Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2014-жылдын 26-мартындагы № 12/6 токтому 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес  

финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана  

толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 43- беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Ушул токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- ушул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин ушул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, банктык эмес финансы-кредит мекемелерин жана Улуттук банктын областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, айым С.К.Алыбаевага ыйгарылсын.  

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2014-жылдын “26- мартындагы 

12\6 токтомуна карата тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 “ Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операциялардын ишке ашырылышына карата минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операциялардын ишке ашырылышына карата минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

 

- жобонун 3-пунктундагы «талаптарды белгилейт” деген сөздөргө чейин “тастыктоочу документтер боюнча” деген сөздөр менен толукталсын»;

- жобонун 4-пунктундагы «Улуттук банк» деген сөз “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы” деген сөздөргө алмаштырылсын

- жобонун 5-пунктундагы «түзө алышат» деген сөздөр түзүшөт” деген сөздөргө алмаштырылсын

«жана башка жайлары» деген сөздөрдөн кийинКыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Улуттук банктын 2010-жылдын 11-февралындагы №97-24-О буйругу менен бекитилген» деген сөздөр менен толукталсын

- жобонун 6-пунктунун алтынчы абзацы «аныкталат” деген сөздөрдөн кийин “бул ФКМдердин ички документтеринде чагылдырылууга тийиш” деген сөздөр менен толукталсын

- жобонун 9-пункту төмөнкү мазмундагы жыйырма алтынчы абзац менен толукталсын:  

« улуттук валютадагы активдерге алмаштыруу боюнча операциялар бир күндүн чегинде эсептешүүлөр менен нак акча каражаттарын нак эмес акча каражаттарына алмаштыруу боюнча операциялар.»; 

- жобонун 10-пунктундагы «топтом:» деген сөздөн кийин «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-июлундагы №36/5 токтому менен бекитилген» деген сөздөр менен толукталсын

- жобонун 3-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 15№- пункт менен толукталсын: 

“15№. Иш күнүнүн акырында келип түшкөн бардык нак акча акча сакталуучу жайда (сейф турган бөлмөдө) жабылууга жана сакталууга тийиш”; 

19-пункттун алтынчы абзацындагы «ким экенин аныктаган документте коюлган кол тамга менен анын чыгыш кассалык документте коюлган кол тамгасын салыштырат» деген сөздөр «кардардын акча алгандыгы тууралуу кол тамгасынын бар экендиги тастыкталат» деген сөздөргө алмаштырылсын

Жобонун 4-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 21№ -пункт менен толукталсын: 

«21№. Нак акчаларды берүү, ошондой эле улуттук валютадагы активдерди алмаштыруу боюнча операциялар жарактуу акчалар менен гана жүргүзүлүүгө тийиш. Эскилиги жеткен акчалар Улуттук банктын мекемелеринин кассаларына өткөрүлөт.»; 

-жобонун 25-пунктундагы «(өсүү тартибинде номерлөөдеген сөздөр алынып салынсын

- жобонун 28-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын

«Келишим түзүү учурунда ФКМдер, баалуулуктарды ташуу учурунда алардын коопсуздугу жана сакталуу тобокелдиктерин, ошондой эле баалуулуктарды жоготкон учурда алардын ордун толтуруу маселелерин эске алуулары зарыл.»; 

- жобонун 29-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«29. Операциялык кассаларды бекемдөө жана нак акча каражаттарын Улуттук банктан/Улуттук банкка өткөрүп берүү «Республикалык инкассация башкармалыгы» мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлөт. Коммерциялык банктардын кассирлери тарабынан нак акча каражаттарынын Улуттук банктан/Улуттук банкка алынышы/өткөрүп берилиши, «Республикалык инкассация башкармалыгы» мамлекеттик ишканасынын инкассаторлору, баалуулуктарды алып чыккан банктын кассирин кайтарууну жана ташууну куралдын коштоосунда жүзөгө ашырат.»; 

- жобонун 33-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«33. Нак акча салынган баштыктарды ташуу учурунда баштыктарды коштогон ведомость түзүлөт (12-тиркеме). Нак акча каражаттары касса башчысы/касса кызматкери тарабынан пломбаланып, таңгакталган баштыктарда инкассаторлорго/касса кызматкерине берилет. Нак акча салынган баштыкка касса башчысынын/касса кызматкеринин аты-жөнү, кол тамгасы жана реквизиттери көрсөтүлгөн ярлык бекитилет. Нак акча салынган баштыктар, инкассаторлор/касса кызматкери тарабынан нак акча салынган баштыктардын ярлыктарындагы жана пломбаларындагы зарыл реквизиттердин коюлушун, баштыктардын жана пломбалардын бүтүндүгү текшерилип, нак акча каражаттары салынган баштыктарга карата ярлыктардагы коюлган кол тамгалар боюнча кабыл алынат.»; 

