Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

2014-жылдын 17-июнундагы№ 26/1 токтому 

 

 

“Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсынын  

убактылуу жетекчисин алмаштыруу жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсынын убактылуу жетекчиси А.Н. Давлесовдун ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу арызын карап көрүп, ошондой эле Тышкы көзөмөл башкармалыгынын буга тиешелүү маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 43-беренесине таянуу менен токтом кылат: 

 

1. А.Н. Давлесов 2014-жылдын 18-июнунун саат 08.30нан тартып “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсынын убактылуу жетекчисинин ыйгарым укуктарын аткаруудан бошотулсун. 

2. Улуттук банктын Тышкы көзөмөл башкармалыгынын Тышкы көзөмөл бөлүмүнүн башкы инспектору М.Ж. Искандаров 2014-жылдын 18-июнунун саат 08.30нан тартып “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсынын убактылуу жетекчиси болуп дайындалсын. 

3. Тышкы көзөмөл башкармалыгы ушул токтом менен “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсынын акционерлерин жана эмгек жамаатын тааныштырсын. 

4. Юридика башкармалыгы бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Абдыгулов Т.С.