Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк 

Башкармасынын 2013-жылдын 23 декабрындагы 

№ 52\7 токтому 

 

 

 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар» жөнүндө жобону бекитүү тууралу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43 - беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар» жөнүндө жобо бекитилсин (тиркелет). 

2. Токтом расмий жарыялангандан отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика Башкармалыгы

- ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыяласын

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен Кыргызстандагы кредиттик союздар жана кооперативдер ассоциациасын, Кредиттик союздардын Улуттук ассоциациасын «Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсын тааныштырсын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 

2013-жылдын 23-декабрындагы № 52\7 токтому менен бекитилген 

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобо 

 

1-глава. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

1. Бул Жобо, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Кредиттик союздар жөнүндө” мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары-Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга Улуттук банктын лицензиясы бар кредиттик союздарга (мындан ары кредиттик союздар) жайылтылат.  

2. Кредиттик союздарда ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөөнүн шайкеш системасын калыптандыруу ушул Жобонун максаты болуп саналат.  

3. Жободо Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Кредиттик союздар жөнүндө” мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында берилген аныктамалар колдонулат.  

4. Кредиттик тобокелдик - бул, кардарлар/сунуштоочулар/өнөктөштөр өз милдеттенмелерин келишим мөөнөттөрүнө жана шарттарына ылайык аткарбагандыгынан улам келип чыккан жоготуу тобокелдиги, анын кесепети кредиттик союздун капиталына же анын пайдасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.  

Кредиттик тобокелдик, карыз алуучунун күнөөсү боюнча анын төлөөгө жөндөмсүздүгүнөн улам, төлөө мөөнөтүнүн өткөрүлүп жиберилишине сыяктуу эле, күрөөнүн сапатына, менчиктин формасына, тармактык тиешелүүлүгү боюнча карыз алуучунун түрүнө, гарантиялардын болушуна жана анын түрлөрүнө, ошондой эле гаранттардын ишенимдүүлүгүнө, кредиттер боюнча мурда алынган милдеттенмелердин аткарылышына баа берүүгө, карыз алуучунун ишинин андан-ары өнүгүү келечегине да байланыштуу. Кредиттик тобокелдик кредиттик союздун катышуучу-кардарынын/сунуштоочунун/өнөгүнүн (мындан ары кардар) күнөөсү боюнча анын төлөөгө жөндөмсүздүгүнөн улам, төлөө мөөнөтүнүн өткөрүлүп жиберилишине сыяктуу эле, күрөөнүн сапатына, кардардын менчигинин формасы боюнча түрүнө, тармактык тиешелүүлүгүнө, гарантиялардын болушуна жана анын түрлөрүнө, ошондой эле гаранттардын ишенимдүүлүгүнө, кредиттер боюнча мурда алынган милдеттенмелердин аткарылышына баа берүүгө, карыз алуучунун ишинин андан ары өнүгүү келечегине да байланыштуу. 

Кредиттик тобокелдик кредиттик союздун ишинин бардык түрлөрүндө орун алышы ыктымал, мында алгылыктуу натыйжа, кардардын же болбосо контрагенттердин кредиттик союздун келишимде жана/же макулдашууда каралган өз милдеттенмелерин аткарышына жараша болот. 

Кредиттик тобокелдикти тескөө максаты, кредиттик союздун бул тобокелдикке дуушарлануу деңгээлин аныктоодон, анын келип чыгуу себептерине иликтөөлөрдү жүргүзүүдөн жана тобокелдиктин артышынын ички жана тышкы тенденцияларын аныктоодон, ошондой эле алардын негизинде кредиттик тобокелдикти болжолдоого жана аны алгылыктуу чекке чейин басаңдатуу үчүн зарыл чараларды көрүүдөн көрүнөт. 5. 5. 

5. Кредиттик союздар тарабынан жүргүзүлгөн операциялар жана бүтүмдөр  

Шариаттын стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүлөрү тийиш. 

6. Кредиттик союздар тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын жана бүтүмдөрдүн Шариат стандарттарына (принциптерине) ылайык келишин кредиттик союзда же кредиттик союздардын ассоциацияларында түзүлгөн Шариаттык кеңеш камсыз кылат.  

7. Өз милдеттерин аткарууда Шариат кеңеши кредиттик союздун Башкармасынан көз карандысыз болууга тийиш.  

8. Шариат кеңеши жөнүндө Жободо төмөнкүлөр аныкталуусу зарыл:  

- Шариат кеңешинин ишин (регламент) кеңештин курамын, отурумдарды өткөрүү тартибин уюштуруу;    

- Шариат кеңешинин ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги;  

- Башкарма менен Каржылоо боюнча комитеттин өз ара иш жүргүзүү тартиби.  

9. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишти жүзөгө ашырууда бардык продукттарды сунуштоонун жалпы шарттары жана типтүү келишимдер, алардын Шариат стандарттарына ылайык келиши көз карашынан Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. Эгерде айкын бир келишим шарттарына, аларды өзгөртүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсе, алар да Шариат кеңеши тарабынан жактырылышы зарыл. Макулдашуу, Шариат кеңеши тарабынан жактырылган, андагы типтүү макулдашуунун бардык олуттуу (негизги) шарттары өзгөрүүсүз сакталган шартта, Шариат кеңеши менен кошумча макулдашуусуз кредиттик союз тарабынан (акчалай каражаттарды жайгаштыруу боюнча бүтүмдөрдүн спецификасын жана деталдарын эске алуу менен, анын шарттарын тактоо жагында) өзгөртүлүшү жана толукталышы ыктымал. 

10. Шариат кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдер кредиттик союздун кардарлары үчүн сыяктуу эле, үчүнчү жактарга да жеткиликтүү болууга тийиш. Кредиттик союз Шариат кеңешинин чечимин чечмелеп берүүгө милдеттүү. Мында, кардарларга сунушталуучу чечмелөөлөр Шариат кеңеши менен алдын ала макулдашылуусу зарыл.  

 

2-глава. КРЕДИТТИК ТОБОКЕЛДИКТИ ТЕСКӨӨ 

 

11. Кредиттик союздун башкармалыгы кредиттик тобокелдикти тескөөнүн жана мониторинг жүргүзүүнүн бардык аспектилери боюнча укуктарын жана милдеттерин белгилөө менен кредиттик тобокелдикти тескөөнүн натыйжалуу системасынын, ошондой эле кредиттик тобокелдикти аныктоого, баалоого жана контролдоого мүмкүн болгон тиешелүү инструменттердин болушун камсыз кылат.  

12. Кредиттик тобокелдикти аныктоо бул туруктуу негизде жүзөгө ашырылуучу процесс, ал күндөлүк тобокелдиктерди аныктоого багытталууга тийиш.    

13. Тобокелдиктерди өлчөө, бул ошол кредиттик союздун тышкы жана ички шарттарын эсепке алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш. Тобокелдиктерди өлчөөнүн кредиттик союз тарабынан пайдаланылуучу инструменттери кредиттик союз тарабынан кабыл алынуучу тобокелдиктердин татаалдыгын жана деңгээлин чагылдыруусу зарыл. Кредиттик союз тобокелдиктерди өлчөөнүн ал тарабынан колдонулуучу инструменттерге мезгил-мезгили менен баа берип туруусу зарыл.  

14. Кредиттик союз саясаттарда, эрежелерде жана жол-жоболордо кредиттик союздун кызматкерлеринин укуктарын жана жоопкерчиликтерин аныктоочу лимиттерди белгилөөгө жана жазып көрсөтүүгө тийиш. Контролдук чектөөлөр жөнгө салынууга б.а. кредиттик союзда аталган лимиттерге саясаттарда белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүктөрү болуусу зарылКонтролдоо механизмдери Шариат эрежелерине жана стандарттарына, мыйзамдардын талаптарына, ошондой эле кредиттик союздун ички саясаттарына жана жол-жоболоруна ылайык келүүгө жана тобокелдиктерди тескөө процесстеринин бүтүндүгүн камсыз кылууга тийиш.  

15. Кредиттик тобокелдикке мониторинг боюнча отчеттор мезгилдүү, так, өз убагында болууга жана зарыл болгон корректировкалоочу чараларды кабыл алуу үчүн кредиттик союздун жооптуу кызматкерлерине берилүүгө тийиш. 

16. Кредиттик союзду каржылоо боюнча операциялар кредиттик союздун катышуучуларынын Жалпы чогулушу менен бекитилген, анын каржылоо боюнча ички саясатына ылайык жүргүзүлөт. Кредиттик союздун катышуучуларынын Жалпы чогулушу каржылоо боюнча саясаттын шайкештигине баяндаманы мезгил-мезгил менен жүргүзүп туруусу зарыл.  

Кредиттик союз башкармалыгы ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүргүзүү боюнча кредиттик союздун саясатын аткаруу үчүн жоопкерчилик тартат, ушуга байланыштуу кредиттик союздун ишине кредиттик тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча саясатты жана жол-жоболорду иштеп чыгууга жана киргизүүгө тийиш.  

 

3-глава. КРЕДИТТИК СОЮЗДУН ИСЛАМ КАРЖЫЛОО ПРИНЦИПТЕРИ БОЮНЧА ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ БОЮНЧА САЯСАТЫ 

 

17. Кредиттик союздун ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу тууралуу саясаты (мындан ары Саясат) кредиттик союздун кызматкерлери каржылоону сунуштоо, тариздөө, тобокелдиктердин мониторингин жүргүзүү жана тескөө боюнча ишинде милдеттүү түрдө таянууга тийиш болгон стратегияны, критерийлерди, параметрлерди жана жол-жоболорду аныктоого тийиш.  

