Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 25-мартындагы № 19/11 токтому 

 

 

 

 

“Төлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө” нускоону бекитүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине, “Кыргыз Республикасынны төлөм системасы жөнүндө”, ”Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү иши жөнүндө” мыйзамдарга таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кароого сунушталган “Төлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордун текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө” нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.   

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын. 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, төлөм системасы операторлорун жана төлөм уюмдарын, республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж. Жеенбаевага ыйгарылсын. 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 25-мартындагы № 19/11 токтомуна карата тиркеме  

 

 

“Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө”  

НУСКОО 

 

1. Жалпы жоболор  

  

1. Бул нускоо Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү иши жөнүндө” жана “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттерди көрүү жөнүндө” мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.  

2. Нускоо Улуттук банктын төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга укук чегерген лицензиясына ээ төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын (мындан ары - көзөмөлгө алынган уюмдар) ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу максатын, түрлөрүн жана тартибин белгилейт

ѕ маалымат технологияларына, электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактын пайдасына өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо; 

ѕ үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын катышуучуларына, ошол процессинг жана клиринг борборуна берүү боюнча кызматтарды сунуштоо. 

3. Көзөмөлгө алынган уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзам талаптарынын жана ага ылайык кабыл алынган Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын аткарылышына көзөмөлдүктү жүргүзүү өлкөнүн төлөм системасынын коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуу ишин камсыз кылуу үчүн уюштурулат жана жүзөгө ашырылат.  

4. Улуттук банктын көзөмөлгө алынган уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзам талаптарынын жана ага ылайык кабыл алынган Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын аткарылышына көзөмөлдүктү жүргүзүү иши өзүндө аралыктан көзөмөлдүк жана инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнү, ошондой эле көзөмөлгө алынган уюмдар тарабынан жогоруда аталган мыйзамдын жана ага ылайык кабыл алынган ченемдик-укуктук актылардын талаптары бузууга жол берилген шартта аларга карата таасир этүү чараларын көрүүнү камтыйт. 

5. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасына аралыктан көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүргүзүүдө өз милдеттерин натыйжалуу ишке ашыруу үчүн маалыматтарды жана отчетторду талап кылууга, ошондой эле алынган маалыматтар боюнча түшүндүрмөлөрдү белгиленген мөөнөт ичинде, ушул нускоо жана “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзам чегинде талап кылууга укуктуу.  

6. Көзөмөл органдарынын көзөмөлгө алынган уюмдар менен өз ара иш алып баруусу жана маалыматтар менен алмашуусу бул төлөм системасына көзөмөлдүктү жүргүзүүнүн маанилүү компоненттери болуп саналат. Улуттук банк көзөмөлгө алынган уюмдар менен туруктуу жана натыйжалуу кызматташуу принцибинин негизинде иш алып барат. Өз ара иш алып баруу, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетторду кароодо расмий сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар түрүндө, ошондой эле башка кат жүзүндөгү документтерди сунуштоо аркылуу ишке ашырылат. 

 

2. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү максаттары 

 

7. Көзөмөлгө алынган уюмдардын ишине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги максаттарынан болуп төмөнкүлөр саналат:  

ѕ көзөмөлгө алынган уюмдун жалпы финансылык абалына жана башкаруу процессинин сапатына баа берүү;  

ѕ көзөмөлгө алынган уюмдарда төлөм системасынын үзгүлтүксүз жана натыйжалуу ишине коркунуч жараткан мүмкүн болуучу тобокелдиктерди аныктоо;  

ѕ көзөмөлгө алынган уюмдардын мыйзам талаптарына жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык келүүсүн жана алардын сакталышын аныктоо; 

ѕ Улуттук банкка көзөмөлгө алынган уюмдар тарабынан сунушталган финансылык отчеттордун тактыгына жана аныктыгына баа берүү;  

ѕ текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган бузууга жол берүүлөрдү жана кемчиликтерди четтетүү, көзөмөлгө алынган уюмдардын абалын жакшыртуу жана тобокелдиктерди кыскартуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу, ал эми зарылчылык келип чыккан учурда - эскертүү чараларын жана санкцияларды иштеп чыгуу; 

ѕ текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдүн көзөмөлгө алынган уюмдун аткаруучу органы тарабынан аткарылышына баа берүү.  

 

3. Инспектордук текшерүүлөрдүн түрлөрү  

 

8. Инспектордук текшерүүлөр алдыга коюлган маселеге жараша план боюнча, пландан тышкаркы болушу мүмкүн жана анын жыйынтыгында текшерүү жөнүндө отчет түзүлөт. 

