Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2012-жылдын № 41\10 токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кредиттик тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамынын 35, 35-1, 36-1, 39, 39-1-статьяларына, «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамынын 5 жана 11-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилсин

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 95-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №18/3 токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга карата тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобого

- Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 22-октябрындагы №31/3 токтому менен бекитилгенКыргыз Республикасынын жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алууга укугу жок микрофинансылык уюмдарынын активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүүсүнүн жалпы принциптери жөнүндө» убактылуу жобого

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 35-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №5/6 токтом менен бекитилгенБелгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунунубактылуу тартибине;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 12-апрелиндеги №10/6 токтому менен бекитилген «Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндө» жобого

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого

- Улуттук банк Башкармасынын 2002-жылдын 13-февралындагы №8/6 токтому менен бекитилгенБанктык төлөм карттары боюнча кредиттөө (овердрафт) жөнүндөубактылуу эрежелерге

2. Коммерциялык банктар, микрофинансылык уюмдар, кредиттик союздар жана адистештирилген финансы-кредит мекемеси «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы ушул токтом күчүнө киргенден кийин берилген кредиттер  

боюнча классификацияны жана кредиттик ишкердикти ушул токтомдун талабына ылайык жүргүзүүгө тийиш. 

3. Ушул токтом кредиттик келишимдердин мөөнөтү бүткөндө өткөрүлгөн кредиттерди реструктуризациялоо, пролонгациялоо жана кошумча келишимдерди түзүүнүн башка учурларында колдонулууга тийиш. 

.4. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомду Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштырсын; 

- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.  

5. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

6. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, микрофинансылык уюмдарды, адистештирилген финансы-кредит мекемесин «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын жана кредиттик союздарды тааныштырсын. 

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2012-жылдын «31» октябрындагы № 41\10 

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

 

а) жобонун 1.1-пунктундагы

- «Кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы» ЖЧКсы деген сөздөр адистештирилген финансы-кредиттик мекемеси «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- «коммерциялык банктар» деген сөздөрдөн кийин «депозиттерди тартуу менен иш алып барууга укуктуу микрофинансылык компаниялар» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

б) жобонун «Активдерди классификациялоо боюнча жалпы көрсөтмөлөр» деп аталган 3-бөлүгү төмөнкү редакциядагы 3.6-2-пункт менен толукталсын: 

«3.6-2. Эгерде, карызгердин башка финансы-кредит мекемесинин алдында орду жабылбаган карызы болсо, Банк тарабынан кредиттерди классификациялоону жүргүзүү учурунда ошол карызгердин кайсыл болбосун башка кредити боюнча кредиттик тартипти сактоосу эске алынышы зарыл. Ушуга байланыштуу кредиттик-маалыматтык бюро аркылуу же башка жол менен алынган маалыматтарды, кардардан/карызгерден алынган маалыматтарга таянуу менен билдирмени кароо учурунда, кардардын башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттеринин бар экендигине көз салып туруу зарыл. Андан ары, ал боюнча кредиттик келишимдин мөөнөтү бүтө элек кредитке кеминде жарым жылда бир жолу мониторинг жүргүзүү процессинде кардар башка финансы-кредит мекемесинде кредитинин бардыгы жана ошол кредити боюнча ал тарабынан төлөө тартиби сакталгандыгы жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү. Мында бардык финансы-кредит мекемелери, карызгердин талабы боюнча башка финансы-кредит мекемесине берүү үчүн карызгердин кредит алгандыгы жана кредиттик тартипти так сактагандыгы жөнүндө маалыматтарды 3 иш күн ичинде берүүгө милдеттүү. Банк ошондой эле, карызгердин башка кредиттери, анын кредиттик тартипти сактоосуна тиешелүү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегиндеги башка жолдор менен да алышы мүмкүн.»; 

 

в) жобонун 3.8-пунктундагы «Бир же чогуу алгандагы» деген сөздөр “чогуу алгандагы” деген сөздөргө алмаштырылсын

 

г) жобонун 5.1.2-пунктунун бешинчи жана алтынчы абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

«- карызгер-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерди эске албаганда, ошол банкта же башка финансы-кредит мекемесинде кайсыл болбосун башка кредитинин негизги суммасы жана/же ага кошуп эсептелинген пайыздар боюнча 30 күндөн ары созулуп кеткен, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы болсо*

