Кайта келүү

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк  

Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы №35\7токтому  

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин:  

2005-жылдын 19-майындагы №16/2 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит мекемелерине карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу”; 

2004-жылдын 29-декабрындагы №36/13 “Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө” нускоону бекитүү тууралуу”. 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредит мекемеси “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын тааныштырсын

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 24-июнундагы №35\7 

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-майындагы № 16/2 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит мекемелерине карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит мекемелерине карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” жобонун:  

1. «Жалпы жоболор» деп аталган бөлүгүнүн: 

- 5-абзацындагы “банктардын” деген сөз “жана алардын олуттуу катышуучуларынын” деген сөздөр менен толукталсын;  

- 5-абзац төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Банктын кызмат адамдары» дегенден улам, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн терминди түшүнүү зарыл»; 

- 6-12-абзацтар алып салынсын; 

2. 1.1-пункттун: 

- 1.1.2-пунктчасынын «5)»-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) банктын кызмат адамдарын алмаштыруу жана алардын банк ишине андан ары катышуусуна тыюу салуу жөнүндө талап (6.9-пунктту карагыла)»;  

- 1.1.2-пунктчасы төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«13) банктын олуттуу катышуучусунун ага тиешелүү акциялар боюнча добуш берүү укугун Улуттук банк тарабынан аныкталган мөөнөткө токтотуу талабы (6.9-пунктту карагыла); 

14) банктын олуттуу катышуучусуна банктын же анын аффилирленген жактарынын ишине андан ары катышуусуна тыюу салуу (6.9-пунктту карагыла).»; 

3. 1.2-пункттун «3)»-пунктчасынын «н» абзацындагы «кызмат адамдары» деген сөздөр «же олуттуу катышуучулары» деген сөздөр менен толукталсын»; 

4. 1.5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.5. Жазма буйрук Улуттук банктын банкка, банктын кызмат адамдарына жана анын олуттуу катышуучуларына карата кабыл алган, белгиленген мөөнөт ичинде милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон талабы.  

Жазма буйрук кириш, негиздеп далилдөөчү жана резолюциялык бөлүктөрдөн турат. 

Жазма буйруктун кириш бөлүгүндө буйрук чыгарылган күн жана анын орду, жазма буйрукту чыгарган органдын аталышы жана кызмат адамынын аты-жөнү, бузууларга жол берүү фактысы, ошондой эле банк/анын кызмат адамдары/олуттуу катышуучулары тарабынан бузууга жол берген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын, ошондой эле эл аралык келишимдердин жоболору баяндалууга тийиш.  

Жазма буйруктун негиздеп далилдөөчү бөлүгүндө Улуттук банк тарабынан белгиленген мыйзам талаптарын жана Улуттук банк аларга таянуу иш алып барган башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузууга жол берүү жагдайлары көрсөтүлөт. 

Жазма буйруктун резолюциялык бөлүгүндө орун алган мыйзам бузуу фактылары боюнча Улуттук банктын тыянактары, ошондой эле банк, банктын кызмат адамдары жана/же олуттту катышуучулары белгиленген мөөнөттө аткарууга тийиш болгон айкын чаралар камтылууга тийиш.  

Жазма буйрукта ошондой эле, мыйзам бузууларга жол берген банктын аталышы, кызмат адамдарынын аты-жөнү жана ээлеген кызмат орду же олуттуу катышуучуларынын аты-жөнү же аталышы, бузууга жол берүүдөн улам келип чыккан кесепеттер да (ар кандай чыгым тартуулар, анын ичинде банк ошол учурда тартып жаткан же келечекте тартышы мүмкүн болгон аброй чыгымына дуушар болуу ыктымалдыгы) көрсөтүлүүгө тийиш.  

Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети банк жана/же анын олуттуу катышуучулары кабыл алууга тийиш болгон айкын чараларды аныктаган чечимди кабыл алып, аларды аткаруу мөөнөттөрүн белгилейт. Улуттук банктын Төрагасынын Көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары банктын кызмат адамдары көрүүгө тийиш болгон айкын чараларды аныктаган жазма буйруктарды чыгарат жана аларды аткаруу мөөнөттөрүн белгилейт. 

Жазма буйрук жөнөтүлгөндөн кийин банктын куратору Улуттук банктын Тышкы көзөмөл башкармалыгынын же Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын кызматкери жазма буйруктун белгиленген мөөнөттөрдө аткарылышына контролдукту камсыз кылып, эгерде алар аткарылбай калса, дароо аткарылууга тийиш болгон чараларды көрөт.»; 

5. 1-таблица төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1-таблица 

 

Банктарды классификациялоо 

Жалпы абалы 

CAMELS жалпы рейтинги 

Капиталдын шайкештик тобу 

Тобокелдиктерди тескөө 

Мүмкүн болуучу башка факторлор  

Финансылык жактан туруктуу банк  

1 же

Алгылыктуу деңгээлде капиталдаштырылган же шайкеш капиталдаштырылган 

Банкта тобокелдиктерди тескөө иши кыйла натыйжалуу жүзөгө ашырылат, бирок айрым аспектилерде ал жетишсиз жүргүзүлүп жатышы  

мүмкүн. 

Олутуу проблема же көзөмөл органынын кыйла тынчсыздануусун жатаркан маселелер да жок. Айрым кемчиликтерди иш процессинде четтетүүгө болот.  

Проблемага дуушар болушу ыктымал банк  

3, бирок капиталы талаптагыдай деңгээлде  

Шайкеш капиталдаштырылган 

Тобокелдиктерди тескөө тажрыйбасы айрым маанилүү иш багттарында жетишсиз жүргүзүлүп жаткандыктан көзөмөл органы аларга кылдат көңүл буруп турат.  

Көзөмөл органынын айрым бир тынчсыздануусуна түрткү берген маселелер бар; капитал боюнча коэффициенттер минималдуу деңгээлден ашып кеткен, бирок алардын төмөндөөгө ык койгон тенденциясы байкалууда. Финансылык абалынын начарлап кетишине жол бербөө үчүн банкка карата тиешелүү таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн. 

Проблемалуу банк 

3, Капиталында тартыштык орун алууда же

Жетиштүү деңгээлде капиталдаштырылбаган  

Тобокелдиктерди тескөө тажрыйбасы айрым маанилүү иш багттарында жетишсиз жүргүзүлүп жаткандыктан көзөмөл органы аларга кылдат көңүл буруп турат.  

Банктын отчету финансылык абалдын начар экендигин же начарлап жаткандыгын тастыктоодо. 

Банктын финансылык абалы кооптонууну жаратат, төлөөгө жөндөмсүз абалда калышы ыктымал 

4 же

Талап кылынган деңгээлде капиталдаштырылган эмес 

Банкта тобокелдиктерди тескөө иши натыйжасыз жана жетишсиз жүргүзүлгөн.  

Банк дегеле пайда көрбөйт (чыгымдардын ордун жабууга кам түзүүгө чейин эле чыгымга учуруган).  

Төлөөгө жөндөмсүз банк  

Дегеле капиталдаштырылган эмес 

Банк тобокелдиктерди аныктабайт, көпчүлүк олуттуу иш багыттарында тобокелдикке дуушарланууга мониторингди жана ага контролдукту жүргүзбөйт.  

Кайсыл категорияда болбосун капитал Улуттук банк тарабынан капиталга карата белгиленген талаптардын 2% аз. Банктын активдеринин наркы анын милдеттенмелеринин наркынан аз. 

»; 

 

5. Жобо төмөнкү редакциядагы 4-1-глава менен толукталсын: 

«4-1. Банк ишин, анын иш-аракетин (аркеттенбей коюусун) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары таануу.  

