Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 26-июнундагы № 20\1 токтому 

 

 

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз  

Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүлөрдү жүргүзүүнүн  

тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобонун нормалары күчүнө кирген күндөн тартып, Улуттук банктын төмөнкү ченемдик документтери күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- Улуттук банк Башкармасынын 1997-жылдын 18-июнундагы №15/12 токтому менен бекитилген "Финансы-кредит мекемелердин мамлекеттик казына векселдери менен операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 1-декабрындагы №31/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда биринчилик дилерлердин иши жөнүндө" жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 19-сентябрындагы №42/4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүү тартиби жөнүндө" жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 26-ноябрындагы №42/4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына облигацияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобо; 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыялансын. 

4. Юридика башкармалыгы бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрилигине жөнөтсүн. 

5. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

6. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын "26 " - июнундагы № 20\1 

токтому менен бекитилген 

 

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобо 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул Жобо, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы №556 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын (мындан ары-МБК) чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө" жобого ылайык, мамлекеттик баалуу кагаздар эмитентинин - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (2013-жылдын 22-мартындагы №10-1-2/2733 жана 201-жылдын 2-майындагы №10-1-2/4295 каттары) позициясын эске алуу менен иштелип чыккан жана анда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары -Улуттук банк) Республиканын аймагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан чыгарылган (мындан ары - Финансы министрлиги, Эмитент) мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча операцияларды ишке ашыруу тартиби аныкталат. 

2. Улуттук банк МБКларды жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана депозитардык эсепке алуу боюнча операцияларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы №556 токтому жана ушул жобо менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө" жобого жана ушул Жобого ылайык, Финансы министирлиги менен түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырат. 

3. Мамлекеттик казына векселдери (мындан ары -МКВ) жана Мамлекеттик казына облигациялары (мындан ары - МКО) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын түшүндүрөт.  

4. МБКларды жайгаштыруу жана кайталап сунуштоо, Улуттук банк тарабынан Улуттук банктын автоматташтырылган тоорук системасы (мындан ары АТС) аркылуу аукциондук негизде ишке ашырылат. Аукцион, билдирмелер аларда көрсөтүлгөн баа боюнча канааттандырылган ыкмада өткөрүлөт. 

5. АТСти пайдалануу мүмкүн болбогон шартта, аукцион өткөрүүгө өбөлгө түзгөн кайсыл болбосун башка каражаттар аркылуу ишке ашырылат. 

6. Улуттук Банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн МБКлары боюнча милдеттенмени өз мойнуна албайт. 

7. МБКларды кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруу (мындан ары - кошумча жайгаштыруу) - бул, Эмитент тарабынан Улуттук банк аркылуу атаандашуусуз ишке ашырылуучу, МБКлардын жарыяланган чыгарылышынан тышкары МБКларды жайгаштыруу болуп саналат. Кошумча жайгаштыруу, тиешелүү мөөнөттүүлүктөгү МБКларды жайгаштыруу боюнча акыркы өткөрүлгөн аукциондо түптөлгөн орточо салмактанып алынган баада жана белгиленген купондук чен боюнча Эмитент тарабынан жарыяланган кошумча жайгаштыруунун көлөмүнүн чегинде ишке ашырылат. 

8. МБКларды кайтара сатып алуу Эмитент тарабынан Улуттук банк аркылуу ишке ашырылат жана Эмитент тарабынан жарыяланган МБКларды кайтара сатып алуу көлөмүнүн алкагында, ал белгилеген баада жүргүзүлөт. 

9. Мамлекеттик баалуу кагаздарга каттоо номерин ыйгаруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банктын 2010-жылдын 13-сентябрындагы №201 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарга каттоо номерин ыйгаруу жана мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздардын реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобого ылайык жүзөгө ашырылат. 

10. Улуттук банктын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/18 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган торук системасынын иши жөнүндө" (мындан ары-АТСтин иши жөнүндө Жобо) жободо белгиленген шарттар жана эрежелер ушул Жобого таркатылат. 

11. МБКларды жайгаштыруу, кошумча жайгаштыруу, кайталап сунуштоо жана кайтара сатып алуу боюнча аукциондорго катышуу укугуна АТСке туташтырылган тике катышуучулар ээ болушат. Кыйыр катышуучулар аукциондорго билдирмелерин тике катышуучулар болуп саналган коммерциялык банктар (мындан ары-банктар) аркылуу берүү менен катыша алышат жана/ же МБКларды экинчилик рыногунан сатып алышат. 

 

2. Аныктамалар жана атоолор 

Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөндөгү көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, АТСтин иши жөнүндө Жободо белгиленген аныктамалар жана атоолор колдонулат. 

12. Аукцион - МБКларды сатуу формасы, мында билдирмелерди канааттандыруу атаандаштыктын негизинде ишке ашырылат. 

13. МБКларды кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруу - МБКларды атаандашуусуз сатуу. 

14. Атаандаштык негизде сатуу - көрсөтүлгөн (белгиленген) баада сатылып алынган МБКлардын баасын жана санын көрсөтүү менен сатуу. 

15. Атаандашуусуз сатуу - МБКларды аукциондо түптөлгөн, орточо алынган баа боюнча сатуу. 

16. Кыйыр катышуучу - МБКларды сатып алууга билдирмени тике катышуучу болуп саналган банк аркылуу беришкен, аукционго тике катышуучу болуп саналышпаган жеке адамдар жана юридикалык жактар. 

17. Кайтара сатып алуу - Эмитент тарабынан жүгүртүүдөгү МБКларды сатып алуу боюнча ишке ашырылган операция. 