9. Улуттук банк аралыкта көзөмөлдүктү жүргүзөт жана көзөмөлгө алынган уюмдардын мезгил-мезгили менен берилүүчү отчетуна тиешелүү материалдарды топтоону, аларды иштеп чыгып, талдап-иликтөөлөрдү жүзөгө ашырат.  

10. План боюнча жана пландан тышкаркы инспектордук текшерүүлөр (мындан ары - инспектордук текшерүүлөр) көзөмөлгө алынган уюмдун ишине тиешелүү айрым маселелер боюнча же болбосо комплекстүү жүргүзүлүшү мүмкүн. 

11. Пландан тышкаркы инспектордук текшерүүлөр төмөнкүлөр орун алган учурда Улуттук банктын Төрагасы же Улуттук банктын көзөмөлгө алынган уюмдардын ишине оверсайтты (байкоо) жүзөгө ашырган түзүмдүк бөлүмүнүн ишин түздөн-түз тескөөгө алган анын орун басары же болбосо алардын милдетин аткаруучу башка кызмат адамы тарабынан кабыл алынган чечимдин негизинде гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн:  

ѕ төлөм системасынын ишинде үзгүлтүккө учуроолор аныкталса; 

ѕ көзөмөлгө алынган уюмдар тарабынан алдамчылыкка жол берүү, кыянаттык менен пайдалануу жана башка мыйзамсыз иш алып баруу фактылары орун алса;  

ѕ сунушталган отчеттун негизинде көзөмөлгө алынган уюмдун финансылык абалынын начарлашына алып келиши мүмкүн болгон терс тенденциялар табылса;  

ѕ көзөмөлгө алынган уюмдун ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген жагдайлар орун алса.  

 

4. Аралыктан көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу тартиби  

 

12. Улуттук банк аралыкта көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууда төмөнкү учурларда көзөмөлгө алынган уюмдардан жана төлөм системасынын катышуучуларынан кошумча маалыматтарды жана документтерди талап кылууга укуктуу: 

ѕ төлөм системасынын катышуучуларынын жана алардын кардарларынын Улуттук банкка кайрылуусунда чагылдырылган жана көзөмөлгө алынган уюмдар тарабынан төлөм системасынын чегинде сунушталган кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү фактыларды текшерүү үчүн маалыматтар жетишсиз болсо; 

ѕ Улуттук банкка башка мамлекеттик органдардан талап келип түшсө

13. Көзөмөлгө алынган уюм Улуттук банк тарабынан талап кылынган документтерди (алардын көчүрмөлөрү) жана маалыматтарды белгиленген мөөнөттөн кечиктирбестен сунуштоого жана ага аталган уюмдун жетекчисинин же анын орун басарынын кол тамгасы (мындан ары көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү) коюлуп, ал уюмдун мөөрүнүн оттискасы менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

14. Аралыкта көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу учурунда аныкталып, документтер, маалыматтар менен тастыкталган Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзамынын жана ага ылайык кабыл алынган Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берүүлөр аталган уюмга карата Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 6-пунктунда жана “Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү иши жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесинин 5-пунктунда каралган мажбурлоо чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат. 

 

5. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби  

 

15. Улуттук банк көзөмөлгө алынган уюмдардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү борбордук банк тарабынан бекитилген инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү планына ылайык эки жылда бир жолу гана жүргүзөт. 

16. Улуттук банктын инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тапшырма берүү, анын ичинде жолдомого кол коюу укугуна ээ кызмат адамдарына төмөнкүлөр кирет: 

ѕ Улуттук банктын Төрагасы (же анын милдетин аткаруучу) же болбосо анын тапшырмасы боюнча көзөмөлгө алынган уюмдардын ишине көзөмөлдүктү жүзөгө ашырган түзүмдүк бөлүмдүн ишин түздөн-түз тескөөгө алган Улуттук банктын Төрагасынын орун басары же болбосо анын милдетин аткаруучу башка кызмат адамы - аталган уюмдардын ишине кандай болбосун инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жолдомого кол коюу укугу; 

ѕ көзөмөлгө алынган уюмдардын жайгашкан орду боюнча Улуттук банктын областтык башкармалыгынын жетекчиси (же анын милдетин аткаруучу), анын орун басарлары - аталган уюмдардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жолдомого кол коюу укугу. 

