Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 23- декабрындагы № 78/21 токтому 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- 2007-жылдын 2-майындагы № 23/4 "Банкроттук процессин башынан кечирип жаткан банктарды реабилитациялоо жөнүндө" убактылуу жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу"; 

- 2002-жылдын 24-июнундагы № 26/4 "Жоюу ыкмасында атайы администрлөө жол-жобосун ишке ашырууда коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүүнүн жана алардын финансылык абалы жөнүндө маалыматтарды берүүнүн убактылуу эрежелерин бекитүү тууралуу"; 

2. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- 1997-жылдын 25-февралындагы №5/7 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы банктардын банк операцияларын жүзөгө ашырууга лицензиясын кайтарып алуунун жана банктарды жоюунун убактылуу тартибин бекитүү тууралуу"; 

- 2009-жылдын 18-ноябрындагы №46/4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фондусу" жабык акционердик коомунун ишин жөнгө салуу жөнүндө" убактылуу жобону бекитүү тууралуу". 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Юридика башкармалыгы: 

бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

Төрага Т.Абдыгулов 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 23- декабрындагы № 78/21 токтомуна 

Тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 2-майындагы № 23/4 "Банкроттук процессин башына кечирип жаткан банктарды реабилитациялоо жөнүндө" убактылуу жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) токтомдун аталышындагы жана бүтүндөй тексти боюнча кездешкен "Убактылуу жобонун жаңы редакциясы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Жобо" дегенге алмаштырылсын; 

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Банкроттук процессин башынан кечирип жаткан банктарды реабилитациялоо жөнүндө" убактылуу жобонун: 

- аталышында жана бүтүндөй тексти боюнча кездешкен "Убактылуу жобонун жаңы редакциясы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Жобо" дегенге алмаштырылсын; 

- 1.4-пункттун бешинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 3.4-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 4.6-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"- банк түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык сунушталуучу документтер топтомун даярдоо планы жана аларды Улуттук банкка макулдашуу үчүн сунуштоо."; 

- 5.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"5.2. Акцияларды чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анык эмес деп таанылат."; 

- 5.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"5.4. Банк-карызгердин акцияларынын чыгарылышын анык эмес деп таануу жөнүндөгү соттук актынын мыйзамдуу күчүнө кириши жана реабилитациялоо планында каралган башка иш-чаралардын, анын ичинде инвесторду сынак аркылуу тандоонун жүзөгө ашырылышы боюнча атайы администратор Улуттук банктын жаңы түзүлгөн коммерциялык банктар үчүн капиталдын минималдуу өлчөмү жагындагы талаптарына ылайык келген, банктын уставдык капиталынын өлчөмү ал аркылуу бекемделген анын уставынын жаңы редакциясынын кабыл алынышына байланыштуу банк-карызгердин мамлекеттик кайра каттоодон өтүшүн демилгелейт, ошондой эле банк-карызгердин акцияларынын чыгарылышын кайрадан катталышын ишке ашырат."; 

- 6.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"6.5. Улуттук банк жыйынтык отчетту жана лицензияны калыбына келтирүү өтүнүчүн кароого алып, он календардык күн ичинде банк операцияларын жүргүзүүгө лицензияны калыбына келтирип, банкка берет."; 

2. "Жоюу ыкмасында атайы администрлөө жол-жобосун ишке ашырууда коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүүнүн жана алардын финансылык абалы жөнүндө маалыматтарды берүүнүн убактылуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) токтомдун аталышында жана бүтүндөй тексти боюнча кездешкен "Убактылуу эрежелер" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "эрежелер" дегенге алмаштырылсын; 

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Жоюу ыкмасында атайы администрлөө жол-жобосун ишке ашырууда коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүүнүн жана алардын финансылык абалы жөнүндө маалыматтарды берүүнүн убактылуу эрежелердин: 

- 1) аталышында жана бүтүндөй тексти боюнча кездешкен "Убактылуу эрежелер" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Эрежелер" дегенге алмаштырылсын; 

- 6.5.1-пункттун 1-3-пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин: 

"1) Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобонун (мындан ары - "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобо), күндөлүк болжолдуу баланс банк толук жоюлганга чейин сунушталат, ал эми операциялар түшкөн пайдалар (чыгымдар) эсептеринде жана баланстык эсептерде кийинки жумуш күнү саат 8.00ден 9.00га чейин электрондук түрдө чагылдырылат жана алар электрондук цифралык кол тамга менен тастыкталган түрдө Улуттук банкка сунушталат; 

2) финансылык абал жөнүндө ай сайын берилүүчү отчет, чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө отчет (ар айлык финансылык отчет) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык отчеттук айдан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Улуттук банкка сунушталат; 

3) чейректик финансылык отчет "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык отчеттук чейректен кийинки айдын 30унан кечиктирбестен Улуттук банкка сунушталат.".