Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 23- декабрындагы № 78/22 токтому 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы №37/5 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдикти 

тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" 

токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы №37/5 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

Төрага Т.Абдыгулов 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 23-декабрындагы № 78\22 токтомуна 

тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/5 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы №37/5 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун: 

- 1.1-пунктундагы "Улуттук банк" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк)" дегенге алмаштырылсын; 

- 1.2-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктар, Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы №51/5 токтому менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жободо белгиленген операциялык тобокелдикти тескөө стандарттарын сактоо максатында, ушул жобого таянуу менен иш алып барууга тийиш."; 

- 2.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"2.1. Банк орун алышы мүмкүн болгон тобокелдик чөйрөсүнө, багытына жана системалык маанисине, ошондой эле банктын капиталынын өлчөмүнө шайкеш операциялык тобокелдикти тескөө боюнча саясатты иштеп чыгып, ал банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш. 

Операциялык тобокелдикти тескөө саясаты өзүнчө документ түрүндө же тобокелдиктерди тескөө боюнча бирдиктүү саясаттын бөлүгү катары төмөнкүлөрдү өзүндө камтууга тийиш: 

- операциялык тобокелдикти тескөө максатын жана милдеттерин; 

- операциялык тобокелдикти тескөөнүн негизги принциптерин; 

- банктын бардык иш багытын эске алуу менен операциялык тобокелдиктердин негизги түрлөрүн жана аларды шарттаган себептерди; 

- ишти тескөөгө алуунун бардык деңгээли боюнча ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликтерди бөлүштүрүүнү, операциялык тобокелдикке мониторинг жүргүзүүнү

- операциялык тобокелдикти аныктоо, баа берүү, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды кыскартуу ыкмаларын; 

- операциялык тобокелдикти тескөө боюнча отчетторду сунуштоо жана маалымат алмашуу тартибин."; 

- 2.3-пункттун алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"- аутсорсинг боюнча. Аутсорсинг дегенден улам, банк кадимки шарттарда өзү жүзөгө ашыра алган иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн үзгүлтүксүз негизде аткаруу үчүн сырттан кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларды тартууну түшүнүү зарыл. Банк кредиттөөгө, депозиттерди тартууга байланыштуу операцияларды же алар үчүн лицензия талап кылынган башка банктык операцияларды жүргүзүү үчүн аутсорсингди пайдалана албайт;"; 

жетинчи абзацтагы "камтуучу" деген сөз "камтыган" дегенге алмаштырылсын; 

- 2.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"2.4. Операциялык тобокелдикти тескөө саясаты мезгил-мезгили менен жылына кеминде бир жолу кайрадан каралып турууга тийиш, ал эми банктын операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча ички жол-жоболору жана башка документтери банкта бул багытта жетишилген иш натыйжаны жана эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен зарылчылыкка жараша, бирок эки жылда кеминде бир жолу кайрадан каралып чыгып, толугу менен банктагы тобокелдиктерди тескөөнүн жалпы процессине интеграцияланып, аны менен банктын бардык кызматкерлери өз учурунда тааныштырылууга тийиш."; 

- 2.5-пункттагы "банк иши" деген сөздөр ", ошондой эле банк Башкармасынын операциялык тобокелдикти тескөө саясатынын жана жол-жоболорунун натыйжалуу ишке ашырылышына контролдукту жүргүзөт" деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3.1-пункттун: 

3.1.7.-пунктчасынын экинчи абзацынын экинчи сүйлөмүндөгү "ошондой эле, эгерде олуттуу операцияларды жүргүзүүдө" деген сөздөр "эгерде иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн жүргүзүүдө" дегенге алмаштырылсын, "саясат" деген сөз "ички ченемдик документтер" дегенге алмаштырылсын; 

төмөнкү мазмундагы 3.1.7-1-пунктча менен толукталсын: 

"3.1.7-1. Аутсорсингди колдонууга чейин банк кызмат көрсөтүүнү сунуштоочуларды тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу жол-жобосун иштеп чыгууга, ошондой эле аутсорсинг келишимдерин даярдоого тийиш. Аутсорсинг келишими анын аткарылбай калышынан же тараптар ортосунда пикир келишпестиктерден улам келип чыккан тобокелдиктерди басаңдатуунун маанилүү инструменти болуп саналат. Аутсорсинг келишиминин негизги жоболоруна төмөнкүлөр кирүүгө тийиш: 

- үчүнчү тарапка аткарууга өткөрүлүп жаткан иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн так аныктоо; 

- банктын аутсорсинг объектисине тиешеси бар кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун бардык бухгалтердик жана башка маалыматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу. Мында банк, Улуттук банктын жана тышкы аудиторлордун талабы боюнча аутсорсинг объектисине тиешелүү маалыматты сунуштоого милдеттүү

- тиешелүү жөнгө салуу чараларын өз учурунда көрүү максатында, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын ишине банктын мониторингди жана баа берүүнү үзгүлтүксүз негизде жүргүзүүсү

- зарылчылык келип чыккан учурда келишимдин аракетин токтотуу шарттары жана минималдуу мөөнөттөрү, ошондой эле келишимдин аракети токтогондон кийин да күчүндө калган милдеттенмелер; 

- аутсорсинг келишимине гана мүнөздүү болгон олуттуу маселелерди жөнгө салуу тартиби (мисалы, эгерде кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу чет өлкөдө болсо, ченемдик укуктук актыларда дал келбестиктердин орун алышына жол бербөө үчүн келишим түзгөн тараптардын өлкөсүнүн мыйзамдары жөнүндө жобо); 

- зарылчылык келип чыккан учурда, субкелишимге бүтүндөй аутсорсинг ишин же анын бөлүгүн өткөрүп берүү шарттары (кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу өзгөргөн шартта тобокелдикти тескөө иш ыргагын сактап калуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн); 

- кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу тарабынан банк ишине тиешелүү маалыматтардын купуялуулугунун камсыз кылынышы жана башка бирөөнүн аларды атайылап же кокусунан чечмелөөсүнөн коргоо маселелери. 

Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочуларды тартуу чечимин кабыл алуу жол-жобосу өзүндө аутсорсинг ишин натыйжалуу, ишенимдүү жана жогорку деңгээлде сунуштоо жөндөмдүүлүгүнө жана мүмкүнчүлүгүнө алдын ала баа берүүгө, ошондой эле белгилүү бир кызмат көрсөтүүнү сунуштоочуну тартууга байланыштуу келип чыккан тобокелдиктер факторуна баа берүүгө өбөлгө түзгөн критерийлерди камтууга тийиш. 

Тиешелүү критерийлерди иштеп чыгууда банк кызмат көрсөтүүнү сунуштоочулар төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш экендигин эске алуусу зарыл: 

- банк тарабынан аутсорсингге өткөрүлүп жаткан иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруусу үчүн зарыл ресурстарга жана тиешелүү квалификациялуу кызматкерлерге ээ болушун; 

- банктын ушул иш багыты боюнча алдыга койгон максаттарын жана милдеттерин жакшы өздөштүрүүсүн жана аткаруунун жүрүшүндө алардын так сакталышын камсыз кылуусун; 

- өз милдеттенмелерин учурунда жана толук көлөмдө аткаруу үчүн финансылык жактан төлөөгө жөндөмдүү болушун."; 

- 4.3-пункттагы "жыл" деген сөз "эки жыл" дегенге алмаштырылсын.