Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2014-жылдын 28-апрелиндеги № 18/1 токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын эсептик ченинин өлчөмү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 19 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ченинин өлчөмү 6,00 пайыз денгээлинде өзгөртүүсүз калсын. 

2. Токтом расмий 2014-жылдын 29 апрелңден тартып күчүнө кирет.  

3. Экономикалык башкармалыгы Улуттук банктын эсептик ченинин өлчөмү боюнча маалыматты Улуттук банктын расмий веб-сайтына бир жумуш күнү ичинде жайгаштырсын. 

4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж. Жеенбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төраганын ордуна 

Төрага нын орун басары З. Чокоев