Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 28-октябрындагы 64/5 токтому 

 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна  

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

  

 

Кыргыз РеспубликасынынКыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөмыйзамынын 43-беренесине, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөмыйзамынын 11 жана 39-1-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин

- 2012-жылдын 29-августундагы 36/2 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндөжобону бекитүү тууралуу;  

- 2012-жылдын 4-июлундагы 28/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибинбекитүү жөнүндө

- 2004-жылдын 21-июлундагы 18/3 “Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөжобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу

2.  Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.   

3. Юридика башкармалыгы:  

токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

расмий жарыялангандан кийин бул токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестринде чагылдырышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредит мекемесиКредиттик союздардын финансылык компаниясыААКсын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, микрокаржылоо уюмдарын, кредиттик союздарды тааныштырсын

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Орозбаевага ыйгарылсын

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 28-октябрындагы 64/5 токтомуна карата  

тиркеме  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы 36/2 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндөжобону бекитүү тууралуутоктомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилгенКыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндөжобонун

- 3-пунктунун:  

а) пунктчасындагы “, ажыратып алуунундеген сөз алынып салынсын

б) пунктчасы “, мында мындай активдерди амортизациялоо токтотулууга тийиш.деген сөздөр менен толукталсын

жетинчи абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын

«Тооруктарда мүлк сатып өткөрүлбөгөн учурда, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган тартипте белгиленген нарк адилеттүү нарк катары эсептелинет»; 

- 5-пункттагыүч жылдандеген сөздөрменчик укугу келип чыккандан кийинки эки жылдандеген сөздөргө алмаштырылсын

- 6-пунктунун а) пунктчасындагыукукдеген сөздүн алдынаменчиккедеген сөз кошулсун

- 8-пунктунун г) пунктчасыалар болгон шартта,деген сөздөр менен башталып, андан ары текст боюнча улансын

- 11-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин

«Банк, башка кыймылсыз мүлктү күтүүгө байланыштуу келип чыккан чыгашалардын ордун жабуу үчүн ушул жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашпаган мөөнөткө ижара келишимин (келишимдин формасын, мында мүлк убактылуу ээликке жана/же убактылуу пайдаланууга өткөрүлөт) түзүүгө укуктуу.»; 

- 12-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«12. Келечекте экономикалык пайданын түшүүсүн шарттаган жана анын наркын арттырышы мүмкүн болгон башка кыймылсыз мүлктүн абалын жакшыртууга кошумча чыгашалар, эгерде банктын көргөн аракеттери кыймылсыз мүлк менен операциялардан пайда көрүүгө багытталбаган шартта гана бекитилиши мүмкүн.»; 

- 20-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«20. Ушул Жобонун 3-пунктунун а) пунктчасында көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк, жобонун 5-бөлүгүнүн талабына ылайык "Башка менчик" категориясына кабыл алынган күнгө карата кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча болжолдуу чыгашаларды эсептеп алып салуу аркылуу, күрөөлүк мүлктөн өндүрүүнү жүргүзүүнүн соттук эмес тартибинин алкагындаБашка менчиккатегориясына кабыл алынган учурда гана баланста мүлктүн адилет наркы боюнча таанылууга тийиш (ачык тоорук өткөрүлбөгөндүгүнөн улам, кыймылсыз мүлктү баланска кабыл алууну эске албаганда).»; 

- 22-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«22. Күрөөлүк мүлктөн соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүүнүн алкагында, кыймылсыз мүлк ал боюнча банктын балансына кабыл алынган сумманын кредит боюнча карыздан ашып кетиши, банктын артып калган акча каражаттарын күрөө коюучуга кайтарып берүү жагындагы милдеттенмеси болуп саналат. Келип чыккан айырма кыймылсыз мүлк сатып өткөрүлгөн шартта күрөө коюучуга төлөнүп берилүүгө тийиш.»; 