17. Инспектордук текшерүүнү жүргүзүү үчүн кеминде эки адамдан турган жумушчу топ түзүлөт, ага Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана/же анын областтык башкармалыгынын өкүлдөрү кириши мүмкүн, жумушчу топтун жетекчиси жана мүчөлөрү дайындалат (мындан ары Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү). Улуттук банктын көзөмөлгө алынган уюмдарга инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн укугун тастыктаган документке (мындан ары инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө карата жолдомо) Улуттук банктын кызмат адамынын кол тамгасы коюлат жана аталган банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилет. 

18. Инспектордук текшерүүнү жүргүзүүнүн жалпы мөөнөтү 20 жумуш күнүнөн ашпоого тийиш.  

19. Инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө карата жолдомо Улуттук банк тарабынан ушул нускоонун 1-тиркемесине ылайык эки нускада таризделет жана ушул нускоонун 16-пунктунда белгиленген Улуттук банктын кызмат адамынын кол тамгасы коюлат жана Улуттук банктын же анын областтык башкармалыгынын мөөрүнүн оттискасы менен бекитилет. 

20. Инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө карата жолдомодо текшерүүнү баштоо жана аяктоо күнү; анын түрлөрү (план боюнча же пландан тышкаркы); текшерүүнү жүргүзүү негиздери; текшерилүүгө тийиш болгон маселелер (комплекстүү текшерүүдөн тышкары); текшерилип жаткан мезгил, ошондой эле Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн персоналдык курамы жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш. 

21. Эгерде текшерүү план боюнча жүргүзүлө турган болсо, текшерүүнүн жетекчиси көзөмөлгө алынган уюмга зарыл документтердин тизмесин кошо тиркөө менен (2-тиркеме) текшерүү башталганга чейинки 5 жумуш күнүнөн кечиктирбестен билдирүү катын жөнөтүүгө тийиш, ал эми жолдомо (1-тиркеме) уюмга текшерүүгө келген учурда көрсөтүлөт.   

22. Инспектордук текшерүүнүн башталышы катары көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнө жолдомо берилген учурдан тартып эсептелинет. 

23. Эгерде текшерүү иши көзөмөлгө алынган уюмдун филиалдарында/өкүлчүлүгүндө жүргүзүлө турган болсо, анда Төлөм системалары башкармалыгы ошол уюмдун башкы кеңсесине анын филиалына текшерүү жөнөтүлгөндүгү жөнүндө маалымдайт.  

24. Текшерүүгө келген учурда анын жетекчиси аталган уюмдун жетекчиси (же анын милдетин аткаруучу адам) менен төмөнкү максаттарда жолугушат:  

ѕ жолдомону тапшырууга, ошондой эле текшерүү масштабы жана милдеттери жөнүндө билдирүүгө;  

ѕ текшерүүнү жүргүзүү процессин талкуулоого;  

ѕ алардын иш чөйрөсүн белгилөө менен жумушчу топтун мүчөлөрү менен тааныштырууга; 

ѕ көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилиги жана кызматкерлери менен өз ара иш алып баруу ыкмаларын аныктоого;  

ѕ  көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилигинин суроолоруна жооп берүүгө.  

25. Инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө жолдомого аны тапшыруу күнүн, убактысын көрсөтүп, көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кол тамгасы коюлган жана уюмдун мөөрүнүн оттискасы менен күбөлөндүрүлгөн жолдомонун биринчи нускасы Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлүндө калат, ал эми экинчиси аталган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнө тапшырылат. 

26. Эгерде Улуттук банктын айрым ыйгарым укуктуу өкүлдөрү алмаштырылган болсо, инспектордук текшерүүнү жүргүзүү мөөнөтү узартылса же текшерүү үчүн кошумча маселелерди киргизүү зарылчылыгы келип чыкса, жолдомого сунушталган кошумча тариздетилип, ал инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө сунушталган кошумча күчүнө киргенге чейинки бир жумуш күнү мурда көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнө тапшырылат. Инспектордук текшерүүнү жүргүзүү жолдомосуна карата кошумча аны ишке ашыруу тапшырмасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

27. Алгачкы эле текшерүү күнү көзөмөлгө алынган уюм билдирүү катка тиркелген тизмеде көрсөтүлгөн бардык документтерди сунуштоого милдеттүү.  

28. Көзөмөлгө алынган уюм документтердин түп нускасын сунуштайт. Өзгөчө учурларда гана, объективдүү себептер боюнча анын түп нускасын сунуштоо мүмкүн эмес болгон учурларда, аталган уюм анын кызмат адамынын кол тамгасы жана ошол уюмдун мөөрүнүн оттискасы менен күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн сунуштайт. 

