Кайта келүү

 

“Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ачык акционердик коомуна убактылуу жетекчиликти киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, Тышкы көзөмөл башкармалыгынын 2015-жылдын 21-августундагы “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ачык акционердик коомунда түптөлгөн жагдайга тиешелүүмаалыматын карап көрүп, ал боюнча төмөнкүлөрдү билдирет. 

М.А. Фаттаховдун “Кредиттик союздардын финансылыккомпаниясы” ААКсынынДиректорлор кеңешинин төрагасы кызматына кайра дайындоо боюнча доо арызынын камсыздоосу катары соттун ушул ачык акционердик коомдун Директорлор кеңешинин отурумун өткөрүүгө тыюу салуусу орун алып жаткандыгына, ошондой эле учурда анын башкаруу органы жана Директорлор кеңеши түзүлө электигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 30, 32, 43-беренелерине, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамдын 24, 25, 39, 45-беренелерине, Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-майындагы №16/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган банктарга жана айрым башка финансы-кредит мекемелерине карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун 6.2, 6.11-пункттарына, Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 30-сентябрындагы №36/5 токтому менен бекитилген “Банк ишин тескөө боюнча убактылуу жетекчилик жөнүндө” жобонун 2-пунктуна таянуу менен токтом кылат: 

 

1. 2015-жылдын 9-сентябрынын саат 8.00дөн тартып “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсынын ишин тескөө боюнча убактылуу жетекчилик киргизилсин. 

2. Абдулдабеков Рустам Аскарбекович убактылуу жетекчи болупдайындалсын. 

3. Убактылуу жетекчи “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсына убактылуу жетекчилик киргизилгенучурдантартып анын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын ыйгарым укуктарына ээ боло тургандыгы белгилесин. 

4. “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсынын убактылуу жетекчиси жума сайын Улуттук банкка тиешелүү отчеттордунберилип турушун камсыз кылсын.  

5. Улуттук банктын Персонал менен иш алып баруу бөлүмү “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсынын убактылуу жетекчисинин милдетин аткаруусу үчүн Абдулдабеков Рустам Аскарбекович менен 2015-жылдын 9-сентябрынан тартып тиешелүү келишим түзсүн. 

6. Тышкы көзөмөл башкармалыгы: 

- ушул токтом менен “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсынын акционерлерин жана кызмат адамдарын тааныштырсын.  

- ушул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын.  

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

Башкарманын мүчөлөрү: Т. Джусупов  

Б. Жеенбаева  

Н. Жениш  

Л. Орозбаева  

Н. Сагындыков  

А. Садыркулова