкө валюталарында аманаттарды (депозиттерди) тартуу; 

2) банк менен түзүлгөн агенттик келишим боюнча  кредиттик союзда кардарларга эсеп ачуусуз чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу; 

3) банк же ыйгарым укуктуу башка финансы-кредит мекемеси менен түзүлгөн келишимдин негизинде кредиттик союзда эсеп ачуусуз кредиттик союздун катышуучуларынын тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү

4) өз атынан чет өлкө валютасын сатып алууну жана сатууну жүзөгө ашыруу; 

5) кредиттик союздун катышуучуларына мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында чет өлкө валютасында кредит берүү

5. Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы болгон шартта (лицензияда көрсөтүлсө) кредиттик союз Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын негизинде ушул Жобонун 3 жана 4-пункттарында финансылык кызматтарды (операцияларды) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга укуктуу. 

6. Кредиттик союздун касса жайлары Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу талаптарга жооп берген шартта гана кредиттик союз ушул Жобонун 3 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу (1-тиркеме).  

7. Улуттук банктын лицензиясын алганга чейин кредиттик союзга өз ишин уюштурууга байланыштуу иштерди эске албаганда, юридикалык жак катары кандайдыр бир ишти жүзөгө ашырууга тыюу салынат. 

8. Кредиттик союз лицензияда (кошумча лицензияда) көрсөтүлгөн операцияларды гана жүзөгө ашырууга укуктуу. 

9. Кредиттик союздун лицензия (кошумча лицензия) алууга документтери ушул Жобонун талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана/же расмий тилдеринде анын жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка сунушталат: 

- Бишкек шаарында жана Чүй областында жайгашкан кредиттик союздар - Улуттук банктын борбордук аппаратына; 

- Чүй жана Баткен областынан тышкары, Кыргыз Республикасынын областтарында жайгашкан кредиттик союздар - Улуттук банкынын областтык башкармалыктарына; 

- Баткен областында жайгашкан кредиттик союздар - Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө

10. Кредиттик союздун ушул Жобого ылайык Улуттук банкка берилген бир нече барактан турган кредиттик союз тарабынан кабыл алынган анын уюштуруу документинин же башка чечиминин ар бир нускасы же көктөлүп, номерленип, ага кредиттик союздун жетекчисинин колу коюлуп жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү зарыл (болгон болсо). Юридикалык жактын өкүлү болуп саналган жетекчинин кол коюусу юридикалык жактын мөөрү менен бекитилүүсү тийиш.  

Сунуштала турган документтердин көчүрмөлөрү белгиленген тартипте күбөлөндүрүүсү зарыл. 

11. Кредиттик союздун уюштуруу документтери анын бардык катышуучулары (катышуучулардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү) тарабынан кол коюлууга тийиш. Катышуучу-жеке адамдын кол тамгасы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө, ал эми катышуучу-юридикалык жактын өкүлү болуп саналган ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

12. Кредиттик союзга лицензия (кошумча лицензия) берүү акы төлөөнүн негизинде жүргүзүлөт. Лицензия берүү (лицензияны кайра тариздетүү, лицензиянын дубликатын берүү) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнгөндүгүн тастыктаган төлөм документи өтүнүч ээси тарабынан сунушталган шартта лицензия берилет.  

13. Ушул Жободо белгиленген документтерди Улуттук банкка толук көлөмдө тапшырылбаса же алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында (анын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында) жана ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе, Улуттук банк ушул Жобонун талаптарына ылайык документтерди кароого берилген мөөнөт ичинде кат жүзүндө себептерин көрсөтүү менен аларды жеткире иштеп чыгууга кайтарып берет. 

14. Ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча жеткире иштелип чыккан документтер Улуттук банкка кредиттик союз тарабынан сунушталган учурда же эгер документтер Улуттук банк тарабынан кароого алуу мезгилинде кошумча документтер сунушталса, анда аларды кароо мөөнөтү ушул Жобоунун талаптарына ылайык келген документтерди алган күндөн тартып кайра эсептелинет. 

15. Документтер Улуттук банк тарабынан кароого алуу мезгилинде кредиттик союздун уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүнү талап кылган кредиттик союздун аталышы, жайгашкан орду жана анын катышуучуларынын курамы өзгөргөн учурда, өтүнүч ээси кредиттик союздун ыйгарым укуктуу башкаруу органы тарабынан мындай чечим кабыл алынгандан тартып 3 (үч) жумуш күн ичинде бул тууралуу маалымдоого жана сунушталган өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор менен уюштуруу документтерин сунуштоого тийиш.  

16. Кредиттик союз сунушталган документтерде чагылдырылган маалыматтардын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.  

 

2-глава. ЛИЦЕНЗИЯ АЛУУ ҮЧҮН СУНУШТАЛА ТУРГАН ДОКУМЕНТТЕР 

 

17. Лицензия алуу үчүн кредиттик союз жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт: 

1) лицензия берүүгө өтүнүч кат (2-тиркеме); 

2) төмөнкү чечимдер камтылган кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйында толтурулган протоколу (эки нускада): 

- кредиттик союзду түзүү жөнүндө

- Башкарманын, Байкоо кеңешинин (болгон шартта), Кредиттик комитеттин, Ревизиялык комиссиянын Төрагасын жана мүчөлөрүн шайлоо/дайындоо жөнүндө

- Шариат кеңешинин Төрагасын жана мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө (эгерде кредиттик союз өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга ниеттенген болсо); 

- башкы бухгалтерди дайындоо жөнүндө (штаттык тизимде башкы бухгалтер кызмат орду каралбаса, башкы бухгалтердин укугу берилген бухгалтерди же чакырылган бухгалтерди) (мындан ары  башкы бухгалтер); 

- кредиттик саясатты/ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча саясатты бекитүү тууралуу; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелер боюнча.  

3) кредиттик союзду түзүү жөнүндө уюштуруу келишими (эки нускада); 

4) кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынында бекитилген уставы (эки нускада); 

5) кызмат адамдарынын (Башкарманын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, Байкоо кеңешинин төрагасы (эгерде болгон болсо) башкы бухгалтердин анкеталары (эгерде кредиттик союз өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга ниеттенип, ошондой эле Шариат кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн анкеталары) 3-тиркемеде белгиленген формага жана талаптарга ылайык сунушталат, ошондой эле ушул Жободо жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга алардын ылайык келүүсүн тастыктаган маалыматтар жана документтер (сертификаттар/же ушул сыяктуу башка документтер, зарылчылык келип чыккан учурда  дипломдун, эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү). 

6) кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы (уюштуруу) жыйынында бекитилген, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана төмөнкүлөрдү камтыган кредиттик саясат/ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча саясат (кредиттөө/каржылоо боюнча колдонмо): 

- кредит/каржылоо алууга документтерди карыз алуучу тарабынан сунуштоо эрежелери жана тартиби; 

- кредит/каржылоо берүү шарттары жана эрежелери; 

- кредиттик комитеттин/каржылоо боюнча комитеттин милдеттери жана ыйгарым укуктары; 

- кредиттик операциялар/каржылоо операциялары боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү эрежелери; 

- кредиттерге/каржылоого мониторинг жүргүзүү тартиби. 

7) тартылган сактык пайлардын көлөмү, кредит/каржылоо көлөмү жана кредиттик союздун катышуучуларынын саны боюнча болжолдуу балансты келтирүү менен болжолдуу эсептөөлөр; 

8) кредиттик союздун катышуучуларынын жана ушул пункттун 6-пунктчасында көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын паспортторунун көчүрмөлөрү

9) кредиттик союздун катышуучулары  юридикалык жактар тууралуу маалыматтар (ошол юридикалык жактардын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү); 

10) кредиттик союздун жалпы уюштуруу түзүмү тууралуу маалыматтар (башкаруу органдары, түзүмдүк бөлүмдөр (башкармалыктар, бөлүмдөр), алардын функционалдык милдеттери, кароого алынып жаткан маселелер чөйрөсү же алар жүргүзүүгө ыйгарым укук чегерилген операциялар тизмеси, кимге караштуулугу; 

11) ээлеп турган жайга менчикке укугун тастыктаган документтин же ошол жайды ижарага алуу келишиминин көчүрмөсү (кредиттик союздун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү). 

Ушул пункттун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн уюштуруу документтериндеги уюштуруучулар  жеке адамдардын кол тамгалары нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш, катышуучу  юридикалык жактын өкүлү болуп саналган ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы юридикалык жактын мөөрү басылууга тийиш. 

18. Улуттук банк лицензия берүүгө өтүнүчтү Улуттук банкка сунушталган күндөн кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде кароого алат. 

Өтүнүчтү кароо мөөнөтү көзөмөл жана лицензиялоо маселелерин тескөөгө алган Улуттук банктын Төрагасынын орун басары тарабынан 10 (он) календардык күнгө узартылышы мүмкүн. 

