Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 28-августундагы № 32\8 токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳмѳнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилсин: 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы N32/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында пилоттук долбоордун  алкагында ислам каржылоо принциптерин ишке ашыруу жѳнүндѳ" жобого;  

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы №38/8 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзѳгѳ ашырылган операциялар жѳнүндѳ» жобого;  

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  2009-жылдын 30-сентябрындагы  №39/4 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге карата талаптар жѳнүндѳ» убактылуу жобого.  

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн ѳткөндөн кийин күчүнѳ кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыяласын; 

- токтом расмий жарыялангандан кийин аны Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

28-августундагы №32/8 токтомуна тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

1. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы №32/2 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында пилоттук долбордун алкагында ислам каржылоо принциптерин жүзөгө ашыруу жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

1) 2-бөлүктүн 2.3-главасынын 6-пунктундагы он биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк, сатып алуу-сатуу келишимин өз алдынча сыяктуу эле, агенти аркылуу да түзө алат. Банк, агенти катары кардарды дайындашы мүмкүн, мында кардар банктын эсебинен, анын атынан жана тапшыруусу боюнча агенттик келишимде белгиленген шарттарда иш алып барат, анда төмөнкү шарттар камтылууга тийиш: келишимдин предмети, тараптардын жана товардын аталышы, төлөө шарттары жана мөөнөттөрү, сатып алуу-сатуу операциясын тастыктаган документтер, башка шарттар”.  

2) 2-бөлүктүн 2.3-главасынын 6-пунктундагы а) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) банк Сатуучуга товар үчүн акча каражаттарын агент катары иш алып барган кардардын эсебине чегербестен өзү төлөөгө тийиш. Банк акча каражаттарын агент катары иш алып барган кардарга төмөнкү учурларда гана сунуштай алат: 

- товарды сатуучу катары Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык иш алып барган жеке ишкер саналган учурда; 

- товар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары сатылып алынган учурда. 

Мында агенттик келишимдердин алкагында агент катары кардарларга сунушталган акча каражаттардын чогуу алгандагы көлөмү «Мурабаха» операциялары боюнча банктын каржылоо портфелинин 20% ашпоого тийиш”.  

3) 2-бөлүктүн 2.6-главасы төмөнкү мазмундагы 50-пункт менен толукталсын:  

«Эгерде, келишим предметинен болгон, Банктын өндүрүштү же курулушту аяктоо боюнча айкын чыгымдары эсептелген сарптоолордон кыйла азыраак болсо же эгерде Банк келишим предметин алуу жана контракттык милдеттенмелерин аткаруу үчүн Параллель Истиснаа келишимин түзгөн тараптан жеңилдик алууга аракеттенип жатса, банк түпкү сатып алуучуга жеңилдик бербөөгө укуктуу жана Банктын эсептелген сарптоолордон тышкары тапкан суммасын же анын бөлүгүн алууга түпкү сатып алуучунун укугу жок. Ушул эреже, өндүрүштүн айкын чыгымдары эсептелинген сарптоолордон кыйла жогору болгон учурда да колдонулат. Мында, банк тарабынан киреше түрүндө алынган айырма, банктын башка операциялары боюнча кирешелеринде чагылдырылууга тийиш. 

II. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы №38/8 токтому менен бекитилген “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) 2-бөлүктүн 2.3-главасынын 2.3.6-пунктундагы он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк, сатып алуу-сатуу келишимин өз алдынча сыяктуу эле, агенти аркылуу да түзө алат. Банк агенти катары кардарды дайындашы мүмкүн, мында кардар банктын эсебинен, анын атынан жана тапшыруусу боюнча агенттик келишимде белгиленген шарттарда иш алып барат, анда төмөнкү шарттар камтылууга тийиш: келишимдин предмети, тараптардын жана товардын аталышы, төлөө шарттары жана мөөнөттөрү, сатып алуу-сатуу операциясын тастыктаган документтер, башка шарттар”.  

2) 2-бөлүктүн 2.3-главасынын 2.3.6-пунктундагы а) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) банк Сатуучуга товар үчүн акча каражаттарын агент катары иш алып барган кардардын эсебине чегербестен өзү төлөөгө тийиш. Банк акча каражаттарын агент катары иш алып барган кардарга төмөнкү учурларда гана сунуштай алат: 

- товарды сатуучу катары Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык иш алып барган жеке ишкер саналган учурда; 

- товар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары сатылып алынган учурда. 

Мында агенттик келишимдердин алкагында агент катары кардарларга сунушталган акча каражаттардын чогуу алгандагы көлөмү Улуттук банк тарабынан белгиленет”.  

III. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 30-сентябрындагы №39/4 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимге карата талаптар жөнүндө” убактылуу жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:  

1) 2-бөлүктүн 2-главасынын 2.1.5-пунктундагы экинчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин: «Банк агенти катары кардарды дайындашы мүмкүн, мында кардар банктын эсебинен, анын атынан жана тапшыруусу боюнча агенттик келишимде белгиленген шарттарда иш алып барат, анда төмөнкү шарттар камтылууга тийиш: келишимдин предмети, тараптардын жана товардын аталышы, төлөө шарттары жана мөөнөттөр, сатып алуу-сатуу операциясын тастыктаган документтер, башка шарттар”. 

 

2) 2-бөлүктүн 2-главасынын 2.1.5-пунктундагы а) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) банк Сатуучуга товар үчүн акча каражаттарын агент катары иш алып барган кардардын эсебине чегербестен өзү төлөөгө тийиш. Банк акча каражаттарын агент катары иш алып барган кардарга төмөнкү учурларда гана сунуштай алат: 

- товарды сатуучу катары Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык иш алып барган жеке ишкер саналган учурда; 

- товар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары сатылып алынган учурда. 

Мында агенттик келишимдердин алкагында агент катары кардарларга сунушталган акча каражаттардын чогуу алгандагы көлөмү Улуттук банк тарабынан белгиленет”.