18. Чыгаруу параметрлери - МБКлардын чыгарылышы жөнүндө маалыматтар: номери, күнү, чыгаруу көлөмү, төлөө күнү жана МБКларды мүнөздөгөн башка маалыматтар. 

19. МБКларды төлөө - төлөнүүчү чыгарылыштагы МБКларга ээлик кылуучулардын эсебине анын номиналдык наркын чегерүү

20. МБКларды кайталап сунуштоо - буга чейинки чыгарылыштагы жарыяланган жана жарым-жартылай жайгаштырылган МБКлардын жайгаштырылбаган бөлүгүн аукциондук негизде сунуштоо. 

21. Тике катышуучу - Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу МБКлар рыногунда Улуттук банк менен иш алып барууга тиешелүү келишим түзгөн банк, ошондой эле институционалдык инвесторлор - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусу жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги. 

22. Чектөө баасы - билдирмелерди канааттандыруу, аны менен чектелген баа. 

23. Эмитент - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан иш алып барган Финансы министрлиги. 

24. Мамлекеттик казына векселдери - кыска мөөнөттүү, пайызсыз (дисконттук) мамлекеттик баалуу кагаздар (жүгүртүү мөөнөтү 1 айдан 12 айга чейин, жетиге бөлүнгөн, мисалы:1 айлык боюнча 28 күндөн баштап жана 12 айлык боюнча 364 күнгө чейин) Бир МКВнын номиналдык наркы 100 сомго барабар. 

25. Мамлекеттик казына облигациялары - пайыздык кирешеге (купонго) ээ узак мөөнөттүү (1 жылдан ашык) мамлекеттик баалуу кагаздар. Бир МКОнун номиналдык наркы жана ар бир чыгарылыштын параметрлери МКОну чыгаруу учурунда Эмитент тарабынан аныкталат. 

3. МБКлар рыногунда тике катышуучу статусун берүү шарттары 

26. МБКлар рыногунда тике катышуучу болуп иштегенди каалаган банк, эң аз дегенде төмөндөгү критерийлерге туура келүүгө тийиш: 

· МКБлар менен иш алып барууда тобокелдиктерди тескөө саясаты, МБКларды депозитардык эсепке алууну жүргүзүү тартиби, МБКлар менен иштөөдө ички контролдук системасы аныкталган документтердин болушу; 

· Улуттук банктын бардык экономикалык ченемдерин тике катышуучу статусун берүү жөнүндө арыз берилген күнгө чейинки акыркы алты ай ичинде сактоо; 

· финансылык жылдын тике катышуучусу статусун берүү жөнүндө арыз берилгенден мурунку күндүн жыйынтыгы боюнча ишинин чыгашасыз болушу, ошондой эле өтүп жаткан жылы финансылык иш натыйжаларынын алгылыктуу болушу; 

· АТСке туташкан болуусу; 

· Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу МБКлар рыногунда иш алып баруу жөнүндө Улуттук банк менен түзүлгөн келишимдин болуусу (Ушул Жобого №1 Тиркеме). 

27. Банк тике катышуучу катары төмөнкү милдеттерди өзүнө алат: 

· бардык филиалдарында жана бөлүмдөрүндө жеке адамдардан-резидентерден атаандаштык жана атаандаштык эмес билдирмелерди кайтарымсыз негизде кабыл алуу; 

· өз кардарларынын - резиденттерден болушкан жеке адамдардын атынан жана алардын тапшыруусу боюнча сатып алынган МБКлар боюнча операциялардын депозитардык эсебин кайтарымсыз негизде жүргүзүү жана тейлөө

· МБКлар боюнча акыркы аукциондордо түптөлгөн орточо алынган баалар жана кирешелүүлүк жөнүндө маалыматтарды жана МБКлар боюнча буга чейинки аукциондордогу маалыматтарды өзүнүн веб-сайтына, ошондой эле филиалдарынын маалымат такталарына жарыялоо; 

· Улуттук банк тарабынан белгиленген форматта отчетторду, ошондой эле Улуттук банктын жана /же Финансы министрлигинин суроо-талабы боюнча тике катышуучу катары ишине байланыштуу болгон башка маалыматтарды өз убагында берип туруу. 

28. Улуттук банк, жеринде барып жана тике катышуучу болуп саналган банктар тарабынан 27-пункта көрсөтүлгөн милдеттердин аткарылышына тиешелүү башка текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууга укуктуу. 

29. Тике катышуучу болуп саналышкан банктар тарабынан 27-пунктта көрсөтүлгөн милдеттер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган шартта Улуттук банк, тике катышуучунун МБКлар аукционуна катышуу укугун алты айга чейин чектөөгө укуктуу.  

30. Атайын иш ыргагы (убактылуу жетекчилик, консервация) киргизилген банктарга Улуттук Банк Башкармасынын МБКлар менен операцияларды жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндө токтому болгон шартта, тике катышуучунун статусу ыйгарылышы мүмкүн.  

31. Улуттук банк менен ал аркылуу жайгаштырылуучу МБКлар рыногундагы иши тууралуу келишим түзгөн Институционалдык инвестор - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине АТСке туташуусу шартында тике катышуучу статусу ыйгарылат.  