19. Сунушталган документтер толук сунушталып, белгиленген талаптарга ылайык келген жана баш тартуу үчүн негиз жок болгон шартта ушул Жобонун 17-пунктунун 2-4-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтердин бир нускасын кошо тиркөө менен Улуттук банк кредиттик союздун мамлекеттик каттоодон өтүүгө макулдугу тууралуу кат берет. 

 

3-глава. КЫЗМАТ АДАМДАРЫНА КАРАТА ТАЛАПТАР 

 

20. Башкарманын төрагасы жана мүчөлөрү, Байкоо кеңешинин төрагасы (эгерде болгон болсо), Шариат кеңешинин Төрагасы жана мүчөлөрү (операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган кредиттик союздар үчүн) жана башкы бухгалтери кредиттик союздун кызмат адамдарынан болуп саналат.  

21. Ушул Жобонун 20-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттик союздун кызмат адамдары төмөндө келтирилген минималдуу талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

1) Башкарманын төрагасы жана мүчөлөрү, Байкоо кеңешинин төрагасы үчүн (эгерде болгон болсо): 

- жогорку билимге (экономикалык билиминин болушу артыкчылыктуу) же жетекчи катары кеминде 3 (үч) жылдык иш тажрыйбасы (орто-атайы экономикалык билимге ээ болгон шартта) болууга ; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде кредиттик союздардын ишин жөнгө салган, ошондой эле активдерди жана пассивдерди тескөө, кредиттөө жана күрөөнү өндүрүү чөйрөсүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын билүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн чөйрөдөгү билими тиешелүү сертификаттар жана/же аталган багыттарда иш стажы жок болгон учурда, ушул багытта окутуудан өткөндүгү тууралуу башка документтер менен тастыкталууга тийиш. 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишин жүзөгө ашырган кредиттик союздун Башкармасынын төрагасы жана мүчөлөрү ушул пунктчанын талаптарына кошумча Ислам банк иши жана каржылоо принциптери чөйрөсүн жана ушул чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын (аны менен бирге Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын) билүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн чөйрөдөгү билимдер тиешелүү сертификаттар жана/же ушул багыттарда окутуудан өткөндүгү тууралуу башка документтер менен тастыкталууга тийиш. 

2) Шариат кеңешинин Төрагасы үчүн: 

- Шариат чөйрөсүндө укук жана/же финансылык ишкердик багытында жогорку билими тууралуу дипломунун болуусу же болбосо жогорку билими тууралуу дипломунун жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган финансы-кредит мекемесинин жетекчи кызмат орунунда кеминде 1 (бир) жыл иш стаж болушу; 

- Улуттук банктын негизги ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча банктык мыйзамдар чөйрөсүндө билими болууга тийиш. Көрсөтүлгөн чөйрөдөгү билими тиешелүү сертификаттар жана/же ушул багытта окутуудан өткөндүгү тууралуу башка документтер менен тастыкталууга тийиш. 

3) Шариат кеңешинин мүчөлөрү үчүн: 

- жогорку билими тууралуу дипломго ээ болууга; 

- Улуттук банктын негизги ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча банктык мыйзамдарын билүүгө

- ислам банк иши жана каржылоо принциптери багытында окутуудан ийгиликтүү өткөндүгү жөнүндө документтер менен тастыкталган билими болууга тийиш. 

Көрсөтүлгөн чөйрөдөгү билими тиешелүү сертификаттар жана/же ушул багытта окутуудан өткөндүгү тууралуу башка документтер менен тастыкталууга тийиш. 

4) башкы бухгалтер: 

- экономика жана финансы чөйрөсүндө жогорку билими же бухгалтердик эсепке алуу чөйрөсүндө 1 (бир) жыл иш стажы болууга (бухгалтердик эсепке алуу боюнча экзаменди ийгиликтүү тапшырууну кошо алганда, экономика жана финансы чөйрөсүндө орто-кесиптик билими болгон шартта); 

- сертификат жана/же ушул багытта окутуудан өткөндүгү тууралуу башка документтер менен тастыкталган эсепке алуунун жана отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын негиздерин билүү;  

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишин жүзөгө ашырган кредиттик союздун башкы бухгалтери ушул пунктчанын талаптарына кошумча тиешелүү сертификаттар жана/же аталган багытта окутуудан өткөндүгү тууралуу башка документтер менен тастыкталган Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит уюмунун (AAOIFI) стандарттарын билүүгө тийиш. 

22. Улуттук банк тиешелүү документтерди кароого алган мезгил ичинде ушул Жобонун 20-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдарын, ошондой эле Кредиттик комитеттин жана Ревизиялык комиссиянын төрагасы шайланса/кайра шайланса/дайындалса, кредиттик союз 10 (он) календардык күн ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен билдирме-кат сунуштайт: 

1) кредиттик союздун ыйгарым укуктуу башкаруу органынын шайлоо/кайра шайлоо/дайындоо тууралуу чечими (кредиттик союздун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү); 

2) 3-тиркемеде белгиленген формага жана талаптарга ылайык анкеталары (кызмат адамдары үчүн гана); 

3) алардын ушул Жободо жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келүүсүн тастыктаган маалыматтар жана документтер (кызмат адамдары үчүн гана); 

23. Улуттук банк ушул Жобонун 22-пунктунда белгиленген документтерди алар сунушталган күндөн кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде кароого алат. 

24. Ушул Жобонун 20-пунктунда белгиленген кредиттик союздун кызмат адамдары катары төмөнкү учурларда кызмат адамдары боло албайт, эгерде:  

- “Кредиттик союздар жөнүндө” мыйзамдын 18-1-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн талаптарына ылайык келбесе; 

- ушул Жободо жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген минималдуу талаптарга жооп бербесе; 

- соттун талапкерге карата ишкердиктин бул түрү менен алектенүүгө тыюу салган жана/же аны экономика чөйрөсүндө кылмыш ишине жана/же кызматтык кылмыштарга жол бергендигин тааныган чечими болсо; 

- талапкердин алгылыксыз иш аброю тууралуу ырастаган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чечими, корутундусу, текшерүү материалдары болсо; 

- буга чейин Улуттук банк тарабынан колдонулган эскертүү чараларынын жана санкцияларынын алкагында талапкерди четтетүү жана алмаштыруу жөнүндө Улуттук банктын чечими болсо; 

- талапкерди лицензияны/күбөлүктү кайтарып алууга жана/же финансы-кредит мекемесинин төлөөгө жөндөмсүздүгүнө алып келген мыйзам бузгандыгына күнөөлүү деп тааныган Улуттук банктын чечими болсо. 

25. Аларга карата кылмыш иши козголгон талапкерлерди кароого алуу тиешелүү тастыктоочу документтерди алган учурдан тартып токтотулат. Бул тууралуу билдирме талапкерди Улуттук банктын талаптарына ылайык келишине кароого алуу жол-жобосу токтотулгандан тартып 3 (үч) жумуш күн ичинде кредиттик союзга жөнөтүлөт. 

26. Талапкерлер Улуттук банктын минималдуу талаптарына ылайык келиши/ылайык келбеши тууралуу талаш маселелер же каршылыктар (макул эместиктер) келип чыккан учурда, алар минималдуу талаптарга ылайык келиши боюнча маселени кайталап кароого алуу тууралуу өтүнүч менен Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөлдөө жана лицензиялоо маселелерин тескөөгө алган орун басарына кайрылса болот. 

 

4-глава. ИШКЕРДИКТИ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУГА ЛИЦЕНЗИЯ БЕРҮҮ ТАРТИБИ 

 

27. Мамлекеттик каттодон өткөндөн кийин ишкердикти жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн кредиттик союз жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт: 

1) лицензия берүүгө өтүнүч кат (4-тиркеме); 

2) мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө белгиси коюлган кредиттик союздун уюштуруу документтеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

3) кредиттик союздун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү

4) түзүлүп жаткан кредиттик союздун топтоо (депозит) эсебинде жарыяланган уставдык капиталдын суммасынан 100 пайызга барабар болгон толук көлөмдө акча каражаттарынын болушу тууралуу коммерциялык банктын кат жүзүндөгү тастыктамасы; 

5) лицензияны алуу үчүн төлөмдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.  

28. Лицензия (5 жана 6-тиркемелер), ушул Жобонун 27-пунктуна ылайык документтер Улуттук банкка сунушталгандан кийинки 10 (он) календардык күн ичинде берилет. 

29. Лицензия кредиттик союздун жетекчисине анын инсандыгын тастыктаган документти сунуштаган шартта же кредиттик союздун жетекчисинин ишеним катынын негизинде жана инсандыгын тастыктаган документти сунуштаган шартта ыйгарым укуктуу жакка берилет.  

30. Улуттук банк кредиттик союздарга берилген лицензиялардын бирдиктүү реестрин жүргүзөт. 

