Кайта келүү

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

14-августундагы № 44\1 токтому 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 12-августундагы № 43/2 «Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы №51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 12-августунан тартып Евразия экономикалык кызматташуу бирлигине расмий өтүшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын республиканын аймагына бажы тариздөөсүнөн өткөрбөстөн товарлардын алынып келинишине байланыштуу төлөмдөрдүн түшүп жатышын жана банк системасында төлөм багыттарынын жаңы коддорун кыска мөөнөт аралыгында белгилөө зарылчылыгын камтыган кайрылуусун эске алып, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамдын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 12-августундагы № 43/2 «Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы №51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

Жогоруда белгиленген токтомдун 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.». 

2. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин жана республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын. 

3. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын. 

 

 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н.Жениш