 

 

 

4. МБКларды баштапкы жайгаштыруу жана кайталап сунуштоону ишке ашыруу шарттары жана тартиби 

32. Улуттук банк, Эмитенттен алган тапшырманын жана МБКларды жайгаштыруу боюнча аукцион жүргүзүүгө белгиленген формадагы глобалдуу сертификаттын негизинде аукцион өткөрөт. МКБларды чыгарууга жана жайгаштырууга документтердин формасы жана түзүмү, Улуттук банкка макулдашылат жана Эмитенттин буйругу менен бекитилет. МБК ауционун өткөрүү үчүн зарыл болгон документтер аукцион өткөрүлүүчү күнгө чейинки эки жумуш күнүнөн кечиктирилбестен, Эмитент тарабынан Улуттук банкка берилет. МБКларды чыгаруу параметрлери Эмитент тарабынан анын веб-сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат. Улуттук банк МБКларды чыгаруу параметрлерин Улуттук банктын веб-сайтына жарыялайт жана АТСте чагылдырат. 

33. МБКларды жайгаштыруу боюнча аукционго катышууга билдирмелер аукцион өткөрүлчү күнү саат 9:00-13:00 чейин АТСке тике катышуучулар тарабынан берилет, оңдолот жана/же кайра чакыртылып алынат. Тике катышуучулардын саат 13:00дон кийин берген билдирмелери кайтарылгыс болуп саналат. 

34. Банктардын билдирмелери өз атынан (өздүк) берилген билдирме сыяктуу эле, кардарларынын - кыйыр катышуучулардын атынан (кардарлардын билдирмеси) берилген агрегирленген билдирмени да камтышы мүмкүн. Башка катышуучулардын билдирмелери өзүнүн гана билдирмесин камтууга тийиш.  

35. Тике катышуучулар өз билдирмесин атаандаша албаган сунушу менен бере алышпайт.  

36. Тике катышуучунун атаандаштык сунушу менен өздүк билдирмеси төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

· билдирмелердин саны - 5тен ашпоого,  

· ар бир билдирме боюнча баалуу кагаздардын саны - 100гө калдыксыз бөлүнүүгө 

· бир билдирмедеги баалуу кагаздардын минималдуу саны - кеминде 1000 даана болууга.  

37. Тике катышуучунун өздүк билдирмесиндеги атаандаштык негиздеги жана атаандашуусуз бөлүктөрүн кошо алганда, баалуу кагаздардын жалпы саны жайгаштырылып жаткан баалуу кагаздардын санынан ашпоого тийиш, б.а. өздүк билдирмелердин номиналы боюнча суммардык көлөмү чыгарылыштын жарыяланган көлөмүнөн ашпоосу зарыл.  

38. Атаандаштык сунушу менен кардарлардын билдирмеси төмөнкү талаптарга жооп берүүсү зарыл:  

· ар бир лот боюнча баалуу кагаздардын саны - 10го калдыксыз бөлүнүүгө,  

· бир лоттогу баалуу кагаздардын минималдуу саны - кеминде 100 даана болууга.  

39. Бир кардардан келип түшкөн атаандаша албаган сунушу менен билдирмелердин минималдуу көлөмүнө чек коюлбайт.  

40. Бир кардардан келип түшкөн билдирменин атаандаштык негиздеги жана атаандашуусуз бөлүгүн кошо алганда максималдуу көлөмү, чыгарылыштын жарыяланган көлөмүнөн ашпоого тийиш.  

41. Тариздетүүнүн белгиленген тартибин бузуу менен толтурулган билдирмелер анык эмес катары таанылат жана аукционго катышууга жол берилбейт.  

42. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте маалыматтарды ачыкка чыгаруу учурларын эске албаганда, Улуттук банк аукциондун катышуучусунун билдирмесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга тийиш.  

43. Атаандаша албаган сунушу менен билдирмелер биринчи кезекте канааттандырылат. Канааттандыруунун максималдуу чеги номиналдык наркы боюнча чыгарылыштын көлөмүнүн 30% түзөт. Эгерде атаандаша албаган сунушу менен билдирмелердин суммардык көлөмү МБКлардын номиналдык наркы боюнча чыгаруу көлөмүнүн 30% ашса, аларды канааттандыруу пропорционалдык негизде жүзөгө ашырылат.  

44. Атаандаша албаган сунушу менен билдирмелер канааттандырылгандан кийин калган чыгарылыштын көлөмү, атаандаштык сунушу менен билдирмелер ортосунда бөлүштүрүлөт. Билдирмелердин лоттору сатып алуу баасы боюнча алардын кемүү тартибинде ранжирленет жана максималдуу баа көрсөтүлгөн лоттон тартып, андан ары чектөө баасына чейин улам кемип олтуруу жолу менен канааттандырылат. Эгерде чектөө баасы боюнча бирден ашык билдирме берилген болсо, анда баалуу кагаздарды ошол билдирмелердин ортосунда бөлүштүрүү пропорционалдуу негизде ишке ашырылат. 

45. Эгерде чектөө баасы боюнча банктын өздүк билдирмеси сыяктуу эле, анын кардарларынын билдирмелери берилген болсо, анда бул баалуу кагаздар ошол билдирмелер ортосунда пропорционалдуу негизде бөлүштүрөт. 

46. Атаандаша албаган билдирме орточо алынган баада канааттандырылат.  

47. Аукционго катышууга уруксат берилген билдирмелер, аукцион өткөрүлгөн күнү саат 13.00-дөн саат 14.00гө чейин АТСте иштелип чыгат.  

48. Аукциондун алдын ала жыйынтыктары аукцион өткөрүлгөн күнү саат 14.30дан кечиктирилбестен, АТС аркылуу Эмитентке чечим кабыл алуу үчүн берилет.  