-жобонун 35-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«35. Баалуулуктарды кабыл алуу аяктагандан кийин касса башчысы/касса кызматкери жана инкассатолор тиешелүү коштомо документтерине кол коюшат.»; 

-жобонун 42-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“42. ФКМ эз касса кызматкерлерин төмөнкүлөр менен камсыз кылууга тийиш: 

- улуттук валютанын коргоо элементтери тууралуу буклеттер жана плакаттар; 

- касса операциялар ишке ашырылуучу, чет өлкө валюталарынын коргоо өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат адабияттары”; 

- жобонун 9өлүгү төмөнкү мазмундагы 56№ пункт менен толукталсын

«56№. Карт ээлеринин эсебинен акча каражаттарын эсептен чыгаруунун жыйынтыгы болуп эсептелген, карт ээлери тарабынан банкоматтарда жана терминалдарда жүргүзүлгөн ар бир транзакция карт-чектерин милдеттүү түрдө берүү менен коштолууга тийиш. Чек кагаздары орнотмодо жок болгон учурда, чек кагазынын жоктугу тууралуу маалымат, карт ээлерине транзакция жүргүзүлгөнгө чейин маалымдалууга тийиш. Карт-чек транзакция жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган болуп саналат.»; 

жобонун 9өлүгү төмөнкү мазмундагы 59№ -пункт менен толукталсын

«59№. Пайдалануучулар тарабынан эсептерди толтуруу, акча каражаттарын төлөө же которуу боюнча кэш-ин терминалында жүргүзүлгөн ар бир транзакция тиешелүү чектерди милдеттүү түрдө берүү менен коштолууга тийиш. Чек кагаздары орнотмодо жок болгон учурда, чек кагазынын жоктугу тууралуу маалымат, пайдалануучуларга транзакция жүргүзүлгөнгө чейин маалымдалууга тийиш. Чек транзакция жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган болуп саналат.»; 

жобонун 9өлүгү төмөнкү мазмундагы 63№ -пункт менен толукталсын

«63№. Банкоматтын кассетасынан/кассетага нак акча каражаттарын алуу жана толтуруу ФКМдин эки адамдан кем эмес касса кызматкерлери тарабынан тиешелүү актыларды жана отчетторду түзүү менен, ошондой эле ар бир кассетанын пломбасынын бүтүндүгүн/пломбаланганын текшерүү аркылуу жүргүзүлөт. Банкоматтан алынган акча каражаттарын барактап, бирден санаганда ашыкча же кем чыккандыгы аныкталган учурда эки нускадан турган акт түзүлөт.»; 

-жобонун 57 жана 58-пункттары төмөнкү редакцияда берилсин: 

“57. Кэш-ин терминалды жалпыга жеткиликтүү жерде орноткон эквайер аны талкалоо, бузуу же уурдоого байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча бардык чараларды кабыл алууга тийиш. 

58. Эквайер кэш-ин терминалды орноткон жер же анынУлуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жабылгандыгы тууралуу Улуттук банкка билдирүүгө тийиш.”; 

 

- жобонун 64-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«64. Банкоматты инкассациялоо инкассаторлор же эквайердин касса кызматкери тарабынан, булардын коопсуздугун жана акча белгилери коюлган ташылуучу кассеталардын сакталышын камсыз кылган адамдардын коштоосунда жүргүзүлүүгө тийиш. Мында банкоматтарга тейлөө иштерин жүргүзгөн жана техникалык колдоо көрсөткөн персоналга инкассацияга катышууга жол берилбейт.»; 

- жобонун 65-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«65. Банкоматты инкассациялоонун ар бир жол-жобосу, банкоматты ачып жаткан учурга карата банкоматта калган акча каражаттары жөнүндөгү отчетту жана банкоматка акча белгилери менен жаңы кассеталар жүктөлгөнүн тастыктаган операция жөнүндөгү отчетту банкоматтан милдеттүү түрдө басып чыгаруу менен коштолот. Бул отчетторго инкассация жол-жоболорун жүргүзүп жаткан адамдар тарабынан кол коюлууга тийиш.»; 