29. Инспектордук текшерүүнү жүргүзүү учурунда көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилиги жана анын персоналы жумушчу топтун мүчөлөрүнө ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө тийиш. 

30. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу: 

ѕ көзөмөлгө алынган уюмдун аудио/видео жаздыруу жабдуулары орнотулбаган өзүнчө жайда иш алып барууга; 

ѕ көзөмөлгө алынган уюмдун ишти жүзөгө ашыруу жайларына эркин кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга; 

ѕ көзөмөлгө алынган уюмдун документтерин жана маалыматтарын өз убагында алууга жана текшерүүгө

ѕ зарыл учурларда инспектордук текшерүүнүн материалдарына кошо тиркөө үчүн тиешелүү документтердин көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кол тамгасы жана аталган уюмдун мөөрүнүн оттискасы менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн алууга; 

ѕ аталган уюмдун ишине тиешелүү маселелер боюнча оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү алууга; 

ѕ аталган уюмдун маалымат системаларын кароо мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга; 

ѕ көзөмөлгө алынган уюмдун маалымат системаларынан электрондук түрдө маалымат алууга; 

ѕ көзөмөлгө алынган уюмдан жана төлөм системасынын катышуучуларынан төлөм системасынын ишине тиешелүү маселелер боюнча маалыматтарды талап кылууга. 

31. Улуттук банк инспектордук текшерүү жүргүзүү учурунда төлөм системасынын иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча чараларга баа берүү үчүн көзөмөлгө алынган уюмдан документтерди жана маалыматтарды талап кылууга укуктуу. 

32. Текшерүүнүн жүрүшүндө инспектордук текшерүүнүн жетекчиси мезгил-мезгили менен көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү менен айрым маселелерди талкуулоо үчүн жолугушууларды өткөрөт.  

33. Тапшырманы аткарууда текшерүүчүлөр иштин жүрүшүндө келип чыккан маселелерди аны аткаруучулар менен түздөн-түз талкуулашы мүмкүн. 

34. Көзөмөлгө алынган уюм Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө уюмдун иши жүзөгө ашырылуучу жайларга тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуудан, талап кылынган маалыматтарды жана документтерди, анын ичинде алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн, ошондой эле уюмдун ишине тиешелүү маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү, уюмдун маалымат системаларын кароо мүмкүнчүлүгүн жана маалымат системаларынан маалыматтарды электрондук түрдө сунуштоодон баш тарткан учурда, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ушул нускоонун 3-тиркемесине ылайык Улуттук банк жана көзөмөлгө алынган уюм үчүн бирден эки нускада инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү актысын түзөт. 

35. Инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү актысына Улуттук банктын жана көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол тамга коюлат. Ал эми бул актыга көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү кол коюудан баш тарткан учурда, актыга ал тууралуу белгиленет жана ал Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн (жумушчу топтун жетекчиси жана анын мүчөлөрүнүн бири) кол тамгалары менен күбөлөндүрүлөт.  

36. Каршылык көрсөтүү актысында белгиленген фактылар көзөмөлгө алынган уюмга карата “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзамдын 31-беренесинин 6-пунктунда жана “Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү иши жөнүндө” мыйзамдын 28-беренесинин 5-пунктунда каралган таасир этүү чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат. 

 

6. Көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилиги менен алдын ала жана жыйынтыктоочу жолугушуу 

 

37. Текшерүүнүн акыркы жумасында текшерүү тобунун жетекчиси (же анын милдетин аткаруучу адам) көзөмөлгө алынган уюмдун кызмат адамдары менен алдын ала жолугушуу өткөрөт, ал мыйзамдарга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына шилтеме келтирүү менен текшерүү ишинин жыйынтыгын маалымдоо үчүн, ошондой эле тыянактарды жана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон талаптарды жана жазма буйрук долбоорлорун талкуулоо үчүн уюштурулат. Бул жолугушуунун алкагында, жумушчу топтун мүчөлөрү тарабынан белгиленген текшерүү жүргүзүлгөн иш чөйрөсүнө тиешелүү тигил же бул маселелер боюнча көзөмөлгө алынган уюмга түшүндүрмөлөрдү же чечмелөөлөрдү берүү үчүн мүмкүндүк берилет.   

38. Алдын ала жолугушуунун жыйынтыгында кыскача протокол түзүлүп, ага жолугушуу өткөрүлгөн күндөн кийинки 3 жумуш күнү ичинде кол коюлууга тийиш. Көзөмөлгө алынган уюм жолугушуунун жыйынтыгында түзүлгөн протоколго кол коюудан баш тарткан учурда, банкка жолугушууда талкуулаган негизги маселелер чагылдырылган кат жөнөтүлөт.  