- 23-пункттагыжедеген сөзжанадеген сөзгө алмаштырылсын

- 27-пункттун

биринчи абзацындагыкүрөөлүк мүлктөндеген сөздөркүрөөлүк мүлктөн өндүрүүнү жүргүзүүдегенге алмаштырылсын

төмөнкү мазмундагы г) пунктчасы менен толукталсын

«г) өткөрүлбөгөн ачык тооруктардын жыйынтыгы чыгарылган болсо.»; 

- 28-пункттун экинчи сүйлөмү алынып салынсын

- 31-пунктунун в) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин

«в) банк, мүлккө ээлик кылууга байланыштуу тобокелдиктердин жана сый акылардын олуттуу бөлүгүн сатып алуучуга өткөргөн, башкача айтканда, мүлктү пайдалануу жана ага ээлик кылуу укугун өткөрүп берген. Банктын мүлккө ээлик кылууга катышуу деңгээли операциянысатуукатары аныктоо үчүн маанилүү фактор болуп саналат

Жогоруда көрсөтүлгөн шарттардын бардыгы бир эле учурда аткарылган шартта, банк активди баланста кардарга берилген кредит катары эске алышы мүмкүн.»; 

37-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

Банк, пайдаланылбай өзүнчө турган бүтүндөй банктык жайды сыяктуу эле, анын бир бөлүгүн ижарага/субижарага тапшырууга укуктуу. Мында, банк жана анын бөлүмдөрү жайгашып турган банктык жай өзүнчө бөлүнүп, техникалык жактан талаптагыдай жабдылып, турак эмес жайларды пайдалануунун коопсуздук техникасы боюнча белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Банктар пайдаланылбай турган банктык жайларды ижарага/субижарага берген жана/же ижарачыларды алмаштырган ар бир учурда ижарачы/субижарачы, ижарага канча мөөнөткө тапшыргандыгы тууралуу маалыматтарды Улуттук банктын Тышкы көзөмөл башкармалыгына кат жүзүндө билдирип турууга тийиш.

2. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы №28/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин күрөөлүк мүлк менен иш алып баруу тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин күрөөлүк мүлк менен иш алып баруу тартибинин:  

- бүтүндөй тексти боюнча “рыноктук” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “адилет” деген сөзгө алмаштырылсын

- 23-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«23. Банк/ФКМдин (күрөө кармоочунун) карыз алуучу (күрөө коюучу) ортосунда өз ара мамиле күрөө келишими, ошондой эле зарылчылык келип чыккан шартта төмөнкүлөр менен таризделинет

- күрөө келишими же кыймылдуу мүлккө карата соттук эмес тартипте күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү шарттарын камтыган макулдашуу менен;  

- эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана күрөөлүк мүлк жайгашып турган башка өлкөнүн мыйзамдарында күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүнүн соттук эмес тартиби каралган болсо, кыймылсыз мүлккө карата соттук эмес тартипте күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү боюнча нотариалдык жактан тастыкталган макулдашуу менен.»; 

- төмөнкү мазмундагы 23-1-пункт менен толукталсын

«23-1. Күрөө кармоочунун талаптарын соттук эмес тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашууда, карыз алуучунун карызын төлөөнүн эсебине кабыл алынган кыймылсыз мүлктү сатып өткөрүү боюнча тоорук өткөрүү чечимин кабыл алгандан кийин, бирок Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы 36/2 токтому менен бекитилгенКыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө” жобонун талаптарына ылайык анын адилет наркын аныктоо үчүн тоорук башталганга чейин кыймылсыз мүлккө көз карандысыз кесипкөй баалоочулар баа берүүгө тийш экендигин караган норма камтылышы зарыл.». 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 “Активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө” жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, “Активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөжобонун

- 9.2.-пунктунун б) пунктчасындагы “үч жыл” деген сөз “менчик укугу келип чыккандан кийинки эки жыл” деген сөздөргө алмаштырылсын.