- карызгер-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерди эске албаганда, ошол банк же башка финансы-кредит мекемеси алдында кредиттин негизги суммасы жана/же ага кошуп эсептелинген пайыздар боюнча 30 күндөн ары созулуп кеткен мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы болсо жана баардык жогоруда көрсөтүлгөн кредиттердин бир гана төлөө булагы болсо*. Бул жерде бир гана төлөө булагы дегенден улам, кредит берүү чечимин кабыл алууда финансы-кредит мекемеси тарабынан ошол адамдардын чогуу алгандагы кирешесин, анын ичинде ишкердиктен алган кирешесин түшүнүү зарыл; 

*Бул белгилер эмгек акы долбоорлорунун алкагында берилген овердрафттарга таркатылбайт.»;  

 

д) Жобонун «6-бөлүк. Классификацияларды бөлүү» деп аталган 6-бөлүгүнүн аталышы «6-бөлүк. Классификациялоонун айрым учурлары» деп өзгөртүлсүн; 

 

е) Жобонун 6-бөлүгү төмөнкү редакциядагы 6.2-пункт менен толукталсын:  

«6.2 Эгерде, карызгер-жеке адам, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкер ошол банктан бир нече кредит алган болсо, анда анын бардык кредиттерине эң чоң карыз болуп саналган кредит боюнча ыйгарылган классификация колдонулат. Эгерде бул классификация эң эле алгылыксыз болуп саналса.»; 

 

ж) жобонун 12.7-пунктунун төртүнчү сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: “Текшерүү, банктын ички ресурстарынын эсебинен сыяктуу эле, сырттан тартылган эксперттердин жардамы менен жүргүзүлүшү мүмкүн.”.  

 

2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 22-октябрында кабыл алынган №31/3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алууга укугу жок микрофинансылык уюмдарынын активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүүсүнүн жалпы принциптери жөнүндө» убактылуу жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

 

а) Убактылуу жобонун 2.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.1. Кардарлар (карызгерлер) жеке адамдар жана юридикалык жактар, ошондой эле кошо жоопкерчиликтүү топ түрүндөгү шериктештер (мындан ары текст боюнча - КЖТ) дегенден улам, киреше алууга багытталган ишкердик менен алектенген катышуучулардын-жеке адамдардын (кеминде 3 адам) өз эрки боюнча биргелешип иш алып баруусун түшүнүү зарыл. Мында, КЖТ мүчөлөрү топтун ар бир мүчөсүнүн милдеттенмесин аткаруусуна биргелешип кепил болуп, кайсыл болбосун жагдайда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чогуу алынган кредиттик каражаттардын толук кайтарылып берилиши үчүн жоопкерчилик тартышат.”;  

 

б) убактылуу жобонун 2.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.4. Топту кредиттөө - микрокредиттин негизги суммасы жана анын пайыздары боюнча карыздын ордунун жабылышы үчүн кошо жоопкерчиликтүү топ мүчөлөрүнүн чогуу жоопкерчилиги астында микрокредиттин берилиши. Мындай кредиттерди классификациялоо белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттерге карата атайы классификациялоону колдонуунун убактылуу тартибине ылайык ишке ашырылат.»; 

 

в) убактылуу жобонун 3.4-пунктунун он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- кардардын кредиттик таржымалы. Эгерде, карызгердин финансы-кредит мекемелери алдындагы орду жабылбаган карызы болсо, МФУ тарабынан карызгердин кайсыл болбосун башка кредити боюнча кредиттик тартипти сактоосу эске алынууга тийиш. Ушуга байланыштуу кредиттик-маалыматтык бюро аркылуу же башка жол менен алынган маалыматтарга, кардардан/карызгерден алынган маалыматтарга таянуу менен билдирмени кароо учурунда, кардардын жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттеринин бар экендигине көз салып туруу талап кылынат. Андан ары, ал боюнча кредиттик келишимдин мөөнөтү бүтө элек кредитке кеминде жарым жылда бир жолу мониторинг жүргүзүү процессинде кардар башка финансы-кредит мекемесинде кредитинин бардыгы жана ошол кредити боюнча ал тарабынан төлөө тартиби сакталгандыгы жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү. Мында, бардык финансы-кредит мекемеси карызгердин талабы боюнча аны башка финансы-кредит мекемесине берүү үчүн кредит алгандыгы жана кредиттик тартипти так сактагандыгы жөнүндө маалыматтарды 3 иш күн ичинде берүүгө милдеттүү. МФУ ошондой эле, карызгердин башка кредиттери, анын кредиттик тартипти сактоосуна тиешелүү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегиндеги башка жолдор менен да алышы мүмкүн.»; 