49. Эмитент төмөнкү чечимдердин бирин кабыл ала алат: аукциондун жыйынтыгын бекитүү же аукционду өткөрүлбөгөн катары таануу. 

50. Эмитент аукциондун жыйынтыгын төмөнкү чектерде бекитет: 

· билдирмелерди максималдуу канааттандыруу, чыгаруу көлөмүнөн 25%га артуусу менен чектелет; 

· билдирмелерди минималдуу канааттандыруу МБКнын чыгаруу көлөмүнүн 25% менен чектелет (ушул Жобонун 48 пунктунда аныкталган учурларды эске албаганда). 

51. Эмитент төмөнкү учурларда аукционду өткөрүлбөгөн катары таанууга укуктуу: 

· аукционго катышуучулардын саны үчкө жетпесе;  

· эгерде кабыл алынган билдирмелердин орточо алынган кирешелүүлүгү акыркы аукциондо түптөлгөн орточо алынган кирешелүүлүктөн 15%га ашкан болсо. 

52. Эмитент аукциондун жыйынтыгын аукцион өткөрүлгөн күнү саат 15.30га чейин бекитет.  

53. Эмитент аукциондун жыйынтыгын бекиткенден кийин, билдирмелерди АТСте акыркы иштеп чыгуу жүргүзүлөт жана аукциондун жыйынтыкталган натыйжалары жарыяланат. 

54. Эгерде Эмитент тарабынан аукциондун жыйынтыгы бекитилсе, тике катышуучуларга аукциондун жыйынтыкталган натыйжалары маалымдалат: суроо-талап жана жайгаштыруу көлөмү, орточо алынган баа, билдирмелердин максималдуу баасы жана чектөө баасы, аукциондун катышуучуларынын саны; ар бир тике катышуучуга ал жана анын кардарлары тарабынан аукционго катышуунун натыйжасында сатылып алынган МБКларды саны жана наркы тууралуу өз-өзүнчө билдирилет.  

55. Аукциондун жыйынтыкталган натыйжалары Улуттук банктын мезгилдүү басылмаларында жана веб-сайтында жарыяланат.  

56. МБКларды кайталап сунуштоо параметрлери Эмитент тарабынан анын веб-сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. Улуттук банк МБКларды кайталап сунуштоо параметрлерин өз веб-сайтында жарыялайт жана АТСте чагылдырат. 

 

5. МБКны кошумча жайгаштыруу шарттары жана аны ишке ашыруу тартиби 

 

57. МБКларды кошумча жайгаштыруунун параметрлери жөнүндө маалыматтар, Эмитент тарабынан анын веб-сайтында жана ошондой эле Улуттук банк тарабынан Улуттук банктын веб-сайтында жарыяланат жана АТСте чагылдырылат. МКБларды кошумча жайгаштырууга катышуу укугуна АТСке кошулган тике катышуучулар ээ. Кыйыр катышуучулар билдирмелерди банктар аркылуу берүү менен МКБларды кошумча жайгаштырууга катыша алышат.  

58. МБКларды кошумча жайгаштырууга билдирмелерди берүү тартиби жана шарттары МБКлардын чыгарылышын баштапкы жайгаштыруу боюнча аукционго билдирмелерди берүү тартибине окшош.  

59. Банктын билдирмеси өз атынан (өздүк) берилген билдирме сыяктуу эле, кардарларынын - кыйыр катышуучулардын атынан (кардарлардын билдирмеси) берилген агрегирилген билдирмени да камтышы мүмкүн. Банк болуп саналбаган тике катышуучунун билдирмеси өзүнүн гана билдирмесин камтууга тийиш.  

60. Тике катышуучунун МКБды кошумча жайгаштырууга өздүк билдирмеси жана/же кардарлардын билдирмеси төмөнкү талаптарга жооп берүүсү зарыл:  

· билдирменин саны - 1ден ашпоого,  

· ар бир лот боюнча баалуу кагаздардын саны - 10го калдыксыз бөлүнүүгө,  

· лот боюнча баалуу кагаздардын минималдуу саны - кеминде 100 даана болууга.  

61. Тике катышуучунун өздүк билдирмесиндеги баалуу кагаздардын саны кошумча жайгаштыруунун жарыяланган көлөмүнөн ашпоого тийиш. 

62. Бир кардар берген билдирменин максималдуу көлөмү кошумча жайгаштыруунун жарыяланган көлөмүнөн ашпоого тийиш. 

63. Тариздөө тартибин бузуу менен толтурулган билдирмелер анык эмес катары таанылуу менен аукционго катыштырылбайт. 

64. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте маалыматтарды ачыкка чыгаруу учурларын эске албаганда, Улуттук банк аукциондун катышуучусунун билдирмесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга тийиш.  

65. Кошумча жайгаштырууга катышуучулардын билдирмелери аларда көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын саны боюнча аткарылат. Билдирмелердин наркы анда көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын санын, тиешелүү мөөнөттүүлүктөгү МБКларды жайгаштыруу боюнча акыркы өткөрүлгөн аукциондо түптөлгөн орточо алынган баага көбөйтүү жолу менен эсептелинет. Эгерде билдирмелердин суммардык көлөмү МБКларды номиналдык наркы боюнча кошумча жайгаштыруу көлөмүнөн ашып кетсе, анда МБКларды ушул билдирмелер ортосунда бөлүштүрүү пропорционалдык негизде ишке ашырылат.  