- жобонун 66-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын

- жобонун 70-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«70. Кэш-ин терминалды инкассациялоо инкассаторлор же терминалдын ээсинин касса кызматкерлери тарабынан, булардын коопсуздугун жана ташылып келүүчү нак акча каражаттарынын сакталышын камсыз кылган адамдардын коштоосунда жүргүзүлүүгө тийиш. Мында кэш-ин терминалдарына тейлөө иштерин жүргүзгөн жана техникалык колдоо көрсөткөн персоналга инкассацияга катышууга жол берилбейт.»; 

- жобонун 9өлүгү төмөнкү мазмундагы 71№-пункт менен толукталсын

«71№. Кассеталардагы пломбанын бүтүндүгүн алдын ала текшерүү менен кэш-ин терминалдарынын кассеталарын ачуу, ошондой эле кассеталардагы акча бирдиктерин барактап бирден саноо эки адамдан кем эмес касса кызматкери тарабынан тиешелүү актыларды жана отчетторду түзүү менен жүргүзүлүүгө тийиш.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 12-тиркеме менен толукталсын

 

“ Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашырууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата 12-тиркеме  

 

 

 

Акча салынган баштык менен кошо берилүүчү №__коштомо ведомость 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кимден  

Банк мекемесинин аталышы 

ДЕБЕТ 

Суммасы 

  

Эсеп № 

 

Алуучу 

Банк мекемесинин аталышы 

  

накталай 

КРЕДИТ 

  

эсеп № 

_________эсебине чегерүү үчүн  

 

эсептерден чек менен 

Жалпы 

Алуучуунун банкы  

Банк 

______ карата тизме боюнча 

 

Суммасы жазуу жүзүндө, сом  

  

жүгүртүүдө 

 

  

 

 

Ишкананын (уюмдун) жетекчиси  

Кассир 

  

  

Көрсөтүлгөн сумма толугу менен кабыл алынды 

Кассир 

  

  

20_____”__”_____________А К Т 

Контролдоочу 

  

  

Баштыкты ачып, ага салынгандарды эсептеп чыкканда

опер. түрү 

  

накталай  

  

чек менен  

  

 

төлөм багыты

  

кем чыкканы 

  

кем чыкканы 

  

 

Банктын № 

  

артып калганы  

  

артып калганы 

  

 

 

  

төлөөгө жараксыздары 

 

жараксыз болуп калгандары  

  

 

Банк өкүлүнүн кол тамгасы 

жасалма акчалар  

  

  

 

 

 

Кассир 

  

Кассир 

Контролдоочу 

Кардардын өкүлү 

 

Контролдоочу 

  

 

  

Акча салынган баштык менен кошо берилүүчү №__коштомо ведомость 

 

  

 

  

 

 

Кимден 

Банк мекемесинин аталышы 

ДЕБЕТ 

Суммасы 

  

эсеп № 

 

Алуучу 

Банк мекемесинин аталышы 

  

накталай 

КРЕДИТ 

  

эсеп № 

Эсепке чегерүү үчүн 

 

эсептерден чек менен 

Жалпы 

Алуучунун банкы 

Банк 

______ карата тизме боюнча 

 

Суммасы жазуу жүзүндө, сом 

  

жүгүртүүдө 

  

 

  

  

Ишкананын (уюмдун) жетекчиси  

Кассир 

  

  

Көрсөтүлгөн сумма толугу менен кабыл алынды 

Кассир 

  

  

20_____”__”_____________А К Т 

Контролдоочу 

  

  

Баштыкты ачып, ага салынгандарды эсептеп чыкканда 

опер. түрү 

  

накталай 

төлөм багыты

 

Чек менен  

  

 

төлөм багыты

  

кем чыкканы 

Банктын № 

 

кем чыкканы 

  

 

Банктын № 

  

артып калганы 

  

 

артып калган  

  

 

 

  

төлөөгө жараксыздары 

  

 

жараксыз болуп калгандары 

  

 

Банк өкүлүнүн кол тамгасы 

жасалма акчалар 

  

 

 

 

 

Кассир 

  

Кассир 

Контролдоочу 

Кардардын өкүлү 

 

Контролдоочу 

  

 

  

Акча салынган баштык менен кошо берилүүчү №__коштомо ведомосттун көчүрмөсү 

 

  

 

  

 

 

Кимден 

Банк мекемесинин аталышы 

ДЕБЕТ 

Суммасы 

  

эсеп № 

 

Алуучу 

Банк мекемесинин аталышы 

  

накталай 

 

  

