Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35\19 токтому 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө  

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилсин (кошо тиркелет). 

2. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомду Улуттук банктын расмий сайтында жарыяласын. 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринде каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы бул токтом менен коммерциялык банктарды жана “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАКты тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Төраганын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын.  

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

2013-жылдын «____»__________№____ 

токтомуна карата тиркеме  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

I. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/7 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттары жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

 

1. Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.9.-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү сүйлөм менен толукталсын: 

 «Алдын ала төлөнгөн карттарды эмиссиялоодо жана пайдаланууда ушул Жобого карата 4-тиркемеде белгиленген чектөөлөр сакталууга тийиш.”. 

 

2. Жобонун 6-бөлүгүнүн 6.1-пунктунун экинчи сүйлөмүндөгү “мүмкүн” деген сөздөр “тийиш” дегенге алмаштырылсын.  

 

3. Жобонун 6-бөлүгүнүн 6.4.-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

- Банктар, алдын ала төлөнгөн карттарды алардын колдонуу максатына жараша, ушул Жобого жана ага карата 4-тиркеменин 4 жана 5-пункттарында көрсөтүлгөн чектөөлөргө ылайык берүүгө милдеттүү». 

 

4. Жобонун 9-бөлүгүнүн 9.1.-пунктунун 14-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«14) транзакцияны ушул Жобого карата 4-тиркеменин 3-пунктуна ылайык жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылуу эрежелери боюнча талап”. 

 

5. Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттары жөнүндө жобого карата “Банктык төлөм карттары менен операциялар боюнча чектөөлөр” деп аталган 4-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

 

 

Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттары жөнүндө жобого карата 

4-тиркеме  

 

Банктык төлөм карттары менен операциялар боюнча чектөөлөр (*) 

 

 

1. Бир алдын ала төлөнгөн карттагы акча каражаттардын көлөмү (суммасы), төмөнкү улуттук валютадагы сумманын же анын чет өлкө валютасындагы эквивалентинин лимитинен ашпоого тийиш: 

А) эгерде карт, банк-эмитенттин карыз алуучусуна же микрофинансылык уюмдун карыз алуучусуна микрофинансылык уюмдун кредиттик операцияларынын банк-эмитент тарабынан тейлөөгө алынышы боюнча атайы келишимдин алкагында алдын ала төлөнгөн картты сунуштоо менен кредит берүү үчүн каралган болсо, 1500 (бир миң беш жүз) эсептик көрсөткүч. Келишимде кредитти бир нече жолу берүү жана аны ушул пунктта белгиленген лимиттин чегинде бир алдын ала төлөнгөн картка акча каражаттарын чегерүү аркылуу анын ордун жабуу мүмкүнчүлүгү каралышы мүмкүн. Банк, алдын ала төлөнгөн карттар боюнча операциялардын жүргүзүлүшүндө тобокелдиктерди контролдоо, анын ичинде кардарды идентификациялоо үчүн зарыл маалыматтарды топтоо жана баа берүү жол-жоболоруна ээ болууга, аны колдонуу мөөнөтүн жана нак акчага айландыруу боюнча лимиттерди белгилөөгө тийиш.  

Б) ушул Жобонун 1-пунктунун А пунктчасына кирбеген максаттарга каралган карт болсо, 500 (беш жүз) эсептик көрсөткүч. 

2. Эквайер банкоматтарда бир операция суммасынын өлчөмү боюнча чектөөлөрдү белгилөөгө тийиш. Карт ээсинин банкомат аркылуу ишке ашырган бир операциясынын суммасы улуттук валютада же анын чет өлкө валютасындагы эквивалентинде 250 (эки жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.  

3. Транзакция жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылуу эрежелери боюнча талаптар: ТСП менен келишим түзүлгөн шартта банк, шектүү операциялардын белгилерин жана тизмегин чагылдырып, бир операция суммасынын лимитин белгилеп, андан ашкан учурда ТСП карт ээсин тастыктаган документи (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, паспортун же ким экендигин тастыктаган башка документтерди) талап кылуусу зарыл. Ким экендигин тастыктаган документ жөнүндө маалыматтар карт-чекте милдеттүү түрдө чагылдырылат. Шектүү операциялар тизмегин түзүүдө банк, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү маселелерин жөнгө салган мыйзамдарга, ошондой эле төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга байланыштуу башка ченемдик укуктук актыларга таянуусу зарыл.  

4. Алдын ала төлөнгөн карттар “эмгек акы” долбоорлорун тейлөө үчүн чыгарылууга тийиш эмес, б.а. штаттык кызматкерлерге эмгек акы төлөө үчүн, ошондой эле жумуш берүүчү тарабынан иштерди жана кызматтарды аткарууга туруктуу негизде же болбосо бир айдан ашкан мөөнөткө тартылган адамдарга сый акы төлөө үчүн чыгарылбайт. Алдын ала төлөнгөн карттарды иштер же кызмат көрсөтүүлөр үчүн сый акы катары ай сайын же иштерди же кызматтарды үзгүлтүксүз көрсөтүү каралган кайра түзүлүүчү/жаңыртылуучу келишимдер боюнча мезгил-мезгили менен берүүгө жол берилбейт.  

5. Эгерде алдын ала төлөнгөн карт ээсинин өзүнүн банктык эсеби болуп, нак акча каражаттарын берүү карт ээсинин картынан анын банктык эсебине акча каражаттарын алдын ала чегерүү аркылуу жүзөгө ашырылган учурлардан тышкары, алдын ала төлөнгөн карт аркылуу электрондук акчаны нак акчага алмаштырууга эмитентке тыюу салынат.  

 

II. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-июлундагы № 36/6 токтому менен бекитилген “Алдын ала төлөнгөн карт түрүндө электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызматтарын сунуштоо боюнча ишкердикти лицензиялоо жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

 

Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.4.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«4.4. Бир алдын ала төлөнгөн карттагы акча каражаттардын көлөмү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген улуттук валютадагы суммадан же анын чет өлкө валютасындагы эквивалентинен ашпоого тийиш”.