66. Кошумча жайгаштырууга катышууга уруксат берилген билдирмелерди АТСте иштеп чыгуу, кошумча жайгаштыруу өткөрүлгөн күнү саат 13.00дөн саат 14.00гө чейин жүзөгө ашырылат. Кошумча жайгаштыруу өткөрүлгөн күнү саат 14.30дан кечиктирилбестен, кошумча жайгаштыруунун жыйынтыктары АТС аркылуу Эмитентке берилет. 

67. Тике катышуучуларга аукциондун жыйынтыкталган натыйжалары маалымдалат: суроо-талап жана жайгаштыруу көлөмү, кошумча жайгаштыруунун катышуучуларынын саны; кошумча жайгаштыруунун жыйынтыгы боюнча ал жана анын кардарлары сатып алган МБКнын саны жана наркы тууралуу ар бир тике катышуучуга өз-өзүнчө билдирилет 

68. Кошумча жайгаштыруунун жыйынталган натыйжалары АТСте чагылдырылып, Улуттук банктын мезгилдүү басылмаларында жана веб-сайтында жарыяланат.  

 

5. МБКларды кайтара сатып алуу шарттары жана тартиби 

 

69. Кайтара сатып алуу сунушталып жаткан МБКларды кайтара сатып алуу шарттары (сатып алынып жаткан МБКлардын баасы, көлөмү жана каттоо номери) жана аны жүргүзүү күнү Эмитент тарабынан анын веб-сайтында жана ошондой эле Улуттук банк тарабынан Улуттук банктын веб-сайтында жарыяланат жана АТСте чагылдырылат. МБКларды кайтара сатып алуу АТСке кошулган тике катышуучулар арасында ишке ашырылат, ал эми кыйыр катышуучулар билдирмелерин банктар аркылуу берүү менен катыша алышат.  

70. МБКларды кайтара сатып алууга катышууга билдирмелерди берүү, оңдоо жана/же кайтарып алуу тике катышуучу тарабынан АТСте кайтара сатып алуу өткөрүлгөн күнү саат 9.00дөн саат 13.00гө чейин жүргүзүлөт. Тике катышуучулардын саат 13:00дон кийин берген билдирмелери кайтарылгыс болуп саналат. 

 

71. Банктын билдирмеси өз атынан (өздүк) берилген билдирме сыяктуу эле, кардарларынын - кыйыр катышуучулардын атынан (кардарлардын билдирмеси) берилген агрегирилген билдирмени да камтышы мүмкүн. Башка тике катышуучулардын билдирмеси өзүнүн гана билдирмесинен турууга тийиш.  

72. Тике катышуучунун кайтара сатып алууга өздүк билдирмесиндеги баалуу кагаздардын минималдуу саны тиешелүү талаптарга жооп берүүгө тийиш: баалуу кагаздардын саны кеминде 100 даана болууга жана 10го калдыксыз бөлүнүүгө.  

73. Тике катышуучунун билдирмесиндеги баалуу кагаздардын саны кайтара сатылып алынган баалуу кагаздардын санынан, б.а. өздүк билдирмелердин көлөмү номиналы боюнча кайтара сатып алуунун жарыяланган көлөмүнөн ашпоого тийиш.  

74. Бир кардардан берилген баалуу кагаздардын минималдуу саны тиешелүү талапка жооп берүүгө - кеминде 10 даана болууга жана 10го калдыксыз бөлүнүүгө тийиш. 

75. Бир кардардан берилген баалуу кагаздардын саны кайтара сатып алуунун жарыяланган көлөмүнөн ашпоого тийиш.  

76. Тариздөө тартибин бузуу менен толтурулган билдирмелер анык эмес катары таанылуу менен кайтара сатып алууга катыштырылбайт.  

77. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте маалыматтарды ачыкка чыгаруу учурларын эске албаганда, Улуттук банк кайтара сатып алууга катышуучунун билдирмесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга тийиш.  

78. Кайтара сатып алуунун катышуучуларынын билдирмелери аларда көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын саны боюнча аткарылат. Билдирмелердин наркы анда көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын санын Эмитент тарабынан белгиленген баага көбөйтүү жолу менен эсептелинет. Кайтара сатып алуу сунушу менен келип түшкөн билдирмелердин суммардык көлөмү Эмитент тарабынан белгиленген номиналдык наркы боюнча кайтара сатып алуу көлөмүнөн ашса, анда аларды канааттандыруу пропорционалдуу негизде ишке ашырылат.  

79. Кайтара сатып алууга уруксат берилген билдирмелерди АТСте иштеп чыгуу кайтара сатып алуу өткөрүлгөн күнү саат 13.00дөн саат 14.00гө чейин жүргүзүлөт. Кайтара сатып алуу өткөрүлгөн күнү саат 14.30дан кечиктирилбестен, кайтара сатып алуунун жыйынтыктары АТС аркылуу Эмитентке берилет. 

80. Кайтара сатып алуунун жыйынтыкталган натыйжалары АТСте кайтара сатып алуу өткөрүлгөн күнү саат 15.00дөн кечиктирбестен жарыяланат. 

81. Кайтара сатып алуунун жыйынтыкталган натыйжалары Улуттук банктын мезгилдүү басылмаларында жана веб-сайтында жарыяланат.  

 

6. Эсептөөлөр 

82. Жайгаштыруу жана кошумча жайгаштырууга тиешелүү аукциондун жыйынтыгы боюнча эсептөөлөр МБКларды чыгаруу күнүнө карата ишке ашырылат, ал эми кайталап сунуштоо жана кайтара сатып алуу кийинки жумуш күнү, купондук төлөмдөрдү төлөө жана МКОнун ордун жабуу МКОну чыгаруу шарттарына ылайык ишке ашырылат.  