18. Саясатта кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин берилишине тиешелүү болгон төмөнкүдөй жол-жоболор чагылдырылуусу зарыл:  

1) төмөнкүлөрдү кошо алганда, жалпы жоболор:  

- каржылоо максаттарына жана башка шарттарга жараша, кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдердин түрлөрүн; 

-каржылоо валютасын;  

- каржылоонун сандык чектерин;  

- каржылоонун мөөнөттөрүн; 

- кардарлардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү критерийлерин; 

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча кошумча сумманы/кирешени жана аларды эсептөө ыкмаларын; 

- кардарлардын финансылык маалыматтарга карата талаптарын;   

- географиялык чектөөлөрдү;  

- каржылоонун концентрацияланышы (кардарлардын топтору боюнча, географиялык белгилери, тармактар жана башка факторлор боюнча); 

- кредиттик союздун башкаруу органдарынын мүчөлөрүнө берилүүчү кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча чектөөлөр;  

- күрөөнүн наркына жана алгылыктуулугуна баа берүү критерийлерин

- жана башкаларды.  

2) төмөнкүлөрдү кошо алганда, кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдерди тариздөө тартиби:  

- документтердин формалары;  

- кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдерди сунуштоо тартиби;   

- кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдерди жактыруу тартиби;   

- күрөөгө жана документтерге карата талаптар (күрөөнүн түрү, күрөөнүн кредиттик тобокелдикти камтыган активге карата катышы, рыноктук наркына баа берүү жана анын жайгашкан жери, күрөөнү тескөө укугу);  

- кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдердин туура таризделишине контролдук кылуу.  

3) кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдерди тескөө боюнча талаптар:  

- төмөнкүлөрдү кошо алганда, кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдерди тескөө тартиби;   

- кардардын досьесинин шайкеш жүргүзүлүшүнө карата талаптар;  

- келишимдердин аткарылышына контролдук кылуу;   

- күрөөгө жүргүзүлгөн мониторингдин мезгилдүүлүгү;   

- кредиттик тобокелдиктерди камтыган мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдерди узартуу же кайра калыбына келтирүү шарттары;  

- потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камды классификациялоо жана түзүү (РППУ);   

- кредиттик тобокелдиктерди камтыган реструктуризацияланган активдерди кайра классификациялоо тартиби; 

4) кредиттик тобокелдиктерди камтыган “проблемалуу” активдерге байланыштуу кырдаалдарды аныктоо, талдоо жана чечүү тартиби.  

19. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптардын чегинде, кредиттик союз өз алдынча кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдердин түрлөрүн аныктайт, каржылоо портфелин түзөт жана кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдер боюнча кошумча сумманы/кирешени белгилейт.  

 

4-глава. КРЕДИТТИК СОЮЗДУ КАРЖЫЛОО БОЮНЧА КОМИТЕТ 

 

20. Кредиттик союздун уюштуруучуларынын Жалпы чогулушу менен шайланган кредиттик союзду Каржылоо боюнча комитет, Саясатты түздөн-түз жүзөгө ашырган орган болуп саналат. Тобокелдиктерди камтыган активдерди берүүгө тиешелүү бардык маселелер Каржылоо боюнча комитет тарабынан же бул укукту комитет ыйгара алган жактар тарабынан гана чечилүүгө тийиш.  

21. Каржылоо боюнча комитеттин иши “Каржылоо боюнча комитет жөнүндө” жобо менен жөнгө салынат, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кредиттик союздун уставы менен белгиленген укуктарынын чегинде Кредиттик союздун башкармалыгы менен бекитилет. 

22. Каржылоо боюнча комитет жөнүндөжободо төмөнкүлөр аныкталууга тийиш:  

- Каржылоо боюнча комитеттин ишин уюштуруу - комитеттин курамы, отурумдарын өткөрүү тартиби, чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги; 

- Каржылоо боюнча комитеттин ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери;  

- Каржылоо боюнча комитеттин ишине тиешелүү башка маселелер.  

 

5-глава. КРЕДИТТИК ТОБОКЕЛДИКТИ КАМТЫГАН АКТИВДЕРДИ СУНУШТОО БОЮНЧА КРЕДИТТИК СОЮЗДУН ИШИН УЮШТУРУУ 

 

§1. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга берилген билдирмелерге талдап-иликтөөлөр 

 

23. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү боюнча иш мындай активди алууга кардардын билдирмесин алган учурдан тартып башталат, берилген билдирмеде кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуу максаты, талап кылынган сумма, алуу шарттары жана мөөнөтү, каржылоонун ордун жабуу булагы жана күрөөгө тиешелүү маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш

24. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга, кароого көрсөтүлгөн бардык билдирмелер, ал боюнча кабыл алынган чечимге көз карандысыз, каттоо журналында катталышы милдет.  