4-1.1. Банктын аманатчылары , анын башка кредиторлору, акционерлери же бүтүндөй банк тутуму үчүн айкын коркунучту, олуттуу жоготуулар же чыгым тартуулар ыктымалдыгын жараткан банк иши, иш-аракеттери (аракеттенбей коюулары) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары эсептелинет

4-1.2. Улуттук банк төмөнкүлөргө баа берүүгө таянуу менен ар бир учурда алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбаны өз-өзүнчө аныктайт

- аны коштоп жүргөн факторлорго жана жагдайларга; 

- аманатчылардын каражаттары, банк жана/же бүтүндөй банк тутуму үчүн орун алган потенциалдуу коркунучтарга. 

4-1.3. Алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага чегерүүгө боло турган банк ишинин, иш-аракетинин (аракеттебей коюсунунун) бир же бир нече белгилеринин орун алышы да (алар ушул жобого карата 1-тиркемеде келтирилген жана булар менен гана чектелип калбайт) 4-1.1 жана 4-1.2-пункттарды эске алуу менен алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбаны аныктоодо Улуттук банк үчүн негиз боло алат.  

4-1.4. Банктар алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылууга тийиш эмес.  

4-1.5. Улуттук банк иши алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары таанылган кайсы болбосун банкка карата, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, лицензияны кайтарып алууга чейинки таасир этүү чараларын колдоно алат. 

4-1.6. Улуттук банктын Тышкы көзөмөл башкармалыгы/Инспектирлөө башкармалыгы/Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы банктарга тышкы көзөмөлдөктү жүзөгө ашыруунун, инспектирлөөнү жана лицензиялоону жүргүзүүнүн алкагында банк ишинде алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага чегерилиши ыктымал болгон белгилерди аныктаган шартта, 4-1.2. жана 4-1.3-пункттарын эске алуу менен тиешелүү материалдарды даярдап, банк ишин алгылыксыз жана кооптуу тажрыйбага тартылган катары таануу тууралуу маселени Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин кароосуна талкулоо үчүн сунушутайт . 

4-1.7. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети Тышкы көзөмөл башкармалыгы/Инспектирлөө башкармалыгы/Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы тарабынан сунушталган маалыматтардын негизинде банктын ишин, иш-аракеттерин (аракеттенбей коюуларын) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары тааныйт.  

4-1.8. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети 4.1.6-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматты кароого алуунун жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталган компетенциясынын чегинде иши, иш-аракети (аракеттенбей коюусу) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага киреген банкка жана/же анын кызмат адамына карата тиешелүү таасир этүү чараларын көрүү чечимин кабыл алат.  

4-1.9. Эгерде иши, иш-аракети (аракеттенбей коюусу) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага кирген банкка жана/же анын кызмат адамына карата тиешелүү таасир этүү чараларын колдонуу Улуттук банк Башкармасынын компетенциясына кире турган болсо, анда Тышкы көзөмөл башкармалыгы/Инспектирлөө башкармалыгы/Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Көзөмөл боюнча комитетте кароого алынган маселенин жыйынтыгын эске алуу менен Улуттук банк Башкармасынын кароосуна тиешелүү материалдарды даярдайт. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталган компетенциясынын чегинде Улуттук банк Башкармасы иши, иш-аракеттери (аракеттенбей коюусу) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага чегерилген банкка карата тиешелүү таасир этүү чараларын көрүү чечим кабыл алат.»; 

6. 6.9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.9. Банктын кызмат адамдарына жана/же олуттуу катышуучуларына карата таасир этүү чаралары. 

