Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 30-сентябрындагы 59/4 токтому 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы 20/1 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы 20/1 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

2. Юридика башкармалыгы

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом, расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусун, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин, «Борбордук депозитарий» ЖАКсын жана Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын   

2015-жылдын 30-сентябрындагы   

59/4 токтомуна карата тиркеме   

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы 20/1 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуутоктомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы 20/1 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуутоктомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

Жогоруда белгиленген токтом менен бекитилгенКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун”: 

1-пунктунунжобогодеген сөздөрү “,“5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык облигацияларын жарыш жайгаштыруу жана жүгүртүү жөнүндөКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июнундагы 476 токтомунадеген сөздөр менен толукталсын

21-пунктунунСоциалдык фондусудеген сөздөрү “,”Борбордук депозитарийЖАКсыдеген сөздөр менен толукталсын

МБКлар рыногунда тике катышуучу статусун берүү шарттары” 3-бөлүмү төмөнкүдөй редакциядагы 31-1 пункту менен толукталсын

“31.1. ”Борбордук депозитарийЖАКсына Улуттук банк менен ал аркылуу жайгаштырылуучу МБКлар рыногундагы иши тууралуу келишим түзүү жана АТСке туташуусу шартында тике катышуучу статусу ыйгарылуу мүмкүн (ушул Жобого 2-тиркеме). Тике катышуучу катарыБорбордук депозитарийЖАКсы 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлорду жайгаштыруу аукциондорго гана жана өз кардарларынын атынан жана алардын тапшыруусу боюнча гана катыша алат.”; 

34-пунктунунгана билдирмесиндеген сөздөрү “, ал эмиБорбордук депозитарийЖАКсынын билдирмелери өз кардарларынын - кыйыр катышуучулардын атынан (кардарлардын билдирмеси) берилген гана билдирменидеген сөздөр менен толукталсын

59-пунктту төмөнкү редакцияда берилсин

“59. Банктардын билдирмелери өз атынан (өздүк) берилген билдирме сыяктуу эле, кардарларынын - кыйыр катышуучулардын атынан (кардарлардын билдирмеси) берилген агрегирленген билдирмени да камтышы мүмкүн. Институционалдык инвесторлордун билдирмелери өзүнүн гана билдирмесин, ал эмиБорбордук депозитарийЖАКсынын билдирмелери өз кардарларынын - кыйыр катышуучулардын атынан (кардарлардын билдирмеси) берилген гана билдирмени камтууга тийиш.”; 

71-пунктту төмөнкү редакцияда берилсин

“71. Банктардын билдирмелери өз атынан (өздүк) берилген билдирме сыяктуу эле, кардарларынын - кыйыр катышуучулардын атынан (кардарлардын билдирмеси) берилген агрегирленген билдирмени да камтышы мүмкүн. Институционалдык инвесторлордун билдирмелери өзүнүн гана билдирмесин, ал эмиБорбордук депозитарийЖАКсынын билдирмелери өз кардарларынын - кыйыр катышуучулардын атынан (кардарлардын билдирмеси) берилген гана билдирмени камтууга тийиш.”; 

төмөнкүдөй редакциядагы 2-тиркеме менен толукталсын

 

Улуттук Банк Башкармасынын 2013-жылдын  

26 июнундагы 20/1 токтому менен бекитилген  

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн   

Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу   

мамлекеттик баалуу кагаздарын жайгаштыруу,   

кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу,   

кайтара сатып алуу жана эсептешүүлөрдү   

жүргүзүү жөнүндө" жобого 2-тиркеме  

  

Борбордук депозитарийЖАКсынын Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү мамлекеттик казыналык облигациялар рыногундагы иши тууралуу ___________келишим 

  

Бишкек шаары 20____-ж. "____" ________   

  

Мындан ары "Улуттук банк" деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамдын жана 20____ -жылдын "___"_______ ___ буйруктун негизинде иш алып барган Төраганын орун басары _________________ бир тараптан жана мындан ары "Уюм" деп аталуучу _________________________ атынан уставдын негизинде иш алып барган Башкарманын төрагасы _______________________ экинчи тараптан, биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар Улуттук Банк Башкармасынын 20___-жылдын "___"_______ ___ токтому менен бекитилген, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарын жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" жобого (мындан ары - жобо) таянуу менен төмөнкүлөр боюнча ушул келишимди түзүштү:  

1. Келишим предмети 

1.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү мамлекеттик казыналык облигациялар (мындан ары - 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлор) рыногунда тиешелүү жобого ылайык, тике катышуучу катары Уюмдун иш жүргүзүүсү, ушул келишим предметинен болуп саналат.  

2. Уюмга карата коюлуучу талаптар 

2.1. Тике катышуучу катары иштөөгө ниеттенген Уюм, эң аз дегенде төмөнкү критерийлерге жооп берүүгө тийиш:  

2.1.1. Мамлекеттик баалуу кагаздар менен иш алып барууда тобокелдиктерди тескөө саясаты, баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алууну жүргүзүү тартиби, баалуу кагаздар менен иш алып барууда ички контролдук системасы аныкталган документтерге ээ болууга;  

2.1.2. Автоматтык тоорук системасына туташкан болууга.  

2.2. Ушул келишимге кол коюу менен Уюм, келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келүүсүн тастыктайт.  

3. Уюмдун укуктары 

Уюм төмөнкүлөргө укуктуу:  

3.1. Автоматтык тоорук системасы аркылуу кардарлардын тапшыруусу боюнча гана 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлорду жайгаштыруу, кошумча жайгаштыруу, кайталап сунуштоо жана кайтара сатып алуу аукциондоруна түздөн-түз катышууга.  

3.2. Өз кардарларынын атынан жана алардын тапшыруусу боюнча сатылып алынган 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлор менен депозитардык ишти жүзөгө ашырууга.  

3.3. 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлорду жайгаштыруу, кошумча жайгаштыруу кайталап сунуштоо жана кайтара сатып алуу аукциондорунун параметрлери жана анын натыйжалары жөнүндө маалыматтарды алууга.  

4. Уюмдун милдеттери 

Уюм төмөнкүлөргө милдеттүү:  

4.1. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлор рыногунда ишти жүзөгө ашырууга.  

4.2. 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлор боюнча акыркы аукциондордо түптөлгөн орточо алынган баалар жана кирешелүүлүк жөнүндө маалыматтарды жана 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлор боюнча буга чейинки аукциондордогу маалыматтарды өзүнүн веб-сайтына, ошондой эле филиалдарынын маалымат такталарына жарыялоо.  

4.3. 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлор аукционунда утушка ээ болгон билдирмелердин эмиссия күнү төлөөнү ишке ашыруу жана/же 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлорду кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруу үчүн Улуттук банктагы эсебинде жетиштүү көлөмдөгү акча каражаттарынын болушун камсыз кылууга. Уюмдун эсебинде каражаттар жетишсиз болуп калса, билдирме жокко чыгарылып, Уюмдан утушка ээ болгон билдирмеде көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын номиналдык наркынан бир пайыз өлчөмүндө айыптык төлөм өндүрүлөт. Айыптык төлөмдү төлөгөнгө чейин Уюм кийинки аукциондорго жана баалуу кагаздарды кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштырууга катыша албайт.  

