Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын  

2014-жылдын 13-августундагы 36/5 токтому 

 

 

 

“Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсынын  

убактылуу жетекчилигинин ишин токтотуу жөнүндө 

 

“Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсынын (мындан ары - Компания) убактылуу жетекчисинин отчетун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) Көзөмөл боюнча комитетинин “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” Компанияда учурда түптөлгөн жагдайга тиешелүү 2014-жылдын 8-августунда кабыл алган №28/1 жана №28/2 токтомдорун карап көрүү менен, Улуттук банкынын Тышкы көзөмөл башкармалыгы сунуштаган маалыматты жана Улуттук банк Башкармасы төмөнкүлөрдү белгилейт

Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 19-февралындагы №4/6 токтому менен Компаниянын ишин тескөөдө кемчиликтерге жол бергендиги үчүн анын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын ыйгарым укуктары токтотулуп, 2014-жылдын 20-февралынын саат 10-00дөн тартып, Компанияга убактылуу жетекчилик киргизилген.  

Убактылуу жетекчиликти киргизүүгө түрткү берген негизги себептер четтетилип, убактылуу жетекчилик ага тапшырылган милдеттерди аткарышына, атап айтканда, Директорлор кеңешинин отурумун өткөрүү үчүн кворумду камсыз кылган кеңештин жаңы курамы, Башкарманын курамы шайланып, ички аудитор дайындалышына, ошондой эле 2014-жылдын 13-январындагы максаттуу текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жазма буйруктардын талаптардын басымдуу бөлүгү белгиленген мөөнөттөрдө аткарылышына жана Компаниянын кызмат адамдары Улуттук банкка макулдашылгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 30, 32 жана 43-беренелерине, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамдын 24, 25, 25-1, 25-2, 26, 39-беренелерине, Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-майындагы №16/2 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган банктарга жана айрым финансы-кредит мекемелерине карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” жобонун 9-пунктуна, 2008-жылдын 30-сентябрындагы №36/5 токтом менен бекитилген “Банк ишин тескөө боюнча убактылуу колдонмо жөнүндө” жобонун 5-пунктуна таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсынын ишин тескөө боюнча убактылуу жетекчиликтин иши 2014-жылдын 15-августунда саат 10-00дөн тартып токтотулсун. 

2. “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсынын ишин тескөө боюнча убактылуу жетекчиликтин иши токтотулган учурдан баштап М.Ж. Искандаров “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсынын убактылуу жетекчиси кызматынан бошотулсун. 

3. “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсынын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын ыйгарым укуктары 2014-жылдын 15-августунда саат 10-00дөн тартып калыбына келтирилсин. 

4. Ушул токтом кол коюлган күнүнөн тартып күчүнө кирет. 

5. Тышкы көзөмөл башкармалыгы ушул токтом менен “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсынын акционерлерин жана кызмат адамдарын тааныштырсын. 

6. Юридика башкармалыгы бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын. 

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т.С. Абдыгулов