Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2012-жылдын 21-декабрындагы № 50/13 токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунуш кылынган өзгөртүүлөр бекитилсин

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 24-июнунда 78-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 16/2 токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит мекемелерине карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө, жобого; 

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 27-июнунда 90-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 16/3 токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар жөнүндө” жобого; 

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 21-апрелинде 55-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 6/2 токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети” жөнүндө жобого

2. Токтом Улуттук банктын расмий сайтында жарыялансын

3. Расмий жарыялангандан кийин Юридика башкармалыгы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн

4. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн.  

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 21.12. 50/13 токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

I. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 24-июнунда 78-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 16/2 токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит мекемелерине карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1. Жобонун 7-бөлүгүнүн 7.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

“7.2. Банк ишинде кемчиликтер орун алган шартта, Көзөмөл боюнча комитети банкка жана анын аффилирленген жактарына, кемчилик качан аныкталгандыгына көз карандысыз, Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык, айыптык төлөмдү төлөттүрүү чарасын колдонот.”. 

2. Жобонун 7-бөлүгүнүн 7.3-пунктундагы “жана аффилирленген” деген сөздөр алынсын. 

3. Жобонун 7-бөлүгүнүн 7.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“7.6. Банктын кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө айыптык төлөм салынат.”. 

4. Жобого карата 2-тиркеме алынып салынсын.  

 

II. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 27-июнунда 90-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 16/3 токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1. Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.3-пунктунун 6-абзацы алынып салынсын. 

2. Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.14-пунктундагы 2-абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Микрофинансылык компаниялардын Директорлор кеңешинин айрым мүчөлөрүнөн жана кызмат адамдарынан Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине” жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык акчалай айыптык төлөмдөр салынат

- 3-абзац алынып салынсын. 

III. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 21-апрелинде 55-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 6/2 токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети” жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин

1.Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.1-пунктунун р) пунктчасы алынып салынсын. 

2. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.3-пункту алынып салынсын.