4.4. Улуттук банк тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык, 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлор боюнча депозитардык ишти эсепке алуунун эки деңгээлдүү системасынын алкагында (Улуттук банк - Башкы депозитарий; Уюм - Субдепозитарий) жүзөгө ашырууга:  

· аларды баштапкы жайгаштыруу учурунда өз депоненттеринин эсебине 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлорду чегерүү (аукциондун жыйынтыгы же 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлорду кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруунун натыйжасы боюнча);  

· төлөө мөөнөттөрү келип жеткен учурда, 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлордун тиешелүү чыгарылыштарынын эсептерин жабууга;  

· депоненттерге таандык болгон 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлордун сакталышын жана аларга карата укуктардын эсепке алынышын камсыз кылууга;  

· ар бир депоненттин 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлорун өз-өзүнчө эсепке алууга;  

· депо-эсептери боюнча жазууларды чагылдыруу үчүн негиз болуп саналган документтердин талаптагыдай эсепке алынышын камсыз кылууга;  

· кардарлардын Уюмдун субдепозитарийинде эсепке алынган мамлекеттик баалуу кагаздарына менчик укугун тастыктоого.  

4.5. 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлор рыногу боюнча так маалыматтарды, ошондой эле рынокто түптөлгөн баалар, пайыздык чендер, тенденциялар жана башка зарыл маалыматтарды өз кардарларына берип турууга.  

4.6. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, маалыматтардын ачыкка чыгарылышы учурларын эске албаганда, өз кардарларынын 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлорго тиешелүү маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга.  

4.7. Улуттук банктын жана/же Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин талабы боюнча Улуттук банкка жана/же Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Уюмдун тике катышуучу катары жалпы ишине байланыштуу кайсы болбосун маалыматтарды жана/же башка документтерди талапта белгиленген форматта өз учурунда берип турууга.   

4.8. Ушул келишимге кол коюлгандан кийинки эки жумуш күнү ичинде 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлор аукционуна жана/же 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлорду кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштырууга билдирмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу болгон адамдардын тизмесин жана ишеним каттарды Улуттук банкка берүүгө. Эгерде, ушул пунктта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктар башка адамдарга өткөрүлө турган болсо, ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген учурдан тартып эки жумуш күнү ичинде Улуттук банкка жаңы тизмени жана ишеним катты берүүгө.  

4.9. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, анын ичинде Улуттук банк Башкармасынын 20___-жылдын "___"____________ токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарын жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобого жана Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы 10/18 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө" жобого ылайык, 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлор менен жарандык-укуктук бүтүмдөргө келишүүгө.  

5. Улуттук банктын укуктары 

Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу:  

5.1. 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлордун Башкы депозитарийи катары иш алып барууга.  

5.2. Каражаттарды 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлор аукциондордо канааттандырылган (толук же жарым-жартылай көлөмдө) билдирмелердин негизинде жана/же 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлорду кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштырууда Уюмдун эсебинен Борбордук казыналыктын Улуттук банктагы күндөлүк эсебине которууга.   

5.3. Белгиленген формадагы отчеттордун, ошондой эле Улуттук банкка жана/же Финансы министрлигине зарыл болгон, Уюмдун ишине байланыштуу башка маалыматтардын өз учурунда берилишин талап кылууга.  

5.4. Уюмга карта Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чараларды колдонууга.   

6. Улуттук банктын милдеттери 

Улуттук банк төмөнкүлөргө милдеттүү:  

6.1. Жүгүртүүдөгү 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлордун так жана толук эсепке алынышын камсыз кылууга.  

6.2. 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлор аукциондорунун параметрлерин жана кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруулар боюнча маалыматтарды жарыялап, Улуттук банктын сайтында жайгаштырууга.  

6.3. 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлор аукциондору өткөрүлүп жана/же аларды кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруудан кийин аукциондордун же кошумча жайгаштыруулардын жыйынтыгы тууралуу маалыматтарды белгиленген тартипке ылайык, Уюмга берүүгө.   

6.4. 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлор төлөнгөн күнү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлордун эмиссиясына төлөөлөрдүн, Уюмдун депо-эсебинде эсепке алынуучу номиналдык наркын Уюмдун Улуттук банктагы эсебине чегерүүгө.  

6.5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлор боюнча купондук төлөмдөр төлөнгөн күнү Уюмдун депо-эсебинде эсепке алынган, МБКлардын санына туура келген купон боюнча төлөө суммасын Уюмдун Улуттук банктагы эсебине чегерүүгө.  

