Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 16-сентябрындагы 53/8 токтому 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоо киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин:  

- 2014-жылдын 30-майындагы 24/8 «Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу»;  

- 2014-жылдын 30-майындагы 24/9 «Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу».  

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

3. Юридика башкармалыгы

бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын

расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырыш үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Ислам экономикасын, финансы жана индустриясын өнүктүрүү ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, Микрофинансылык уюмдар ассоциациясын, микрофинансылык уюмдарды, Кредиттик союздар ассоциациясын, кредиттик союздарды, «ЭкоИсламикБанкы» ЖАКты, «Баракат» билим берүү борбору» ЖЧКсын тааныштырсын

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 16-сентябрындагы  

№ 53/8 токтомуна карата тиркеме  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолор 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы 24/8 «Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоонун: 

- 1-пунктундагы «микрокаржылоо компанияларынын» деген сөздөр «, анын ичинде Шариат стандарттарынын талаптарын жана банк операцияларын жүзөгө ашырууда алар колдонгон атайы терминдерди эске алуу менен ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган компаниялардын” деген сөздөр менен толукталсын.; 

- 2-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:  

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган МФК буга кошумча Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит уюму (AAOIFI) тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына таянуу менен иш алып барууга тийиш.»;  

15-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:  

«Ислам терезеси» алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган, Улуттук банктын лицензиясынын негизинде чет өлкө валютасында операцияларды жүргүзгөн жана акча каражаттарын тарткан МФК күн сайын саат 9.00гө чейин Улуттук банкка, ал эми республиканын башка областтарында жайгашкандар Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыктарына жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө ачык валюта позициялары боюнча төмөнкү отчетторду кагазга чыгарылган түрүндө жана электрондук түрдө жөнөтүп турууга тийиш: ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча; ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялардан айырмаланган операциялар боюнча; МФКнын чет өлкө валютасындагы бардык операциялары боюнча жыйынтыкталган отчетту.»;  

- 16-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:  

«Ислам терезеси» алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган, Улуттук банктын лицензиясынын негизинде чет өлкө валютасында операцияларды жүргүзгөн жана акча каражаттарын тартпаган МФК отчеттук жумадан кийинки алгачкы жумуш күнү саат 9.00гө чейин Улуттук банкка, ал эми республиканын башка областтарында жайгашкандар Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыктарына жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө ачык валюта позициялары боюнча төмөнкү жумалык отчетторду кагазга чыгарылган түрдө жана электрондук түрдө жөнөтүп турууга тийиш: ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча; ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялардан айырмаланган операциялар боюнча; МФКнын чет өлкө валютасындагы бардык операциялары боюнча жыйынтыкталган отчетту.»;  

- Нускоо төмөнкү мазмундагы «7. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган МФКнын валюталык операцияларынын өзгөчөлүгү» деп аталган 7-бөлүк менен толукталсын: 

«24. МФК, алар төмөнкү Шариат стандарттарына ылайык келген шартта гана чет өлкө валюталарын сатып алуу-сатуу боюнча бүтүмдөрдү ишке ашырууга укуктуу:  

- алмашууну ишке ашыруу алдында эки тараптын тең колунда башкасына алмаштырылууга тийиш болгон валюта болушу зарыл;  

- алмаштырылуучу валюта бирдиги, эгерде алардын бири банкнот, экинчиси бир өлкөнүн монетасы болсо да, бирдей суммада болууга тийиш;  

- валюта контрактысында алмаштыруу бирдигинин бирин же экөөсүн өткөрүп берүү маселесин кийинкиге жылдыруу шарты же шилтемеси камтылууга тийиш эмес;  

- валюта операциялары фьючерс жана форвард рынокторунда ишке ашырылууга тийиш эмес.  

25. Валюталарды сатып алууну жана сатууну бир учурда, катар ишке ашырууга уруксат берилбейт, анткени анда төмөнкү факторлор камтылган:  

- эки сатылып алынган жана сатылган валюталарды өткөрүп берүү жана алуу ишке ашырылган эмес, бул контрактыда валюталарды сатуунун кийинкиге жылдырылышына алып келет;  

- валютаны сатуу келишими валютаны сатуу жөнүндө башка контрактыдан көз каранды болуп калат;  

- эки тарапты валюта алмаштырууга мажбурлаган милдеттенмеге алып келет, буга өзүнөн-өзү жол берилбейт

26. МФКнын чет өлкө валютасы менен операцияларды жүзөгө ашыруу саясаты, жол-жоболору жана типтүү контрактылары Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш.». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы 24/9 «Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө” нускоонун: 

- 1-пунктундагы «кредиттик союздардын ишинде» деген сөздөр «, анын ичинде Шариат стандарттарынын талаптарын жана банк операцияларын жүзөгө ашырууда алар колдонгон атайын терминдерди эске алуу менен ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган компаниялардын» деген сөздөр менен толукталсын.

- 2-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:  

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздар буга кошумча Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит уюму (AAOIFI) тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына таянуу менен иш алып барууга тийиш.»;  

15-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:  

«Ислам терезеси» алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союз отчеттук жумадан кийинки алгачкы жумуш күнү саат 9.00гө чейин Улуттук банкка, ал эми республиканын башка областтарында жайгашкандары Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыктарына жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө ачык валюта позициялары боюнча төмөнкү отчетторду кагазга чыгарылган түрүндө жана электрондук түрдө жөнөтүп турууга тийиш: ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча; ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялардан айырмаланган операциялар боюнча; кредиттик союздун чет өлкө валютасындагы бардык операциялары боюнча жыйынтыкталган отчетту.»;  

- Нускоо «7. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздардын валюталык операцияларынын өзгөчөлүгү» деп аталган 7-бөлүк менен толукталсын:  

«23. Кредиттик союз, алар төмөнкү Шариат стандарттарына ылайык келген шартта гана чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу боюнча бүтүмдөрдү ишке ашырууга укуктуу:  

- алмашууну ишке ашыруу алдында эки тараптын тең колунда башкасына алмаштырылууга тийиш болгон валюта болушу зарыл;  

  

- алмаштырылуучу валюта бирдиги, эгерде алардын бири банкнот, экинчиси бир өлкөнүн монетасы болсо да, бирдей суммада болууга тийиш;  

- валюта контрактысында алмаштыруу бирдигинин бирин же экөөсүн өткөрүп берүү маселесин кийинкиге жылдыруу шарты же шилтемеси камтылууга тийиш эмес;  

- валюта операциялары фьючерс жана форвард рынокторунда ишке ашырылууга тийиш эмес.  

24. Валюталарды сатып алууну жана сатууну бир учурда, катар ишке ашырууга уруксат берилбейт, анткени анда төмөнкү факторлор камтылган:  

- эки сатылып алынган жана сатылган валюталарды өткөрүп берүү жана алуу ишке ашырылган эмес, бул контрактыда валюталарды сатуунун кийинкиге жылдырылышына алып келет;  

- валютаны сатуу келишими валютаны сатуу жөнүндө башка контрактыдан көз каранды болуп калат;  

- эки тарапты валюта алмаштырууга мажбурлаган милдеттенмеге алып келет, буга өзүнөн-өзү жол берилбейт

25. Кредиттик союздун чет өлкө валютасы менен операцияларды жүзөгө ашыруу саясаты, жол-жоболору жана типтүү контрактылары Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш.».