Кайта келүү

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук БанкБашкармасынын 2014-жылдын 19 февралындагы 4/6 токтому 

 

 

 

 

“Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКысына убактылуу  

жетекчиликти киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, Тышкы көзөмөл башкармалыгы сунуштаган маалыматты жана Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2014-жылдын 10-февралындагы “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсында (мындан ары Компания) түптөлгөн жагдайга тиешелүү сунуш-көрсөтмөсүн карап көрүп, төмөнкүлөрдү билдирет. 

Компанияда, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамынын 24-беренесинин 6-пунктунун талабын бузуу менен 2013-жылдын 27-декабрынан тартып, Директорлор кеңешинин отурумдарын кворумсуз өткөрүүдөн жана Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн 2014-жылдын 28-январынан тартып кеңештин отурумдарына катышуудан баш тартышынан көрүнгөн, аталган кеңештин мүчөлөрү ортосунда орун алган пикир-келишпестиктерден улам, Компаниянын ишине жеткиликтщщ контролдукту камсыз кылууга Директорлор кеңешинин жөндөмсүздүгү, ички аудиттин жоктугу, такталбаган отчеттордун берилип келиши жана Улуттук банктын жазма буйруктарын системалуу түрдө аткарбай коюу сыяктуу алгылыксыз банктык тажрыйба калыптанган. Мындан тышкары, Компаниянын акционерлери жана Директорлор кеңешинин мүчөлөрү убактылуу жетекчиликти киргизүү өтүнүчү менен бир нече ирет кайрылышкан (Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн 2014-жылдын 28-январындагы, акционерлердин 2014-жылдын 20, 27-январларындагы жана ушул эле жылдын 5-февралындагы каттары), ошондой эле акционерлер убактылуу башкарууну киргизүү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында маалымат жарыялашкан (мисалы, АКИ-пресс сайтынын 2014-жылдын 4-февралында саат 14:21).  

Мына ошондуктан, Компаниянын финансылык абалынын андан ары начарлап кетишине жол бербөө, анын активдеринин сакталышын камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында субсидиардык займ жана бюджеттик ссуда боюнча милдеттенмелердин өз учурунда аткарылышынын зарылчылыгынан улам, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамдын 30,32, жана 43-беренелерин, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө мыйзамдын 24, 25, 25-2, 26, 39, 45-беренелерин, Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-майындагы №16/2 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган банктарга жана айрым финансы-кредит мекемелерине карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” жобонун 6.11-пунктун, Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 30-сентябрындагы №36/5 токтому менен бекитилген “Банк ишин тескөө боюнча убактылуу жетекчилик жөнүндө” жобонун 2-пунктун жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. 2014-жылдын 20-февралынын саат 10:00 тартып “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсын башкаруу боюнча убактылуу жетекчилик киргизилсин. 

 

2. Давлесов Айбек Насырович убактылуу жетекчи, ал эми Субанова Клара Доронбековна менен Искандаров Мирбек Жунусович  убактылуу жетекчиликтин мүчөлөрү болуп дайындалышсын

3. 2014-жылдын 20-февралынын саат 10:00 тартып “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсынын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын ыйгарым укуктары токтотулсун. 

4. Убактылуу жетекчилик киргизилген учурдан тартып убактылуу жетекчи Компаниянын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын ыйгарым укуктарына ээ боло тургандыгы көрсөтүлсүн. 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага Компаниянын убактылуу жетекчилигинин мүчөлөрүн дайындоого, алмаштырууга ыйгарым укук берилсин. 

6. Компаниянын убактылуу жетекчиси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жума сайын тиешелүү отчеттордун берилип турушун камсыз кылсын

7. Тышкы көзөмөл башкармалыгы ушул токтом менен Компаниянын акционерлерин жана кызмат адамдарын тааныштырсын. 

8. Юридика башкармалыгы бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын. 

9. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн.  

 

Тёрага Асанкожоева З.М.