Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын   

2014-жылдын 24-ноябрындагы № 52/1 токтому  

 

 

 

 

 

 

Акча-кредит саясат жөнүндө отчет 

(Кыргыз Республикасындагы инфляция боюнча баяндама). 

2014-жылдын 3 чейреги 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Улуттук банктын Экономика башкармалыгы тарабынан даярдалган «Акча-кредит саясаты жөнүндө отчет (Кыргыз Республикасындагы инфляция боюнча баяндама). 2014-жылдын 3 чейреги» карап көрүп Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Акча-кредит саясаты жөнүндө отчет (Кыргыз Республикасындагы инфляция боюнча баяндама). 2014-жылдын 3 чейреги» (кошо тиркелет) жактырылсын. 

1. 2014-жылдын 25-ноябрынан тартып Улуттук банктын эсептик чен өлчөмү жылдык 10,0 пайыз өлчөмүндө белгиленсин. 

1. Экономика башкармалыгы беш жумуш күнү ичинде «Акча-кредит саясаты жөнүндө отчет (Кыргыз Республикасындагы инфляция боюнча баяндама). 2014-жылдын 3 чейреги» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Президенттин Аппаратына, Өкмөттүн Аппаратына, Финансы министрлигине жана Экономика министрлигине жөнөтсүн. 

1. Экономика башкармалыгы «Акча-кредит саясаты жөнүндө отчет (Кыргыз Республикасындагы инфляция боюнча баяндама). 2014-жылдын 3 чейреги» беш жумуш күнү ичинде Улуттук банктын расмий веб-сайтында жайгаштырылышын камсыз кылсын.  

1. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, мырза Н. Женишке жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов