Кайта келүү

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 

« 12-» декабрындагы № 48\9 токтому 

 

 

 

Адистештирилген финансы-кредиттик мекемеси «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсынын капиталынын (өздүк каражаттарынын) 

минималдуу өлчөмү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, адистештирилген финансы-кредиттик мекемеси «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсынын иш натыйжалуулугун жана туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу, кредиттик союздар системасынын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун бекемдөө максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 31-статьясына жана «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамдын 11 жана 39-1- статьяларына таянуу менен токтом кылат:  

 

1. Адистештирилген финансы-кредиттик мекемеси «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы үчүн капиталдын (өздүк каражаттардын) минималдуу өлчөмү боюнча экономикалык ченем 2013-жылдын 1-майынан тартып кеминде 95 млн. сом өлчөмүндө, ал эми 2017-жылдын 1-майынан тартып кеминде 150 млн. сом өлчөмүндө белгиленсин.  

2. Улуттук банк Башкармасынын2012-жылдын 18-январындагы №2/3 «Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы» ЖЧКсынын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтому 2013-жылдын 1-майынан тартып күчүн жоготкон катары таанылсын

3. Капиталдын (өздүк каражаттардын) минималдуу өлчөмүн эсептөө тартиби, Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктарынын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө» нускоого ылайык аныкталсын.  

4. Адистештирилген финансы-кредиттик мекеме «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы: 

капиталдын (өздүк каражаттардын) минималдуу өлчөмүнүн ченемин 2017-жылдын 1-майына карата ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга бара-бара ылайык келтирүү боюнча 2013-2017-жылдарга каралган иш-чаралар Планын 2013-жылдын 1-февралына карата иштеп чыгып, кароого сунуштасын

2014-жылдан тартып, капиталдын (өздүк каражаттардын) минималдуу өлчөмүнүн ченемин ушул пунктта көрсөтүлгөн Пландын ченемдерине ылайык келтирүү боюнча маалыматтарды жыл сайын жылдык отчет менен бирге сунуштап турсун

5. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

6. Юридика башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын  

мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду, расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.  

7. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен адистештирилген финансы-кредиттик мекемеси «Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсын тааныштырсын

8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Асанкожоева З. М.