31. Кредиттик союздун лицензиясы (кошумча лицензиясы) ажыратылып алынгыс (өздүк) болуп саналат. Лицензияда белгиленген укуктарды үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө жол берилбейт. Буга жол берилген шартта Улуттук банк юридикалык жакка кредиттик союз катары иш алып барууга тыюу салуу менен лицензияны кайтарып алат. Лицензиянын (кошумча лицензиянын) колдонуу мөөнөтү чектелген эмес. Лицензиянын (кошумча лицензиянын) көчүрмөлөрү жараксыз болуп саналат. 

32. Лицензиянын (кошумча лицензиянын) түп нускасы жоголгон (жараксыз) болуп калган шартта, кредиттик союз документтин жоголгондугун (жараксыз) болуп калгандыгын тастыктаган бардык документтерди тиркөө менен дубликат берүү жөнүндө өтүнүч катты Улуттук банкка сунуштайт (жараксыз болуп калган шартта жараксыз лицензияны, жоготкон учурда  жалпыга маалымдоо каражаттарында лицензиянын реквизиттерин көрсөтүү менен жоголгондугу тууралуу жарыялоо жана табылган буюмдар бюросунан маалымкатты). Лицензиянын дубликатын берүү, өтүнүч кат жана тиешелүү документтер Улуттук банкка сунушталган күндөн кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде лицензияны алуу үчүн төлөм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө төлөнгөндүгү тууралуу дүмүрчөктү тиркөө менен жүргүзүлөт.  

Лицензиянын (кошумча лицензиянын) түп нускасы табылгандан кийин 3 (үч) күндүн ичинде кредиттик союз Улуттук банкка лицензиянын түп нускасын түшүндүрүүлөрдү тиркеп сунуштоого зарыл. 

 

5-глава. КАТЫШУУЧУЛАРДАН АМАНАТТАРДЫ (ДЕПОЗИТТЕРДИ) ТАРТУУ УКУГУНА КОШУМЧА ЛИЦЕНЗИЯ БЕРҮҮ ТАРТИБИ 

 

33. Кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартууга кредиттик союз, анын ичинде “мудараба” жана “кард-хасан” бүтүмдөрү боюнча кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган кредиттик союз үчүн кошумча лицензия кредиттик союз төмөнкү минималдуу талаптарга ылайык келген шартта гана берилет: 

1) акыркы 2 (эки) жыл ичинде пайдага ээ болуу менен иш алып барса; 

2) кеминде 2,0 (эки) млн. сом өлчөмүндөгү суммардык капитал; 

3) институционалдык капиталы кредиттик союздун суммардык активдеринин кеминде 12 (он эки) пайыз өлчөмүндө

4) классификацияланган кредиттердин кредит портфелине карата катышы 5 (беш) пайыздан ашпаса/ өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган классификацияланган активдердин каржылоо боюнча портфелине карата катышы ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздар үчүн 5 (беш) пайыздан ашпаса; 

5) жазма буйруктар, талаптар жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген экономикалык ченемдер аткарылса (же жерине барып текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча аткарылса); 

6) депозит саясатынын жана ликвиддүүлүктү тескөө саясатынын болушу. 

34. Кредиттик союздун Улуттук банктын талаптарына жана ченемдерине ылайык келүүсү Улуттук банк кредиттик союздун ишине жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде аныкталат же болбосо мында кредиттик союз өз катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна кошумча лицензия алууга өтүнүчтү Улуттук банкка сунуштаганга чейинки акыркы 6 (алты) ай ичинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктары эске алынышы мүмкүн. 

35. Кредиттик союз катышуучулардан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна кошумча лицензия алуу үчүн анын жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш: 

1) өз катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна кошумча лицензия берүүгө өтүнүч кат (2-тиркеме); 

2) катышуучулардын аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна кошумча лицензия алуу жана ликвиддүүлүктү тескөө маселесин камтыган депозит саясатын бекитүү жөнүндө чечимди камтыган кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы чогулушунан толтурулган протокол (кредиттик союздун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү) же протоколдон көчүрмө

3) катышуучулардын жалпы жыйынынын чечими менен бекитилген депозит саясаты; 

4) кредиттик союздун депозиттерди кабыл алуу операцияларынын болжолдонгон көлөмүн жана санын, болжолдуу балансын келтирүү менен кредиттик союздун катышуучуларынан депозиттерди тартуу боюнча операцияларды жүзөгө ашыруусуна экономикалык негиздеме берүү

5) кредиттик союздун катышуучуларынын тизмеси. 

36. Катышуучулардан депозиттерди тартуу операцияларын жүзөгө ашыруусуна кредиттик союздардын экономикалык негиздеме берүү учурунда төмөнкүлөр аныкталууга тийиш: 

1) кредиттик союздун төмөнкүдөй негизги болжолдуу баланстык көрсөткүчтөрү: бардыгы болуп активдер (анын ичинде кредит портфели), бардыгы болуп милдеттенмелер (анын ичинде депозит базасы, адистештирилген финансы-кредит мекемеси (“Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсынын жана башка финансы-кредит мекемелеринин кредиттери боюнча карыздар), катышуучулардан аманаттарды (депозиттерди) тартуу операцияларын жүзөгө ашырган учурда жана операциялардын бул түрүн жүзөгө ашырбаган учурда (салыштырма талдап-иликтөө) бардыгы болуп капитал (анын ичинде институционалдык капитал, үлүштүк капитал); 

2) кредиттик союздун пайда жана чыгым жөнүндө отчетунун төмөнкүдөй негизги болжолдуу көрсөткүчтөрү: катышуучулардан аманаттарды (депозиттерди) тартуу операцияларын жүзөгө ашырган учурда жана операциялардын бул түрүн жүзөгө ашырбаган учурда пайыздык кирешелер, пайыздык эмес кирешелер, пайыздык чыгашалар, операциялык чыгашалар, (салыштырма талдап-иликтөө); 

3) кредиттик союздун катышуучуларынан депозиттерди кабыл алуу боюнча операцияларын кредиттик союздун экономикалык ченемдерди аткаруусуна жана сунушталуучу кредиттер боюнча кредиттик союздун пайыздык чендеринин өзгөрүүсүнө таасири; 

4) аларга негиздеме берүү менен катышуучулардан тартылган депозиттер боюнча пайыздык чендерди депозит түрлөрү жана мөөнөттөрү боюнча эсептөө

5) кредиттик союз катышуучулардан депозиттерди тартуу операцияларын жүзөгө ашырган учурда “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсынын жана башка финансы-кредит мекемелеринин кредиттери боюнча милдеттенмелер мөөнөтү үчүн же “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсы жана башка финансы-кредит мекемелери алдында кредиттер боюнча милдеттенмелер жок болгон учурда 1 (бир) жыл үчүн акча каражаттарынын агымынын болжолдуу эсеби. 

37. Кредиттик союздун уставына өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду өз катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга байланыштуу киргизүү зарылчылыгы келип чыккан учурда, мындай өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү ушул Жобонун 8-главасында белгиленген тартипте алдын ала макулдашылат. 

38. Улуттук банк кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна кошумча лицензия берүү жөнүндө өтүнүчтү алар Улуттук банкка сунушталгандан кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде кароого алат. 

Өтүнүчтү кароого алуу мөөнөтү Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл жана лицензиялоо маселелерин тескөөгө алган орун басары тарабынан 10 (он) календардык күнгө узартылышы мүмкүн. 

39. Сунушталган документтер толук жана алардын белгиленген талаптарга ылайык келип, баш тартуу үчүн негиз жок болгон шартта жана кредиттик союз тарабынан кошумча лицензияны алууга жетиштүү түрдө негиздеме болуп, ошондой эле лицензияны алуу үчүн төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмүндө төлөнгөндүгү тууралуу дүмүрчөктү сунуштаган шартта, Улуттук банк кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна кошумча лицензияны берет (7 жана 8-тиркемелер). 

 

6-глава. КОШУМЧА ФИНАНСЫЛЫК КЫЗМАТТАРДЫ (ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ) ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ УКУГУНА КОШУМЧА ЛИЦЕНЗИЯ БЕРҮҮ ТАРТИБИ 

 

40. Кредиттик союз өтүнүч менен кайрылган учурда төмөндө келтирилген минималдуу талаптарды сактаган шартта ага ушул Жобонун 4-пунктунун 2-5-пунктчаларында көрсөтүлгөн операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна кошумча лицензия берилет: 

1) кеминде 2 (эки) млн. сом өлчөмдөгү суммардык капитал; 

2) кошумча лицензияны талап кылган операцияларды жүзөгө ашыруу боюнча ички ченемдик документтердин болушу (саясат же башка документтер); 

3) кредиттик союздун катышуучуларынан улуттук жана/же чет өлкө валютасында аманаттарды (депозиттерди) тартууга лицензиянын болушу. 

