Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 15-июлунундагы № 38\1 токтому 

 

 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү 

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин:  

- 2009-жылдын 26-августундагы №35/3«Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2006-жылдын 2-мартындагы №5/7 «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

2. Токтом талабы баалуу металлар менен операцияларды ишке ашырган коммерциялык банктарга да таркатылат. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, “Кыргыз банктар бирлиги” юридикалык жактар бирикмесинжана Улуттук банктын областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын.  

 

Төрага Т.Абдыгулов 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк  

Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлунундагы № 38\1 токтомуна 

 

Тиркеме  

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 26-августундагы №35/3 «Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө» жобонун: 

- I бөлүгүнүн

1.2-пунктунун: 

- 1.2.1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1.2.1.Баалуу металлдар - бул: 

- аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куйма түрүндөгү алтын; 

- аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куйма түрүндөгү күмүш; 

- аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куйма түрүндөгү платина.»; 

1.2.2-пунктундагы «Баалуу металлдардын стандарттык куймалары» деген сөздөр 

«Аффинаждалган баалуу металлдардан стандарттык куймалар» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

1.2.3-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1.2.3. Аффинаждалган өлчөнгөн куймалар - баалуу металлдардан жасалган жана маркировкаланган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы же баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан сертификатталган, аффинаждык ишкана аркылуу эмитирленген (чыгарылган), салмагы 1000 граммды же андан азды түзгөн алтын куйманын лигатуралык салмагынын кеминде 99,95-99,99%, ал эми күмүш/платина куймасынын лигатуралык салмагынын кеминде 99,90% химиялык таза металлды камтыган баалуу металлдардан жасалган жана маркировкаланган баалуу металл куймалары»; 

1.2.5-пунктча күчүн жоготкон катары таанылсын

1.2.10-пунктчадагы «Эрежедегидей эле, банк мындай эсептер боюнча кардарларга сыйакы төлөп берет.» деген сүйлөм алынып салынсын

1.2.11-пунктчадагы «Эрежедегидей эле бул эсептер, кардарлар тарабынан банкта баалуу металлдарды сактоо максатында колдонулат жана алар банкка белгилүү өлчөмдө төлөм төлөп турушат.» деген сүйлөмалынып салынсын

1.3-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.3. Ушул жобонун талаптары аффинаждалган баалуу металлдардан жасалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларга гана таратылат.»; 

- II-бөлүгүнүн

2.1-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банктарга баалуу металлдарда кредиттерди сунуштоо жана банктардан баалуу металлдарда кредиттерди алуу;»;  

2.2-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«-Кыргыз Республикасынын Улуттук Стандартарына ылайык өлчөнгөн куймалар түрүндө даярдалууга (Кыргыз Мамлекеттик Стандарты (КМС) 1281:2015).». 

2.3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Стандарттык жана өлчөнгөн куймалар түрүндөгү (аффинаждалган баалуу металлдардан жасалган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген (чыгарылган) өлчөнгөн куймаларды эске албаганда) баалуу металлдар менен операцияларды ишке ашырган коммерциялык банктар төмөнкүлөргө милдеттүү

 

2.3-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтарынын ортосуна төмөнкү мазмундагы абзац кошулсун

«- баалуу металлдардын жана алардын аралашмаларынын пайыздык катышын аныктоо максатында, баалуу металлдардан жасалган өлчөнгөн куймалардын курамына экспресс талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн 2-1-тиркемеде көрсөтүлгөн атайын жабдууга ээ болууга;». 

2.4-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын

2.7-пункт төмөнкүмазмундагы 2.7-1., 2.7-2., 2.7-3.-пунктчалар менен толукталсын: 

«2.7-1. Банктар баалуу металлдарды тартуу жана жайгаштыруу боюнча операцияларды ишке ашыруу үчүн жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептерин ачат

2.7-2. Баалуу металлдарды жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептерине которууга байланыштуу операцияларды жүзөгө ашырууүчүн банктар төмөнкүлөр менен корреспонденттик мамилелерди түптөө укугуна ээ

1) Аффинаждалган баалуу металлдардан жасалган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген (чыгарылган) өлчөнгөн куймалар түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен; 

2) башка эмитенттердин аффинаждалган баалуу металлдардан жасалган, стандарттык жана өлчөнгөн куймалар түрүндөгү баалуу металлдары менен операцияларды жүргүзүү үчүн банк-резидент эместер менен. 

2.7-3. Баалуу металлдарды тартуу жана аларды жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептерине жайгаштыруу, баалуу металлдар алынып келинген учурда аларды жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептерине чегерүү, ошондой эле кардарларга сатылган же банк тарабынан сатылып алынган баалуу металлдарды да чегерүү аркылуу жеке белгилери көрсөтүлбөгөн башка металл эсептеринен баалуу металлдарды которуу аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн. 

Кардарлардын жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептеринен баалуу металлдарды кайтаруу, баалуу металлдарды жеке белгилери көрсөтүлбөгөн башка эсептерге чегерүү аркылуу баалуу металлдардын эсебинен аларды физикалык формасында алып коюу, ошондой эле металл эсептеринде катталган баалуу металлдарды сатып алуу-сатуу бүтүмү аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.»

2.9-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Кардардан сактоого кабыл алынган баалуу металлдар банктын тартылган каражаттары болуп саналбайт жана өз атынан жана өз эсебинен жайгаштырылышы мүмкүн эмес.». 