25. Жалпысынан, кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга берилген билдирмелерди талдап-иликтөөлөрдө төмөнкү негизги факторлорго көңүл бурулушу зарыл:  

1) каржылоону алуу укугу. Каржылоо боюнча кызматкер кардардын кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга жана каржылоо келишимине кол коюуга укуктуу экендигине ынаанууга тийиш;  

2) кардардын мүнөзү. Каржылоо боюнча кызматкер кардар каржылоону алууга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын, кредиттик союздун бардык суроолоруна толук жооп берип, карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө кардардын кредиттик таржымалын, финансы-кредит мекемесинде буга чейин кредиттерден (насыялардан) же кредиттик тобокелдикти камтыган активдерден пайдаланганбы же жокпу, алынган кредит кандайча кайтарылып берилгендигин, кредиттик тартипти так сактагандыгын, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигине көңүл буруу зарыл. Мындан тышкары, анын адамгерчилик аброюна, кесиптик деңгээлине да көңүл буруп, башка кредиттик мекемелерден сунушталган, кредиттик тобокелдикти камтыган активдер тууралуу маалыматтарды, ошондой эле кредиттик бюродон маалыматтарды талап кылуусу зарыл. Мындан тышкары, кардардын ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо маанилүү;  

3) акча каражаттары. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга берилген билдирмеге талдап-иликтөөнү жүргүзгөн каржылоо боюнча кызматкер төмөнкүдөй эң негизги суроолорго жооп бериши зарыл: кардар кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин ордун жабуу үчүн киреше жана нак акчанын агымы сыяктуу, жетиштүү акча каражаттарын ала алабы

4) камсыздоо. Камсыздоого баа берүүдө каржылоо боюнча кызматкер кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча зарыл камсыздоону сунуштоосу үчүн кардар талаптагыдай активдерге ээби же жокпу, мына ушул жагдайды да териштирүүсү зарыл.  

5) гарантия (кепилдик). Эгерде кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин камсыздоосу катары кепилдик колдонулса, анда гарантты (кепилдик берүүчүнү) иликтөө иштерин жүргүзүп, анын кесиптик аброюн, төлөөгө жөндөмдүүлүгүн, жоопкерчиликтүүлүгүн жана өз милдеттенмесин аткарууга даяр экендигин тактоо зарыл;  

26. Бардык документтерди толук иликтөөдөн өткөргөндөн кийин, кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү же берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынат.  

27.  Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди кардарга берүү маселеси алгылыктуу чечилген шартта, алынган документтер боюнча кардардын досьеси түзүлүп, ага ошол активге тиешелүү баардык документтер сыяктуу эле, келечекте да берилүүчү мындай активдер боюнча документтер да көктөлүп турат (кардардын досьесине карата минималдуу талаптар ушул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген).  

28. Кардарды каржылоо досьесинде бардык жолугушуулар, аңгемелешүүлөр, телефон аркылуу сүйлөшүүлөр катталып, күрөөнүн бардыгы жана анын абалына жүргүзүлгөн текшерүүлөр боюнча корутундулар, сүйлөшүүлөрдүн кыскача мазмуну, ошондой эле кредиттик тобокелдикти камтыган ошол активдерге байланыштуу бардык кат-кабарлар көрсөтүлүүгө тийиш.  

 

§2. Каржылоо келишимин түзүү

 

29. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү тууралуу алгылыктуу чечим кабыл алынып, кардар менен бардык шарттар талкуулангандан кийин, аны менен келишим түзүлөт. 

30. Келишимди түзүүдө кредиттик тобокелдикти камтыган актив берилип жана төлөнө турган бардык шарттар, кийинчерээк аны кайтарып берүү учурунда көйгөйлөрдүн орун алышы ыктымалдуулугуна жол бербөө үчүн макулдашылышы зарыл. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди план боюнча төлөө графигин түзүү учурунда, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин максатына жана кардардын бизнесинин мүнөзүнө, алар тарабынан сунушталган жана кредиттик союз тарабынан текшерилген бизнес-планга жана акча каражаттарынын жылышын болжолдоолорго таянуу максатка ылайыктуу болуп саналат.  

31.  Келишимде кеминде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

- тараптардын аталышы;  

- келишимди колдонуу мезгил аралыгы;  

- кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдин негизги шарттары суммасы, жабуу мөөнөттөрү, камсыздоосу, кредиттик тобокелдиктерди камтыган актив боюнча кошуп эсептелген суммасы/кирешеси;  

- тараптардын укуктары жана милдеттери;  

- кайсы бир тарап өз милдеттенмелеринин шартын бузгандыгы үчүн санкциялар, каржылоо келишими токтотулган учурлар. 

32. Кардар менен биргеликте төлөө тартибин жана мөөнөттөрүн так чагылдыруу менен карызды төлөөнүн болжолдуу графигин иштеп чыгуу жана бекитүү. Бул график келишимге кошо тиркелүүгө тийиш. 