83. Тике катышуучулар МБКлар чыгарылган күнү жайгаштыруу жана/же кошумча жайгаштыруу боюнча аукционго катышуу боюнча канааттандырылган билдирмеге ылайык, МБКлардын сатып алынган санына төлөө үчүн өзүнүн Улуттук банктагы корреспонденттик эсебин улуттук валютадагы жеткиликтүү акча каражаттары менен камсыз кылат. 

84. Тике катышуучулар кайталап сунуштоо боюнча аукцион өткөрүлгөндөн кийинки жумуш күнү, бул аукционго катышуу боюнча канааттандырылган билдирмеге ылайык, МБКлардын сатылып алынган санына төлөө үчүн өзүнүн Улуттук банктагы корреспонденттик эсебин акча каражаттарынын жеткиликтүү көлөмү менен камсыз кылат.  

85. Кайтара сатып алуу ишке ашырылгандан кийинки жумуш күнү Эмитент, кайтара сатып алуунун натыйжаларына ылайык МБКлардын сатып алынган санына төлөө үчүн Финансы министирлигинин Борбордук Казыналыгынын Улуттук банктагы күндөлүк эсебин улуттук валютадагы акча каражаттарынын жеткиликтүү көлөмү менен камсыз кылат.  

86. Сатып алынган МБКларга бөлүп төлөөгө жол берилбейт. Эгерде аукциондун тике катышуучусунун сатып алынган МБКларга төлөө үчүн Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде жеткиликтүү көлөмдө улуттук валютадагы каражаты жок болсо, анда анын билдирмеси жокко чыгарылат. Бул учурда аукциондун тике катышуучусу Эмитентке сатылып алынган МБКнын номиналдык наркынан бир пайыз өлчөмүндө, бирок аукциондун тике катышуучусунун төлөнгөн уставдык капиталынын бир пайызынан ашпаган өлчөмдө кем алым төлөп берет. Аукциондун тике катышуучусу кем алымды төлөмөйүнчө, ага кийинки аукциондорго катышууга жол берилбейт. 

87. Улуттук банк Эмитенттин тапшыруусунун негизинде МБКлар боюнча купондук төлөмдөрдү төлөөнү жана/же МБКлардын ордун жабууну, аларды чыгаруу шарттарына ылайык, Эмитент тарабынан аныкталган күнгө карата жүзөгө ашырат.  

88. Эмитент МБКлар боюнча купондук төлөмдөрдү төлөөгө жана/же МБКлардын ордун жабууга акча каражаттарынын жетиштүү көлөмүн Эмитент тарабынан аныкталган күнгө карата камсыз кылат.  

89. МБКлар менен эсептөөлөрдү жүргүзүү тартиби ушул Жобого жана АТСтин иши жөнүндө жобого ылайык аныкталат. 

 

7. Корутунду жоболор 

90. МБКлар менен операциялар боюнча тобокелдиктерди тескөө ыкмалары, аукциондун катышуучуларынын ички ченемдик документтери аркылуу аныкталат. 

 

Улуттук Банк Башкармасынын 2013-жылдын 

"26" - июнундагы № 20\1 токтому менен бекитилген 

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  

Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу  

мамлекеттик баалуу кагаздарын жайгаштыруу,  

кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу,  

кайтара сатып алуу жана эсептешүүлөрдү  

жүргүзүү жөнүндө" жобого №1 Тиркеме 

 

 

Банкынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу  

мамлекеттик баалуу кагаздар рыногундагы иши тууралуу №_____ келишим 

 

Бишкек шаары 200_-ж. "____" ________  

 

Мындан ары "Улуттук банк" деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамдын жана 20____ -жылдын "___"_______ №___ буйруктун негизинде иш алып барган Төраганын орун басары _________________ бир тараптан жана мындан ары "Банк" деп аталуучу _________________________ атынан уставдын негизинде иш алып барган Башкарманын төрагасы _______________________ экинчи тараптан, биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар Улуттук Банк Башкармасынын 2013-жылдын "___"_______ №___ токтому менен бекитилген, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарын жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" жобого (мындан ары - жобо) таянуу менен төмөнкүлөр боюнча ушул келишимди түзүштү

1. Келишим предмети 

1.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар (мындан ары- МБК) рыногунда тиешелүү жобого ылайык, тике катышуучу катары банктын иш жүргүзүүсү, ушул келишим предметинен болуп саналат. 

 

2. Банкка карата коюлуучу талаптар 

2.1. Тике катышуучу катары иштөөгө ниеттенген Банк, эң аз дегенде төмөнкү критерийлерге жооп берүүгө тийиш: 

2.1.1. Мамлекеттик баалуу кагаздар менен иш алып барууда тобокелдиктерди тескөө саясаты, баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алууну жүргүзүү тартиби, баалуу кагаздар менен иш алып барууда ички контролдук системасы аныкталган документтерге ээ болууга. 

2.1.2. Ушул келишимге кол коюла турган күнгө чейинки акыркы алты ай ичинде Улуттук банктын бардык экономикалык ченемдерин сактоого; 

2.1.3. Ушул келишимге кол коюлган күнгө чейинки, финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча чыгашасыз иш жүргүзүүгө, ошондой эле өтүп жаткан жылдагы финансылык иш натыйжалары алгылыктуу болууга; 

2.1.4. Автоматтык тоорук системасына туташкан болууга. 

2.2. Ушул келишимге кол коюу менен Банк, келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келүүсүн тастыктайт. 