41. Кошумча лицензия алуу үчүн кредиттик союз анын жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш: 

1) кошумча лицензия алууга өтүнүч (2-тиркеме); 

2) кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынында кабыл алынган операциялар чөйрөсүн кеңейтүү жөнүндө чечимди камтыган протокол (кредиттик союздун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү) же протоколдон көчүрмө

3) кошумча лицензияны талап кылган операциялар көлөмүнүн болжолдуу эсептөөлөрү менен экономикалык негиздемеси; 

4) кредиттик союздун кошумча лицензияны талап кылган операцияларды жүзөгө ашыруу тартибин жөнгө салган ченемдик документтери (саясаты же башка документтери) буга ушул документтердин бекитилгендиги жөнүндө кредиттик союздун башкаруу органынын чечиминин көчүрмөсү кошо тиркелет; 

5) жайлардын ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн техникалык жактан жабдылышы жана алардын коргоого алынышы боюнча талаптарга ылайык келиши жөнүндө акт (өз атынан чет өлкө валютасын сатып алууну жана сатууну жүзөгө ашыруу укугуна кошумча лицензияны алууда). 

Кредиттик союз өз атынан чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн кошумча лицензияны алуу учурунда Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы № 42/1 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобонун талаптарынын чегинде иш алып барууга тийиш. 

42. Кредиттик союздун уставына өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду кошумча лицензияны талап кылган операцияларды жүзөгө ашырууга байланыштуу киргизүү зарылчылыгы келип чыккан учурда, мындай өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү ушул Жобонун 8-главасында белгиленген тартипте алдын ала макулдашылат. 

43. Улуттук банк кошумча лицензия берүү жөнүндө өтүнүчтү алар Улуттук банкка сунушталгандан кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде кароого алат. 

44. Сунушталган документтер толук жана алардын белгиленген талаптарга ылайык келген, баш тартуу үчүн негиз жок болгон жана кредиттик союз тарабынан кошумча лицензияны алууга жетиштүү түрдө негиздеме болгон, ошондой эле лицензияны алуу үчүн төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмүндө төлөнгөндүгү тууралуу дүмүрчөктү берген учурда, Улуттук банк ушул Жобонун 4-пунктунун 2-5-пунктчаларында белгиленген операцияларды жүргүзүү укугуна кошумча лицензияны берет (7 жана 8-тиркемелер). 

 

7-глава. ФИЛИАЛДЫ АЧУУ ТАРТИБИ 

 

45. Кредиттик союз республика аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкердикти жүзөгө ашырган филиал ачууга укуктуу. Кредиттик союздун филиалын ачуу жөнүндө чечим анын катышуучуларынын жалпы жыйынында кабыл алынат.  

46. Юридикалык жак болуп саналбаган, кредиттик союз жайгашкан жерден тышкары жайгашкан, Филиал жөнүндө Жобонун негизинде операциялардын бардык түрүн же алардын бир бөлүгүн жүзөгө ашырган, кредиттик союз тарабынан берилген ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барган обочолонгон бөлүм кредиттик союздун филиалы болуп саналат. Кредиттик союздун филиалы (анын ичинде анын жайгашкан орду) тууралуу маалымат кредиттик союздун уставында камтылууга тийиш.  

47. Филиал кредиттик союз менен биргеликте капиталга, баланска, ошондой эле кредиттик союздун аталышына толугу менен дал келген, “филиал” деген сөз менен коштолгон аталышка ээ.  

48. Филиалдын жетекчиси кредиттик союздун ыйгарым укуктуу башкаруу органы тарабынан дайындалат жана белгиленген тартипте берилген ишеним каттын негизинде иш алып барат. Ишеним катта операциялар тизмеги жана филиалдын жетекчиси кредиттик союздун атынан жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу башка иш-аракеттер көрсөтүлүүгө тийиш. 

49. Кредиттик союз төмөнкү талаптарга жооп берген шартта, ал тууралуу Улуттук банктын макулдугунун негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында өз филиалдарын ача алат: 

1) кредиттик союздун финансылык абалынын начарлашынан улам Улуттук банктын өзгөчө көзөмөлдүгүнө алынбаса; 

2) Улуттук банк тарабынан чектөөлөрдү белгилөө же филиал ачууга тыюу салуу аркылуу кредиттик союздун өнүгүшүнө чектөөлөр киргизилбесе; 

3) кредиттик союз Улуттук банктын капитал боюнча талаптарын так аткарса; 

4) испектордук текшерүүнүн жана анын ишине тышкы көзөмөлдүктүн жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрү жана талаптары аткарылса; 

5) филиал жайгаштырылуучу жай Улуттук банктын минималдуу талаптарына жооп берсе (1-тиркеме). 

50. Филиал ачуу үчүн кредиттик союз филиалды ачуу жөнүндө чечимди кредиттик союздун ыйгарым укуктуу башкаруу органы тарабынан кабыл алынгандан кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде анын жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт: 

1) филиал ачуу жөнүндө өтүнүч (9-тиркеме); 

2) кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынында филиал ачуу жөнүндө протоколу же протоколдон көчүрмө

3) тиешелүү өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген филиал жөнүндө устав жана анын көчүрмөсү (кредиттик союздун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү); 

4) кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынынын чечими менен бекитилген филиал жөнүндө Жобо жана анын көчүрмөсү (кредиттик союздун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү), анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

өтүнүч менен кайрылган кредиттик союздун аталышына толугу менен дал келген, “филиал” деген сөз менен коштолгон филиалдын аталышы; 

- филиал ачкан кредиттик союздун аталышы жана жайгашкан орду; 

- филиалдын юридикалык дареги; 

- филиалды түзүү максаттары; 

- филиал жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу операциялар тизмеги; 

- пландаштырылган операциялардын көлөмү жана мүнөзү

- филиалдын жетекчисинин ыйгарым укуктары жана милдеттери, башкы кредиттик союз тарабынан натыйжалуу контролдукту жүзөгө ашыруу каралууга тийиш болгон анын укуктары жана милдеттери; 

- филиалдын ишин токтотуу шарттары; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маалыматтар. 

5) дайындалгандыгы тууралуу ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечимин (кредиттик союздун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү) тиркөө менен филиалдын жетекчиси жана башкы бухгалтери жөнүндө маалыматтары (аты-жөнү, билими, иш тажрыйбасы); 

6) жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген операцияларды жана бүтүмдөрдү көрсөтүү менен филиалдын жетекчисине берилген ишеним кат (кредиттик союздун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү); 

7) кредиттик союздун ишине таасир этүү көз карашынан филиалдын келечектеги ишине баа берүү жана филиалдын кирешелүүлүгүн болжолдуу эсептөө

8) жайды ижарага алуу келишими же ээлеп турган жайга менчик укугун тастыктаган документ (кредиттик союздун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү). 

51. Улуттук банк кредиттик союздун филиалды ачуу жөнүндө өтүнүчүн алар Улуттук банкка келип түшкөндөн кийинки 15 (он беш) календардык күн ичинде кароого алат. Эгерде сунушталган документтер толук жана белгиленген талаптарга ылайык келсе жана четке кагуу үчүн негиз жок болсо, Улуттук банк филиал жөнүндө уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүгө байланыштуу филиалды мамлекеттик каттоодон жана кредиттик союздун мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүү үчүн ушул Жобонун 50-пунктунун 3 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтердин бирден түп нускасын кошо тиркөө менен макулдук берет. 

52. Улуттук банк Ушул Жобонун 49 жана 50-пунктарында белгиленген талаптарын аткарбаганы аныкталган шартта, Улуттук банк кредиттик союздун дарегине филиал жөнүндө өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүгө байланыштуу филиалды мамлекеттик каттоодон жана кредиттик союздун мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүүгө макулдук берүүдөн баш тартуу тууралуу кат жөнөтөт. 

53. Кредиттик союздун филиалын ачуу/жабуу тууралуу билдирбесе же ушул Жободо белгиленген мөөнөттү бузуу менен билдирсе, Улуттук банк кредиттик союзга карата Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

54. Кредиттик союз филиалды мамлекеттик каттоодон жана кредиттик союздун мамлекеттик кайра каттоодон өткөн учурдан кийинки 5 (беш) жумуш күн ичинде төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен анын жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка билдирүү-кат сунуштайт: 

1) кредиттик союздун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, филиалдын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү

2) кредиттик союздун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү белгиси менен филиал жөнүндө Жобонун көчүрмөсү

3) кредиттик союздун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн кредиттик союздун мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү

4) кредиттик союздун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, филиал жөнүндө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген уставдын мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү белгиси менен көчүрмөсү

55. Кредиттик союздун филиалын жабуу чечими анын катышуучуларынын жалпы жыйынында кабыл алынат. Филиалды жабуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде кредиттик союз Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого милдеттүү

1) филиалды жабуу жөнүндө өтүнүч (9-тиркеме); 

2) кредиттик союздун катышуучулардын жалпы жыйынында толтурулган протокол (кредиттик союздун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү) же андан көчүрмө

3) юридикалык жактарды каттоодон өткөртүүнү жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын филиалдын ишинин токтотулгандыгын каттоо жөнүндө документтин көчүрмөсү

56. Улуттук банк кредиттик союздардын филиалдарынын реестрин жүргүзөт.  