33. Кардар тарабынан келишим шарттарын бузууга, кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча мөөнөтүндө төлөбөй коюуга, же анын кайтарылбай калышына жол берилгендигин кошо алганда, келишимде аныкталган милдеттенмелер аткарылбай калган шартта келишимде кредиттик союз тарабынан көрүлө турган бардык чаралар жана санкциялар макулдашылышы зарыл. Мындан тышкары, келишимде мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздардын жана айыптардын ордун жабуунун алгылыктуу тартибин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсөтүү керек.  

34. Түзүлгөн келишимдин нускаларынын саны, аны түзгөн тараптардын санынан кем болбоого тийиш. Келишим түзгөн ар бир тарап, келишимдин бардык тараптар кол койгон түп нускасын алуусу зарыл.  

 

§3. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылып берилишин камсыз кылуу. 

 

35. Кредиттик тобокелдикти камтыган актив камсыздалган же камсыздалбаган (бланктык негизде) болушу мүмкүн.  

36. Ушул жобонун максаттарында кредиттик тобокелдикти камтыган активди төлөө булактары баштапкы жана экинчи болуп бөлүнөт:  

1) кредиттик тобокелдикти камтыган активдин ордун жабууга зарыл болгон акча каражаттары баштапкы булак болуп саналат, алар жагдайдын кадыресе өнүгүүсүндө өндүрүштүк иштин жүрүшүндө, кызмат көрсөтүүдө, иштерди аткарууда ж.б. генерирленет: юридикалык жактар үчүн бул, нак жана нак эмес формада кирешелер, ал эми жеке адамдар үчүн бул, эмгек акы жана башка түшүүлөр;  

2) күрөөгө коюлган мүлктү сатып өткөрүүдөн алынган акча каражаттар, кепил болуучу жана гарант тарабынан каражаттардын чегерилиши - экинчи булак болуп саналат. 

37. Каржылоого билдирмени кароодо жана аны сунуштоо шарттарын бекитүүдө эң оболу, биринчи булакка таянуу зарыл, мында төлөөнүн экинчи булагына гана таянууга болбойт. Ошондуктан, кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга билдирмени кароо процессинде кардардын акчалай агымдарына жүргүзүлгөн иликтөөлөргө, ошол кардардын иштеп жактан тармагынын жана бизнес чөйрөсүнүн өнүгүү келечектерине өзгөчө көңүл буруу зарыл. 

38. Экинчи булактар, эгерде кайтарылышы жагында көйгөйлөр келип чыкса, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылышын кошумча гарантиялар менен камсыздоо үчүн зарыл болот. Мындай камсыздоонун катарына төмөнкүлөр кирет: кардарды каржылоонун алкагында сатылып алынган активге карата кредиттик союздун менчик укугу, мүлктүк жана укуктук күрөө, талаптарды жана укуктарды ыйгарып өткөрүп берүү, гарантиялар менен кепилдиктер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же келишимде каралган башка ыкмалары. Кредиттик союздун Каржылоо боюнча комитети кредиттик тобокелдикти басаңдатуу максатында Шариат кеңешине кайрыла алат, ал айрым учурларда кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылышын камсыз кылуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү бере алат. 

39. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди төлөөнүн экинчи булагы катары мүлктүк күрөө, кардар өз милдеттенмелерин аткара албай калган учурда, күрөөлүк мүлктүн наркынан талаптарын канааттандырып алууга кредиттик союздун артыкчылыктуу укугун тастыктаган күрөө келишими менен тариздетилет.  

40.  Күрөө келишиминде кеминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- күрөө предмети жана анын бааланган наркы;  

- келишим тараптары; 

- кыймылсыз мүлк же катталууга тийиш болгон мүлк күрөөгө коюлган шартта - андан улам мүлк укукту тастыктаган документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен күрөө коюучуга таандык болгон укук; 

- милдеттенменин максималдуу суммасында чагылдырылган күрөө менен камсыздалган милдеттенмени баяндоо;  

- күрөө менен камсыздалган милдеттенмени аткаруу мөөнөтү

-  күрөөгө коюлган мүлк тараптардын кимисинде экендигин көрсөтүү

- кардар тарабынан кредиттик тобокелдикти камтыган актив кайтарылбаган шартта, күрөөнүн кредиттик союздун менчигине өтүү шарттары жана тартиби; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптар. 

41. Наркын көрсөтүү менен күрөөлүк мүлктүн толук описи күрөө келишимине кошо тиркелет. Күрөө келишимине сертификаттар, күбөлүк жана башка техникалык документтер тиркелиши мүмкүн. Күрөө келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тариздетилүүгө тийиш. Түп нускаларынын саны келишим түзгөн тараптардын санынан кем болбошу зарыл.  

