Кайта келүү

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013 жылдын 16 августундагы № 30/6 токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 29-июнундагы №35/5 “Майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасынын жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 29-июнундагы №35/5 “Майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасынын жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Ушул токтом 2013-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы

- ушул токтомду Улуттук банктын расмий сайтында жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин ушул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.  

4. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАКты, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгын, «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасын, областтык башкармалыктарды жана Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж. Жеенбаевага ыйгарылсын. 

 

Төрага Асанкожоева З.М

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 16 августундагы № 30/6  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 29-июнундагы №35/5 “Майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасынын жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү 

 

 

- 1 тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

«1 тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасынын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер 

 

1. Майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасынын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөлөр (мындан ары Пакеттик клиринг системасы) абоненттик төлөмдөн жана Пакеттик клиринг системасынын катышуучуларынын чыгыш төлөмдөрүнөн турат. 

2. Пакеттик клиринг системасынын катышуучусунун абоненттик төлөмү айына 20 миң сом суммасында белгиленет. 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 22-августундагы №38/11 токтому менен бекитилген жана Адилет министрлигинде 2007-жылдын 29-декабрында 121-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү ишке ашыруу тартиби жөнүндө нускоого ылайык, Пакеттик клиринг системасынын операциялык күн регламентине жараша белгиленген мезгил аралыгында жөнөтүлгөн жана иштелип чыккан системанын катышуучуларынын чыгыш төлөмдөрүн иштеп чыгууга тарифтер, төлөм суммасынын аралыгына жана төлөмдөрдүн келип түшүүсүнө жараша төмөнкү өлчөмдө белгиленет: 

Төлөм суммасынын аралыгы, сом менен 

Пакеттик клиринг системасына келип түшкөн 1 төлөмдү иштеп чыгууга тарифтер (сом менен): 

11:00 чейин 

11:00 кийин 

0,01 - 300,00 

0,01 

0,01 

300,01 - 1 000,00 

0,05 

0,1 

1 000,01 - 5 000,00 

0,1 

0,5 

5 000,01 - 20 000,00 

20 000,01 - 100 000,00 

15 

25 

100 000,01 - 500 000,00 

40 

45 

500 000,01 - 1 000 000,00 

55 

60 

4. Пакеттик клиринг системасынын катышуучулары тарабынан Нускоого ылайык белгиленген операциялык күн регламентин бузуу менен жөнөтүлгөн чыгыш төлөмдөрдү иштеп чыгуу жана иштелип чыккан төлөмдөр үчүн тарифтер төмөнкү өлчөмдө белгиленет: 

Төлөм суммасынын аралыгы, сом менен 

Пакеттик клиринг системасынын операциялык күн регламентин бузуу менен келип түшкөн 1 төлөмгө тариф (сом менен) 

0,01 - 300,00 

0,1 

300,01 - 1 000,00 

1 000,01 - 5 000,00 

5 000,01 - 20 000,00 

20 

20 000,01 - 100 000,00 

250 

100 000,01 - 500 000,00 

450 

500 000,01 - 1 000 000,00 

600 

5. Пакеттик клиринг системасынын катышуучусунун андан көз каранды эмес себептер боюнча операциялык күн регламентин бузуу менен чыгыш төлөмдөрүн иштеп чыгууга тарифтер, ал факт Улуттук банктын Банктык эсептешүүлөр башкармалыгынын начальниги тарабынан тастыкталган учурда, ушул Тиркеменин 3-пунктуна ылайык белгиленет (саат 11:00 кийинки тариф).».