 

8-глава. УСТАВГА ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ ЖАНА/ЖЕ ТОЛУКТООЛОРДУ КИРГИЗҮҮ ТАРТИБИ 

 

57. Кредиттик союздун уставына сунушталган өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш. 

58. Уставга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду Улуттук банк менен макулдашуу үчүн жана мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүү үчүн кредиттик союз анын жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт: 

1) уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө өтүнүч; 

2) кредиттик союздун катышуучулары тарабынан жалпы жыйында кабыл алынган протоколдо уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечиминин көчүрмөсү же протоколдон көчүрмө

3) жаңы редакциядагы устав жана анын көчүрмөсү

4) жайды ижарага алуу келишими же кредиттик союздун ээлеп турган жайга менчик укугун белгилөөчү документ (кредиттик союздун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмө) (кредиттик союздун юридикалык дареги өзгөргөн шартта). 

59. Ушул Жобонун 58-пунктунда көрсөтүлгөн документтер, катышуучулардын жалпы жыйынында кредиттик союздун уставына өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде Улуттук банкка сунушталат.  

60. Улуттук банк уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө өтүнүчтү алар Улуттук банкка сунушталгандан кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде кароого алып, сунушталган документтер толук жана белгиленген талаптарга ылайык келип, четке кагуу үчүн негиз жок болгон шартта, уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүгө байланыштуу кредиттик союзду мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүүгө макулдук берет. 

61. Кредиттик союз мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өткөндөн кийинки 10 (он) календардык күн ичинде Улуттук банкка төмөнкүлөрдү кошо тиркөө менен тиешелүү билдирме-кат сунуштоого милдеттүү

1) кредиттик союздун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө белгиси менен кредиттик союздун уставынын көчүрмөсү

2) кредиттик союздун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү

62. Эгерде мамлекеттик кайра каттоого өткөртүүгө алып келген уставга киргизилген өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген жана лицензияда (кошумча лицензияда) көрсөтүлгөн маалыматтардын (аталышынын, юридикалык дарегинин өзгөрүшү) өзгөргөн шартта, кредиттик союз ушул Жобонун 61-пунктуна ылайык сунушталган документтерге кошумча анын жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого милдеттүү

1) лицензияны (кошумча лицензияны) кайра тариздөө жөнүндө өтүнүч кат; 

2) ыйгарым укуктуу башкаруу органынын лицензияны кайра тариздетүү жөнүндө чечими; 

3) кредиттик союздун буга чейин берилген лицензиянын (кошумча лицензиянын) түп нускасы; 

4) лицензияны алуу үчүн төлөмдүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк. 

63. Лицензияны кайра тариздетүү тиешелүү документтер Улуттук банкка сунушталгандан кийинки 10 (он) календардык күн ичинде жүргүзүлөт. 

 

9-глава. КРЕДИТТИК СОЮЗДУ ИСЛАМ БАНК ИШИ ЖАНА КАРЖЫЛОО ПРИНЦИПТЕРИНЕ ЫЛАЙЫК ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮЗӨГӨ АШЫРГАН КРЕДИТТИК СОЮЗУНА ӨЗГӨРТҮП ТҮЗҮҮ ТАРТИБИ 

 

64. Кредиттик союза Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, ислам банк иши жана каржылоо принциптеринин негизинде операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союзга кайра өзгөртүлүп түзүлүшү мүмкүн (мындан ары  ислам кредиттик союзу). 

65. Ислам кредиттик союзуна өзгөртүп түзүлүшү үчүн кредиттик союз төмөнкү талаптарды аткарууга тийиш: 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, капитал боюнча талаптарды сактоого; 

- улуттук валютасында, ошондой эле чет өлкө валютасында операцияларды жүзөгө ашыруусуна кошумча лицензия болгон шартта - чет өлкө валютасында операцияларды жүргүзүү боюнча чектөөлөр белгиленбөөгө

- Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди жана башка талаптарды так сактоого; 

- Улуттук банктын жазма буйруктарынын жана/же талаптарынын аткарылбай калышына жол бербөөгө.  

66. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союзда жок дегенде 3 (үч) мүчөдөн турган Шариат кеңеши болууга тийиш. 

67. Кредиттик союз аталган Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн ушул Жобонун жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келген шартта, микрофинансылык уюмдар/кредиттик союздар ассоциациялар (бирикмелер) тарабынан түзүлгөн Шариат кеңешине кайрылууга укуктуу. 

68. Кайра өзгөртүп түзүү болжолдонгон күнгө чейинки кеминде 6 (алты) ай ичинде кредиттик союз ал тууралуу Улуттук банкка жана өз кредиторлоруна маалымдап, кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынында өзгөртүп түзүү жөнүндө кабыл алынган чечим менен протоколдун түп нускасын жана кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынында бекитилген кредиттик союзду ислам кредиттик союзуна кайра өзгөртүп түзүү боюнча иш-чаралар планын Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү.  

Иш-чаралар планында иш-чараларды аткаруу мөөнөттөрү маселелери менен гана чектелбестен, Шариат стандарттарына туура келбеген активдер жана милдеттенмелер калдыктарынын кайра өзгөртүп түзүү/ордун жабуу тартиби, персоналды ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча окутуу ж.б. маселелер камтылууга тийиш. 

69. Кредиттик союзду ислам кредиттик союзуна кайра өзгөртүп түзүлгөндүгү тууралуу Улуттук банкты маалымдагандан кийин зарылчылык келип чыккан шартта, Улуттук банк тарабынан кредиттик союзга инспектордук текшерүү жүргүзүлөт же болбосо Улуттук банкты мындай маалымдагандан кийинки акыркы 6 (алты) ай ичинде жүргүзүлгөн тышкы көзөмөлдөөнүн жана инспектордук текшерүүнүн жыйынтыктары эске алынышы мүмкүн.  

70. Ислам кредиттик союзуна кайра өзгөртүп түзүү ниети тууралуу Улуттук банкты маалымдагандан кийинки 6 (алты) ай өткөндөн кийин кредиттик союз лицензия алуу үчүн төмөнкү документтерди анын жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка сунуштоого тийиш: 

1) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга лицензия берүү жөнүндө өтүнүчтү (2-тиркеме); 

2) катышуучулардын жалпы жыйында кабыл алынган чечим менен бекитилген, кредиттик союздун кайра өзгөртүлүп түзүлгөндүгүнө байланыштуу анын кайра кароого алынган уюштуруу түзүмү тууралуу маалымат (башкаруу органдары, түзүмдүк бөлүмдөр (башкармалыктар, бөлүмдөр), алардын функционалдык милдеттери, кароого алынуучу маселелер чөйрөсү же алар жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген операциялар тизмеси, кимге караштуулугу); 

3) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашыруу маселелерин камтыган устав жана анын көчүрмөсү (кредиттик союздун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү); 

4) кредиттик союздун тартылган сактык пайларынын көлөмү, каржылоо көлөмү жана катышуучулар саны боюнча болжолдуу балансты келтирүү менен болжолдуу эсептөөлөр; 

5) жүзөгө ашыруу болжолдонгон операцияларга ар тараптуу талдап-иликтөөлөр жүргүзүлгөндүгү жана алардын кредиттик союздун ишине таасири, ошондой эле катышуучулар тарабынан өзгөртүп түзүүгө байланыштуу тобокелдиктер идентификациялангандыгы жөнүндө катышуучулардын жалпы жыйынынын протоколу (кредиттик союздун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү) же андан көчүрмө.  

6) кредиттик союзду ислам кредиттик союзуна ушул Жобонун 68-пунктунун талаптарына ылайык өзгөртүп түзүү боюнча иш-чаралардын акыркы планы; 

7) кредиторлордун  финансы кредит мекемелердин кайра өзгөртүп түзүүгө кат жүзүндөгү макулдугу; 

8) кызмат адамдарынын (Шариат кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, башкарманын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн биринин, башкы бухгалтердин) 3-тиркемеде белгиленген форма жана талаптар боюнча анкеталары, ошондой эле алардын ушул Жободо жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келишин тастыктаган маалыматтар жана документтер. 

71. Сунушталган документтер толук жана белгиленген талаптарга ылайык келген, кайра өзгөртүп түзүү боюнча иш-чаралар планын текшерүүнүн жана кароого алуунун жыйынтыгы боюнча андан баш тартууга негиз жок болгон шартта жана кредиттик союз тарабынан ислам кредиттик союзуна кайра өзгөртүп түзүлүшүнө жетиштүү негиздемеси болгон учурда, Улуттук банк кредиттик союзга өтүнүч сунушталгандан кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде ислам кредиттик союзуна өзгөртүп түзүлүүгө жана мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө макулдук берет. 