 

г) убактылуу жобонун 3.5-пункту экинчи абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:  

«- Байкоого алынган активдер»; 

 

д) убактылуу жобо төмөнкү редакциядагы 3.6-1-пункт менен толукталсын: 

«3.6-1. Төмөнкүлөр мүнөздүү белгилеринен болгон активдер, байкоого алынган активдер болуп саналат

«- карызгер-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерди эске албаганда, ошол МФУда жана/же башка финансы-кредит мекемесинде кайсыл болбосун башка кредити боюнча орду жабылбаган карызы болсо*

- карызгер-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерди эске албаганда, ошол МФУ жана/же башка финансы-кредит мекемеси алдындагы карызын бир киреше булагынын эсебинен төлөнүшү*. Мында бир гана төлөө булагы дегенден улам, аталган адамдардын финансы-кредит мекемесинин алдындагы карызынын ордун жабуу үчүн каралган, финансы-кредит мекемелери тарабынан кредит берүү чечимин кабыл алууда эске алынган чогуу алгандагы кирешесин, анын ичинде ишкердиктен түшкөн кирешесин түшүнүү зарыл; 

 

*Бул белгилер эмгек акы долбоорлорунун алкагында берилген овердрафттарга таркатылбайт.»;  

 

е) убактылуу жобонун 3.7-пунктунун бешинчи жана алтынчы абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- карызгер-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерди эске албаганда, ошол МФУда же башка финансы-кредит мекемесинде кайсыл болбосун башка кредитинин негизги суммасы жана/же ага кошуп эсептелинген пайыздар боюнча 30 күндөн ары созулуп кеткен, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы болсо*

- карызгер-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерди эске албаганда, ошол МФУ же башка финансы-кредит мекемеси алдында кредиттин негизги суммасы жана/же ага кошуп эсептелинген пайыздар боюнча 30 күндөн ары созулуп кеткен мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы болсо жана баардык жогоруда көрсөтүлгөн кредиттердин бир гана төлөө булагы болгон шартта*. Бул жерде бир гана төлөө булагы дегенден улам, кредит берүү чечимин кабыл алууда финансы-кредит мекемеси тарабынан ошол адамдардын чогуу алгандагы кирешесин, анын ичинде ишкердиктен алган кирешесин түшүнүү зарыл; 

 

*Бул белгилер эмгек акы долбоорлорунун алкагында берилген овердрафттарга таркатылбайт»;  

 

ж) убактылуу жобонун 3.8-пунктунун бешинчи абзацы алынып салынсын; 

 

з) убактылуу жобонун 3.9-пунктунун бешинчи абзацы алынып салынсын; 

 

и) убактылуу жобонун 3-бөлүгү төмөнкү редакциядагы 3.10-пункт менен толукталсын: 

«3.10. Карызгердин-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкерлердин ошол МФУдан алган бардык кредиттерине карата ошол кредиттерге карата колдонулуучу классификациялардын ичинен эь төмөнү (начары) ыйгарылууга тийиш.». 

 

к) убактылуу жобонун 5.3-пункту үчүнчү абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:  

«- Байкоого алынган активдер 10%». 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 12-апрелиндеги №10/6 токтому менен бекитилген «Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндө» жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

 

а) жобонун 3.2-пункту алтынчы абзацтан кийин төмөнкү редакциядагы абзац менен толукталсын: 

