Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2014-жылдын 24-мартындагы № 11/1 токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын эсептик ченинин өлчөмү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 19 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ченинин өлчөмү 6,00 пайыз денгээлинде өзгөртүүсүз калсын. 

2. Экономикалык башкармалыгы Улуттук банктын эсептик ченинин өлчөмү боюнча маалыматты Улуттук банктын расмий веб-сайтына бир жумуш күнү ичинде жайгаштырсын. 

3. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж. Жээнбаевага ыйгарылсын. 

 

Төрага З. Асанкожоева