72. Ислам кредиттик союзуна кайра өзгөртүп түзүлгөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өткөндөн кийин кредиттик союз мамлекеттик кайра каттоодон өткөндөн кийинки 10 (он) календардык күн ичинде анын жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш: 

1) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга лицензия берүү жөнүндө өтүнүч катты (2-тиркеме); 

2) кредиттик союздун мөөрү күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө белгиси менен кредиттик союздун уставынын көчүрмөсү

3) кредиттик союздун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү

73. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензия (7 жана 8-тиркемелер) берүү ушул Жобонун 72-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди Улуттук банкка сунушталган күндөн кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде берилет.  

74. Ушул Жобонун 70-пунктунун 6-пунктчасында көрсөтүлгөн иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө отчет аны аткаруу аяктагандан кийинки 30 (отуз) календардык күндөн ашпаган мөөнөттө Улуттук банкка сунуштоого тийиш.  

 

10-глава. ЛИЦЕНЗИЯ (КОШУМЧА ЛИЦЕНЗИЯ) БЕРҮҮДӨН БАШ ТАРТУУ 

 

75. Төмөнкү учурларда кредиттик союзга лицензия берүүдөн же болбосо кредиттик союзду же анын филиалын мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөртүүгө макулдук берүүдөн баш тартылышы мүмкүн: 

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кредиттик союз үчүн тыюу салынган иштин түрүн жүзөгө ашырса; 

2) эгерде кредиттик союзга карата ишкердиктин ушул түрүн жүзөгө ашырууга тыюу салган соттун чечими болсо жана/же анын уюштуруучусуна (уюштуруучуларына) (ири катышуучусуна (катышуучуларына) карата экономика чөйрөсүндө кылмыш кылгандыгы үчүн аны/аларды күнөөлүү деп тааныган соттун чечими болсо; 

3) кароого сунушталган уюштуруу жана башка документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келбесе; 

4) өтүнүч ээси тарабынан такталбаган маалыматтар сунушталса; 

5) кредиттик союздун кызмат адамдары ушул Жободо жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген минималдуу талаптарга жооп бербесе; 

6) аманатчылар үчүн тобокелдиктердин жана кредиттик союздун пай салуучулардын жана кредиторлордун таламдары үчүн олуттуу тобокелдиктердин орун алышына алып келген кредиттик союздун ишине жүргүзүлгөн тышкы көзөмөлдүн жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча терс корутунду берилсе; 

7) кредиттик союз тарабынан капиталдын минималдуу өлчөмүнө карата талаптардын так сактабаса; 

8) кредиттик союзду кайра өзгөртүп түзүүгө кредиторлордун (эгерде болгон болсо) кат жүзүндөгү макулдугу жок болсо; 

9) лицензия үчүн төлөм төлөнбөсө

76. Лицензия берүүдөн мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөртүүдөн макулдук берүүдөн) баш тартылган учурда лицензия (макулдук) берүү үчүн бөлүнгөн мөөнөт ичинде өтүнүч ээсине сунушталган документтерди кароого алуу үчүн ушул Жободо белгиленген мөөнөттө кат жүзүндө жооп жөнөтүлөт. 

Мында, кредиттик союздун ушул Жобонун талаптарына ылайык сунушталган документтеринин бир нускасы жана анын көчүрмөлөрү кайтарылбайт.  

 

11-глава. КРЕДИТТИК СОЮЗДАРДЫ КАЙРА УЮШТУРУУ ЖАНА/ЖЕ ЖОЮУ 

 

77. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар сакталган шартта кредиттик союз кайра уюштурулушу (биригиши, кошулушу, бөлүнүшү, бөлүнүп чыгышы, кайра өзгөртүлүп түзүлүшү) мүмкүн.  

78. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жана Улуттук банктын макулдугу менен башка финансы-кредит мекемесине кайра өзгөртүп түзүлүшү мүмкүн.  

79. Кредиттик союз өз эрки менен жоюулушу мүмкүн. Кредиттик союздарды жоюу төмөнкү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат: 

- кредиттик союз жоюу чечимин кабыл алган учурдан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде лицензияны (кошумча лицензияны кошо алганда) Улуттук банкка тапшырууга тийиш; 

- кредиттик союз жоюу чечимин кабыл алган учурдан тартып кредиттерди/каржылоону берүүнү, уюмдун капиталына жана негизги каражаттарга инвестиция жумшоону, сактык пайларды жана депозиттерди кабыл алууну токтотууга тийиш. 

80. Кредиттик союз кредторлорунун, анын ичинде финанс-кредиттик мекемелеринин алдында бардык милдеттенмелерин аткарбаган шартта, өз эрки менен жоюлушу тууралуу чечимин кабыл алуусуна жол берилбейт. 

81. Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын (кошумча лицензиянын) аракети төмөнкү учурларда токтотулат: 

1) кредиттик союздун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтотулган шартта; 

2) кредиттик союздун лицензиясы кайтарылып алынган учурда; 

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган башка учурларда. 

82. Кредиттик союз Улуттук банктын лицензияны кайтарып алуу жөнүндө чечимин алгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде лицензияны (кошумча лицензияны кошо алганда) Улуттук банкка тапшырып, 30 (отуз) календардык күн ичинде соттук эмес тартипте (кредиттик союздун активдери анын милдеттенмелерин толук көлөмүн жапкан шартта) жоюу процессин баштоого тийиш. 

83. Кредиттик союзду жоюу милдети анын катышуучуларына же болбосо кредиттик союздун Уставы боюнча жоюуга ыйгарым укук берилген башкаруу органына жүктөлөт.  

84. Төлөөгө жөндөмсүз болгон шартта (кредиттик союздун активдери анын милдеттенмелерин жаппаган шартта) кредиттик союз Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоюлууга тийиш. Мында кооперативдерде банкроттук процессин жүргүзүү өзгөчөлүктөрү кредиттик союздарга карата колдонулбайт. 

85. Кредиттик союзду соттук тартипте мажбурлап жоюу учурунда, анын ичинде төлөөгө жөндөмсүз болгон шартта (кредиттик союздун активдери анын милдеттенмелерин жаппаган шартта), өз катышуучуларынан депозиттерди тартуу лицензиясына ээ кредиттик союз Кыргыз Республикасынын банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоюлууга тийиш. 

86. Лицензия берүүдөн баш тартылган учурда же лицензия кайтарылып алынган шартта кредиттик союз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кабыл алынган чечим боюнча даттануу менен кайрылууга укуктуу. 

“Кредиттик союздарды лицензиялоо 

жөнүндө” Жобого карата 

1-тиркеме 

 

 

Кредиттик союздун (филиалдарынын) кассалык жайларына карата 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

 

1. Кредиттик союздун касса жайы персоналдардан жана кардарлардан (катышуучулардан) өзүнчө бөлүнүп турушу зарыл, ал эми кредиттик союздун кардарларын (катышуучуларын) тейлөө, кредиттик союздун касса терезеси аркылуу гана жүзөгө ашырылууга тийиш. 

2. Кассалык операцияларды жүргүзүү учурунда кассалык жайдын каалгалары ички жагынан жабык болууга тийиш. 

3. Кредиттик союздун кассалык жайында акчаны жана документтерди сактоо үчүн отко күйбөй турган металл шкафтарынын (сейфтеринин) болуусу зарыл.  

4. Кассирлердин өздүк акчалары, үстүңкү кийими жана башка буюмдары атайы каралган бөлмөлөрдө же кассалык жайлардан тышкары жайгашкан шкафтарда сакталууга тийиш. 

5. Жумуш күнүнүн акырында кредиттик союздун кассанын эшиктери ачкыч менен жабылып, кредиттик союздун мөөрү басылууга тийиш. Касса ишине тиешеси жок адамдар ушул жайга кирүүгө тыюу салынат.  

“Кредиттик союздарды лицензиялоо  

жөнүндө” Жобого карата 

2-тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы 

 

ӨТҮНҮЧТҮН ҮЛГҮСҮ 

 

“____________________________” кредиттик союзу 

(толук аталышы) 

______________________________________________________________________________________________________________________________________________________ (операциялардын так жана толук аталышы көрсөтүлөт) 

операцияларын жүзөгө ашырууга лицензия/кошумча лицензия берүүнү өтүнөт. 

Кошумча маалыматтар: ________________________________________________ 

(Уюштуруучулар жөнүндө маалымат: жетекчилердин тизмеги (жетекчинин, башкы бухгалтердин, кредиттик бөлүмдүн начальнигинин аты-жөнү). Өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууну ниеттенип жаткан кредиттик союз үчүн жетекчиси, башкы бухгалтери, Шариат кеңешинин Төрагасы жана мүчөлөрү, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча бөлүмдүн начальниги жөнүндө маалымат).  