«- башка финансы-кредит мекемеси тарабынан берилген кандай болбосун башка кредити болгон болсо. Мындан тышкары, кредиттик союз тарабынан эгерде, карызгердин башка финансы-кредит мекемеси алдында орду жабылбаган карызы болсо, анын кайсыл болбосун башка кредити боюнча кредиттик тартипти сактоосу эске алынууга тийиш. Ушуга байланыштуу кредиттик-маалыматтык бюро аркылуу же башка жол менен алынган маалыматтарга, кардардан/карызгерден алынган маалыматтарга таянуу менен билдирмени кароо учурунда, кардардын башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттеринин бар экендигине көз салуу талап кылынат. Андан ары, ал боюнча кредиттик келишимдин мөөнөтү бүтө элек кредитке кеминде жарым жылда бир жолу мониторинг жүргүзүү процессинде кардар, башка финансы-кредит мекемесинде кредитинин бардыгы жана ошол кредити боюнча ал тарабынан төлөө тартиби сакталгандыгы жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү. Мында бардык финансы-кредит мекемелери, карызгердин талабы боюнча аны башка финансы-кредит мекемесине берүү үчүн кредит алгандыгы жана кредиттик тартипти так сактагандыгы жөнүндө маалыматтарды 3 иш күн ичинде берүүгө милдеттүү. Кредиттик союз ошондой эле, карызгердин башка кредиттери, анын кредиттик тартипти сактоосуна тиешелүү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегиндеги башка жолдор менен да алышы мүмкүн.»; 

 

б) жобонун 3.3-пункту экинчи абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:  

«- Байкоого алынган активдер 10%». 

 

в) жобонун 3-бөлүгү төмөнкү редакциядагы 3.4-1-пункт менен толукталсын:  

«- 3.4-1 Төмөнкү белгилер мүнөздүү болгон активдер, байкоого алынган активдер болуп саналат:  

«- карызгер-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерди эске албаганда, ошол кредиттик союзда жана/же башка финансы-кредит мекемесинде кайсыл болбосун кредити боюнча орду жабылбаган карызы болсо*

- карызгер-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин жана анын жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерди эске албаганда, ошол кредиттик союз жана/же башка финансы-кредит мекемесинен алган кредиттер боюнча карыздарынын бир киреше булагынын эсебинен ордунун жабылышы. Мында, финансы-кредит мекемесинин алдындагы карыздын ордун жабуу үчүн бир киреше булагы дегенден улам, финансы-кредит мекемеси тарабынан кредит берүү чечимин кабыл алууда эске алынган жогоруда аталган адамдардын чогуу алгандагы кирешесин, ошондой эле ишкердиктен түшкөн кирешени түшүнүү зарыл*.  

 

*Бул белгилер эмгек акы долбоорлорунун алкагында берилген овердрафттарга таркатылбайт.»;  

 

г) жобонун 3.5-пунктунун д) жана е) пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин:  

«д) карызгер-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз өз алдынча иш алып барган ишкердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерди эске албаганда, ошол кредиттик союзда жана/же башка финансы-кредит мекемесинде кайсыл болбосун башка кредитинин негизги суммасы жана/же ага кошуп эсептелинген пайыздар боюнча 30 күндөн ары созулуп кеткен, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы болсо *

е) карызгер-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерди эске албаганда, ошол кредиттик союз жана/же башка финансы-кредит мекемеси алдында кредиттин негизги суммасы жана/же ага кошуп эсептелинген пайыздар боюнча 30 күндөн ары созулуп кеткен, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы болсо жана баардык жогоруда көрсөтүлгөн кредиттердин бир гана төлөө булагы болгон шартта*. Мында, финансы-кредит мекемесинин алдындагы карыздын ордун жабуу үчүн бир киреше булагы дегенден улам, финансы-кредит мекемеси тарабынан кредит берүү чечимин кабыл алууда эске алынган жогоруда аталган адамдардын чогуу алгандагы кирешесин, ошондой эле ишкердиктен түшкөн кирешени түшүнүү зарыл.  

 

*Бул белгилер эмгек акы долбоорлорунун алкагында берилген овердрафттарга таркатылбайт.»;  

 

д) жобонун 3-бөлүгү төмөнкү редакциядагы 3.10-пункт менен толукталсын: 

«3.10. Карызгердин-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин ошол кредиттик союздан алган бардык кредиттерине карата, ошол кредиттер боюнча колдонулуучу классификациянын эң төмөнү (начары) ыйгарылууга тийиш». 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы №5/6 токтому менен бекитилген «Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайы классификациясын колдонуунун убактылуу тартибине» төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

 

а) убактылуу тартиптин 2.2-пункту алынып салынсын; 

 

б) убактылуу тартип төмөнкү редакциядагы 2-1-бөлүк менен толукталсын: 

«2-1. Чогуу жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кепилдиги алдында бул топко берилген кредиттерди классификациялоо.  

2-1.1. Атайы классификациялоо, чогуу жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кепилдиги алдында ушул топко берилген кредиттерге карата колдонулууга тийиш.  