6.6. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, маалыматтарды чечмеленип берилиши жагдайын эске албаганда, Уюмдун 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлор менен операциялары боюнча маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга.  

7. Тараптардын жоопкерчилиги жана талаш маселелерди чечүү тартиби 

7.1. Уюмдун эсебинен каражаттардын туура эмес эсептен алынып салынышы, ошондой эле тиешелүү суммалардын Улуттук банк тарабынан кечиктирилип же туура эмес чегерилиши учурунда, Улуттук банк Уюмдун пайдасына ар бир кечиктирилген күн үчүн чегерилбей калган суммадан (же ашыкча алынып коюлган суммадан) 0,1% өлчөмүндө туум төлөйт.  

7.2. Уюм жаңылыш чегерилген суммалар тууралуу маалымдап, аларды Улуттук банкка кайтарып берүүгө милдеттүү. Эгерде, жаңылыш чегерилген суммалар кайтарылып берилбесе, Уюм жаңылыш чегерилген суммадан 0,1% өлчөмүндө ар бир күн үчүн туум төлөйт.  

7.3. Тараптар өз милдеттерин аткарбай койгондугу же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.   

7.4. Ушул келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан талаш маселелер, өз ара алгылыктуу чечимди иштеп чыгуу максатында, тараптардын сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынууга тийиш.  

7.5. Жөнгө салынбаган талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилиши зарыл.  

7.6. Улуттук банк, эгерде бул Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан ал эмитирлеген 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлор боюнча милдеттенмелерин аткарбай коюусунун кесепетинен келип чыкса, милдеттенмелердин аткарылбай калышы үчүн жоопкерчилик тартпайт.  

8. Келишимди колдонуу мөөнөтү жана аны токтотуу тартиби 

8.1. Келишим ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана бир календардык жыл ичинде колдонууда болот.  

8.2. Эгерде, тараптардын бири келишим мөөнөтү бүткөнгө чейинки 30 календардык күн мурда келишимди токтотуу жөнүндө ниетин кат жүзүндө билдирбесе, келишим ар бир кийинки календардык жылга дароо узартылат.  

8.3. Келишим Улуттук банктын демилгеси боюнча сыяктуу эле, Уюмдун демилгеси боюнча токтотулушу мүмкүн.  

8.4. Уюм ушул келишим боюнча өз милдеттерин аткарбай койсо же талаптагыдай аткарбаса, Улуттук банк алдын ала маалымдоосуз эле бул келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу. 

9. Башка шарттар 

9.1. Уюмдун 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлор аукциондоруна катышуусунун жана/же 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлорду кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруусунун натыйжасы боюнча Уюмдун Улуттук банктагы эсебинен акча каражаттарын акцептсиз тартипте эсептен алып салууга Уюм Улуттук банкка укук ыйгарат.  

9.2. Ушул Келишим шарттары тараптардын макулдугу боюнча өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн.  

9.3. Жогоруда аталган жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип же жобонун жаңы редакциясы кабыл алынган шартта, ушул келишим шарттары жобонун жаңы нормаларына ылайык келтирүү максатында, кайрадан каралып чыгууга тийиш.  

9.4. Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар кат жүзүндө таризделинип, тараптар кол коюуга тийиш жана кабыл алынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

9.5. Бул келишим тараптардын ар бирине бирден, эки нускада түзүлгөн. Эки нускасы тең бирдей юридикалык күчкө ээ.   

 

Тараптардын реквизиттери: 

Кыргыз Республикасынын   

Улуттук банкы  

”Борбордук депозитарий” ЖАКсы 

720040, Бишкек шаары, Үмөталиев атындагы көчө, 101  

 

(Кызматы) 

 

(Аты-жөнү

 

_______________________ 

(Кол тамгасы

МО 

(Почта индекси, дареги

 

 

(Кызматы) 

 

(Аты-жөнү

 

_______________________” 

(Кол тамгасы

МО