 

________________ 

  

20__-жылдын “___” _____  

(аты-жөнү

Жетекчинин кол тамгасы 

  

 

 

Кредиттик союздарды лицензиялоо 

жөнүндө” Жобого карата 

3-тиркеме 

 

 

______________________________________ кредиттик союзунун 

(кредиттик союздун аталышы) 

__________________________________ кызмат ордуна талапкерге карата 

(сунушталып жаткан кызмат орду) 

 

АНКЕТА 

үрөт үчүн) 

 

 

 

 

 

 

Аты-жөнү  

 

Кызмат орду 

 

Кредиттик союздун аталышы 

Туулган күнү: ____________________________________________________________ 

Туулган жери: өлкө: __________________________________________________ 

шаар: __________________________________________________ 

почта дареги: ___________________________________________ 

 

Паспорт 

Сериясы: 

Ким тарабынан берилген: 

Берилген күнү

_______ чейин колдонулат 

 

Жарандыгы 

____________________________________________________ 

Үй дареги: өлкө: _______________________________________________ 

(документ боюнча) шаары: ______________________________________________ 

почта дареги: _________________________________________ 

телефон № ___________________________________________ 

 

 

 

Үй дареги: өлкөсү: ______________________________________________ 

(анкетаны толтуруу шаары: ______________________________________________ 

учурунда айкын почта дареги: ________________________________________ 

жери) телефон № __________________________________________ 

 

Электрондук  

почта дареги 

 

Үй-бүлөлүк абалы 

 

Билими: _________________________________________________________________ 

(жогорку, толук эмес жогорку, орто-атайын, орто) 

 

№ ______ диплом 20___-жылдын “___” ________ ________ тарабынан берилген 

 

Окуу жайдын аталышы жана жайгашкан орду 

Факультети же бөлүмү  

Окууга тапшырган жылы 

Аяктаган жылы  

Окууну аяктабаса, канча курс окуган 

Алган дипломго ылайык адистиги  

 

 

 

 

 

 

 

6. Төмөнкү багыттарда билим алгандыгы тууралуу маалымат: 

 

 

 

 

 

 

 

 

- кредиттик союздардын ишин жөнгө салган мыйзамдар: 

 

- бухгалтерик эсепке алуу жана финансылык отчетторду түзүү

 

- Финансылык отчеттун эл аралык стандарттары: 

 

- ислам банк иши жана каржылоо принциптери, анын ичинде Ислам финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюмунун (AAOIFI) жана Ислам финансылык кызмат көрсөтүүлөр кеңешинин (IFSB) стандарттары 

Бар/Жок 

______ 

 

______ 

 

______ 

 

______ 

 

 

 

 

 

 

7. Курстарда билим алгандыгы тууралуу: 

Семинардын же курстун темасы 

Семинардын уюштуруучусу 

Өткөрүлгөн жери  

Өткөрүлгөн күнү 

Сертификатынын болушу 

  

  

  

  

  

 

 

 

 

 

 

8. Эмгек жолун баштагандан тартып аткарган иши: 

Жалпы эмгек стажы ________, анын ичинде финансылык же экономикалык чөйрөдө ________ 

Жумушка кабыл алынган күн 

Жумуштан бошонгон күн 

Ээлеген кызматы 

Уюмдун аталышы, жайгашкан жери 

Жумуштан бошонуу себеби 

  

  

  

  

  

 

9. Коммерциялык банктарды кошо алганда, бардык финансы-кредит мекемелерин (ФКМ) көрсөткүлө

1) кайсы ФКМдин/Банктын катышуучусу/акционери болуп саналасыз? 

ФКМдин/Банктын толук аталышы 

ФКМ/Банк жайгашкан жер 

Таандык акциялардын саны же башкаруунун башка формасы (көрсөткүлө

Уставдык капиталдагы үлүшү 

 

  

  

  

  

 

2) контролдукту жүзөгө ашырган же олуттуу таасирге ээ ФКМ/Банк (катышуу/акциянын 5 % жогору үлүшү

ФКМдин/Банктын толук аталышы 

ФКМ/Банк жайгашкан жер 

Таандык акциялардын саны же башкаруунун башка формасы (көрсөткүлө

Уставдык капиталдагы үлүшү 

 

  

  

  

  

3) кайсы ФКМде/Банкта Директорлор кеңешинин (Байкоо органынын) мүчөсү, Башкарманын (аткаруу органынын) мүчөсү же башка кызмат адамы же болбосо кызматкери болуп саналасыз? 

ФКМдин/Банктын толук аталышы 

ФКМ/Банк жайгашкан жер 

Ээлеген кызмат орду 

 

  

  

  

 

10. Кредиттик союздун кызматкерлери жана Байкоо органынын мүчөлөрү менен туугандык мамилени, кредиттик союзду контролдукка алган жактар же компаниялар менен байланышты, бардык өз ара милдеттенмелерди, келишимдерди жана башкаларды көрсөткүлө ______________________________________________________ 

___________________________________________________________________________ 

 

11. Коммерциялык банктарды кошо алганда, кайсы болбосун финансы-кредит мекемелеринин катышуучулары, акционерлери, кызмат адамдары болуп саналган жакын туугандарын (ата-энеси, 16 жаштан жогору балдар, жубайы, ага/иниси, эже-сиңдиси, чоң атасы, чоң энеси) көрсөткүлө

Аты-жөнү 

Туугандык мамиле 

Иштеген жери 

Ээлеген кызмат орду 

Үй дареги, телефон № 

  

 

  

  

  

  

 

12. Сизге карата ишкердиктин ушул түрү менен алектенүүгө тыюу салган соттун чечими барбы _______________________________________________________________ 

 

13. Банкроттук процессинде турган же банкроттукка байланыштуу өз ишин токтоткон банктар же башка финансы-кредит мекемелери менен кандайдыр бир байланышыңыз барбы _________________________________________________(эгерде болгон болсо, ал банктын же финансы-кредит мекемесинин аталышын, ээлеген кызмат ордуңарды көрсөткүлө).  

14. Сизге карата Улуттук банк тарабынан кандайдыр бир эскертүү чаралары жана санкциялар колдонулганбы ______________________________________________ 

Мен, ______________________________________________________ (аты-жөнү) жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын жана толук берилгендигин тастыктайм жана мындан ары бардык өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтарды Улуттук банкка сунуштап турууга милдеттенем. Мен тараптан жол берилген калпыстыктар жана ката кетирүүлөр болсо, көрсөтүлүп жаткан кызмат ордуна бекитүүдөн баш тартуу үчүн негиз болушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мага жана кредиттик союзга карата таасир этүү чараларынын жана санкциялардын колдонулушун шарттай тургандыгын түшүнөм. 

_________________ 20__-жылдын “___” _____________ 

Кол тамгасы 

 

 

  

“Кредиттик союздарды лицензиялоо  

жөнүндө” Жобого карата 

4-тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы 

 

ӨТҮНҮЧ КАТТЫН ҮЛГҮСҮ 

(мекеменин фирмалык бланкында) 

 

“____________________________” кредиттик союзу ________________ 

______________________________________________________________________________________________________________________________________ 

(анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык) операцияларын жүзөгө ашырууга лицензия/кошумча лицензия берүүнү өтүнөт:  

(толук аталышы) 

___________________________________________________________________ 

___________________________________________________________________ 

(операциялардын так жана толук аталышы көрсөтүлөт) 

 

Кошумча маалыматтар: _________________________________________ 

(Уюштуруучулар жөнүндө маалымат: жетекчилердин тизмеги (жетекчинин, башкы бухгалтердин, кредиттик бөлүмдүн начальнигинин аты-жөнү). Өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууну ниеттенип жаткан кредиттик союз үчүн жетекчиси, башкы бухгалтери, Шариат кеңешинин Төрагасы жана мүчөлөрү, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча бөлүмдүн начальниги жөнүндө маалымат). 

Кредиттик союздун мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалыматтар(*): 

Каттоо номери жана мамлекеттик каттоо күнү

___________________________________________________________________ 

ИНН:_________________________ ОКПО код: __________________________ 

 

Кредиттик союздун кызматтык (байланыш) телефон, факс номерлери жана электрондук почта даректери: 

___________________________________________________________________ 

___________________________________________________________________ 

 

Мөөрү 

___________________ 

  

20__-жылдын “___”___________  

(аты-жөнү)  

Жетекчинин кол тамгасы 

 

 

 

  

 

(*) Бул маалыматтар кредиттик союзду мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өткөртүүдө келтирилет

 

“Кредиттик союздарды лицензиялоо  

жөнүндө” жобого карата 

5-тиркеме 

 

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

20___-жылдын “___” ____________ 

№ ______ ЛИЦЕНЗИЯ 

 

“__________________________” кредиттик союзуна (толук аталышы) берилген. 