39. Текшерүүнүн жетекчиси текшерүү иши аяктагандан кийинки 10 жумуш күнү ичинде тыянактарды жана текшерүү жыйынтыктарын талкуулоо үчүн көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилиги менен жыйынтыктап жолугушууну уюштурууга тийиш. Жолугушууда Төлөм системалары башкармалыгынын начальниги, зарылчылык келип чыккан учурда аталган башкармалыктын ишин түздөн-түз тескөөгө алган Улуттук банктын Төрагасынын орун басары катышууга тийиш.  

40. Жыйынтыктап жолугушуу көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилигине, көзөмөлгө алган органда кооптонууну жараткан маселелер боюнча жагдайды такташтыруу, орун алган проблемалар боюнча түшүндүрмө алып, аны тактап алуу, ошондой эле жумушчу топтун мүчөлөрүнө суроолорду берүү мүмкүнчүлүгүн берет.  

41. Жыйынтыктап жолугушуунун жүрүшүндө текшерүүнүн жетекчиси өзүндө төмөнкүлөрдү камтыган, текшерүүнүн жүрүшүндө чыгарылган тыянактарды көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилигине маалымдайт:   

ѕ инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик актыларын бузууга жол берүүлөрдү;  

ѕ колдонулуп жаткан эсепке алуу жана отчеттуулук системасына, маалымдоо системасына жана ички контролдук системасына баа берүүнү;  

ѕ тобокелдиктерди тескөөгө баа берүүнү.  

42. Жыйынтыктап жолугушуунун жүрүшүндө текшерүүнүн жетекчиси көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилигине аныкталган бардык кемчиликтерди четтетүү зарылчылыгын маалымдайт, ошондой эле бул проблемаларды чечүүнүн алгылыктуу жолдору боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берет жана аны аткаруу мөөнөттөрүн белгилейт.  

43. Жолугушуунун жүрүшүндө протокол түзүлүп, анда бардык талкууланган маселелер чагылдырылат жана ага текшерүүнүн жетекчисинин жана көзөмөлгө алынган уюмдун кызмат адамынын, ал жок учурда анын милдетин аткаруучу адамдын кол тамгасы коюлат.  

 

7. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчет 

 

44. Инспектордук текшерүүнүн жыйынтыктары Улуттук банк жана көзөмөлгө алынган уюм үчүн бирден - эки нускада, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн инспектордук текшерүүнүн отчету менен таризделет. 

45. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчетто текшерүүнүн жыйынтыктары көзөмөлгө алынган уюмдун башкармалыгынын аткаруу органы үчүн жазуу жүзүндө чагылдырылат.  

46. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчетто бардык олуттуу тобокелдиктерди жана/же кемчиликтерди кошо алганда, текшерүүнүн негизги тыянактары жана корутундулары маалымдалат; проблемалар жана көрүлүүчү зарыл чаралар, ошондой эле милдеттүү түрдө аткарылуучу талаптар жана жагдайларды турукташтыруу жана/же жакшыртуу үчүн милдеттенмелер чагылдырылат.   

47. Бузууга жол берүү фактылары жөнүндө маалыматтар камтылган документтердин көчүрмөлөрүнө көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кол тамгасы коюлуп, аталган уюмдун мөөрүнүн оттискасы менен күбөлөндүрүлүп, инспектордук текшерүүнүн отчетуна кошо тиркелет. Бузууга жол берүү фактылары жөнүндө маалыматтар камтылган документтердин көчүрмөлөрү инспектордук текшерүү отчетунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

48. Инспектордук текшерүү отчетунун негизинде жазма буйрук даярдалат жана ал текшерүү отчету менен бирге көзөмөлгө алынган уюмдун кызмат адамына жөнөтүлөт. Ал жазма буйрук көзөмөл органында кооптонууну жараткан айрым маселелерге жетекчиликтин көңүлүн бурат.   

49. Жазма буйрукта көзөмөлгө алынган уюмдун ишинде орун алган кемчиликтерди четтетүү максатында аталган уюм тарабынан көрүлүүгө тийиш болгон белгилүү бир чаралар аныкталат жана ал инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аталган уюмга карата көрүлүүчү (таасир этүү чаралары) алгачкы кадамдардын бири болуп саналат. Жазма буйрукту белгиленген мөөнөт ичинде аткаруу милдеттүү болуп саналат.  

50. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчет Улуттук банктын менчиги болуп саналат, ошол эле учурда көзөмөлгө алынган уюм тарабынан текшерүү жөнүндө отчетту үчүнчү жакка сунуштоо Улуттук банктын уруксаты менен жүзөгө ашырылат. Көзөмөлгө алынган уюмдар текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча даярдалган отчеттун сакталышын камсыз кылууга жана анын кагаз же электрондук түрдө жайылтылышына жол бербөөгө тийиш.  

51. Инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча даярдалган отчетко, текшерүүнү жүзөгө ашырган Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол тамга коюшат. Көзөмөлгө алынган уюм отчетко кол коюудан баш тарткан учурда, актыга ал тууралуу белгиленет жана ал Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн (жумушчу топтун жетекчиси жана анын мүчөлөрүнүн бири) кол тамгалары менен күбөлөндүрүлөт. 

52. Отчетто чагылдырылган инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен макул эмес болгон шартта, көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү отчетко кол коюу учурунда ага макул эмес экендигин же сын-пикирлери бар экендигин чагылдырууга укуктуу. Макул эместиги жана сын-пикирлери жазуу жүзүндө таризделип, ага көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кол тамгасы коюлуп, уюмдун мөөрүнүн оттискасы менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Инспектордук текшерүү отчету менен макул эместиги жана ал боюнча сын-пикирлер, ошондой эле аларды негиздеген документтер же алардын көчүрмөлөрү ушул отчетко кошо тиркелип, эки нускада тапшырылууга тийиш.  

 

8. Эскертүү чаралары жана санкциялар 

  

53. Көзөмөлгө алынган уюмдун ишинде кемчиликтер, мыйзамдарды, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик талаптарын бузууга жол берүүлөр аныкталган учурда, текшерүүчүлөр Улуттук банктын ченемдик актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкка карата эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонуу жөнүндө сунуш-көрсөтмөлөрдү даярдашат. 

54. Көзөмөлгө алынган уюмга карата тигил же бул эскертүү чараларын жана санкцияларын колдонуу чечими белгиленген тартипте Улуттук банктын ички регламентине ылайык, мындай чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу Улуттук банктын тиешелүү кызмат адамдары жана органдары тарабынан кабыл алынат.  

 

9. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчет менен тааныштыруу  

 

55. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчет конвертке салынып, чапталып, текшерүү аяктагандан кийинки 15 жумуш күндөн кечиктирилбестен коштомо кат менен бирге көзөмөлгө алынган уюмдун кызмат адамына жөнөтүлөт. Отчеттун жеткирилип берилгендигин тастыктоо үчүн отчетту алган адамдын аты-жөнү жана берилген күнү милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш.  

56. Коштомо катта төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш:  

ѕ көзөмөлгө алынган уюмдун аткаруу органы инспектордук текшерүү жөнүндө отчетту кылдат окуп чыгып, отчеттордо камтылган сунуш-көрсөтмөлөргө ылайык аныкталган бузууга жол берүүлөрдү жана белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча зарыл чараларды көрүүсү

ѕ инспектордук текшерүү жөнүндө отчет менен таанышкандан кийин ушул нускоонун 4-тиркемесине ылайык анын кол тамга коюлган ар бир барагына кол коюу зарылчылыгы, ошол эле учурда отчетто камтылган тыянактар жана корутундулар менен макул эместик анын кол тамга коюлган ар бир барагына кол коюудан баш тартууга негиз болуп саналбайт. 

 

10. Жазма буйруктарга даттануу тартиби  

 

57. Отчеттун негизинде даярдалган жазма буйрукка жана/же бир нече жазма буйруктарга төмөнкү тартиптерди сактоо менен даттанууга жол берилет:  

I. а) текшерүү жөнүндө отчет менен коштомо катты алгандан кийинки 15 жумуш күнү ичинде жазма буйрукка жана/же бир нече жазма буйруктарга макул эместиги тууралуу катты Төлөм системалары башкармалыгынын начальнигине жөнөтүү

б) Төлөм системалары башкармалыгынын начальниги кайрылуу катты карап көрүп, аны алган күндөн кийинки 5 жумуш күнү ичинде көзөмөлгө алынган уюмга жооп жөнөтөт. 

II. а) Төлөм системалары башкармалыгынын начальнигинин жообуна макул эмес болгон учурда, жооп алгандан кийинки 7 жумуш күнү ичинде көзөмөлгө алынган уюм Улуттук банктын Төрагасынын Төлөм системалары башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басарына расмий кат жөнөтөт; 

б) Улуттук банктын Төрагасынын орун басары көзөмөлгө алынган уюмдун кайрылуусун алган күндөн кийинки 7 жумуш күнү ичинде аны кароого алат. 

