Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2012-жылдын 30-октябрындагы № 41\12 токтому 

 

Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

1. Кароого сунушталган “Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө” нускоо бекитилсин

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыялансын. 

3. Юридика башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларды, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматын тааныштырсын.  

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-февралында 25-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №4/4 “Депозиттер менен иш алып баруу жөнүндө” убактылуу нускоо тууралуу” токтом, 

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 16-октябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 28-ноябрында 119-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №30/2 “Депозиттер менен иш алып баруу жөнүндө” убактылуу нускоого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтом, 

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 27-июнунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 18-июлунда 80-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №25/04 “Депозиттер менен иш алып баруу жөнүндө” Улуттук банк Башкармасынын №4/4 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтом, 

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 29-июлунда кабыл алынган №32/4 “Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 25-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №4/4 “Депозиттер менен иш алып баруу жөнүндө” убактылуу нускоо тууралуу” токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтом, 

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2010-жылдын 24-фервралында кабыл алынган №3/4 “Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 25-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №4/4 “Депозиттер менен иш алып баруу жөнүндө” убактылуу нускоо тууралуу” токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтом, 

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2011-жылдын 1-июнунда кабыл алынган №31/4 “2010-жылдын июнь айында Ош шарында, Жалал-Абад жана Ош областтарында болуп өткөн окуянын жүрүшүндө талап-тоноого дуушар болгон жана чыккан өрттүн кесепетинен жапа чеккен ишкерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы №228 токтомунун негизинде компенсация алуу максатында, банктык эсептерди ачуу тартиби жөнүндө” токтом.  

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2011-жылдын 29-сентябрындагы №55/9 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу токтом; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 17-августундагы №34/4 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу токтом. 

6. Токтом 2013 жылдын 1- январынан тартып күчүнө кирет. 

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн.  

  

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2012-жылдын «31» октябрындагы № 41\1

токтомуна карата тиркеме 

 

“Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоо  

 

Нускоо Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө”, “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө” мыйзамдарга ылайык иштелип чыккан жана анда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан лицензияланган коммерциялык банктардын жана депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары банктар) жеке адамдардын, юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин (мындан ары - кардарлар) банктык эсептерин, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерин ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартиби аныкталат. Нускоонун талаптары Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 16-статьясына ылайык Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алганда, депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компанияларга, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкына да таркатылат.  

Банктык эсептер, аманат (депозит) эсептер менен иштөө шарттарына жана алар боюнча операцияларды жүргүзүүгө карата минималдуу талаптарды белгилөө, ушул Нускоонун максатынан болуп саналат. 

Бул Нускоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык эсеп же банктык аманат (депозит) келишиминде камтылгандардан тышкары, башка эсептерди ачуу жана жабуу тартибине таркатылбайт.  

 

1-глава. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

1. Улуттук банктын лицензиясы болгон шартта юридикалык жактардан жана жеке адамдардан депозиттерди жана башка акча каражаттарын тартуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамдарына ылайык банк операцияларынын негизги түрлөрүнүн бири болуп саналат. Банктык эсептерди, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерди ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартиби, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык жүзөгө ашырылат. 

2. Ар бир банк банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу тартибин жөнгө салган тиешелүү ички ченемдик документтерди (саясат, жол-жоболор ж.б.) иштеп чыгууга милдеттүү, документтер банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органдары (документтин статусуна жараша Директорлор кеңеши же банк Башкармасы) тарабынан бекитилүүгө тийиш. Банктын ички документтеринде банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен операцияларга тиешелүү төмөнкү бардык негизги жоболор камтылышы зарыл: банктын ички документтеринде банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен операцияларга тиешелүү бардык негизги жоболор, банктык эсептерди, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерди ачуу тартиби, ошол эсептерге жайгаштырылган акча каражаттарын тескөө шарттары, акча каражаттарын төлөө жана банктык аманат (депозит) келишими боюнча пайыздарды чегерүү тартиби, кардарлар укугу жана банктын алардын алдындагы милдеттенмелери, бул эсептерди жабуу тартиби, банкта маалыматтарды сактоо тартиби, ошондой эле ушул Нускоонун талаптарына ылайык иштелип чыккан банктын өз кардарларын тастыктоо жана алардын ишине иликтөөлөрдү жүргүзүү жол-жобосу чагылдырылууга тийиш. 

Банктын ички документтеринде ошондой эле, банк тарабынан каралган ички отчеттордун бардык түрү камтылышы зарыл

3. Терроризмди (экстремизмди) каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) байланыштуу операциялардын жүргүзүлүшүнө бөгөт коюу максатында банктар өз иш чөйрөсүнүн татаалдыгына жана масштабына, анын ичинде кардар менен түздөн-түз байланышуусуз эле, аралыктан туруп ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр) боюнча милдеттүү түрдө жана толугу менен сакталууга тийиш болгон ички контролдук саясаттарын жана жол-жоболорун иштеп чыгууга милдеттүү

4. Банктын ченемдик документтери (саясаттары, жол-жоболору, жоболору ж.б.) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ушул Нускоонун жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.  

5. Банктын бир кызматкеринин кардарды тейлөө боюнча операцияларды башынан аягына чейин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюу максатында кызматкерлердин аткарган милдеттерине чектөөлөр коюлуп, бул тууралуу банктын тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кызматтык иш боюнча нускоолорунда чагылдырылууга тийиш. Банк кызматкерлери аларга жүктөлгүн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликтүү

6. Банк кардарга эсеп ачуу учурунда документтердин каралган формаларын толтуруу эрежелери, чегерилген пайыздарды эсептөө тартиби жана башка маселелер боюнча милдеттүү түрдө түшүндүрмөлөрдү берүүгө тийиш. 

7. Аманаттар (депозиттер) боюнча пайыздар, банктык аманат (депозит) келишимдери боюнча аманат суммасы банкка келип түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып, ошол сумма кардарга кайтарылып берилген же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча кардар эсебинен алынып салынган күнгө чейинки күнгө карата чегерилет

8. Кардардын акча каражаттары менен жүзөгө ашырылган операциялар тууралуу маалыматтар камтылган жазууларды, ошондой эле кардарды жана бенефициардык менчик ээлерин (пайда алуучуну) идентификациялоого тиешелүү маалыматтарды жана жазууларды сактоонун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартибин жана мөөнөттөрүн банктар так сактоого тийиш. Мындай жазууларда камтылган маалыматтар, аларды кароого алуу жана тергөө ишин жүргүзүү үчүн тиешелүү далилдерди сунуштоо максатында айрым операциялар тууралуу маалыматтарды калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү үчүн жетиштүү болуп, эң аз дегенде бүтүмдүн суммасы, эсеп номери, эсептин түрү, бүтүм келишилген валюта, эсептин аталышы, күнү, бүтүмдүн түрү, төлөм багыты сыяктуу маалыматтарды камтууга тийиш. Эсеп ачууда сунушталган документтер ушул Нускоонун талаптарына ылайык, ар бир кардар боюнча түзүлгөн атайы көктөмөдө, келишимдин түп нускасы менен биргеликте банкта сакталууга тийиш. 

9. Банк эсеби келишимин, банктык аманат (депозит) келишимин түзүү банктык эсепти, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерди ачуунун негизинен болуп саналат.  

Ушул Нускоодо каралган бардык документтер банкка берилип, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардар жана бенефициардык менчик ээси (пайда алуучу) идентификацияланган шартта гана банктык эсепти, аманат (депозит) эсебин ачууга жол берилет

Банктар, юридикалык жактардын банктык эсебин, аманат (депозит) эсебин ачуу, каражаттардын эсебин жүргүзүү жана ушул эсептер боюнча Улуттук банкка отчетторду берүү тартибин, ошондой эле банктык эсептер менен иш алып барууда айрым юридикалык жактарды тейлөө шарттарын чагылдырган, ушул Нускоодо көрсөтүлбөгөн башка талаптарды белгилеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын аткарууга милдеттүү.  

10. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте банктык эсеп, аманат (депозит) келишимин токтотуу банктык эсепти, аманат (депозит) эсебин жабуу негиздеринен болуп саналат. 

 

2-глава. КОЛДОНУЛГАН АТООЛОР ЖАНА АНЫКТАМАЛАР 

 

11. Бул Нускоодо төмөнкүдөй атоолор жана аныктамалар колдонулат

Банктык аманат (депозит) бул, банктык аманат (депозит) келишиминде каралган шартта банк тарабынан аманатчыдан же үчүнчү жактан тартылган жана банкта банктык эсепте сакталуучу улуттук валютада сыяктуу эле, чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасы. 

Банктык эсеп - бул, банк менен кардар ортосунда банктык аманатты (депозитти) кабыл алуу жана/же кардарды банктык тейлөөнү ишке ашырууга байланыштуу банктык эсеп (банктын аманат) келишиминде каралган операциялардын банк тарабынан жүзөгө ашырылышы боюнча келишимдик мамилелерди, ошондой эле мыйзамдарда жана банктык тажрыйбада колдонулган адаттагы ишкердик мамилелерди чагылдыруу ыкмасы. 

Бенефициардык менчик ээси (пайда алуучу): 

- бул, акча каражаттарына же мүлккө карата менчик укугуна ээ болгон, кардар анын атынан жана/же анын эсебиненакча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) ишке ашырган жак, же  

- мындай жак жана кардар ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, кардар тарабынан акча каражаттары же мүлк менен операциялардын (бүтүмдөрдүн) ишке ашырылышына тике же кыйыр таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жак, же  

- түпкүлүгүндө келип, акча каражаттары же мүлк менен операциялар (бүтүмдөр) анын пайдасына ишке ашырган жак. 

Верификация - ички контролдуктун чегинде идентификациялоонун натыйжаларын тактоо же кылдат текшерүүгө алуу боюнча банк тарабынан жүзөгө ашырылган иш-чаралар. 

Аманатчы бул, банкка акчалай сумманы салган же анын атына үчүнчү жактан банкка акчалай сумма келип түшкөн жана банктык эсепти жана банктык аманат (депозит) эсебин ачууга жана жүргүзүүгө тиешелүү келишимди түзгөн адам

Траст жөнүндө декларация бул, менчикке укук бир жактын колунда турса да, иш жүзүндө ал, менчикке карата укуктук титул анын кызыкчылыгында биринчи жакка өткөрүлүп берилген башка бир жакка тиешелүү экендигин чагылдырылган, кат жүзүндө толтурулган келишим. 

Депозиттик сертификат - бул, аманат сертификатына окшош баалуу кагаз, бирок ага юридикалык жак гана элик кыла алат. Депозиттик сертификаттын банк-эмитенти менен анын кардары ортосундагы мамиленин негизин, банктык аманат (депозит) түптөйт. 

Идентификация бул, Кыргыз Республикасынын "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" мыйзамынын жана ушул Нускоонун талаптарына ылайык, жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан берилген документтердин түп нускасынын же тиешелүү негизде тастыкталган алардын көчүрмөлөрүнүн негизинде банк тарабынан алар тууралуу маалыматтардын тастыкталышы

Жеке ишкер бул, Кыргыз Республикасынын жараны, чет өлкө жараны же республика аймагында туруктуу же убактылуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкердикти жүзөгө ашырган, жарандыгы жок адам. 

Номиналдык сервис - бул, уюмдагы расмий кызматка номиналдык жактардын (номиналдык директор, акционер, катышуучу ж.б.) дайындалышы же алардын уюмдун акционери (катышуучусу) катары иш алып баруусун чагылдырган кызмат көрсөтүү. Мында, номиналдык жак менен бенефициардык менчик ээсинин (пайда алуучунун) ортосунда түзүлгөн келишимге (макулдашууга) ылайык, бенефициардык менчик ээси (пайда алуучу) уюмга иш жүзүндө ээлик кылат жана анын ишин тескөөгө алат.  

Номиналдык жактар, кардардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарына ылайык түзүлгөн анкетаны толтуруусу аркылуу, банк тарабынан аныкталышы мүмкүн.  

Номиналдык акционер бул, келишимдин (макулдашуунун) негизинде бенефициардык менчик ээсинин (пайда алуучунун) тапшыруусу боюнча формалдуу түрдө гана юридикалык жактын акцияларына ээлик кылган жеке адам же юридикалык жак. 

Номиналдык директор бул, түзүлгөн келишимдин негизинде бенефициардык менчик ээсинин (пайда алуучунун) жазуу жүзүндөгү же оозеки тапшыруусунун негизинде иш алып барып, уюмдун ишин формалдуу түрдө тескөөгө алган адам. 

Аманат сертификаты - бул баалуу кагаз, ал акча каражаттарынын аманат катары банкка салынгандыгын жана белгиленген мөөнөт аяктаган учурда аманат суммасын же ал боюнча пайыздарды банктын кайсы болбосун мекемесинен алуу укугун тастыктайт. Жеке адам гана аманат сертификатына ээ боло алат. 

Жеке адамдар бул, Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкө жарандары, ошондой эле жарандыгы жок адамдар. 

Юридикалык жак бул, менчигинде, чарбалык ишинде же оперативдүү тескөөсүндө обочолонгон мүлкү бар жана ошол мүлк аркылуу өз милдеттенмелери боюнча жооп бере алган, өз атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды жана милдеттенмелерди ала алган жана жүзөгө ашырган уюм. 

 

3-глава. БАНКТЫК ЭСЕПТИН, АМАНАТ (ДЕПОЗИТ) БОЮНЧА ЭСЕПТЕРДИН ТҮРЛӨРҮ 

 

12. Банктык эсептер улуттук валютада сыяктуу эле, чет өлкө валютасында ачылышы жана жүргүзүлүшү мүмкүн

13. Банктык эсептер үчүнчү жактар менен төлөөлөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн каралган жана алар төмөнкүлөргө бөлүнөт:  

- корреспонденттик эсептер

- эсептешүүүндөлүк) эсептер

14. Корреспонденттик эсеп бул банктык эсеп, анда келишимдин негизинде башка бирөөнүн тапшыруусу жана анын эсебинен бир банк тарабынан ишке ашырылган эсептешүүлөр чагылдырылат.  

15. Эсептешүүүндөлүк) эсеби бул, акча каражаттарын сактоо жана юридикалык жактар (банктардан тышкары), жеке ишкерлер тарабынан банктык эсеп келишими боюнча күндөлүк эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу (түшүүлөр, төлөөлөр, башка жеке адамдар же юридикалык жактар менен өз ара эсептешүүлөр, башка финансы-кредит мекемесине которуулар) үчүн каралган эсеп.  

Эсептешүүүндөлүк) эсептен каражаттар алдын ала билдирүүсүз эле, аманатчынын баштапкы талабы боюнча төлөнөт. Бардык эсептешүү-акча операциялары зарыл реквизиттерин милдеттүү түрдө көрсөтүү менен төлөм документи боюнча жүргүзүлүүгө тийиш. 

Эсептешүүүндөлүк) эсеп боюнча бардык операциялар Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банктын 2005-жылдын 9-сентябрындагы №420/21/4 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында нак эмес эсептешүүлөр жөнүндө” жобого ылайык жүзөгө ашырылат. 

16. Аманаттар (депозиттер) боюнча эсеп өздүк жыйымдарды жана каражаттарды топтоо, ошондой эле ишкердикке байланыштуу болбогон төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү ишке ашыруу үчүн каралган. Аманаттар (депозиттер) пайыздык жана пайызсыз болушу мүмкүн. Келишим шарттарына ылайык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт: 

- талап боюнча төлөнүүчү аманат (депозит) эсеби; 

- мөөнөттүү аманат (депозит) эсеби. 

17. Талап боюнча төлөнүүчү аманат (депозит) эсеби - бул, жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан банктык аманат (депозит) келишими боюнча акча каражаттарын сактоо жана топтоо, ошондой эле үчүнчү жактар менен ишкердикке байланыштуу болбогон төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн каралган эсеп

Банктык аманат (депозит) келишиминин маңызынан башкасы келип чыкпаса, банк менен аманатчынын жеке адамдын талап боюнча төлөнүүчү аманат (депозит) боюнча мамилесине карата, банктык аманат келишиминин эрежелери колдонулат. Мында, жеке адамдын талап боюнча төлөнүүчү аманат (депозит) эсебине кардардын акча каражаттарынан тышкары эмгек акылар, автордук гонорарлар, пенсиялар, алименттер, социалдык жөлөкпулдар, жеке адамдын башка банктык эсебинен каражаттар, мурастоого байланыштуу төлөмдөр, эсеп ээсине таандык болгон жеке мүлктү сатуу акысы жана анын ишкердигине байланышпаган башка акчалай түшүүлөр жана төлөмдөр чегерилет

Жеке адамдын талап боюнча төлөнүүчү аманат (депозит) эсебинен сатылып алынган товарлар (сунушталган кызмат көрсөтүүлөр) үчүн төлөмдөрдү, коммуналдык төлөмдөрдү жана эсеп ээсинин ишкердик ишине байланышпаган жеке мүнөздөгү төлөмдөрүн кошо алганда, жеке төлөмдөр ишке ашырылышы мүмкүн.  

18. Мөөнөттүү аманаттар (депозиттер) бул, жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан банктык аманат (депозит) келишими боюнча депозит эсебине белгилүү бир убакыт аралыгына салынган жана чегерилген, пайыздар боюнча киреше алып келген каражаттар. Бул эсеп акча каражаттарын сактоо жана топтоо үчүн колдонулуп, үчүнчү жактар менен эсептешүүлөр үчүн каралган эмес. 

Аманат (депозит) суммасына пайыздар кардарга банктык аманат (депозит) келишим шарттарына ылайык, анын баштапкы талабы боюнча төлөнөт же өтүнүчү боюнча башка эсепке чегерилет. 

Мөөнөттүү аманат (депозит) белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин же келишимде көрсөтүлгөн башка жагдайлар болгонго чейин эле кардардын талабы боюнча кайтарылган шартта ал боюнча пайыздар, эгерде келишимде кыйла жогорку өлчөмдөгү пайыздар каралбаса, банк тарабынан талап боюнча төлөнүүчү аманаттарга (депозиттерге) ылайык төлөнүп берилген пайыз өлчөмүнө дал келген өлчөмдө төлөнүп берилет. Мөөнөттүү аманат (депозит) боюнча аманаттын (депозитин) негизги суммасына бөлүп-бөлүп кошумча салууга жана банктык аманат (депозит) келишимине ылайык аманаттын (депозиттин) негизги суммасынан алууга жол берилет.  

Эгерде аманаттын (депозиттин) суммасы белгиленген мөөнөттүн бүтүшү же башка шарттарда салынган аманаттын (депозиттин) суммасы келишимде каралган жагдайлардын келип жетиши учурунда кардар тарабынан талап кылынбаса, эгерде келишимде башкасы каралбаса, келишим мурдагы шарттарда эле узартылган катары эсептелинет. 

Мөөнөттүү аманаттын (депозиттин) сактоо мөөнөтү бүткөндө кардар аны жаңы мөөнөткө кайра тариздетүүгө укуктуу. Аманат (депозит) жаңы сактоо мөөнөтүнө, мөөнөттүү аманаттын (депозиттин) суммасын көбөйтүү же азайтуу менен кайрадан тариздетиши мүмкүн. 

 

4-глава. БАНКТЫК ЭСЕПТЕР, АМАНАТТАР (ДЕПОЗИТТЕР) БОЮНЧА ЭСЕПТЕРДИН УКУКТУК СТАТУСУ 

 

19. Жеке адамдар жана юридикалык жактар бир же бир нече банкта банктык эсепти, аманат (депозит) эсебин (мындан ары эсеп) ачууга жана ошол эсептерге салынган каражаттарын өз алдынча тескөөгө укуктуу. 

20. Эсептерди ачуу жана жүргүзүү учурунда чет өлкө адамдары жана юридикалык жактар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы каралбаса, Кыргыз Республикасынын жеке адамдары жана юридикалык жактарындай эле, бирдей эле укуктарга жана милдеттерге ээ болот

21. Банк жашыруун эсептерди, документ көрсөтүүчүгө эсептерди (аманаттарды) ачууга жана жүргүзүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Нускоонун талаптарына ылайык, банк-корреспондентти, кардарларды идентификациялоосуз жана бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну) тактоосуз кандай болбосун операцияларды жүзөгө ашырууга укугу жок.  

22. Банк, юридикалык жакка жана жеке адамга эсеп ачуудан же операцияларды жүргүзүүдөн төмөнкү учурларда баш тартууга укуктуу: 

- эсеп ачуу жана ал боюнча операцияларды жүргүзүүгө тиешелүү талаптарды аткаруу, кардарды идентификациялоо жана бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну) аныктоо үчүн зарыл болгон тиешелүү документтерди- кардар бербесе

- такталбаган документтер берилсе

- кардардын жана/же бенефициардык менчик ээсинин (пайда алуучунун) террористтик (экстремисттик) ишке жана же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) катыштыгы бардыгы тууралуу, Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине ылайык алынган маалыматтар болсо. 

23. Эсеп ачуу жана аны жүргүзүүдө банк, ушул Нускоонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык "өз кардарыңды бил" саясатын так сактоого тийиш. 

24. Эсеп ачуу банк менен кардар ортосундагы укуктук мамилелердин уланышына алып келет, бул мамилелер банктык эсеп келишими же банктык аманат (депозит) келишими боюнча тараптардын өз ара милдеттенмелери толук төлөнүп, эсеп жабылгандан кийин гана токтотулат. Банктык эсеп келишими ага кол койгон учурдан тартып, ал эми банктык аманат (депозит) келишими аманаттын (депозиттин) суммасы банкка келип түшкөн күндөн тартып, түзүлгөн катары эсептелинет. 

Эсепте турган акча каражаттарын тескөө укугу электрондук байланыш каражаттары жана кол тамгалар коюлган башка документтер, электрондук-цифралык кол тамгалар, коддор, паролдор жана ыйгарым укуктуу адам тарабынан тескөөгө уруксат берилгендигин далилдеген башка каражаттар аркылуу тастыкталышы банктык эсеп келишиминде каралышы мүмкүн. 

25. Эсеп ачууда банк, кардар өз таламында же бенефициардык менчик ээсинин (пайда алуучунун) таламында иш алып барып жаткандыгын аныктоого тийиш. Эгерде кардар бенефициардык менчик ээсинин (пайда алуучунун) пайдасында иш алып барган болсо, банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну) идентификациялоого тийиш. Банк кардардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык, бенефициардык менчик ээси (пайда алуучу) жөнүндө маалыматтарды талап кылууга укуктуу.  

Кардар анын негизинде бенефициардык менчик ээсинин (пайда алуучунун) акча каражаттарын тескөөгө алып, бенефициардык менчик ээсинин (пайда алуучунун) таламында иш алып барууга тийиш болгон документ катары төмөнкүлөр сунушталууга тийиш:  

- агенттик келишим;  

- бенефициардык менчик ээсинин (пайда алуучунун) ишеним каты. Бул ишеним кат мүлктү тескөөгө жана анын таламында иш алып барууга укук берет;  

- бенефициардык менчик ээси (пайда алуучу) менен капиталдын үлүшүнө номиналдык ээлик кылуучунун ортосунда номиналдык сервис кызматын сунуштоо жөнүндө түзүлгөн келишим; 

- бенефициардык менчик ээсинен (пайда алуучудан) баалуу кагаздын номиналдык ээси бенефициардык менчик ээсинин (пайда алуучунун) таламында кызматтарды сунуштай тургандыгы жөнүндө бенефициардык менчик ээсинен (пайда алуучудан) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат; 

- номиналдык директорго уюмдун ишин жүргүзүүгө ыйгарым укук чегерилгендиги тууралуу бенефициардык менчик ээсинен (пайда алуучудан) башкы ишеним кат; 

- бенефициардык менчик ээсинин (пайда алуучунун) таламында иш алып бара тургандыгы тууралуу номиналдык ээлик кылуучунун тастыктамасы (өтүнүч каты) (б.а. менчикте тургандардын ж.б. ишеним боюнча тескөөгө алынышы жөнүндө декларация); 

- номиналдык директордун дайындалгандыгы тууралуу бенефициардык менчик ээсинин (пайда алуучунун) тастыкмасы; 

- капиталдын үлүшүнүн бенефициардык менчик ээсине (пайда алуучуга) тиешелүү экендиги жөнүндө күбөлүк же анын бенефициардык менчик ээсине (пайда алуучуга) өткөрүлүп берилгендигин далилдеген кол тамга коюлган (өткөрүп берүү жазуусу) бланк. 

Документтердин бул тизмеги дагы толукталышы мүмкүн. Банк бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну) идентификациялоо жана тиешелүү документтер берилгенге чейин эсеп ачпай туруу үчүн зарыл болгон кошумча документтерди жана маалыматтарды кардардан талап кылууга укуктуу. 

26. Эгерде, ушул Нускоонун 25-пунктунун талаптарына ылайык банкка берилген документтер чет өлкөдөн расмий документтерди легализациялоо талабын алып салган, 1961-жылдын 5-октябрында кабыл алынган Гаага конвенциясынын катышуучусунан болгон өлкө болуп саналбаган өлкөдө берилген болсо, аларды Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын консулдук кызматында легалдаштыруу зарыл. 

27. Эгерде, ушул Нускоонун 25-пунктунун талаптарына ылайык банкка берилген документтер чет өлкөдөн расмий документтерди легализациялоо талабын алып салган, 1961-жылдын 5-октябрында кабыл алынган Гаага конвенциясынын катышуучусунан болгон өлкө болуп саналган өлкөдө берилген болсо, анда алардын аныктыгы апостиль тарабынан тастыкталууга тийиш.  

28. Ушул Нускоо талаптарына ылайык банкка берилген документтин түп нускасы чет тилде толтурулган болсо, банкка Кыргыз Республикасынын расмий же мамлекеттик тилинде которулган, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн алардын котормосу сунушталышы зарыл.  

29. Эсеп ачуу учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандардан тышкары, кандайдыр бир башка документтерди кардардан талап кылууга банкка тыюу салынат. 

30. Кардар эсебине Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын сакталышы шартында, эсеп жөнүндө зарыл маалыматтарды көрсөтүү менен үчүнчү жактын атына келип түшкөн акча каражаттары чегерилиши мүмкүн.  

Эгерде, акча каражаты анын эсебине түшкөн учурдан тартып аманатчынын укугуна ээ болуп же ошол укукка негизделген баштапкы талапты банкка койгон же болбосо банктык аманат (депозит) келишиминде башкасы каралбаса, мындай укуктардан пайдалануунун башка ыкмасы аркылуу банкка ал тууралуу билдирген үчүнчү жактын атынан кардар эсеп ачкан учурда, банк ошол үчүнчү жакты тастыктоого жана анын ишине иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген маалыматтарды жана документтерди алууга милдеттүү. Үчүнчү жактын атына аманат (депозит) келип түшкөн учурда банк анын эсебине акча каражаты түшкөндүгү тууралуу үчүнчү жакка маалымдоого милдеттүү. Атына аманат (депозит) салынган үчүнчү жак андан баш тарткан учурда, үчүнчү жактын атынан банктык аманат (депозит) келишимин түзгөн жак аманатты (депозитти) кайра кайтарып алууга же өз атына котортууга укуктуу.  

31. Келишимде каралган кайтарып берүү боюнча башка шарттарда юридикалык жактар тарабынан салынган аманаттарды (депозиттерди ) эске албаганда, эсептен акча каражаттары кардардын баштапкы талабы боюнча бөлүп-бөлүп же толугу менен төлөнүп берилүүгө тийиш. Акча каражаттарынын сакталышы, кардардын баштапкы талабы боюнча алардын берилиши банк тарабынан гарантияланат.  

32. Банк иши өзгөчө мүнөзгө ээ болгон же анын ишине чектөөлөр белгиленип, ошондон улам банк айрым бир кардарларга эсеп ачып же эсептешүү операцияларын жүргүзгөн (мисалы, банк юридикалык жактар менен гана иш алып барып же лицензиясына чектөөлөр белгиленген учурда) учурларды эске албаганда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, банк эсеп ачуудан баш тартууга укугу жок.  

33. Агенттик келишимдерди, ошондой эле жеке адамдар, юридикалык жактар жана төмөнкүлөргө байланыштуу иштерди аткарууда же кызматтарды сунуштоодо ортомчу катары иш алып барган жеке ишкерлер менен башка келишимдерди түзүүгө жана бүтүмдөргө келишүүгө банкка тыюу салынат: 

- кардар эсептерин ачууга/жабууга; 

- банктын корреспонденттин эсебин ачууга/жабууга; 

- кардар эсептеринен каражаттарды эсептеп алып салууга. Кардар эсебине каражаттарды эсеп идентификацияланган шартта, тез акча которуу системалары аркылуу чегерүүгө мүмкүн; 

- банктын корреспонденттик эсебине каражаттарды чегерүү/эсептен алып салуу; 

- банкка күрөө катары мөөнөтүү аманат (депозит) эсебин сунуштоого байланыштуу; 

- кардарлардын жана банктын эсептери боюнча башка операцияларды ишке ашырууга; 

- банк кардары үчүн баалуу кагаздарды сатып алуу/сатууга байланыштуу. 

Мындай тыюу салуу ортомчу катары иш алып барган юридикалык жактар менен төмөнкүлөр боюнча агенттик ж.б. келишимдерди түзүүдө банктарга таркатылбайт: 

- банк үчүн баалуу кагаздарды сатып алуу/сатуу; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы №41/7 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө” жобого ылайык банктык төлөм карттар менен эсептешүүлөр системасына банктын катышуусу; 

- банктын акча которуу системасына катышуусу; 

- банктын почта аманат системасына катышуусу; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2002-жылдын 25-январындагы №6/7 токтому менен бекитилген “Казына системасынын Кыргыз Республикасынын банк мекемелери менен эсептешүүлөрүн уюштуруу жөнүндө” жобого ылайык казына системасынын эсептешүүлөрүнө банктын катышуусу боюнча; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы №36/7 токтому менен бекитилген “Банктык чекене кызматтарды сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө” жобого ылайык, банк тарабынан банктык чекене кызмат көрсөтүүлөр сунушталган болсо. 

34. Банктык сырды камтыган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.  

35. Кыргыз Республикасынын процессуалдык мыйзамдарына ылайык прокурордун санкциясынын негизинде сот, прокурор же тергөөчү тарабынан гана эсепке арест коюлушу мүмкүн.  

Жеке адамдардын эсептеринен акча каражаттарын конфискациялоо, мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдүн же мыйзам талабына ылайык чыгарылган, мүлктү конфискациялоо жөнүндө норманы камтыган соттун токтомунун негизинде гана ишке ашырышы мүмкүн.  

 

5-глава. БАНКТЫК АМАНАТ (ДЕПОЗИТ) КЕЛИШИМИ БОЮНЧА БАНКТЫК ЭСЕПТЕРДИ АЧУУ ТАРТИБИ 

 

36. Банктык аманат (депозит) келишими боюнча эсеп ачууда банк, жеке адамдардан жана юридикалык жактардан акча каражаттарын кабыл алууга, банктык аманат (депозит) келишиминде каралган өлчөмдө жана тартипте сый акыларды төлөөгө жана аманаттын ушул түрү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында жана банктык аманат (депозит) келишиминде каралган шарттарда жана тартипте аманатты (депозитти) кайтарып берүүгө, банктык аманат (депозит) келишиминде каралган башка кызматтарды сунуштоого милдеттенет. 

Банктык аманат (депозит) келишими боюнча эсеп ачууда акча каражаттары аманатчынын өз атына же операция ишке ашырылганга чейин идентификацияланып, андан ары банктын аманатчысы болуп калуучу белгилүү бир үчүнчү жактын атына салынышы мүмкүн.  

37. Банктык аманат (депозит) келишимин төмөнкүлөр камтылышы зарыл:  

- келишим предмети

- келишимдин тараптары

- тараптардын милдеттенмелери

- аманаттын (депозиттин) мөөнөтү, пайыздарды чегерүү жана төлөө тартиби;  

- талаш маселелерди чечүү тартиби; 

- келишимдин колдонуу мөөнөтү

- тараптардын кол тамгалары, эгерде юридикалык жак же жеке ишкер болсо, анда мөөрү (болгон шартта); 

- ушул Нускоодо каралган башка шарттар

Келишимде тараптар макулдашкан башка шарттар каралышы мүмкүн. 

Банктык аманат (депозит) келишиминде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кошумча талаптар да камтылышы мүмкүн. 

Келишим, кардардын тандоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде түзүлүп, тараптардын ар бири үчүн бирден, кеминде эки нускада кат жүзүндө түзүлөт. Жазуу жүзүндөгү банктык аманат (депозит) келишиминин шарттарын сактабагандык, ошол келишимдин анык эместигине алып келет. Мында келишимдин бир нускасы банкта сакталып, экинчиси кардарга берилет. Банк, аманат (депозит) кабыл алынганга чейин келишимди кардарга берүүгө милдеттүү.  

38. Кардар атынан иш алып барган жак өзүнүн ким экендигин тастыктаган документти, ошондой эле эсеп ачуу үчүн тиешелүү ыйгарым укукка ээ экендигин далилдеген документтерди көрсөтүүгө тийиш.  

39. Банктык аманат (депозит) келишими боюнча эсеп ачуу аманатчынын (эгерде, аманатчы жеке адам болсо) же эсеп ачуу үчүн тиешелүү ыйгарым укукка ээ экендигин тастыктаган, тиешелүү түрдө таризделинген документтери бар адамдын (эгерде аманатчы жеке адам же юридикалык жак болсо) же үчүнчү жактын атына (мисалы, ата-энесинин же жашы жетпеген адамдын мыйзамдуу өкүлү же үчүнчү жак) эсеп ачкан адамдын көз алдында, идентификациялоо максатында жүргүзүлүүгө тийиш.  

40. Банктык аманат (депозит) келишим боюнча банктык эсеп ачуу үчүн жеке адамдар (резиденттер жана резидент эместер) төмөнкүлөрдү кароого сунуштоого тийиш: 

1) эсеп ачууга өтүнүч кат, ага кардар кол коюп, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

- аманатчынын аты-жөнү (паспорттогу маалыматтарга ылайык), эгерде өзгөргөн болсо, мурдагы аты-жөнү

- төрөлгөн жери жана күнү

- жарандыгы; 

- жашаган (каттоодон өткөн) жеринин толук дареги же келген жери, телефон, факс номерлери, электрондук почта дареги; 

- ким экендигин тастыктаган документ жөнүндө маалыматтар (аталышы, сериясы, документти берген орган, документ берилген күн), персоналдык номери, болгон болсо;  

- иштеген жери жана иш чөйрөсү

- банк менен ишкердик мамиле түзүү максаты жана анын мүнөзү

- чет өлкөлүк жарандын же Кыргыз Республикасына келген (жашап турууга) жарандыгы жок адамдын укугун тастыктаган документтен маалыматтар; 

- банк талап кылган башка маалыматтар

2) кардардын ким экендигин тастыктаган документ (1-тиркемеде көрсөтүлгөн учурларды эске албаганда, андан көчүрмөлөнгөн документин түп нускасы берилүүгө тийиш); 

3) кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн карточка (болгон болсо) (ушул документке карата минималдуу талаптар 2-тиркемеде келтирилген).  

Бир эле учурда карточкада көрсөтүлгөн адамдардын эсептеги акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укугун тастыктаган документтер да берилүүгө тийиш (албетте эгерде, мындай ыйгарым укук үчүнчү жактарга чегерилген болсо). 

41. Жеке ишкерлер, ушул Нускоонун 40-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден тышкары банкка кошумча төмөнкү документтерди берүүгө тийиш: 

1) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү фактысын тастыктаган, белгиленген формадагы документтин көчүрмөсүн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өтүүсүз эле, ишкердикти жүргүзүп жаткандыгы фактысын тастыктаган документтин көчүрмөсүн; 

2) салык төлөөчүнүн тиешелүү каттоодон өткөндүгү фактысын тастыктаган Салык кызмат органынын маалым катын

3) кол тамга үлгүлөрү жана жеке ишкердин мөөрүнүн оттискасы түшүрүлгөн (болгон болсо) карточка (ушул документке карата коюлуучу минималдуу талаптар 2-тиркемеде келтирилген). 

42. Эгерде кардар (ата-энеси, башка мыйзамдуу өкүлү же үчүнчү жак) жашы жетпеген жарандын пайдасына эсеп ачса анда ал эсеп, анын пайдасына ачылып жаткандыгы жөнүндөгү маалыматты; эсеп ачып жаткан адам жөнүндө маалыматты (ата-энесинин, башка мыйзамдуу өкүлү же үчүнчү жактын ким экендигин тастыктаган документти) камтыган өтүнүч катты; жашы жетпеген жарандын ким экендигин тастыктаган документти (төрөлгөндүгү жөнүндө күбөлүгүн же паспортун); эсептеги акча каражаттарын тескөөгө укуктуу болгон адамдардын кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн карточканы берүүгө тийиш. 

Жашы жетпеген адамдын атына салынган аманатты (депозитти) төмөнкүлөр тескөөгө ала алат:  

- ал 14 жашка чыкканга чейин ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү

- 14 жашка чыкканда - анын өзү

43. Банктык аманат (депозит) келишим боюнча банктык эсепти ачуу үчүн юридикалык жактар (резиденттер жана резидент эместер) Улуттук банктын өзүнчө чечиминде каралган учурларды эске албаганда, төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш: 

1) эсеп ачууга өтүнүч катты, анда кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн карточкада көрсөтүлгөн, келишимге жана финансылык документтерге биринчи жана экинчи кол коюу укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу адамдар кол коюп, ал юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү зарыл.  

Мөөрдө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

- юридикалык жактын толук аталышы, ошондой эле кыскартылган жана эгерде болгон болсо, чет тилде жазылган аталышы; 

- мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалыматтар: күнү, номери, каттоодон өткөргөн органдын аталышы, каттоодон өткөн жери; 

- салык төлөөчүнүн идентификациялык номери; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан иштелип чыккан “Ишканалар жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторуна” ылайык, төлөөчүнүн коду; 

- орун алган жери, почта дареги, байланыш телефондорунун жана факстардын номери; 

- иштеген ишинин түрү

- банк менен ишкердик мамиле түзүү максаты жана анын мүнөзү

- банк талап кылган башка маалыматтар

2) Кыргыз Республикасынын Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык, банкта эсеп ачууга уруксаты; 

3) юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүк. Эркин экономикалык аймакта катталган юридикалык жактар үчүн мындай документтен болуп, ошол аймактын дирекциясы тарабынан берилген, каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк саналат. Резидент эместер үчүн: юридикалык жак түзүлгөн өлкөнүн соода реестринен фирманын юридикалык жак катары каттоодон өткөндүгү жөнүндө көчүрмө же кардардын тиешелүү өлкөнүн мыйзам талаптарына ылайык, юридикалык жак катары каттоодон өткөндүгүн тастыктаган башка документ; 

4) уюмдун уюштуруу-укуктук формасына жараша, бардык өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен нотариалдык негизде күбөлөндүрүлгөн же тиешелүү өлкөнүн мыйзамдарына ылайык нотариалдык жактан күбөлөндүрүү мүмкүн эмес болгон шартта, юридикалык жактын мөөрү басылып, жетекчилер кол койгон уюштуруу документтеринин көчүрмөсү

5) эгерде, юридикалык жак тиешелүү өлкөнүн мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө лицензияланууга тийиш болгон ишкердикти жүргүзгөн болсо, лицензиянын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн; 

6) салык төлөөчү каттоодон өткөндүгү фактысын далилдеген Салык кызматы органынын маалымкаты; 

7) эркин экономикалык аймакта катталган юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын статистика органдарында каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документти кошумча берүүгө тийиш

8) кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы түшүрүлгөн, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточканы (бул документке карата минималдуу талаптар 2-тиркемеде келтирилген), карточкада көрсөтүлгөн, эсептеги акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу экендигин тастыктаган документтер; 

9) юридикалык жактын каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу адамдын ким экендигин тастыктаган документ (1-тиркемде көрсөтүлгөн учурларды эске албаганда, таанышып чыгуу үчүн андан көчүрмөлөнгөн документтин түп нускасы берилет)

44. Кыргыз Республикасында экономикалык ишкердикти жүргүзүп жаткан юридикалык жактардын (резиденттердин жана резидент эместердин) филиалдары жана өкүлчүлүктөрү банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсепти ачуу үчүн ушул Нускоонун 43-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден тышкары, кошумча банкка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш: 

1) башкы уюмдун уюштуруу документтеринин бардык өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен нотариалдык негизде күбөлөндүрүлгөн же тиешелүү өлкөнүн мыйзамдарына ылайык нотариалдык жактан күбөлөндүрүү мүмкүн эмес болгон шартта, юридикалык жактын мөөрү басылып, жетекчилер кол койгон уюштуруу документтеринин көчүрмөсү

2) түзүмдүк бөлүм анын негизинде иш алып барган (мисалы, “Филиал жөнүндө” жобо ж.б.) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн же тиешелүү өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, нотариалдык жактан күбөлөндүрүү мүмкүн эмес болгон шартта, филиалдын/өкүлчүлүктүн мөөрү басылып, жетекчилеринин колу коюлган, баардык өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен даярдалган документтин көчүрмөсү

3) операциялар тизмеги чагылдырылган документ. Эгерде, түзүмдүк бөлүм жөнүндө жободо бул чагылдырылбаса, ошол операцияларды ишке ашырууга юридикалык жактын расмий макулдугу жана/же түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине берилген ишеним кат. 

45. Банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсепти ачуу үчүн белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык келишимдерге ылайык ишин жүзөгө ашырган эл аралык уюмдардан, алардын долбоорлорунан, дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнөн ушул Нускоонун 43-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн документтерден тышкары, эгерде эсеп ачуунун башкача тартиби тиешелүү эл аралык келишимде каралбаган болсо, төмөнкү документтерди кошумча берүү талап кылынат

1) эл аралык уюм, анын долбоору, дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүктөрү анын чегинде иш алып барган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган эл аралык келишими; 

2) эл аралык уюм же анын долбоору жөнүндө (эгерде болгон болсо) жобо; 

3) ыйгарым укуктуу адамдардын келишимдерге жана финансылык документтерге биринчи жана экинчи кол коюуга укугун тастыктаган буйрук (контракт, тиешелүү жогору турган уюмдун каты); 

4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин) эл аралык уюм (анын долбоору), эл аралык уюмдун (анын долбоорунун) жетекчилери/башчылары аккредитациялангандыгын тастыктаган каты; 

5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же эл аралык уюм же анын долбоору резиденти болуп саналган тиешелүү өлкөнүн Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан тастыктаган кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн карточканы. 

46. Кардар менен банктык аманат (депозит) келишими түзүлгөндөн кийин банк, депозитке салынган суммага жана келишимде аныкталган, аманатчынын атына тариздетилген ал боюнча пайыздардын суммасына карата талап коюу укугун тастыктаган документти (кошо тиркелүүчү документ) кардарга берүүгө милдеттүү.  

Аманат/депозиттик сертификат, аманатчынын китепчеси (аманат китепчеси), келишим же банк тарабынан бекитилген башка документтер, кошо тиркелүүчү документтер болуп саналат. 

Кошо тиркелүүчү документти тариздетүү жана аны кардарга берүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

 

6-глава. БАНКТЫК ЭСЕП КЕЛИШИМИ БОЮНЧА БАНКТЫК ЭСЕПТЕРДИ АЧУУ ТАРТИБИ 

 

47. Банктык эсеп келишими боюнча эсеп ачууда банк кардардын пайдасына келип түшкөн акча каражаттарын кабыл алууга, тиешелүү суммаларды кардарга же үчүнчү жактарга которуу жөнүндө кардардын буйруусун аткарууга жана банктык эсеп келишиминде каралган башка кызматтарды сунуштоого милдеттенет. 

48. Банктык эсеп келишиминде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- келишим предметин

- банктагы акча каражаттарын тескөө тартибин

- банк тарабынан кызмат көрсөтүү шарттарын жана аларга төлөө тартибин

Банктык эсеп келишиминде тараптар макулдашкан башка шарттар каралышы мүмкүн. 

Банктык эсеп келишиминде ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кошумча талаптар камтылышы мүмкүн. 

Банктык эсеп (депозит) келишими боюнча жеке ишкер эсеп ачкан учурда ага аманатчынын өзү же эсеп ачуу үчүн тиешелүү ыйгарым укукка ээ экендигин тастыктаган, тиешелүү түрдө таризделинген документтери бар адам, аны идентификациялоо максатында катышууга тийиш.  

Банктык эсеп келишими боюнча юридикалык жак эсеп ачкан учурда ага же эсеп ачуу үчүн тиешелүү ыйгарым укукка ээ экендигин тастыктаган, тиешелүү түрдө таризделинген документтери бар адам, аны идентификациялоо максатында катышууга тийиш.  

Резиденттерге жана резидент эместерге банктык эсеп келишими боюнча эсептешүүүндөлүк) эсебин ачууда банктык аманат (депозит) келишими боюнча эсеп ачуу үчүн каралгандай эле документтер талап кылынат

49. Банктын корреспонденттик эсептер менен иш алып баруу тартиби 3-тиркемеде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык аныкталат. 

 

7-глава. БАНКТЫК ЭСЕПТЕРДИ, АМАНАТ (ДЕПОЗИТ) БОЮНЧА ЭСЕПТЕРДИ КАЙРА ТАРИЗДЕТҮҮ ЖАНА ЖАБУУ 

 

50. Юридикалык жактын, эсеп ээсинин кайра өзгөртүп түзүлүшүнө (биригүүсүнө, бөлүнүшүнө бөлүнүп чыгышына) байланыштуу эсептерди кайра тариздетүү учурунда жаңы юридикалык жакка эсеп ачкан учурдагыдай эле документтер талап кылынат

Аталышы ошондой эле, кимге караштуу экендиги өзгөргөн шартта, жогорку башкаруу органынын чечиминин көчүрмөсү жана аталышты кайра каттоону ырастаган башка документтер белгиленген тартипте банкка берилет. 

Эсеп ээсинин аталышы жана кимге караштуулугу өзгөргөн шартта, кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы менен нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн жаңы карточка берилүүгө тийиш

51. Жоюу процесси (консервация) башталган учурда, эсепти кайра тариздөөдө банкка төмөнкүлөр берилиши зарыл

- юридикалык жактын жогорку башкаруу органынын же анын ыйгарым укуктуу органынын чечими, ал эми банкроттук учурунда - кредиторлор жыйынынын чечими (соттон тышкары банкрот деп жарыяланганда) же жоюучунун (консерватордун) аты-жөнүн көрсөтүү менен соттун чечими; 

- кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы менен нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточка. 

52. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же келишимде башкасы каралбаса, эсепти жабуу кардардын арызы боюнча ишке ашырылат. Кардардын делосунда эсепти жабуунун негиздери көрсөтүлүүгө тийиш. 

Эсептеги акча каражаттарынын калдыгы кардарга кайтарылып берилип же анын кат жүзүндөгү көрсөтмөсү боюнча беш жумуш күнүнөн кечиктирбестен башка эсепке чегерилет. 

53. Төмөнкү учурларда бул шарттарды келишимде милдеттүү түрдө чагылдырып жана эсеп жабылганга чейинки бир календардык ай мурда ал тууралуу кардарга билдирүү менен бир тараптуу негизде банктык эсеп келишимин же банктык аманат (депозит) келишимин токтотууга Банк укуктуу: 

- кардар тарабынан кардарды идентификациялоо жана верификациялоо талаптарын аткаруу, бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну) аныктоо, эсеп боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон тиешелүү документтер берилбесе; 

- такталбаган документтер берилсе; 

- ошол кардарга карата анын терроризмди каржылоого жана/же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди лагализациялоого (адалдоого) катыштыгы бардыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине ылайык маалыматтар болсо. 

54. Банктык эсепте, банктык аманат (депозит) эсебинде акча каражаттары жок болсо, жана/же келишимде белгиленген мөөнөт ичинде эсептер боюнча каражаттардын жылышы катталбаса (кардардын тапшыруусу/буйруусу боюнча акча каражаттарынын түшүүсү же алынышы) же болбосо кардар эсебиндеги каражат, келишимде каралган минималдуу өлчөмдөн аз болсо жана эгерде, мындай шарт келишимде каралган болсо, аны жабуудан кеминде бир ай мурда эсеп ээсине ал тууралуу милдеттүү түрдө маалымдоо менен банк эсепти жабышы мүмкүн. Мында, акча каражаттары талап боюнча төлөнүүчү аманаттар (депозиттер) тобунда өзүнчө, жыйынтыктоочу эсепте (депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар үчүн депозиттер тобунда) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ар бир кардар боюнча системадан тышкаркы эсепке алуу менен каттоо талап кылынат.  

55. Эгерде кардардын мурда жабылган банктык эсебине:  

1) мурда жабылган эсеп ээсинен акча каражаттары келип түшсө банк, ушул Нускоодо белгиленген, кардарды идентификациялоо боюнча талаптарды милдеттүү түрдө сактоо менен банктык эсеп же банктык аманат (депозит) эсебине жаңы келишимди түзүшү мүмкүн

2) нак акча каражаты түрүндө үчүнчү жактардан түшсө, банк ал акча каражаттарды кабыл алууга тийиш эмес

3) нак эмес төлөм түрүндө акча каражаттары үчүнчү жактардан түшсө, бул учурда банк кийинки жумуш күнү эсеп жабылгандыгы жөнүндө белги коюу менен ошол акча каражаттарын кайтара жөнөтүп жиберүүгө тийиш

 

 

“Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча  

эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоого карата  

1-тиркеме 

 

"Өз кардарыңды бил" саясатына карата талаптар 

 

1. "Өз кардарыңды бил" саясаты кардарларды тиешелүү негизде текшерүү тартибин аныктайт жана анда төмөнкүлөр камтылат: 

1) банктык эсепти, аманаттар (депозиттер) боюнча эсепти ачууда кардарды идентификациялоо жана бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну) аныктоо жол-жобосу

Идентификациялоонун натыйжасында алынган кардар жана бенефициардык менчик ээси (пайда алуучу) жөнүндө маалыматтар, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жагындагы талаптарына ылайык түзүлгөн, кардардын жана бенефициардык менчик ээсинин (пайда алуучунун) анкеталарында чагылдырылууга тийиш.  

2) банктык эсеп ачылгандан кийин кардарга тиешелүү маалыматтарды верификациялоо; 

3) кардар эсеби боюнча ишке ашырылган операцияларга ж.б. иш чараларга көз салуу. 

2. Кардар тарабынан эсепти ачуу жана/же банктык операцияларды жүргүзүү үчүн талап кылынган документтердин толук топтому берилүүгө тийиш.  

3. Кардарды идентификациялоо, сүрөтү чапталган, анын ким экендигин тастыктаган документтин негизинде кардарды (жашы жетпегендер үчүн сүрөтсүз эле), бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну) аныктоону, ушул Нускоо талабына ылайык, кардар жана бенефициардык менчик ээси (пайда алуучу) жөнүндө маалыматтарды топтоону болжолдойт.  

4. Эгерде үчүнчү жак кардардын атына банктык эсепти ача турган болсо, банк үчүнчү жактан анын атына эсеп ачылып жаткан кардарды жана ушул Нускоо талабына ылайык, эсеп ачып жаткан үчүнчү жакты идентификациялоого жана анын ишине иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген маалыматтарды жана документтерди алууга тийиш.  

Үчүнчү жак тарабынан кардардын атына банктык эсеп келишими боюнча эсеп ачылган учурда да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тариздетилген, эсеп ачуу жана/же аны тескөөгө ыйгарым укукту далилдеген документтер берилиши зарыл. Мына ушундай документтердин берилиши, юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, же ошол жактын уюштуруу документтерине ылайык эсеп ачууга ыйгарым укуктуу өкүлүнөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эсеп ачууга ыйгарым укуктуу жеке адамдардан (ата-энелерден, башка мыйзамдуу өкүлдөрдөн же үчүнчү жактардан) талап кылынбайт.  

Кардардын-юридикалык жактын банк эсебин ачып, эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдө банк, эсеп ачууга жана/же кардар эсебиндеги акча каражаттарды тескөө укугуна ээ адамдардын ким экендигин тастыктоого тийиш (тастыктоочу документтердин негизинде). 

5. Жеке адамдын ким экендигин тастыктоо үчүн төмөнкү документтер талап кылынат: 

- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылы колдонулган үлгүдөгү паспорту (ID картасы),  

- Кыргыз Республикасынын жаранынын колдонуу мөөнөтү бүтө элек 1994-жылы колдонулган үлгүдөгү паспорту; 

- жалпы жарандык паспортто Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук эсепке тургандыгы же туруктуу жашап жаткандыгы жана өлкөгө келгендиги, ошондой эле үй-бүлөлүк абалы тууралуу белги коюлган шартта, Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (чет өлкө паспорту); 

- төрөлгөндүгү жөнүндө күбөлүк (жашы жете элек өспүрүмдүн пайдасына эсеп ачуу үчүн); 

- офицердин, прапорщиктин ким экендигин тастыктаган күбөлүк же мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан аскер кызматчысынын аскердик билети; 

- чет өлкө жарандары жана жарандыгы жок адамдар үчүн чет өлкө жаранынын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасына келүүгө (жашап калууга) укугун тастыктаган документ (чет өлкө жаранынын паспорту, жашап калууга, убактылуу жашоого уруксат алуу, качкындын күбөлүгү). 

6. Эгерде кардар түздөн-түз байланышпастан эле, аралыктан туруп операцияларды жүргүзүү үчүн эсеп ачса жана/же ал жеңилдетилген салыктар сунушталган жана/же Банктык көзөмөл органдарына берилүүчү, тизмеги Улуттук банк тарабынан бекитилген маалыматтардын толук ачып көрсөтүлүшү талап кылынбаган мамлекеттерде же аймактарда (оффшордук аймактарда) жашап жаткан адам болсо, анда кардар-жеке адам же анын өкүлү же болбосо эсеп ачууга ыйгарым укукту тастыктаган, тиешелүү негизде таризделинген документке ээ кардардын-жеке адамдын же юридикалык жактын өкүлү же болбосо кардардын атына эсеп ачып жаткан үчүнчү жак, ким экендигин тастыктаган документтин түп нускасын көрсөтүүгө тийиш. Мында, банктын жооптуу кызматкери ал документтен көчүрмөнү алып, арткы бетине өз аты-жөнүн жана кол койгон күнүн көрсөтүү менен анын аныктыгын тастыктоого тийиш. Бул документ кардардын делосуна көктөлөт.  

7. Кардар менен түздөн-түз байланышуусуз эле, аралыктан туруп операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүү үчүн кардар-юридикалык жак (резидент, резидент эмес) менен мамиле түзүүдө банк, ушул Нускоонун талабына ылайык берилүүчү маалыматтардан тышкары, анын Кыргыз Республикасында экономикалык ишкердикти жүргүзүп жаткандыгын тастыктаган документтерди (келишимдерди, контракттарды, бажы декларацияларын, салык декларацияларын ж.б.) кардардан талап кылууга тийиш.  

8. Кардар менен түздөн-түз байланышуусуз эле, аралыктан туруп операцияларды (бүтүмдөрдү) ишке ашыруу үчүн банк, банктык эсеп, банктык аманат келишимдеринде кардардын терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоого, ошондой эле жүргүзүлгөн операцияларды тастыктаган документтерди банктын талабы боюнча берип турууга милдеттенмесин кароого тийиш.  

9. Документтерди, атап айтканда юридикалык жактардын уюштуруу документтерин, анын мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтерди кароо учурунда банктар өз кардарын кылдат иликтөөгө алуу максатында, документтердин легализацияланышына өзгөчө көңүл буруп, ошондой эле төмөнкүлөрдү кылдат иликтөөгө тийиш: 

- кардардын-юридикалык жактын бардык уюштуруу документтерин, аларга карата бардык катталган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду, ошондой эле кардардын юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктоочу ж.б. зарыл документтерди

- юридикалык жактын органдары тарабынан чечим кабыл алууда таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ адамдарды аныктоо менен юридикалык жактын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) курамын; 

- юридикалык жактын башкаруу органдарынын түзүмүн жана алардын ыйгарым укуктарын. 

10. Банктын ички документтеринде белгиленген тартипте жана банктык эсеп ачылгандан кийинки 5 жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө банк кызматкери төмөнкүлөр көрсөтүлгөн маалыматтарды верификациялоого тийиш: 

1) төмөнкү ыкмалардын жок дегенде бирөөнү колдонуу менен жеке адамдын өтүнүч катындагы

- расмий документтерден маалыматтарды тастыктоо. Төрөлгөндүгү жөнүндө күбөлүк, паспорт, ким экендигин тастыктаган документтер (чет өлкө жарандары жана жарандыгы жок адамдар үчүн чет өлкө жаранын паспорту, жашап калууга, убактылуу жашоого уруксат, качкындын күбөлүгү; офицердин, прапорщиктин ким экендигин тастыктаган күбөлүк же мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчысынын аскер билети) тастыктоочу документ катары колдонулушу мүмкүн; 

- кардар тарабынан берилген маалыматтарды тастыктоо үчүн аны менен телефон, кат же электрондук почта аркылуу байланышуу, мында телефондун өчүрүлүшү, жиберген каттын кайра келиши же электрондук почтанын иштебеши алынган маалыматтарды текшерүүнү улантуу зарылчылыгын шарттайт;  

- кардардын документтеринин легалдуу экендигин тастыктоо (мисалы, Кыргыз Республикасынын элчилиги, өкүлчүлүгү, нотариус аркылуу); 

- башка ыкмалар аркылуу

2) төмөнкү ыкмалардын жок дегенде бирөөнү колдонуу менен юридикалык жактын өтүнүч катындагы

- берилген документтерди, юридикалык жактын жабылгандыгын, жоюлгандыгын же жоюу процессинде тургандыгын текшерүү максатында, мамлекеттик органдан маалымат алуу; 

- эсеп ачылгандан кийин маалыматты тастыктоо үчүн телефон аркылуу кардар менен байланышуу; 

- башка ыкмалар аркылуу

11. Эгер тастыктоо процессинде алынган маалыматтардын аныктыгына шектенүү келип чыкса, ошондой эле төмөнкүлөр орун алса, банк кардарды верификациялоо демилгесин көтөрүүгө тийиш

- олуттуу операция (мисалы, кардар эсеби боюнча орточо калдыктан же жүгүртүүдөн ашкан суммада) жана/же ошол кардардын ишине мүнөздүү болбогон башка операция ишке ашырылса

- кардардын эсеби боюнча иш жүргүзүү тартибинде олуттуу өзгөртүүлөр байкалса; 

- банк кардарга тиешелүү маалыматтардын жетишсиз экендигин баамдаса. 

Бул учурда банк, төмөнкүлөрдү камтыган кошумча маалыматтарды талап кылууга тийиш:  

- жеке сунуш-көрсөтмөлөрдү (мисалы, банктын туруктуу кардарынан); 

- мурда бул кардарды тейлөөчү банктан сунуштарды

- иштеген жеринен маалымкат, ээлеген кызматын расмий тастыктоо (бул талап кылынган жерде). 

12. Банктык эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдө кардар, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык таризделген төлөм документтерин банкка бериши зарыл. Эгерде, жүргүзүлүп жаткан операциялардын экономикалык максаттуулугуна жана/же мыйзамдуулугуна карата банктын шектенүүсү орун алса, анда ал ошол операциялардын мыйзамдуулугун жана экономикалык жактан максатка ылайыктуулугун тастыктаган документтердин берилишин кардардан талап кылууга укуктуу. Эсептер, кардар менен түзүлгөн келишимдер, мындай документтен боло алат.  

Кардар талап кылынган документтерди бербесе, банк эсеп боюнча операция жүргүзүүдөн баш тартууга тийиш. Мындай шарт банк менен кардар ортосунда түзүлгөн банктык эсеп келишиминде каралышы зарыл. 

13. Банк, кардар эсеби боюнча жүргүзүлүп жаткан операцияларга туруктуу көз салып туруусу зарыл. Ошол кардардын ишине мүнөздүү болбогон операцияларды аныктоо үчүн кардар эсептери боюнча толук түшүнүктүн болушу да талап кылынат.  

Экономикалык же коммерциялык көз караштан алганда, кардардын операцияларынын канчалык деңгээлде натыйжалуулугуна, нак акча каражаттары менен ири суммадагы операцияларына (мисалы, ошол кардардын бүтүмдөрү жана операциялары боюнча орточо жүгүртүүдөн ашкан) жана кардардын адаттагы иш жагдайына ылайык келген башка операцияларына банк көңүл бурууга тийиш.  

Адаттагыдан башкача же шектүү операцияларды айрымалап аныктоо максатында банк, кардар жөнүндө жалпы маалыматтарды, мисалы жашаган өлкөсү, каражат булактары, операциялардын түрлөрү жана тобокелдикке алып келген башка факторлорду эске алуу менен мындай эсептердин негизги көрсөткүчтөрүн белгилөөгө тийиш. 

Бардык эсептер үчүн адаттагыдан башкача же шектүү операцияларды аныктоонун маалымат системасын жөнгө салуу, бардык банктарга сунушталат.  

14. Адаттагыдан башкача же шектүү операцияларга карата банк, кардар башка жактын атынан иш алып барып жатабы же жокпу, ошону аныктап алып, андан соң бенефициардык менчик ээсинин (пайда алуучунун) ошол жагынын ким экендигин тастыктаган маалыматтарды алуу максатында аракеттерди көрүүсү зарыл.  

Юридикалык жактарга карата бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну) аныктоодо акционерлерге, кол коюуга укуктуу адамдарга же капиталда олуттуу үлүшкө ээ болгон жана кардарга контролдук кылуунун башка ыкмаларына ээ башка адамдарга өзгөчө көңүл буруу талап кылынат. Эгерде, башка юридикалык жак ээси болуп саналса, ошол юридикалык жакка контролдукту жүзөгө ашырган ээлик кылуучуларды же жактарды аныктап алуу талап кылынат. 

Зарылчылык келип чыккан шартта, нан мыйзамдуу негиздерде ага маалым болгон маалымат булактары банк тарабыпайдаланылышы мүмкүн. 

15. Шектүү операцияларга карата банктын корутундулары документте чагылдырылып, операция ишке ашырылгандан кийинки кеминде 5 жыл аралыгында, сакталууга тийиш.  

 

 

 

 

“Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча  

эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоого карата  

2-тиркеме 

 

Кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы түшүрүлгөн карточкага 

карата коюлган минималдуу талаптар 

 

 

1. Кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы түшүрүлгөн карточка юридикалык жактын айрым кызмат адамдарынын эсепте турган акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укугун, ошондой эле аталган кызмат адамдарынын кол тамгаларынын аныктыгын тастыктаган негизги документ болуп саналат. 

2. Карточканын болушу зарылдыгы эң оболу, кол тамга юридикалык жактын эсеби боюнча каражаттардын жылышы үчүн негиз болгон документтердин милдеттүү реквизити болуп санала тургандыгы менен шартталган. Биринчи жана экинчи кол тамга коюуга укуктуу адамдар кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы түшүрүлгөн карточкада көрсөтүлөт. Жетекчи жана/же башка ыйгарым укуктуу адамдар биринчи кол коюу укугуна ээ. Башкы бухгалтер жана/же башка ыйгарым укуктуу адамдар экинчи болуп кол коюуга укуктуу. Биринчи кол коюу укугу башкы бухгалтерге жана экинчи кол коюу укугуна ээ башка адамдарга ыйгарылышы мүмкүн эмес. 

Мындай ыйгарым укуктар уюштуруу документтеринин же тиешелүү юридикалык жактардын, филиалдардын же өкүлчүлүктөрдүн жетекчилеринин буйруктарынын же мындай укуктарды берүүгө негиз болгон башка документтердин негизинде берилет. Эгерде юридикалык жактын, филиалдын же өкүлчүлүктүн штатында экинчи кол коюу укугу берилиши мүмкүн болгон адам жок болсо, банк документтерди биринчи кол тамганын үлгүсү менен гана кабыл алат жана бул тууралуу документке тиешелүү жазуулар чагылдырылат

3. Кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы түшүрүлгөн документтерде юридикалык жактын, анын филиалынын же өкүлчүлүгүнүн мөөрүнүн оттискасынын үлгүсү көрсөтүлүүгө тийиш. 

Бул талап юридикалык жак түзүлгөн өлкөнүн мыйзамдарынын өзгөчөлүгүнөн улам, мөөрү болбогон юридикалык жактарга - Кыргыз Республикасынын резидент эместерине, алардын филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө таркатылбайт

Кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы түшүрүлгөн карточкага юридикалык жакка берилген мөөрдүн так айырмаланган оттискасынын үлгүсү милдеттүү түрдө киргизилет, анда анын аталышы, катталган учурдагы аталышына сөзсүз түрдө төп келүүгө тийиш. Атайы максаттар үчүн каралган ("кадрлар бөлүмү", "пакет үчүн" жана башка) мөөрлөрдүн оттискасынын үлгүлөрүн кабыл алууга тыюу салынат. 

5. Кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы түшүрүлгөн карточкада юридикалык жактын каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу адамдын ким экендигин тастыктаган документтин колдонуу мөөнөтү жөнүндө банктын белгиси көрсөтүлүүгө тийиш.  

6. Банк кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы түшүрүлгөн документтеги кол тамгалардын нотариалдык жактан тастыкталышын талап кылууга милдеттүү. Нотариустар жок болгон калктуу пункттарда кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы түшүрүлгөн документтердеги кол тамгалар, жергиликтүү аткаруу бийлик органдары тарабынан тастыкталышы зарыл.  

7. Юридикалык жактын аталышы өзгөрүп, мөөрү жоголуп кетсе же жараксыз болуп калса, банк кардарга жаңы мөөрдү даярдатуу үчүн убакыт берүүгө тийиш. Мөөр даярдалып жаткан мезгил ичинде банк менен кардар ортосунда мөөрсүз эле төлөм документтерин тариздетүүнүн, келишимде көрсөтүлгөн тартиби белгиленет.  

8. Кардар тарабынан эсеп ачуу үчүн берилүүчү кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы түшүрүлгөн документтердин канча нускада талап кылынаары, банк тарабынан аныкталат.  

Мында, анын бир нускасы банктын операциялык кызматкеринин колунда болууга, ал эми экинчиси банк кардарынын делосунда көктөлүүгө тийиш, калган нускалар банктын ички эрежелеринде белгиленген тартипте сакталышы зарыл. 

9. Кол тамгалардын бир үлгүсүн же мөөрдүн оттискасын алмаштыруу учурунда, ушул Нускоодо көрсөтүлгөн тартипте тастыкталган кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы менен жаңы документ банкка берилиши зарыл.  

10. Юридикалык жактын эсепте турган каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу кызмат адамы алмашкан учурда, каражаттарды тескөөгө укуктуу жаңы кызмат адамдарынын ыйгарым укугун тастыктаган документ жана ушул Нускоодо көрсөтүлгөн тартипте тастыкталган кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы менен жаңы документ банкка берилүүгө тийиш.  

 

 

 

 

“Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча  

эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоого карата  

3-тиркеме 

 

Банктын корреспонденттик эсептер менен жүргүзгөн ишине карата талаптар 

 

1. Корреспонденттик эсептер эки түргө бөлүнөт: "лоро" эсеби - банкта өзүнүн банк-корреспондентинин атына ачылган эсеп; "ностро" эсеби бул, банктын өз банк-корреспондентинде ачылган эсеби. Банктагы "ностро" эсеби банк-корреспонденттеги "лоро" эсеби болуп саналат

2. Бул Нускоо аркылуу банктын Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсеби менен иш тартиби жөнгө салынбайт. 

3. Оффшордук аймактарда катталган банктар, алардын аффилирленген жактары, туунду банктары жана өз алдынча юридикалык жак болуп саналбаган, ошондой эле жеңилдетилген салыктык шарттар каралган жана/же Көзөмөл боюнча Базель комитетинин талаптарына жана көрсөтмөлөрүнө ылайык, банктык көзөмөл органдарына берилүүчү маалыматтардын ачык жана/же чечмеленип берилиши талап кылынбаган мамлекеттерде же аймактарда каттоодон өткөн өзүнчө турган бөлүм менен тике корреспонденттик мамилелерди орнотууга банктын укугу жок. Оффшордук аймактардын тизмеги Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги №13/2 “Оффшордук аймактардын субъекттерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө жөнүндө” токтомуна ылайык аныкталат. 

Мындай чектөөлөр башкы уюму оффшордук аймактардан тышкары турган, оффшордук аймактарда катталган филиалдар менен тике корреспонденттик мамилелерди орнотууга таркатылбайт.  

4. Обочо турган банктар менен корреспонденттик мамилелерди түзүүгө же аны улантууга банктын укугу жок. Банк ошондой эле, обочо турган банктарга өз эсептерин пайдаланууга мүмкүндүк берген чет өлкө банктары-корреспонденттер менен бүтүмдөргө келишип, операцияларды жүргүзүүгө каршы чараларды көрүшү зарыл.  

Терроризмди каржылоого жана мыйзамсыз табылган кирешелердин изин жашырууга каршы күрөшүү боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча өкмөттөр аралык уюмдун (топтун) (ФАТФ) сунуш көрсөтмөлөрүн колдонбогон же жетиштүү колдоно албаган мамлекеттердеги жана аймактардагы банктар менен корреспонденттик мамилелерди түптөө учурунда, банктын терроризмди (экстремизмди) каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча алгылыксыз ишке тартылышы тобокелдиги банкта жогорулайт.  

5. Резиденттер менен улуттук жана чет өлкө валюталарындагы эсептер боюнча корреспонденттик мамилелерди түптөөгө же улантууга банктын укугу жок. 

6. 5-пункттун талабы, пластик карталары менен ишке ашырылган операцияларды тейлөөгө алган эл аралык төлөм системалары боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу максатында, банк-резиденттер үчүн чет өлкө валютасында ачылган гарантиялык эсептерге таркатылбайт. 

7. Корреспонденттик мамилелерди түзүүнүн бардык учурунда банк, корреспонденттик мамилени түзүүгө ниеттенип жаткан банк-корреспондентке карата төмөнкүдөй иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш:  

- банк-корреспондент мыйзам талаптарына ылайык өз өлкөсүндө түзүлгөндүгү фактысын аныктоо; 

- корреспонденттик мамилелер жөнүндө келишимде терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ишке ашырылган чаралар боюнча тараптардын милдеттерин жана ыйгарым укуктарын белгилөө

- банк-корреспонденттен жыл сайын финансылык отчетту алып туруу (аудитордук комиссиянын корутундусу менен); 

- корреспонденттик мамилелер жөнүндө келишимде терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, банк-корреспондент тарабынан көрүлүп жаткан чараларга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, анын ичинде банктын кызматкерлери менен баарлашуу учурунда алынган маалыматтарды да колдонуу;  

- банк-корреспондентке кредиттик рейтингди ыйгаруу жөнүндө отчетторго талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

- банк-корреспонденттин бизнесинин негизги багыттарын аныктоо; 

- банк-корреспонденттин финансылык абалына талдап иликтөөлөрдү жүргүзүү

- банк-корреспонденттин оффшордук аймактарда катталган обочо банктары сыяктуу кардарлары барбы же жокпу, ошол тууралуу маалыматтарды талап кылуу; 

- банк-корреспондент мамлекеттикпи же менчик банкбы, ошону аныктоо; 

- менчик банк-корреспонденттердин негизги ээлерин идентификациялоо жана верификациялоо; 

- банк-корреспонденттин аброюна баа берүүнүн жалпыга жеткиликтүү маалыматынын негизинде терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө көзөмөл органынын бардыгын аныктоо; 

- банк-корреспондентке тиешелүү маалыматтарды идентификациялоо жана верификациялоо. 

Банк “лоро” эсебин ачууда банк-корреспонденттен төмөнкү документтерди кошумча талап кылууга тийиш: 

- корреспонденттик мамилелерди түзүү ниетин билдирген өтүнүч катты; 

- банк-корреспондент юридикалык жак катары орун алган өлкөдө каттоодон өткөндүгүн тастыктаган лицензиянын, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык легалдаштырылган жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

- банк түзүлгөн корреспонденттик мамилелердин алкагында жүргүзүүгө ниеттенген операцияларды ишке ашырууга банк-корреспонденттин укугун тастыктаган лицензиянын, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык легалдаштырылган жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

- банк-корреспонденттин ошол корреспонденттик эсеп аркылуу ишке ашырылуучу иш чөйрөсү тууралуу маалыматты.  

Корреспонденттик мамилелер түзүлгөндөн кийин банк ушул пунктта көрсөтүлгөн маселелер боюнча банк-корреспондент жөнүндө маалыматтарга көз салып турууга тийиш:  

- банк-корреспондент тарабынан терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чаралар аткарылбагандыгы аныкталган учурда, корреспонденттик мамилелерди токтотууга чейинки тиешелүү чаралар колдонулууга тийиш.  

8. Корреспонденттик эсепти ачууну кошо алганда, корреспонденттик мамилелерди түптөө жөнүндө чечим банктын жетекчиси же банк Башкармасынын мүчөсү жетектеген, ушундай маселелер боюнча чечим кабыл алуу анын компетенциясына кирген коллегиалдуу орган тарабынан кабыл алынат. Корреспонденттик мамилелерди түзүүгө тиешелүү чечим кабыл алуунун мындай тартиби, банктын ички документтеринде чагылдырылууга тийиш. 

9. Эгерде банк-корреспондент ФАТФнын мүчөсү болгон өлкөнүн аймагында катталган жана Standart and Poor"s Corporation рейтингдик агенттиги тарабынан белгиленген, "ВВдан" төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредитти төлөө жөндөмдүүлүгү рейтинги же болбосо Moodys Investors Service же Fitch IBCA агенттиги тарабынан белгиленген ушундай эле маанидеги рейтингге ээ болгон учурда, банк тарабынан кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүнө, аброюна баа берүү жана банк-корреспонденттин финансылык абалына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча жөнөкөйлөтүлгөн жол-жоболор белгилениши мүмкүн. 

10. Корреспонденттик мамилелерди түптөөгө тиешелүү бардык маалыматтар документ катары түзүлүп, мамилелер токтотулган учурдан кийинки кеминде 5 жыл аралыгында сакталууга тийиш.