42. Күрөөнү пайдалануу аны администрлөөнүн белгилүү бир системасынын бар экендигин болжолдойт; күрөөнүн абалына иликтөөлөр жүргүзүлүп, ага баа берилип, күрөөнү күтүү шарттарын жана ага жүргүзүлгөн мониторингди контролдоо планы түзүлүүгө тийиш, ошондой эле тиешелүү документтердин болушу да талап кылынат (күрөөлүк документтерге карата минималдуу талаптар ушул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген).  

43. Эгерде кредиттик тобокелдикти камтыган активдин камсыздоосу катары гарантиялар жана кепилдиктер колдонулса, кардар үчүн мүлктүк жоопкерчилик, эгерде ал төлөй албаса, эрежедегидей эле, үчүнчү жакка жүктөлөт. Кредиттик тобокелдикти камтыган жана гарантия же кепилдик менен камсыздалган активди берүүдө кредиттик союз, зарылчылык келип чыккан шартта карызды төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү үчүн гаранттын же кепил болуучунун финансылык абалы тууралуу толук маалыматка ээ болууга тийиш.  

44. Камсыздалбаган кредиттер (бланктык), кардардын активдеринин күрөөгө коюлушун болжолдобойт жана кредит төлөөгө жөндөмдүү кардарга гана анын ишкердик аброюна, киреше деңгээлине баа берүүнүн негизинде берилет. Күрөө менен камсыздалбаган, кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү каржылоо саясатында белгиленет.  

 

6-глава. КРЕДИТТИК ТОБОКЕЛДИКТИ КАМТЫГАН АКТИВДЕРГЕ ЖҮРГҮЗҮЛГӨН МОНИТОРИНГ 

 

45. Келишим түзүлүп, кардар кредиттик тобокелдикти камтыган активди алгандан кийин, кредиттик союз кредиттик тобокелдикти камтыган активге жана кардардын абалына туруктуу мониторингди жүзөгө ашырып туруусу зарыл. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин өз убагында төлөнүшүн, кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча кошуп эсептелинген сумманын/кирешенин төлөнүп берилишин жана көйгөйлөрдүн баштапкы стадияда эле аныкталышын камсыз кылуу - мониторингдин башкы максатынан болуп саналат.  

46. Күрөөгө коюлган мүлктүн сакталышына туруктуу контролдук жүргүзүп туруу жана анын күндөлүк наркынын өзгөрүүгө учуроо ыктымалдыгын аныктоо максатында кредиттик союз, мезгил-мезгили менен күрөөнүн абалына анын сакталып турган жана жайгашкан жери боюнча мониторинг жүргүзүп турууга тийиш. Мониторинг жүргүзүп туруу мезгили кредиттик союз тарабынан тиешелүү саясатка ылайык аныкталат жана күрөөнүн түрүнө, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин сапатына жана кредиттик тобокелдикти камтыган берилген актив боюнча мөөнөткө жараша ишке ашырылат. Мындан тышкары, төмөнкү учурларга да өзгөчө көңүл буруу зарыл:  

- камсыздоонун рыноктук наркынын өзгөрүшү;  

- акыркы текшерүүдөн бери күрөө ликвиддүүлүгүнө таасирин тийгизген кандайдыр-бир факторлордун болушу;  

- күрөөнүн сакталышын талаптагыдай камсыз кылуу

47. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди классификациялоо каржылоо процессинде катышпаган жактар тарабынан жүргүзүлгөн көз карандысыз баалоонун негизинде жүзөгө ашырылат. 

48. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин абалынын начарлашын тастыктаган белгилерге төмөнкүлөр кирет:  

- кардардын кредиттик союз менен байланышуудан четтөөсү

- кардардын финансылык абалынын начарлоосу;  

- негизги сумманын же кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча кирешелердин өз убагында төлөнбөшү;  

- мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен кайрылуусу;  

- кредиттик тобокелдикти камтыган активди максатсыз пайдалануу;  

- менчиктин өткөрүлүп берилиши жана сатылышы;  

- кардар тууралуу кандайдыр бир булактардан терс маалыматтын түшүүсү;  

- кардар - ишкананын ичинде талаш-тартыш абалдын курчушунун белгилери;  

- кардардын ишкананын жетекчилигинин алмашуусу; 

- потенциалдуу көйгөйлөрдүн орун алып тургандыгын ырастаган башка жагдайлар.  

49. Ушул Жобонун 48 пунктунда көрсөтүлгөн белгилердин кайсы бири аныкталган шартта, кредиттик союз алардын келип чыгышынын себептерин такташтыруусу зарыл. Эгер, кредиттик союздун пикири боюнча бул белгилер жана/же алардын келип чыгышынын себептери тобокелдикти камтыган активдин абалынын начарлоосуна алып келиши мүмкүн болсо, анда кредиттик союз бул активди өзгөчө контролдукка алууга жана өз кызыкчылыгынын корголушун камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй бардык тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш, анын ичинде:  

- күрөөнүн бар экендигин жана аны күтүү шарттарын кошумча текшерүү;;  

- кошумча камсыздоону тартуу;  

- эскертүү берүү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү

- жагдай толук чечилмейинче, каржылоо линиясы боюнча кезектеги төлөмдөрдү токтотуп туруу; 

- кардарды жана ал акча каражаттарын жайгаштырган тармактын абалын кылдат иликтөөгө алуу; 

- башка коргоо чараларын колдонуу.  

50. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдер менен иш алып барууда, кардар менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн жана жолугушуулардын кыскача мазмунун журналга каттоону, алар менен жүргүзүлгөн жолугушуулардан протокол толтурууну, кардар менен келишим түзүүнү кошо алганда, алар менен ишке ашырылган бардык иш-чараларды документтештирип жана эсебин жүргүзүү зарыл. Айрыкча, "проблемалуу" активдер менен иш алып барууда мындай эсептин жүргүзүлүшү өтө маанилүү

 

7-глава. КРЕДИТТИК ТОБОКЕЛДИКТИ КАМТЫГАН “ПРОБЛЕМАЛУУ” АКТИВДЕР МЕНЕН ИШ АЛЫП БАРУУ 

 

51. Проблемалуу" активдерди аныктоо кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге туруктуу мониторинг жүргүзүүнүн жана каржылоо портфелине көз карандысыз баа берүүнүн максатынан болуп саналат.  

52. Проблемалуу" актив дегенден улам, ал боюнча кардар кредиттик союз менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбаган, же болбосо кандайдыр бир жагдайлардан улам (мисалы, тышкы же финансылык) кредиттик союз алдында милдеттенмелерди аткаруу жана активдин ордун жабуу коркунуч алдында калган кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди түшүнөбүз.  

53. Кредиттик тобокелдикти камтыган актив "проблемалуу" деп таанылган шартта, активдерди кайтарып алууга багытталган төмөнкүдөй бир катар иш-чараларды камтыган, кредиттик союздун иш-аракеттер планын иштеп чыгуу зарыл

1) Кредиттик союздун көйгөйлүү кардарга анын каатчылыкка туруштук берүүсүнө жана кредиттик союз алдындагы милдеттенмелеринин аткарылышына өбөлгө түзгөн уюштуруу, финансылык жана башка колдоолорду көрсөтүү боюнча төмөнкү чаралар:  

- көйгөйдү аныктоо жана аларды чечүү жолдорун издөө жагында кардар менен (же жетекчилик менен) иш алып баруу; 

- кошумча күрөөнү жана гарантияларды алуу;  

- зарылчылык келип чыккан учурда, карыздын түзүмүн өзгөртүү программасын иштеп чыгуу (мисалы, кредиттик тобокелдикти камтыган активди кайтаруу жана ал боюнча кошуп эсептелинген сумманы/кирешени төлөө боюнча төлөмдөр графигин кайрадан карап чыгуу, каржылоо формаларын өзгөртүү ж.б.). 

2) Ушул иш-чаралар менен катар эле, кардар менен бирге төмөнкүлөрдү камтыган туруктуу иштерди жүргүзүү зарыл: 

- кардарга каржылоо боюнча келишим шарттарын бузууга жол бергендиги, кредиттик тобокелдикти камтыган активди төлөө мөөнөтү өтүп кеткендиги жана ага байланыштуу көйгөйлөр келип чыгышы ыктымалдуулугу тууралуу билдирүү;  

- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.  

3) Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылышын камсыз кылуу максатында, мүмкүн болушунча кыска мөөнөт ичинде төмөнкү чаралар ишке ашырылышы зарыл: 

- күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү

- гарант жана кепилдик берүүчүлөргө кайрылуу;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка чаралар.  

54. Кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу активдер менен иш алып барууга жооптуу болгон каржылоо боюнча кызматкер “ проблемалуу” активдерге карата андан аркы иш-аракеттер жөнүндө сунуштар менен аткарылган иштер тууралуу маалыматты Каржылоо боюнча комитеттин кароосуна ар айлык негизде сунуштап турууга тийиш. Отчеттун көчүрмөлөрү кредиттик союздун Башкармасына жиберилет.  

55. Эгерде кредиттик союздун ушул главада каралган иш-аракети алгылыктуу натыйжага алып келбесе, кредиттик союз карызды мажбурлап өндүрүү максатында сотко кайрылууга милдеттүү.  

56. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди объективдүү себептерден улам кайтаруу мүмкүн эмес болсо (анын ичинде кардардын каза болушу шартында), мындай активдерди эсептен алып салуу чечими кредиттик союздун Директорлор кеңеши тарабынан, ал эми калган активдер боюнча - Директорлор кеңешине милдеттүү түрдө маалымдоо менен кредиттик союздун Башкармасы тарабынан кабыл алынат. 