III. а) Улуттук банктын Төрагасынын Төлөм системалары башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басарынын чечими менен макул эмес болгон шартта, кайрылуу кат ээси Улуттук банктын Төрагасынын Төлөм системалары башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басарынан жооп алган күндөн кийинки 5 жумуш күнү ичинде Улуттук банк Башкармасынын Төрагасына кайрылууга укуктуу; 

б) Улуттук банк Башкармасынын Төрагасы кайрылуу катын 10 жумуш күнү ичинде кароого алып, зарылчылыкка жараша, бул маселени Улуттук банк Башкармасынын талкуусуна сунуштоо чечимин кабыл алышы мүмкүн. 

58. Бардык учурларда кайрылуу катында көзөмөлгө алынган уюмдун макул эместиги себептери, ошондой эле тиешелүү негизде тариздетилген тастыктоочу документтер камтылууга тийиш. 

59. Бардык учурларда Улуттук банк көзөмөлгө алынган уюмга кат жөнөтөт, ал эми зарыл учурда жазма буйрукка жана/же бир нече жазма буйруктарга даттанган көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчиси менен жолугушуу уюштурат.  

60. Жогоруда белгиленген жазма буйрукту жана/же бир нече жазма буйруктарды сотко чейин даттануу тартибин сактоо милдеттүү болуп саналат.  

61. Даттануу мөөнөтү аяктаса жана/же даттануу тартиби сакталбаса, көзөмөлгө алынган уюмдун кайрылуусу Улуттук банк тарабынан кароого алынбайт.  

 

 

 

 

 

 

 

 

Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө нускоого карата 1-тиркеме 

 

 

_____________________________________________________________________________  

өлөм системасынын операторунун /төлөм уюмунун толук аталышы) 

_______________________________________________________ ишин текшерүүгө карата  

 

ЖОЛДОМО 

 

Ушул аркылуу төмөнкү кызматкерлер:  

1. ___________________________________  

(аты-жөнү жана кызматы)  

2. ___________________________________  

(аты-жөнү жана кызматы)  

3. ___________________________________  

(аты-жөнү жана кызматы)  

4. ___________________________________  

(аты-жөнү жана кызматы)  

5. ___________________________________  

(аты-жөнү жана кызматы)  

 

20__-жылдын “___” ___________ тартып ____ жумуш күн мөөнөтүнө ___________ ______________________________ ишин текшерүүгө жөнөтүлүүдө. Текшерүү мезгилинде орун алган жагдайларга жараша, текшерүү мөөнөтү узартылышы мүмкүн. 

Текшерүү программасында төмөнкү багыттарды жана маселелерди текшерүү иши камтылат: __________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

 

 

Төраганын орун басары Аты жөнү 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө нускоого  

карата 2-тиркеме  

 

Көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчиси _______________  

 

 

БИЛДИРҮҮ  

Урматтуу ____________________ 

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 20___ -жылдын “___”________ тартып ___________________ (филиалдарын кошо алганда) төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине текшерүү иши (текшерүүнүн түрлөрү көрсөтүлсүн) жүргүзүлөөрүн Сизге маалымдайт.  

Текшерүү ишин натыйжалуу жүргүзүү, ошондой эле жумушчу топтун мүчөлөрүнүн текшерүү убактысын кыскартуу максатында, тиешелүү кызматкерлерге ушул катка кошо тиркелген тиркемеге ылайык документтерди жана маалыматтарды даярдап коюу көрсөтмөсүн берүүңүздү Сизден өтүнөм. Мында, жумушчу топ мүчөлөрү уюмга келген күнү уюмдун ишине тиешелүү документтерди жана маалыматтарды берүүңүздү өтүнөм. Бардык документтер жана маалыматтар 20__ -жылдын “___” ________ карата абал боюнча даярдалып, текшерүүнүн жетекчисине берилүүгө тийиш.  

Эгерде көрсөтүлгөн документтерди даярдоонун жүрүшүндө уюмдун кызматкерлеринде кандайдыр бир суроолор пайда болсо, ошондой эле алардын талап кылынган документтерди жана маалыматтарды даярдоого мүмкүнчүлүгү жок болсо, жогоруда көрсөтүлгөн инспектордук текшерүү күнү башталганга чейин, алдын ала _____________ (аты-жөнү, кызматы, телефон номери) менен байланышууга тийиш.  

