Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/10 токтому 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында №5/7, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон ёткёртългён «Банктардын ишин лицензиялоо жёнъндё» жобону бекитъъ тууралуу» токтомго ёзгёртъълёрдъ жана толуктоолорду  

киргизъъ жёнъндё 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жёнъндё” мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын тарабынан 2006-жылдын 2-мартында №5/7, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон ёткёртългён «Банктардын ишин лицензиялоо жёнъндё» жобону бекитъъ тууралуу» токтомго сунуш кылынган ёзгёртъълёр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.  

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш кън ёткёндён кийин къчънё кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жайгаштырсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизщщ ъчън Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жёнётсън. 

4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Тёрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жъктёлсън. 

 

Тёрага Асанкожоева З.М. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк  

Башкармасынын 2013-жылдын  

«23 » октябрындагы № 39\10 

токтомуна тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон ёткёртългён №5/7 «Банк ишин лицензиялоо жёнъндё» жобону бекитъъ тууралуу» токтомго ёзгёртъълёр жана толуктоолор 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон ёткёртългён №5/7 «Банк ишин лицензиялоо жёнъндё» жобону бекитъъ тууралуу» токтом менен бекитилген «Банк ишин лицензиялоо жёнъндё» жобого тёмёнкъдёй ёзгёртъълёр жана толуктоолор киргизилсин: 

 

1. Жобонун 5.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Банктын уюштуруучулары (акционерлери) уставдык капиталды алгач түзүү учуру сыяктуу эле, анын өлчөмүн кийинчерээк көбөйтүүдө да (дивиденддер аркылуу көбөйтүүсүн эске албаганда) банк-резиденттердин же банктык эсептеринен которуу аркылуу акча каражаттарын уставдык капиталга нак эмес формада гана ишке ашырууга милдеттүү.  

Уставдык капиталды алгач түзүү учуру сыяктуу эле, аны кийинки көбөйтүүдө акча каражаттарын уюштуруучулар (акционерлер) үчүн башка жактар тарабынан салынышына жол берилбейт. Карыз алуу келишиминин алкагында алынган каражаттарды, кредиттерди же ага теңештирилген каражаттарды кошо алганда, уюштуруучунун (акционерлердин) каражаты Кыргыз Республикасына чет өлкө банктарынан (Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан туунду банктарды башкы банктар аркылуу капиталдаштыруусун эске албаганда) которулган учурда, анда мындай банктар «Standard & Poor's» (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «ВВВ» категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөткө каралган кредиттик рейтингге же Moody's Investors Service (АКШ) боюнча “Ваа” категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөткө каралган кредиттик рейтингге же Fitch-IBCA “ВВВ” категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөткө каралган кредиттик рейтингге же Capital Intelligence, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS), Rating & Investment Information (R&I) рейтингдик агенттиктери тарабынан жогорудагыларга барабар ыйгарылган, же болбосо, которуучу банк жайгашкан өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарында аккредитацияланган жана коюлган рейтинги которуучу банк жайгашкан өлкөнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан таанылган улуттук рейтингдик агенттиктери тарабынан жогорудагыларга барабар ыйгарылган кредиттик рейтингге ээ болууга тийиш

 

Ушул пункттун максаттарына жетишүү үчүн: 

1) Чет өлкө банктары дегенден улам, банктар-жөнөтүүчүлөрдү гана түшүнүү зарыл. Банк-корреспонденттер (транзиттик банктар, ортомчу банктар бул аныктамага кирбейт). 

2) Карыз алуу келишиминде карыздык каражаттар банктын акцияларын сатып алуу үчүн гана каралган деп көрсөтүлүүгө тийиш».