 

 

 

Операцияларды ислам банк иши  

жана каржылоо принциптерине ылайык  

жүргүзгөн кредиттик союздарда 

кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча 

минималдуу талаптар жөнүндө” 

жобого карата тиркеме 

 

Кардарды каржылоо боюнча досьеге карата 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

 

 

I. Кардар тууралуу жалпы маалымат  

 

1. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуу үчүн кардар кол койгон билдирмеде төмөнкү маалымат чагылдырылууга тийиш: 

- кардардын аталышы (эгер кардар жеке адам болсо аты-жөнү);  

- катышуучунун сактык пайы боюнча маалымат (сактык пайынын өлчөмү, кредиттик союзга кирүү күнү);  

- жетекчинин аты-жөнү (эгер кардар юридикалык жак болсо);  

- дареги (юридикалык дарек), телефону/факсы;  

- бизнесинин түрү жана уюштуруу-укуктук формасы (эгер кардар юридикалык жак болсо);  

- кредиттик тобокелдикти камтыган суралып жаткан активдин суммасы, валютасы жана мөөнөтү;  

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдин ордун жабуу булактары (баштапкы, экинчилик)  

- сунушталып жаткан күрөө.   

2. Карыз алуучунун кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүнө иликтөө.  

3. Эгерде кардар (карыз алуучу - юридикалык жак болсо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын аудиттен өтүүгө милдеттүү болсо, акыркы отчеттук жыл үчүн тышкы аудитор тарабынан тастыкталган финансылык отчетту.  

4. Каржылоо боюнча келишим.  

5. Уюштуруу документтердин көчүрмөлөрү (эгер кардар юридикалык жак болсо).  

6. Бизнес-план.  

7. Мамлекеттик каттоо тууралуу документтердин көчүрмөлөрү (эгер кардар юридикалык жак болсо).  

8. Салык төлөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарда каттоо тууралуу документтердин көчүрмөлөрү (эгер кардар юридикалык жак болсо).  

9. Кардардын тиешелүү органынын кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуу тууралуу чечими (эгер кардар юридикалык жак болсо). 

10. Ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (эгер кардар жеке жак болсо).  

11. Каржылоо боюнча комитетинин кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү тууралуу чечими.  

12. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин мөөнөтү ичинде чейрек сайын берилүүчү финансылык отчет (эгер кардар юридикалык жак болсо).  

Кардар менен байланышуулардын эсебин жүргүзүү, анда ар бир байланышуу боюнча төмөнкүдөй маалыматтар чагылдырылууга тийиш:  

- байланышуу күнү;  

- байланышуу түрү (баарлашуу, телефон аркылуу сүйлөшүү);  

- байланышуу шарттары (кызматкердин аты-жөнү, сүйлөшүүнүн мазмуну);  

- натыйжалар.  

13. Кардар менен кат алышуу (бардык кат-кабарларды тиркөө менен).  

 

II. Күрөөлүк документтер  

 

14. Мамлекеттик жана расмий тилдеги күрөө жөнүндө келишим.   

15. Күрөөлүк мүлктүн сертификаттары, күбөлүктөрү жана башка квалификациялык документтер (эгер болгон болсо).  

16. Күрөөгө коюлган мүлккө менчикке укукту тастыктаган документтер.  

17. Кол коюу укугуна ээ адамдардын кол тамга үлгүлөрү менен нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточкалар (эгерде кардар - юридикалык жак болсо).  

Күрөөнү иликтөө актысы, анда төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш:  

- күрөөнү иликтөө күнү;  

- күрөөнүн түрү;  

- күрөөнү баалоо күнү;  

- баа берүү ыкмасы;  

- күрөөнүн жайгашкан орду;  

- күрөөнүн абалы жана аны күтүү шарттары;  

- күрөөнүн бааланган наркы;  

- күрөөнү мезгил-мезгили менен иликтөө графиги.  

18. Күрөө келишиминин катталгандыгын тастыктаган документтер (эгер күрөө катталууга тийиш болсо, же кредиттик союз катталышын талап кылса). 

19. Кардардын тиешелүү органынын күрөөгө сунуштоо чечими (эгер кардар юридикалык жак болсо).  

 

III. Гарантиялар же кепилдиктер  

 

20. Тиешелүү келишимди, гарантия берилип жаткан сумманы, гарантиянын мөөнөтүн көрсөтүү менен кол жазма түрүндө гарантия жана кепилдик.  

21. Тиешелүү органдын гарантия берүү чечими (эгер гарант юридикалык жак болсо).  

22. Гаранттын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (эгер гарант жеке болсо).  

23. Акыркы 12 ай үчүн эмгек акысы боюнча маалымкат же көрсөтүлгөн мезгил үчүн кирешеси тууралуу маалыматты тастыктаган башка документтер (эгерде кепил болуучу - жеке адам болсо).