Инспектордук текшерүүдө ______ текшерүүчү катыша тургандыгы пландаштырылууда, ушуга байланыштуу ______ адамга жумуш ордун даярдап коюу зарыл. Бөлмө ичинде телефон байланышы, документтерди сактоо үчүн сейф, эгерде мүмкүнчүлүк болсо компьютер жана принтер болууга тийиш.   

Текшерүүгө байланыштуу бардык маселелер боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнө көмөк көрсөтүүңүздү, кызмат адамдарга жана кызматкерлерге суроо берүү, ошондой эле текшерүүнү аткаруу үчүн зарыл маалымат булактардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылууну Сизден өтүнөм.   

  

Ишиңизге ийгилик каалап,  

Төраганын орун басары Аты жөнү 

  

 

Тиркеме: Документтердин жана маалыматтардын тизмеги ___ барактан турат. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Улуттук банктын  

20__ -жылдын “___” ________ 

№_______ билдирүүсүнө  

карата тиркеме 

 

  

Уюм тарабынан текшерүүгө сунушталуучу 

документтердин жана маалыматтардын тизмеги 

 

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөртүлгөн уюштуруу келишими, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген устав.  

2. Уюмдун ишин жөнгө салуучу жана анын саясатын аныктоочу документтердин топтому.  

3. Текшерүүгө алынган мезгил ичинде уюмдун уюштуруу түзүмү, анын штаттык тизими.  

4. Милдеттерин көрсөтүү менен филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилеринин/начальниктеринин тизмеги (кагаз жүзүндө/электрондук түрдө).  

5. Субагенттердин тизмеги. 

6. Уюмдун бухгалтердик балансы. 

7. Коммерциялык банктар, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар, субагенттер менен түзүлгөн келишимдер. 

8. Төлөм терминалдары аркылуу жүргүзүлгөн операциялардын тизмеги. 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана мамлекеттик бийликтин башка органдары менен кат алышуулары.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Төлөм системасынын операторлорунун жана  

төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө нускоого карата 3-тиркеме 

 

Текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү  

АКТЫСЫ 

_________________________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун аталышы) 

_________________________________________________________________________ 

(жайгашкан орду, дареги, телефону) 

______________________ 20___-жылдын “____”______________ 

үзүлгөн жер) 

 

Биз, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери _____________________________________________________________________________ 

(Улуттук банктын кызматкерлеринин аты-жөнү

төмөнкүлөр боюнча ушул актты түздүк: 

_____________________________________________________________________________  

өлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун аталышы) 

кызматкери ___________________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун кызматкердин аты-жөнү

бул уюмдун ишине текшерүүнү жүргүзүүдө төмөнкүдөй каршылык көрсөткөн ___________________________________________________________________________ 

(имаратка кирүүдө каршылык көрсөткөн, жумушчу топтун мүчөлөрү талап кылган документтер сунушталган эмес) 

 

Улуттук банктын кызматкерлерине текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгүнө байланыштуу _____________________________________________________________________________  

өлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун аталышы) 

кызматкерине төлөм уюмунун ишине текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү үчүн жоопкерчилик тууралуу эскертүү берилди.  

 

Акт түзгөндөр:  

___________________________________ _____________________ ________________ 

(Улуттук банктын кызматкеринин аты-жөнү) (кызмат орду) (кол тамгасы) 

 

Таанышып чыктым: 

__________________________________ _____________________ ________________ 

өзөмөлгө алынган уюмдун кызматкеринин аты-жөнү) (кызмат орду) (кол тамгасы) 

 

Көз карандысыз жак: 

__________________________________ _____________________ ________________ 

(аты-жөнү) (кызмат орду) (кол тамгасы) 

 

Акттын экинчи нускасын алдым: 

__________________________________ _____________________ ________________ өзөмөлгө алынган уюмдун кызматкеринин аты-жөнү) (кызмат орду) (кол тамгасы) 

 

 

 

Төлөм системасынын операторлорунун жана  

төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө нускоого карата 4-тиркеме 

 

 

___________________ АТКАРУУ ОРГАНЫНЫН КОЛ ТАМГАЛАРЫ 

 

Биз, төмөндө кол койгон аткаруу органынын мүчөлөрү, ____________________________________________________________ ишине жүргүзүлгөн 

өлөм системасынын операторунун, төлөм уюмунун аталышы) 

текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчет менен таанышып чыктык. 

 

 

 

 

20___-жылдын “___”_________  

(текшерүү жүргүзүлгөн күн)  

 

 

 

 

Кызмат орду Кол тамгасы  

_______________________________________________ _______________ 

_______________________________________________ _______________ 

_______________________________________________ _______________