Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2014-жылдын 25-февралындагы № 5/1 токтому
Акча-кредит саясаты жөнүндө
Улуттук банктын Экономика башкармалыгы тарабынан даярдалган "2013-жылдагы акча-кредит саясаты жөнүндө отчетту жана орто мөөнөттүк болжолдоолорду" карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. "2013-жылдагы акча-кредит саясаты жөнүндө отчет жана орто мөөнөттүк болжолдоо" (кошо тиркелет) эске алынсын.
2. 2014-жылдын 1-мартынан тартып Улуттук банктын эсептик ченинин өлчөмү 6,00 пайыз түзсүн.
3. Экономика башкармалыгы 2013-жылдагы акча-кредит саясаты жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Президентинин Аппаратына, Өкмөтүнүн Аппаратына, Финансы министрлигине жана Экономика министрлигине 10 жумуш күнү ичинде жөнөтсүн.
4. Экономика башкармалыгы "2013-жылдагы акча-кредит саясаты жөнүндө отчетту жана орто мөөнөттүк болжолдоолорду" кыскартылган түрүндө Улуттук банктын расмий веб-сайтына 10 жумуш күнү ичинде жайгаштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн.
Төрага З. Асанкожоева