эсеп № 

Эсепке чегерүү үчүн 

эсептерден чек менен 

эсептерден чек менен 

жалпы 

Алуучунун банкы 

______ карата тизме боюнча 

______ карата тизме боюнча 

 

Суммасы жазуу жүзүндө, сом 

жүгүртүүдө 

жүгүртүүдө 

  

 

  

  

Ишкананын (уюмдун) жетекчиси  

Кассир 

  

  

Көрсөтүлгөн сумма толугу менен кабыл алынды 

Кассир 

  

  

  

Контролдоочу 

  

  

ТИЛ КАТ 

  

опер. түрү 

  

пломбаланган № баштыкка карата 

 

төлөм багыты

 

төлөм багыты

  

Баштыкка салынган акчаны инкассатор кабыл алды

 

Банктын № 

 

 

Банктын № 

  

  

 

 

 

 

 

 

 

 

  

Инкассатор 

  

  

  

  

  

  

 

Банк өкүлүнүн кол тамгасы 

  

Кол тамгасы (түшүнүктүү салынсын 

 

Мөөрү 

 

 

Кассир 

  

 

  

 

 

 

 

 

 

 

Контролдоочу 

  

 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 13-тиркеме менен толукталсын

 

“ Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашырууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата 13-тиркеме  

 

 

 

Улуттук валютаны иргөө, таңгактоо эрежелери  

 

Бардык банктарда улуттук валютаны иргөө жана таңычак кылып таңуунун ушул жободо белгиленген бирдиктүү тартиби кабыл алынган. ФКМдердеги нак акча каражаттары, валютаны иргөө жана таңгактоо талаптарына ылайык, ФКМдердин сактоо жайларында/сейф бөлмөлөрүндө сакталат.  

Кассирлер кассага кабыл алынган банкнотторду наркы боюнча ылгоого, андан кийин жүгүртүүгө жарактуу, эскилиги жеткен жана кемтиги бар деп бөлүүгө тийиш.  

Наркы боюнча ылгоодон өткөн жарактуу жана эскилиги жеткен банкнотторду кассир өзүнчө топтоп таңгактайт

Бирдей нарктагы банкноттордун ар бир 100 барагы, ак тилке оң жагына келгидей абалда, сериялары жана номерлери сыртында жазылган тескери оролгон корешокторго топтолот жана таңычактарды таңгактоо ыкмасына жараша стандарттуу кайчылаш же туурасынан айлантып бандеролдонот (кендир жип менен же полиэтилен баштыгына). Эскилиги жеткен банкноттордун корешокторунун бандеролдорунда “Эскилиги жеткен” деген сөздөр менен штамп коюлат. 

Банкнотторду таңгактоо үчүн стандарттуу бандеролдордо төмөнкү реквизиттер чагылдырылууга тийиш

- банк мекемесинин аталышы;  

- банкнотторду эсептеген, иргеген жана таңгактаган кассирдин аты-жөнү көрсөтүлгөн штамп (код).  

Нак акчанын ар бир 10 корешогунан (1 корешокто 100 барак) таңычак түзүлөт (бир эле номиналдагы 1000 банкнот бир таңычакта), анын үстүнкү бетине банк мекемесинин логотибин коюу менен бекитилген үлгүдөгү картондон жасалган кагаз (накладка) чапталат.  

Жүгүртүүгө жарактуу монеталар номиналы боюнча өлчөнүп, касса кызматкерлери трабынан тигиштери бүтүн, эч кандай айрыгы жок баштыкчаларга таңгакталат. Ар бир баштыкчанын оозу кендир жиптер менен кынтыксыз оролуп бекемделет. Жиптердин түбүнө пломба жана ярлык көрсөтүлгөн белги чапталат. Кап тигүүчү машинкалар бар болгон учурда, баштыкчалардын оозу ярлыктар менен бирге тигилет. Банкноттордун, таңычактардын үстүнкү бетине жана монеталар салынган баштыкчалардын ярлыгына кандайча ыкмада таңгакталганына карабастан төмөнкүлөр көрсөтүлөт

1) Банктын аталышы менен штамп же коддун номери

2) банкноттордун/монеталардын номиналы

3) банкноттордун/монеталардын суммасы

4) банкноттордун/монеталардын саны

5) таңгакталган күн

6) касса кызматкеринин аты-жөнү менен штамп же коду

7) касса кызматкеринин кол тамгасы

8) кемтиги бар монеталар баштыкчасынын ярлыгына “кемтиги бар” жазуусу жана эскилиги жеткен акчалар таңычагына “эскилиги жеткен” жазуусу менен штамп

9) чыгарылыш номери