Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/6 токтому 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин: 

2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу»; 

2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»

2. Токтомдун талабы ал күчүнө киргенден кийин жаңыдан берилген жана реструктуризацияланган кредиттерге да таркатылат.  

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

4. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредиттик мекемеси «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын, Кыргыз Республикасынын Малекеттик өнүктүрүү банкын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

Төраганын милдетин аткаруучу: Н. Жениш  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/6 токтомуна карата тиркеме  

 

 

Улуттук  банк Башкармасынын айрым токтомдорунда өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 “Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган  камгатиешелүү чегерүүлөр жөнүндө” жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө” жобонун: 

- 3.8-пунктунун экинчи сүйлөмүндөгү “классификациялоо категориясына” деген сөздөр “эгерде ушул жободобашкасы белгиленбесе” деген сөздөр менен толукталсын; 

- төмөнкүмазмундагы 4.2.3-пункт менен толукталсын: 

“4.2.3. Эгерде ошол кредитти алган карыз алуучунун чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүндө чет өлкө валютасындагы кирешесинин үлүшү75 пайыздан көбүрөөктү түзсө, банк чет өлкө валютасындагы кредитти эң аз дегенде “канааттандыраарлык” актив катары классификациялоого тийиш.”; 

- 4.3.2-пунктунун: 

9-абзацындагы “кредит” деген сөздөн кийин коюлган “;” деген белги “.” дегенгеалмаштырылсын; 

10-абзац алынып салынсын; 

- төмөнкүмазмундагы 4.3.3 жана 4.3.4-пункттар менен толукталсын: 

«4.3.3. Эгерде ошол кредитти алган карыз алуучунун чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүндө чет өлкө валютасындагы кирешесинин үлүшү50 пайыздан 75 пайызга чейинкини түзсө, банк чет өлкө валютасындагы кредитти эң аз дегенде “байкоого алынган” актив катары классификациялоого тийиш.”; 

4.3.4. Эгерде ошол кредитти алган карыз алуучунун чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүндө чет өлкө валютасындагы кирешесинин үлүшү50 пайыздан азды түзсө, банк чет өлкө валютасындагы кредитти эң аз дегенде “байкоого алынган” актив катары классификациялоого тийиш.”; 

- 13.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“13.4. Улуттук банк активдер боюнча РППУга чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй өлчөмдөрүн белгилейт:  

Жалпы камдар: Атайы камдар:  

Нормалдуу - 0% Субстандарттык - 25%;  

Канааттандыраарлык - 2/2,5% Шектүү - 50%;  

Байкоого алынган активдер - 5/7,5% Жоготуулар - 100%.  

Ушул жобонун 4.2.3-пунктунда көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 2,5% түзүүгө тийиш болгон активдерди эске албаганда,банк “канааттандыраарлык активдер” боюнча2% өлчөмүндө РППУ түзүүгө тийиш.  

Ушул жобонун 4.3.4-пунктунда көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 7,5%түзүүгө тийиш болгон активдерди эске албаганда, банк “байкоого алынган активдер” боюнча5% өлчөмъндө РППУ түзүүгө тийиш.  

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө” мыйзам талабына ылайык РППУтүзөт жана ага чегерүүлөрдү ишке ашырып турат.”. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун: 

4-бөлүгүнүн 34-пункту төмөнкү мазмундагы 34-1-пунктменен толукталсын: 

“Банк, эгердекредит боюнчапландаштырылган ар айлык төлөмдөрдүн (негизги карыз жана пайыздык төлөмдөр) карыз алуучунун ай ичинде орточо чогуу алынган кирешесине карата катышы 50 пайыздан азды түзгөн учурда гана карыз алуучугакеректөө кредитин бериши мүмкүн.”