- IV бөлүктүн

4.2-пунктундагы “,«ЭВФтин «Келишимдер статьясынын» 8-статьясына кол коюшкан өлкөлөрдүн валюталары үчүн белгилеген лимиттерге барабар болгон деген сүйлөм алынып салынсын

- төмөнкү мазмундагы 2-1-тиркеме менен толукталсын:  

 

 

«Коммерциялык банктардын баалуу 

металлдар менен операциялары 

жөнүндө»жобого карата 

2-1-тиркеме 

 

Аффинирленген баалуу металлдардан жасалган өлчөнгөн куймаларга экспресс талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүүчүн каралган жабдууларга карата 

ТЕХНИКАЛЫК ТАЛАПТАР 

Аталышы 

Колдонуу багыты 

Эскертүү 

Рентген-флуоресценттик анализатор  

Өлчөнгөн куймалардын жана монеталардын курамына экспресс талдап-иликтөө (баалуу металлдардын жана аралашмалардын пайыздык катышынаныктоо

Жүздөн бир үлүштүк % га чейин өлчөө менен 99,99 пайыз алтындан турган куйманын курамын тастыктоо 

Атайын электрондук тараза 

Баалуу металдардын (өлчөнгөн куймалардын жана монеталардын) так салмагын аныктоо 

0,02 граммдан 120 граммга чейин өлчөө чегиндеги ГОСТ 24104 боюнча II (жогорку) класстагы тактык 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы №5/7 «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 9-главасынын

9.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9.3. Банк, лицензияга ээ болгон шартта төмөнкү операцияларды жүргүзө алат

1) Аффинаждалган баалуу металлдардан жасалган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген (чыгарылган) өлчөнгөн куйма түрүндөгү баалуу металлдар менен; 

2) башка эмитенттердин аффинаждалган баалуу металлдардан жасалган, стандарттык жана өлчөнгөн куймалар түрүндөгү баалуу металлдары менен. 

9.3-1. Аффинаждалган баалуу металлдардан жасалган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген (чыгарылган) өлчөнгөн куймалар түрүндөгү баалуу металлдар менен опреацияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу үчүн банктар төмөнкү талаптарды аткарууга тийиш

1) уставдык капиталдын өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келүүгө

2) Улуттук банкта атайы окутуудан өткөн (Улуттук банктын каты менен тастыкталат) квалификациялуу персоналга ээ болууга

3) Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди таксактоого

4) Аффинаждалган баалуу металлдардан жасалган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген (чыгарылган) өлчөнгөн куймалар түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашыруу боюнча бекитилген жол-жоболорго ээ болууга

9.3-2. Банктар башка эмитенттердин аффинаждалган баалуу металлдардан жасалган, стандарттык жана өлчөнгөн куймалар түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү

1) 9.3-1-пунктчанын шарттарын аткарууга

2) бул чөйрөдө кеминде бир жылдыкиш тажрыйбасы бар квалификациялуу персоналга же акыркы беш жыл ичинде көрсөтүлгөн багыт боюнча тажрыйбалык такшалуудан же окутуудан өткөндүгүн тастыктаган документи болууга

3) баалуу металлдарды сактоонун жана ташып жеткирүүнүн талаптагыдай шарттарын камсыз кылуу үчүн банк тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарды берүү

4) камсыздандыруу шарттарытууралуу маалымат берүү (банк камсыздандыруу келишимин түзүүгө ниеттенип жаткан компания жана анын финансылык абалы жөнүндө маалыматтарды кошо алганда); 

5) «Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө» жобонун 2.3-пунктунда белгиленген, баалуу металлдар менен операцияларды ишке ашыруу боюнча башка талаптардын аткарылышын тастыктаган маалыматтарды берүү

6) «Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө» жобонун талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан баалуу металлдар менен операцияларды ишке ашыруу боюнча бизнес-пландын жана бекитилген саясаттардын болушу.»; 

9.4-пунктутун биринчи абзацындагы «баалуу металлдар менен» деген сөздөр «9.3-пункттун 2-пунктчасына ылайык» деген сөздөр менен толукталсын; 

2-пунктчасындагы «Директорлор кеңешинин маселенин талкууланышын чагылдырган жана деген сөздөр алынып салынсын

4-пунктчасы жаңы редакцияда берилсин: 

«4) бизнес-план;»; 

5-пунктчадагы «(көрсөтүлгөн кызматкерлердин бул чөйрөдө кеминде бир жылдык иш тажрыйбасы жана бул багыт боюнча курстарда атайын окутуудан өткөндүгү тууралуу күбөлүгү болууга тийиш деген сүйлөм алынып салынсын

9-глава төмөнкү мазмундагы 9.4-1-пункт менен толукталсын: 

«9.4-1. Банк, ушул жобонун 9.3-пунктунун 1-пунктчасына ылайык баалуу металлдар менен банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш

1) Аффинаждалган баалуу металлдардан жасалган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген (чыгарылган) өлчөнгөн куймалар түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берүүгө банктын өтүнүч катын

2) Аффинаждалган баалуу металлдардан жасалган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген (чыгарылган) өлчөнгөн куймалар түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алууга Директорлор кеңешинин чечимин

3) Аффинаждалган баалуу металлдардан жасалган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген (чыгарылган) өлчөнгөн куймалар түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды ишке ашыруу боюнча жол-жоболорду.». 

12-тиркеменин 1-пунктунун

1.3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.3. Банктарга баалуу металлдарда кредиттерди берүү жана банктардан баалуу металлдарда кредиттерди алуу;»; 

1.7-пунктчадагы: 

«юбилейлик» деген сөз алынып салынсын; 

«нумизматикалык» деген сөз «(коллекциялык деген сөз менен толукталсын.