Кредиттик союздун юридикалык дареги __________________________________ 

___________________________________________________________________________ 

(шаардын, райондун, калктуу пунктунун аталышы) 

Бул лицензия төмөнкү операцияларды жүзөгө ашырууга уруксат берет: 

1) катышуучулары сактык пайларды сатып алуу аркылуу алардан акча каражаттарын тартуу; 

2) кредиттик союздун катышуучуларына мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында кредиттерди сунуштоо. 

Кредиттик союздун лицензиясы ажыратылгыс (аты аталган) болуп саналат. Ушул лицензияда белгиленген укуктарды үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө жол берилбейт. Бул талап бузууга жол берилген шартта, кредиттик союзга ишкердикти жүргүзүүгө тыюу салуу менен анын лицензиясы кайтарылып алынат. 

Лицензияны колдонуу мөөнөтүнө чек коюлбайт. 

Лицензиянын көчүрмөсү анык эмес болуп саналат.  

  

Мөөрү 

  

Улуттук банктын Төрагасынын буйругу менен ыйгарым укук чегерилген адам 

(Улуттук банктын областтык башкармалыгынын/өкүлчүлүгүн начальниги/директору) 

“Кредиттик союздарды лицензиялоо  

жөнүндө” Жобого карата 

6-тиркеме  

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

 

20___-жылдын “___” ____________ 

№ ______ ЛИЦЕНЗИЯ 

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган “__________________________” кредиттик союзуна (толук аталышы) берилген. 

Кредиттик союздун юридикалык дареги __________________________________ ________________________________________ (шаардын, райондун, калктуу пункттун аталышы) 

Бул лицензия төмөнкү операцияларды жүзөгө ашырууга уруксат берет: 

1) катышуучулары сактык пайларды сатып алуу аркылуу алардан акча каражаттарын тартуу; 

2) кредиттик союздун катышуучуларына каржылоону ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунуштоо. 

Кредиттик союздун лицензиясы ажыратылгыс (аты аталган) болуп саналат. 

Ушул лицензияда белгиленген укуктарды үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө жол берилбейт. 

Бул талап бузууга жол берилген шартта, кредиттик союзга ишкердикти жүргүзүүгө тыюу салуу менен лицензиясы кайтарылып алынат. 

Лицензияны колдонуу мөөнөтүнө чек коюлбайт. 

Лицензиянын көчүрмөсү анык эмес болуп саналат.  

 

Мөөрү 

 

Улуттук банктын Төрагасынын буйругу менен ыйгарым укук чегерилген адам 

(Улуттук банктын областтык башкармалыгынын/өкүлчүлүгүн начальниги/директору) 

“Кредиттик союздарды лицензиялоо  

жөнүндө” Жобого карата 

7-тиркеме 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

20___-жылдын “___” ____________ 

№ ______ ЛИЦЕНЗИЯ 

 

“__________________________” кредиттик союзуна (толук аталышы) берилген. 

Кредиттик союздун юридикалык дареги __________________________________ 

__________________________________________________________________________ 

(шаардын, райондун, калктуу пункттун аталышы) 

Бул лицензия төмөнкүдөй кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү (операцияларды) жүзөгө ашырууга уруксат берет: 

- кредиттик союздун катышуучуларынан улуттук жана чет өлкө валюталарында аманаттарды (депозиттерди) тартуу; 

- кредиттик союзда кардарларга эсеп ачуусуз банк менен түзүлгөн агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу; 

- кредиттик союзда кардарларга эсеп ачуусуз банк же башка ыйгарым укуктуу финансы-кредит мекемеси менен түзүлгөн келишимдин негизинде кредиттик союздун катышуучуларынын тапшырмасы боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү

- кредиттик союздун катышуучуларына мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында чет өлкө валютасында кредиттерди сунуштоо; 

өз атынан чет өлкө валютасын сатып алууну жана сатууну жүзөгө ашыруу. 

Кредиттик союздун лицензиясы ажыратылгыс (аты аталган) болуп саналат. Ушул лицензияда белгиленген укуктарды үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө жол берилбейт. Бул талапты бузууга жол берүү кредиттик союзга ишкердикти жүргүзүүгө тыюу салуу менен лицензиясын кайтарып алууга алып келет. 

Лицензияны колдонуу мөөнөтүнө чек коюлбайт. 

Лицензиянын көчүрмөсү анык эмес болуп саналат. 

 

Мөөрү 

 

Улуттук банктын Төрагасынын буйругу менен ыйгарым укук чегерилген адам 

(Улуттук банктын областтык башкармалыгынын/өкүлчүлүгүнүн начальниги/директору) 

“Кредиттик союздарды лицензиялоо  

жөнүндө” жобого карата 

8-тиркеме 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

 

20___-жылдын “___” ____________ 

№ ______ ЛИЦЕНЗИЯ 

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган “__________________________” кредиттик союзуна (толук аталышы) берилген. 

Кредиттик союздун юридикалык дареги __________________________________ 

___________________________________________________________________________ 

(шаардын, райондук, калктуу пункттун аталышы) 

Бул лицензия төмөнкүдөй кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү (операцияларды) жүзөгө ашырууга уруксат берет: 

- кредиттик союздун катышуучуларынан улуттук жана чет өлкө валюталарында “мудараба” жана “кард-хасан” бүтүмдөрү боюнча акча каражаттарын тартуу; 

- кредиттик союзда кардарларга эсеп ачуусуз банк менен түзүлгөн агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу; 

- кредиттик союзда кардарларга эсеп ачуусуз банк же башка ыйгарым укуктуу финансы-кредит мекемеси менен түзүлгөн келишимдин негизинде кредиттик союздун катышуучуларынын тапшырмасы боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү

- кредиттик союздун катышуучуларына каржылоону ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык чет өлкө валютасында сунуштоо; 

өз атынан чет өлкө валютасын сатып алууну жана сатууну жүзөгө ашыруу. 

Кредиттик союздун лицензиясы ажыратылгыс (аты аталган) болуп саналат. Ушул лицензияда белгиленген укуктарды үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө жол берилбейт. Бул талапты бузууга жол берүү кредиттик союзга ишкердикти жүргүзүүгө тыюу салуу менен лицензиясын кайтарып алууга алып келет. 

Лицензияны колдонуу мөөнөтүнө чек коюлбайт. 

Лицензиянын көчүрмөсү анык эмес болуп саналат.  

 

Мөөрү 

 

Улуттук банктын Төрагасынын буйругу менен ыйгарым укук чегерилген адам 

(Улуттук банктын областтык башкармалыгынын/өкүлчүлүгүнүн начальниги/директору) 

“Кредиттик союздарды лицензиялоо  

жөнүндө” Жобого карата 

9-тиркеме 

 

 

 Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы 

 

ӨТҮНҮЧТҮН ҮЛГҮСҮ 

(мекеменин фирмалык бланкында) 

 

Ушул аркылуу “___________________________________________” 

(кредиттик союздун аталышы)  

_________________________________________________________ ылайык (уставга ылайык филиал ачуу чечимин кабыл алган кредиттик союздун башкаруу органынын аталышы) _______________________________________________ (шаардын, райондун, калктуу пункттун аталышы) филиал ачуу (жабуу) ниетин билдирет жана юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган бирдиктүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өтүүгө макулдук-кат берүүнү өтүнөт.  

Бул филиал төмөнкү операцияларды жана бүтүмдөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктарга ээ(*): 

___________________________________________________________________________ 

___________________________________________________________________________ 

(Улуттук банк тарабынан кредиттик союзга берилген лицензиянын алкагында филиал жөнүндө жобого ылайык филиалга жүзөгө ашырууга ыйгарым укук чегерилген бардык операциялар жана бүтүмдөр көрсөтүлөт). 

Жетекчи жана башкы бухгалтер катары: __________________________________ 

(аты-жөнү)  

дайындалган. 

 

Кошумча маалымат: 

___________________________________________________________________________ 

___________________________________________________________________________ 

(аты-жөнү, паспорттук маалыматтар, билими, иш тажрыйбасы) 

Кредиттик союз төмөнкүлөр алдында милдеттенмелерге ээ эмес (**): 

- бул филиалда тейленген кардарлар жана кредиторлор алдында; 

- бюджет алдында. 

Активдер жана пассивдер кредиттик союздун балансына өткөрүлүп берилген. 

Кредиттик союз сунушталган маалыматтын аныктыгы үчүн толугу менен жоопкерчилик тартат.  

 

Мөөрү __________________ 20___-жылдын “____” __________ 

(Аты-жөнү)  

Жетекчинин кол тамгасы 

 

 

 

 

 

 

(*) Мындай маалыматтар филиал ачуу учурунда сунушталат. 

(**) Мындай маалыматтар филиал жабуу учурунда сунушталат.