6.9.1. Улуттук банк, көзөмөл блогунун тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан банктын кызмат адамдарына карата төмөнкү фактыларды аныктаган шартта аларды алмаштыруу талабын коёт:  

1) банк мыйзамдарын жана/же Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берип, бул жагдай олуттуу финансылык жоготууларга жана/же аброй тобокелдигине алып келгендиги; 

2) банк жоготуу тобокелдигине дуушар болуп, анын финансылык абалы жана аманатчыларынын таламдары коркунуч алдында калган жагдай түптөлүшү же ага түрткү берген иш-аракеттердин демилгелениши;  

3) банктын алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары мүнөздөлгөн иштерге (иш-аракеттерге/аракеттенбей коюуларга) катыштыгы бардыгы; 

4) терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын баша ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берген ишти жүргүзүү же ага тартылуу; 

5) кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу; 

6) кызмат ордун ээлеп туруу үчүн зарыл болгон ишенимди жаратпаган ишкердик абройдун талаптагыдай эместигин же кесиптик жактан компетентсиздигин тастыктаган фактылар. 

6.9.2. Көзөмөл боюнча комитет Тышкы көзөмөл башкармалыгынын жана/же Инспектирлөө башкармалыгынын жана/же Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын сунушу боюнча милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон төмөнкү талаптарды камтыган чечимдерди кароого алат жана кабыл алат: 

- банктын кызмат адамына карата кылмыш иши козголгон шартта, ошол адамды банкта ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетүү тууралуу;  

- кызмат адамы кылмыш ишин жасагандыгына күнөөлүү деп табылган шартта, аны банкта ээлеген кызмат ордунан четтетүү тууралуу; 

- банктын бардык же айрым кызмат адамдарын алмаштыруу жана алардын банк ишине андан ары катышуусуна тыюу салуу тууралуу; 

- банкты анын туруктуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө коркунуч келтирген ишке тарткан, ошондой эле банк мыйзамдарынын же Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын банк тарабынан сакталбашына түрткү берип, ал олуттуу финансылык жоготууларга жана/же аброй тобокелдигине алып келиши мүмкүндүгүн шарттаган фактылар аныкталган учурда банктын кызмат адамынын ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу; 

- эгерде Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамынын 44-беренесинин талаптарынын ал тарабынан бузууга жол берилгендиги фактысы маалым болсо же тастыкталса, акциялардын контролдук топтомун сатып алууга мурда берилген макулдукту жокко чыгаруу тууралуу. Акцияларды кандай болбосун тескөөгө алуу, анын ичинде аларды сатып өткөрүү Көзөмөл боюнча комитеттин чечиминде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылууга тийиш. 

6.9.3. Улуттук банктын көзөмөл блогунун тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан олуттуу катышуучуга карата 6.9.1-пунктта көрсөтүлгөн фактылар аныкталган шартта, Улуттук банк ага тиешелүү акциялар боюнча добуш берүү укугун токтотуу же анын банк ишине андан ары катышуусуна тыюу салуу талабын коёт.  

6.9.4. Банктын олуттуу катышуучуга тиешелүү болгон акциялары боюнча добуш берүү укугун токтотуу же анын банк ишине андан ары катышуусуна тыюу салуу чечимин Көзөмөл боюнча комитет кабыл алат.  

Ушул жобонун 6.9.1-пунктунда көрсөтүлгөн фактылар аныкталган шартта Көзөмөл боюнча комитет олуттуу катышуучунун банк жетекчилигине же саясатына тике же кыйыр түрдө таасир этүүсүн токтотуп туруу/токтотуу (добуш берүү укугун тике жана кыйыр түрдө жүзөгө ашырууну кошо алганда) жана анын уставдык капиталга катышуусун белгиленген мөөнөт ичинде олуттуу катышуу болжолдонуп жаткандагыдан төмөн деңгээлге чейин кыскартуу талабы камтыган токтомду/жазма буйрукту кабыл алат. Банктын олуттуу катышуучусу бул учурда банк жетекчилигине же анын саясатына (добуш берүү укугун тике же кыйыр түрдө жүзөгө ашырууну кошо алганда) тике же кыйыр таасир этүүнү токтотуп турууга/токтотууга милдеттүү жана акционерлер жыйынында аларга тиешелүү акциялар боюнча добуш берүү укугунан ажыратылат. Банктын олуттуу катышуучусун акционерлер жыйында добуш берүү укугунан ажыратууга тиешелүү токтомдо/ жазма буйрукта, кворумга жетишилбеген шартта, добуш берүү укугу сакталышы мүмкүн болгон айрым маселелер (мисалы, капиталды көбөйтүү маселеси) белгилениши мүмкүн.  