3. Банктын укуктары 

Банк төмөнкүлөргө укуктуу: 

3.1. Автоматтык тоорук системасы аркылуу өз атынан жана кардарлардын тапшыруусу боюнча мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу, кошумча жайгаштыруу, кайталап сунуштоо жана кайтара сатып алуу аукциондоруна түздөн-түз катышууга. 

3.2. Өз кардарларынын атынан жана алардын тапшыруусу боюнча сатылып алынган мамлекеттик баалуу кагаздар менен депозитардык ишти жүзөгө ашырууга. 

3.3. Мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу, кошумча жайгаштыруу кайталап сунуштоо жана кайтара сатып алуу аукциондорунун параметрлери жана анын натыйжалары жөнүндө маалыматтарды алууга. 

 

4. Банктын милдеттери 

Банк төмөнкүлөргө милдеттүү

4.1. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашырууга; 

4.2. Бардык филиалдарынан жана бөлүмдөрүнөн мамлекеттик баалуу кагаздар аукционуна катышууга жеке адамдардан-резиденттерден атаандаштык жана атаандаша албаган билдирмелерди кайтарымсыз негизде кабыл алууга. 

4.3. Кардарлардын-жеке адамдардын-резиденттердин атынан жана алардын тапшыруусу боюнча сатылып алынган мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алууну жана алар менен операцияларды тейлөөнү кайтарымсыз негизде ишке ашырууга; 

4.4. Мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча акыркы аукциондордо түптөлгөн орточо алынган баалар жана кирешелүүлүк жөнүндө маалыматтарды жана МБКлар боюнча буга чейинки аукциондордогу маалыматтарды өзүнүн веб-сайтына, ошондой эле филиалдарынын маалымат такталарына жарыялоо; 

4.5. Мамлекеттик баалуу кагаздар аукционунда утушка ээ болгон билдирмелердин эмиссия күнү төлөөнү ишке ашыруу жана/же баалуу кагаздарды кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруу үчүн өз корреспонденттик эсебинде жетиштүү көлөмдөгү акча каражаттарынын болушун камсыз кылууга. Банктын корреспонденттик эсебинде каражаттар жетишсиз болуп калса, билдирме жокко чыгарылып, Банктан утушка ээ болгон билдирмеде көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын номиналдык наркынан бир пайыз өлчөмүндө бирок, банктын уставдык капиталынын 1 пайызынан ашпаган чекте айыптык төлөм өндүрүлөт. Айыптык төлөмдү төлөгөнгө чейин Банк кийинки аукциондорго катыша албайт жана баалуу кагаздарды кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыра албайт. 

4.6. Улуттук банк тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык, мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча депозитардык ишти эсепке алуунун эки деңгээлдүү системасынын алкагында (Улуттук банк - Башкы депозитарий; Банк- Субдепозитарий) жүзөгө ашырууга: 

· аларды баштапкы жайгаштыруу учурунда өз депоненттеринин эсебине мамлекеттик баалуу кагаздарды чегерүү (аукциондун жыйынтыгы же баалуу кагаздарды кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруунун натыйжасы боюнча); 

· төлөө мөөнөттөрү келип жеткен учурда, мамлекеттик баалуу кагаздардын тиешелүү чыгарылыштарынын эсептерин жабууга; 

· депоненттерге таандык болгон мамлекеттик баалуу кагаздардын сакталышын жана аларга карата укуктардын эсепке алынышын камсыз кылууга; 

· ар бир депоненттин мамлекеттик баалуу кагаздарын өз-өзүнчө эсепке алууга; 

· депо-эсептери боюнча жазууларды чагылдыруу үчүн негиз болуп саналган документтердин талаптагыдай эсепке алынышын камсыз кылууга; 

· кардарлардын Банктын субдепозитарийинде эсепке алынган мамлекеттик баалуу кагаздарына менчик укугун тастыктоого. 

4.7. Баалуу кагаздар рыногу боюнча так маалыматтарды, ошондой эле рынокто түптөлгөн баалар, пайыздык чендер, тенденциялар жана башка зарыл маалыматтарды өз кардарларына берип турууга. 

4.8. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, маалыматтардын ачыкка чыгарылышы учурларын эске албаганда, өз кардарларынын мамлекеттик баалуу кагаздарга тиешелүү маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга. 

4.9. Тиешелүү отчетторду, ошондой эле Улуттук банктын жана/же Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин талабы боюнча банктын тике катышуучу катары жалпы ишине байланыштуу башка маалыматтарды Улуттук банк белгилеген форматта өз учурунда берип турууга.  

4.10. Ушул келишимге кол коюлгандан кийинки эки жумуш күнү ичинде мамлекеттик баалуу кагаздар аукционуна жана/же баалуу кагаздарды кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштырууга билдирмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу болгон адамдардын тизмесин жана ишеним каттарды Улуттук банкка берүүгө. Эгерде, ушул пунктта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктар башка адамдарга өткөрүлө турган болсо, ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген учурдан тартып эки жумуш күнү ичинде Улуттук банкка жаңы тизмени жана ишеним катты берүүгө

4.11. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, анын ичинде Улуттук банк Башкармасынын 20___-жылдын "___"________№____ токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарын жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобого жана Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/18 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө" жобого ылайык, мамлекеттик баалуу кагаздар менен жарандык-укуктук бүтүмдөргө келишүүгө

 

5. Улуттук банктын укуктары 

Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу: 

5.1. Банктын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногундагы ишине көзөмөлдүктү жүргүзүү, анын ичинде жеринде барып текшерүүлөр аркылуу көзөмөлдөө

5.2. Мамлекеттик баалуу кагаздардын Башкы депозитарийи катары иш алып барууга. 

