Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 14-октябрындагы 62/2 токтому 

 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2006-жылдын 28-июнундагы 19/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актылары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы 19/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актылары жөнүндө» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин

2. Юридика башкармалыгы

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен микрокредиттик компанияларды, микрокредиттик агенттиктерди, микрофинансылык уюмдар ассоциациясын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Орозбаевага ыйгарылсын.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын   

2015-жылдын 14-октябрындагы   

62/2 токтомуна карата тиркеме   

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы 19/4  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актылары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы 19/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдардын ишине тышкы аудит жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун

- жобонун кириш бөлүгү (преамбуласы) төмөнкү редакцияда берилсин

«Бул «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдардын ишине тышкы аудит жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо (мындан ары - жобо) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө», «Аудитордук иш жөнүндө» жана «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана анда микрофинансылык уюмдардын, анын ичинде микрофинансылык уюм катары иш жүргүзүү үчүн Улуттук банктын күбөлүгүнө ээ болгон, колдонулган терминдердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын жылдык финансылык отчетуна тышкы аудитти жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар белгиленген.»; 

- жобонун 2-главасы жана 2.1.-пунктка карата 1-шилтеме күчүн жоготкон катары таанылсын

- 3.1.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«3.1. Микрокредиттик компаниянын жана микрокредиттик агенттиктин (мындан ары - МКК/МКА) ишине тышкы аудит Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзам талабына ылайык жүргүзүлөт.  

МКАнын ишине тышкы аудит жүргүзүлүшү мүмкүн

МКК, МККнын ишине тышкы аудит төмөндө келтирилген жагдайлардын бири орун алган шартта жыл сайын ишке ашырылууга тийиш

- кредиторлордон, анын ичинде финансы-кредит мекемелеринен карыздык каражаттар алынган шартта

- кредит портфелинин жылдык орточо мааниси 20 (жыйырма) млн сомду же андан жогоруну түзсө

- карыз алуучулардын саны 5 000 (беш миңди) же андан көптү түзсө

Мындай жагдайлар орун албаган МККнын ишине тышкы аудит эки жылда бир жолу жүргүзүлөт

МКК/МКАнын ишине тышкы аудит Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, аудиттин эл аралык стандарттарында жана ушул жободо белгиленген аудитордук ишке карата талаптарга таянуу менен ишке ашырылууга тийиш

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган МКК/МКА ишине тышкы аудитти жүргүзүүдө Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсепти жана аудитти белгилеген уюм тарабынан иштелип чыккан ислам финансылык институттары үчүн аудиттин стандарттары колдонулушу мүмкүн.»; 

- 3.2.-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«3.2. Микрофинансылык компанияга өзгөртүп түзүлгөн МККнын ишине көз карандысыз тышкы аудит Улуттук банк Башкармасынын  2005-жылдын 14-июлундагы 22/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган банктардын жана башка финансы-кредит мекемелердин тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого ылайык ишке ашырылууга тийиш.»; 

- 3.4.-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«3.4.Тышкы аудиторлорго карата талаптар

-  Кыргыз Республикасынын аймагында аудитордук ишти жүзөгө ашыруу укугуна аудитордун тиешелүү лицензиясына/сертификатына ээ болуу

- өз алдынча көз карандысыз иш алып барып, объективдүү болуу, таламдардын каршы келип калышын шарттаган жагдайларга жол бербөө

Эгерде тышкы аудитти өз алдынча иш алып барган аудитор жүргүзө турган болсо, анда жогоруда белгиленген талаптарга кошумча аудиттин эл аралык стандарттарына жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык анын финансы-кредит мекемелеринде аудит жүргүзүү жагында үч жылдык тажрыйбасынын болушу зарыл

МКК/МКАнын ишине аудит жүргүзүү үчүн тандалып алынган аудитордук уюмдун штаттык же сырттан тартылган аудиторлору төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бериши;  

- аудиттин эл аралык стандарттарына жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык анын финансы-кредит мекемелеринде аудит жүргүзүү жагында үч жылдык тажрыйбасынын болушу.»; 

- 3.8.-пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын

«- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын так сактоо

- тобокелдиктердин тескөөгө алынышы сапатына баа берүү.»; 

- 3.9.-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«Тышкы аудитор аудитти жүргүзүп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана аудиттин эл аралык стандарттарында белгиленген талаптарга ылайык тариздетилген аудитордук корутундуну, МКК/МКА жетекчилигине катты, ошондой эле тышкы аудитти жүргүзүү боюнча келишимде белгиленген бардык отчетту МКК/МКАга сунуштоого тийиш

Улуттук банк, эгерде төмөнкүлөрдү камтыган жагдайлардын орун алгандыгы аныкталган болсо, МКК/МКАнын тышкы аудиторунун корутундусун кабыл албай коюуга жана кайталап аудит жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу

- Кыргыз Республикасындагы «Аудитордук иш жөнүндө» мыйзамдын 11-беренесине ылайык, аудитти жүргүзүүдө чектөөлөр орун алгандыгы тууралуу тыянак чыгарууга негиз болгон маалыматтарды жаап-жашыруу фактылары аныкталса; 

- ыйгарым укуктуу орган тарабынан аудитордун квалификациялык сертификаты/лицензиясы кайтарылып алынган болсо; 

- тышкы аудитордун ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобонун 3.4.-пунктунун талабына ылайык келбеген жагдайлар орун алгандыгын тастыктаган фактылар аныкталса

Улуттук банк жогоруда белгиленген жагдайлар аныкталган шартта, мөөнөттөрүн белгилеп жана негиздүү себептерин көрсөтүү менен кайталап аудит жүргүзүү талабын МКК/МКАнын дарегине жөнөтөт. МКК/МКА, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул жобонун талаптарына ылайык кайталап тышкы аудитти жүргүзүүгө милдеттүү. Кайталап өткөрүлгөн аудит МКК/МКАнын эсебинен ишке ашырылат.»; 

- 3.11.-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«3.11. МКК/МКА тышкы аудитордун корутундусун алгандан кийинки 30 күн ичинде, бирок отчеттук жылдан (мезгилден) кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирбестен, (Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча - Тышкы көзөмөл башкармалыгына, башка областтарда - Улуттук банктын областтык башкармалыктарына жана өкүлчүлүгүнө) МКК/МКАнын жетекчилигине катты кошо алганда, тышкы аудитор тарабынан белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн МКК/МКАнын финансылык отчетун кошо тиркөө менен аудитордук корутундунун көчүрмөсүн Улуттук банкка сунуштоого тийиш.»; 

- жобо төмөнкү мазмундагы 3.12-пункт менен толукталсын: 

«3.12. МКК/МКА, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы белгиленбесе, тышкы аудитор тастыктагандан кийин жылдык финансылык отчетун республикалык жана жергиликтүү маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат.».