Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/6 токтому 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын  

12-сентябрындагы N 37/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык жеке сейфтердин кардарларга берилиши боюнча Нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2012-жылдын 12-сентябрында №37/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык жеке сейфтердин кардарларга берилиши боюнча Нускоого тиркелген өзгөртүүлөр жана толуктоо бекитилсин

2. Юридика башкармалыгы:  

- бул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.  

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын

4. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Улуттук банктын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн.  

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк  

Башкармасынын 2013-жылдын  

«23 » октябрындагы 

39\6 токтомуна тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы N 37/2 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан банктык жеке сейфтердин кардарларга баалуулуктарды сактоо үчүн берилиши боюнча нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоо 

Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы N 37/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан банктык жеке сейфтердин кардарларга баалуулуктарды сактоо үчүн берилиши боюнча нускоого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин. 

1. 6-пункту төмөнкү мазмундагы жаңы абзац менен толукталсын: 

"Эскертүү. Ушул Нускоо күчүнө киргенге чейин түзүлгөн жана ушул убакытка чейин колдонулуп жаткан сактоо келишими боюнча банк бенефициардык менчик ээсинин (пайдага ээ болуучу) аты-жөнү тууралуу зарыл маалыматтарды, ошондой эле эгерде ал кардар болуп саналбаса, бенефициардык менчик ээсинин (пайдага ээ болуучунун), ким экендигин тастыктаган документин көчүрмөсүн алууга тийиш.". 

2. 10-пунктунун биринчи абзацынын биринчи сүйлөмүндөгү "банк менен кардар ортосунда сактоо келишими түзүлгөнгө чейин алдын-ала, банк" деген сөздөр "банк" деген сөзгө алмаштырылсын. 

3. 22-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"22. Эгерде банктын сейфи 1 механикалык ачкыч менен ачылган кулп менен жабылса жана ал ачкыч кардарга бериле турган болсо, анда банк кардарга сейфти бергенден кийин ар бир жолу ошол кулпту алмаштырып турууга тийиш.". 

4. 28-пунктунун экинчи абзацындагы "Банк Башкармасынын, банктын ички документтерине ылайык баалуулуктарды сактоосу үчүн сейфтерди кардарларга берүү маселесин чечүүгө ыйгарым укуктуу мүчөсү" деген сөздөр "сейфти ачып, анда сакталган буюмдарды тинтип текшерип же алууну ишке ашырган, ошондой эле мындай буюмдарга арест койгон банктын бөлүмүнүн/филиалынын жетекчиси". 

5. 33-пунктундагы "Банк Башкармасы" деген сөздөр "Банк Башкармасы же баалуулуктарды сактоо үчүн кардарга сейфтерди берүүгө тиешелүү маселени чечкен ыйгарым укуктуу адам" деген сөздөргө алмаштырылсын.