5.3. Каражаттарды аукциондордо канааттандырылган (толук же жарым-жартылай көлөмдө) билдирмелердин негизинде жана/же баалуу кагаздарды кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштырууда Банктын күндөлүк (корреспонденттик) эсебинен Борбордук казыналыктын Улуттук банктагы күндөлүк эсебине которууга.  

5.4. Белгиленген формадагы отчеттордун, ошондой эле Улуттук банкка жана/же Финансы министрлигине зарыл болгон, банк ишине байланыштуу башка маалыматтардын өз учурунда берилишин талап кылууга. 

5.5. Банкка карта Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чараларды колдонууга.  

 

6. Улуттук банктын милдеттери 

Улуттук банк төмөнкүлөргө милдеттүү

6.1. Жүгүртүүдөгү мамлекеттик баалуу кагаздардын так жана толук эсепке алынышын камсыз кылууга. 

6.2. Мамлекеттик баалуу кагаздар аукциондорунун параметрлерин жана кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруулар боюнча маалыматтарды жарыялап, Улуттук банктын сайтында жайгаштырууга. 

6.3. Мамлекеттик баалуу кагаздардын аукциондору өткөрүлүп жана/же аларды кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруудан кийин аукциондордун же кошумча жайгаштыруулардын жыйынтыгы тууралуу маалыматтарды белгиленген тартипке ылайык, банкка берүүгө.  

6.4. Мамлекеттик баалуу кагаздарга төлөнгөн күнү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан баалуу кагаздардын эмиссиясына төлөөлөрдүн, банктын депо-эсебинде эсепке алынуучу номиналдык наркын банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерүүгө

6.5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан баалуу кагаздар боюнча купондук төлөмдөр төлөнгөн күнү банктын депо-эсебинде эсепке алынган, МБКлардын санына туура келген купон боюнча төлөө суммасын банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерүүгө

6.6. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, маалыматтарды чечмеленип берилиши жагдайын эске албаганда, банктын мамлекеттик баалуу кагаздары менен операциялары боюнча маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга. 

 

7. Тараптардын жоопкерчилиги жана талаш маселелерди чечүү тартиби 

7.1. Банктын эсебинен каражаттардын туура эмес эсептен алынып салынышы, ошондой эле тиешелүү суммалардын Улуттук банк тарабынан кечиктирилип же туура эмес чегерилиши учурунда, Улуттук банк банктын пайдасына ар бир кечиктирилген күн үчүн чегерилбей калган суммадан (же ашыкча алынып коюлган суммадан) 0,1% өлчөмүндө туум төлөйт. 

7.2. Банк жаңылыш чегерилген суммалар тууралуу маалымдап, аларды Улуттук банкка кайтарып берүүгө милдеттүү. Эгерде, жаңылыш чегерилген суммалар кайтарылып берилбесе, банк жаңылыш чегерилген суммадан 0,1% өлчөмүндө ар бир күн үчүн туум төлөйт. 

7.3. Тараптар өз милдеттерин аткарбай койгондугу же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.  

7.4. Ушул келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан талаш маселелер, өз ара алгылыктуу чечимди иштеп чыгуу максатында, тараптардын сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынууга тийиш. 

7.5. Жөнгө салынбаган талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилиши зарыл. 

7.6. Улуттук банк, эгерде бул Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан ал эмитирлеген мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерин аткарбай коюусунун кесепетинен келип чыкса, милдеттенмелердин аткарылбай калышы үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

 

8. Келишимди колдонуу мөөнөтү жана аны токтотуу тартиби 

8.1. Келишим ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана бир календардык жыл ичинде колдонууда болот. 

8.2. Эгерде, тараптардын бири келишим мөөнөтү бүткөнгө чейинки 30 календардык күн мурда келишимди токтотуу жөнүндө ниетин кат жүзүндө билдирбесе, келишим ар бир кийинки календардык жылга дароо узартылат. 

8.3. Келишим Улуттук банктын демилгеси боюнча сыяктуу эле, Банктын демилгеси боюнча токтотулушу мүмкүн. 

8.4. Улуттук банк төмөнкү учурларда алдын ала маалымдоосуз эле бул келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу: 

Банк ушул келишим боюнча өз милдеттерин аткарбай койсо же талаптагыдай аткарбаса; 

банкка карата жоюу жол-жобосу башталса; 

банктын банктык лицензиясы токтотулса же кайтарылып алынган болсо. 

9. Башка шарттар 

9.1. Банктын мамлекеттик баалуу кагаздар аукциондоруна катышуусунун жана/же баалуу кагаздарды кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруусунун натыйжасы боюнча Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен акча каражаттарын акцептсиз тартипте эсептен алып салууга Банк Улуттук банкка укук ыйгарат. 

9.2. Ушул Келишим шарттары тараптардын макулдугу боюнча өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн. 

9.3. Жогоруда аталган жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип же жобонун жаңы редакциясы кабыл алынган шартта, ушул келишим шарттары жобонун жаңы нормаларына ылайык келтирүү максатында, кайрадан каралып чыгууга тийиш. 

9.4. Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар кат жүзүндө таризделинип, тараптар кол коюуга тийиш жана кабыл алынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

9.5. Бул келишим тараптардын ар бирине бирден, эки нускада түзүлгөн. Эки нускасы тең бирдей юридикалык күчкө ээ.  

 

Тараптардын реквизиттери: 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы: 

Банк: 

Бишкек шаары, Үмөталиев атындагы көчө, 101 

 

 

 

Төраганын орун басары