2-1.2. Карызгердин-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин, ошол банктан/ФКМден чогуу жоопкерчиликтүү топтун курамында алган кредитинен тышкары, ошол же башка топтун курамында, ошол же башка банктан/ФКМден чогуу жоопкерчилик алдында кайсыл болбосун жеке кредити же чогуу алган кредити болгон болсо, анда карызгердин-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин ошол банктан/ФКМден алынган жана ушул тартипке ылайык атайы классификацияланууга тийиш болгон бардык кредиттери, алардын негизги суммасы жана пайыздары боюнча карыздары жок болсо “байкоого алынган активдер” катары классификацияланууга тийиш.  

Карызгердин-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин ошол банктан/ФКМден алынган, атайы классификацияланууга тийиш болгон кредитинин негизги суммасы жана/же пайыздары боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз топтолгон шартта, аларга карата ушул тартипке ылайык мөөнөтүндө төлөнбөй, өткөрүлүп жиберилген күндөрдүн санына жараша, классификациялоо колдонулат.  

2-1.3. Чогуу жоопкерчиликтүү топко берилген кредиттер эгерде, топ ичинде олуттуу проблемалар орун алып, ал топтун ыдырашын шарттап, кредитти кайтарып берүү боюнча милдеттенменин аткарылбай калышына алып келсе, шектүү катары таанылууга тийиш. Эгерде, кандайдыр бир себептер боюнча топ ыдыроо чегинде турса жана анын мүчөлөрү банк/ФКМ алдындагы милдеттенмелер боюнча чогуу жоопкерчилик тартууга кудурети жок болсо, анда мындай топко берилген кредит жоготуу катары таанылууга тийиш.  

2-1.4 Карызгердин-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин ошол банктан/ФКМден алынган жана ушул тартипке ылайык атайы классификацияланууга тийиш болгон бардык кредиттерине карата ошол кредиттеге карата классификациялоонун эң төмөнү (начары) ыйгарылууга тийиш.»; 

 

г) убактылуу тартиптин 4.5-1-пункту алынып салынсын.  

 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы N52/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардагы жана финансы-кредит мекемелердеги кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:  

 

а) жобонун 42-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«Мындан тышкары, кредиттик келишимде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын кредиттерин кошо алганда, кардардын-жеке адамдын, анын ичинде жеке ишкердин башка финансы-кредит мекемесинде кредиттеринин бардыгы, ошол кредиттер боюнча кредиттик тартипти сактагындыгы жөнүндө маалыматтарды кеминде жарым жылда бир жолу берип турууга милдеттүүлүгү

- банктардын, карызгердин талабы боюнча анын кредит алгандыгы жана ошол кредит боюнча кредиттик тартипти сактагандыгы жөнүндө маалыматты, башка финансы-кредит мекемесмине берүүсү үчүн 3 жумуш күнү ичинде берүүгө милдеттүүлүгү

- карызгердин-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин кредити боюнча күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосун баштоо жөнүндө билдирме жөнөткөндөн 15 күн өткөндөн кийин, айыптык төлөмдөрдү, туумдарды чегерүүнү токтотууга банктын милдеттүүлүгү.». 

 

б) жобонун «6. "Проблемалуу" кредиттер менен иш алып баруу» деп аталган 6-бөлүгү төмөнкү редакциядагы 78-1-пункт менен толукталсын:  

«78-1. Банк, карызгердин-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин «проблемалуу кредити» боюнча күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосун баштоо жөнүндө билдирме жөнөткөндөн 15 күн өткөндөн кийин, айыптык төлөмдөрдү, туумдарды чегерүүнү токтотууга тийиш». 

 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2002-жылдын 13-февралындагы №8/6 токтому менен бекитилген Банктык төлөм карттары боюнча кредиттөө (овердрафт) жөнүндө убактылуу эрежелердин 4.5 пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«4.5. Овердрафт жана ал боюнча пайыздардын ордун жабуунун негизги булагы болуп, кардардын эмгек акысы боюнча банкка чегерилүүчү түшүүлөрдүн суммасы саналат. Уюмдун гарантиялык кепилдиги кошумча төлөө булагынан болушу мүмкүн. Анда уюм каражаттар жетишсиз болуп жана овердрафт боюнча карыздарды жана пайыздарды төлөөдөн кардар баш тарткан шартта, анын милдеттенмесин аткарууга милдеттенет».