Банктын олуттуу катышуучусу Улуттук банк тарабынан аныкталган мезгил аралыгында өз үлүшүн сатууга милдеттүү. Бул ишке ашырылбаса, Улуттук банк ошол адамдын акцияларын мажбурлап ажыратып алуу өтүнүчү менен сотко кайрыла алат. 

6.9.5. Эгерде 6.9.2. жана 6.9.4-пункттарында көрсөтүлгөн чечим, Улуттук банк тарабынан ошол адамга карата кабыл алынган болсо, эч ким кызмат ордунда кала албайт же банк ишинде катыша албайт.  

6.9.6. Улуттук банктын чараларына жана санкцияларына даттануу алардын аткарылышын токтото албайт.»; 

7. 7.6-пункттун экинчи абзацы алып салынсын; 

8. 7.10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«7.10. Камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн банктан Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм өндүрүлөт.»; 

9. 1-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга  

жана айрым башка финансы-кредит мекемелерине карата 

колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө жобого карата 1-тиркеме  

 

 

 

 

Алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага чегерилиши мүмкүн болгон банк иш, анын иш-аракеттери (аракеттенбей коюу) белгилери: 

 

1. Банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага жана мыйзам бузууларга жол берүүгө бөгөт коюу максатында шайкеш контролдукту жана жетекчиликти камсыз кылууга жөндөмсүздүгү.  

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын бузулушуна, банктын финансылык абалынын кыйла начарлашына алып келген кызмат адамдарынын, анын ичинде банк ишине байкоо жүргүзгөн адамдардын иш-аракети (аракеттеней коюулары). 

3. Улуттук банк тарабынан аларга карата тиешелүү талаптар белгиленген кызмат адамдарын алмаштыруу, убактылуу четтетүү, четтетүү жана алардын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча акционерлердин жалпы жыйыны жана/же Директорлор кеңеши жана/же Башкармасы тарабынан аракеттердин көрүлбөгүндүгү.  

4. Активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга шайкеш келбеген камдардын (резерв) түзүлүшү.  

5. Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык эсепке алууну жүргүзүүгө жөндөмсүздүк.  

6. Банктык мыйзам ченемдеринин сакталбшы, анын кесепетинен банктын туруктуу ишине таасир эткен же таасир этиши мүмкүн тобокелдиктердин (анын ичинде аброй тобокелдигинин) келип чыгышы.  

7. Шектүү операциялар жана/же ачык-айкын экономикалык мааниге ээ болбогон (алардын санынан көз карандысыз) жана/же терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузуу критерийлерин камтыган операцияларды ишке ашыруу. 

8. Ички аудит кызматынын жана тобокелдик боюнча менеджердин ишин кошо алганда, ички контролдук системасынын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына дал келбеши. 

9. Банк инсайдерлери жана аффилирленген жактары менен операциялардын ишке ашырылышы же банктын ыйгарым укуктуу органдары/кызмат адамдары тарабынан Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын, анын ичинде адилеттүүлүк принцибин бузуу менен аталган операцияларды жүргүзүү боюнча чечимдердин кабыл алынышы

10. Банкта аларды жүзөгө ашыруу үчүн квалификациялуу жана тажрыйбалуу кызматкерлер жок болгон иштин жүргүзүлүшү

11. Тиешелүү саясат жана жол-жоболор иштелип чыкпаган шартта банк ишинин жүзөгө ашырлышы же алардын Улуттук банктын талаптарына дал келбеши же банк ишинин иштелип чыккан саясаттарга жана жол-жоболорго дал келбеши же саясаттар жана жол-жоболор банктын иш чөйрөсүнө жана тобокелдиктер деңгээлине дал келбеши учурунда банк ишин жүзөгө ашыруу. 

