Кайта келүү

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банк Башкармасынын 2015-жылдын  

15-июлундагы №38/2  

 

 

 

 

Кыргыз Реcпубликасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна сунушталган толуктоолор бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом 2016 жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтомду коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, “Кредиттик союздардын финансы компаниясы” ААКсы адистештирилген финансы-кредит мекемеси, Улуттук банктын областык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү менен тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л. Орозбаевага ыйгарылсын.  

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

15-июлундагы №38/2 токтомуна 

тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна толуктоолор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы №26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобонун

- 37-бөлүгүнүн 2-тиркемесинин: 

37. А бөлүкчөсү. төмөнкү мазмундагы 24, 25, 26-тилкелер менен толукталсын: 

«24. Реструктуризациялоо саны». 

«25. Карыз алуучунун кирешелеринин валюталык түзүмүнүн коду». 

«26. Карыз алуучунун киреше валютасынын коду». 

37. Б1-бөлүкчөсү төмөнкү мазмундагы 24, 25, 26 тилкелер менен толукталсын: 

«24. Реструктуризациялоо саны». 

«25. Карыз алуучунун кирешелеринин валюталык түзүмүнүн коду». 

«26. Карыз алуучунун киреше валютасынын коду».