12. Банк тарабынан ишке ашырылган операциялардын Шариат стандарттарына ылайык келбеши (ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырган банк үчүн). 

13. Кардарларга кредиттер Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле банктын ички саясаттарын/жол-жоболорун бузууга жол берүү менен берилген болсо жана/же жаңы кредит алуу учурунда кардардын ушул банктын же кайсы бир башка банктын алдында убагында атарылбаган милдеттенмеси болсо же карыз алуучуга кредиттер финансылык абалы туруксуз болуп турган шартта бир нече ирет пролонгациялоо менен берилсе.  

14. Кредит портфелинин жалпы көлөмүндө мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер көлөмүнүн жана/же алардын үлүшүнүн көбөйүшүнө байланыштуу, банктын активдеринин сапатынын олуттуу начарлашы. 

15. Кредиттерди берүү жана аларага мониторинг жүргүзүү жол-жоболорун кошо алганда, кредитти администрлөө тажрыйбасында олуттуу кемчиликтер орун алса

16. Кредиттик документтер талаптагыдай түзүлбөй, анын ичинде кредиттик таржымалда маанилүү юридикалык, финансылык жана күрөөлүк документтер жок болсо.  

17. Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын системалуу түрдө (12 календардык ай ичинде 2 жана андан көп жолу) бузууга жол берилсе

18. Орун алган кемчиликтерди четтетүү боюнча жазма буйруктардын Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө аткарылбашы

19. Банк тарабынан капиталдын шайкештиги боюнча экономикалык ченемдердин так сакталбашы, капитал шайкештиги боюнча экономикалык ченемдерди Улуттук банктын талаптарына ылайык келтирүү боюнча тиешелүү чаралардын көрүлбөшү

20. Банк капиталы анын ишине мүнөздүү болгон тобокелдикке байланыштуу жоготуулардын ордун жабуу үчүн жетишсиз болсо. Уюштуруучулар алдын ала эскертилгендигине карабастан, капиталды толукташпаса жана/же Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде аны толуктоо боюнча чараларды көрүшпөсө

21. Банктын кайсы болбосун категориядагы капиталы ченемдик талаптардын кеминде 25 пайызын түзөт же Улуттук банк тарабынан белгиленген капитал боюнча минималдуу талаптарды аткарылбай калышы коркунучу орун алса

22. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга баруу менен жана/же дивиденддерди төлөө токтотулгандыгына/ага чектөөлөр киргизилгендигине карабастан, дивиденддер төлөнсө

23. Банк милдеттенмелерин өз убагында аткарылышы үчүн жетиштүү деңгээлде ликвиддүүлүккө ээ болбосо

24. Улуттук банкка отчеттордун, ошондой эле башка расмий талап кылынган документтердин жана маалыматтардын өз учурунда берилбеши, толук эмес жана такталбаган отчеттордун берилиши. 

25. Банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аларга тыюу салынган же лицензияда каралбаган бирок, Улуттук банк тарабынан лицензияланууга тийиш болгон операциялар ишке ашырылса.». 

II. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 “Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө” нускоону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө” нускоонун: 

- 5.1-пунктту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.1. Ар бир операциялык күндүн акырына карата абал боюнча ачык валюта позицияларынын белгиленген лимиттеринин банк тарабынан бузууга жол берилиши учурунда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ошол суммадан 5 % өлчөмүндө, бирок банктын төлөнгөн уставдык капиталы өлчөмүнүн 1 % ашпаган чекте акчалай айыптык төлөмдү өндүрүү түрүндө санкцияны колдонот.».